Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

"ЭКӨӨБҮЗ ЧОГУУ ӨЛҮШҮБҮЗ КЕРЕК!" ЖЕ РОМЕО МЕНЕН ЖУЛЬЕТТАНЫН ЖОМОГУ УЛАНУУДА

№728 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж


Жакында эле он гүлүнүн бири ачыла элек күлгүн курагында бир жигит өз өмүрүнө кол салды. Анын бул кадамга баруусуна ашынган сүйүү же кызганыч себепчиби, азырынча айтыш кыйын...

ОКУЯНЫН ЧОО-ЖАЙЫ

Ушул жылдын 30-сентябрынан 1-октябрга караган түнү Бишкектин четинде, тагыраак айтканда, Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Орто-Сай айылынын аймагында кырсык катталды. Анда Баткен облусунун Кадамжай районунун 21 жаштагы тургуну С.К. аттуу жигит ошол эле райондун тургуну С.Т. аттуу сүйлөшкөн кызына бир нече жолу бычак сайып, андан соң Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаасы менен тоодон ылдый түшүп кеткен. Натыйжада бычактан оор жаракаттарды алган жабырлануучу кыз ошол түнү Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жеткирилген. Ал эми жигит кырсыкка кабылып мерт болгон. Анын жансыз денеси эртеси күнү Орто-Сай айылындагы тоонун этегинде, жарактан чыккан унаанын жанында жаткан жеринен табылган.

"КЫЗ ЖОЛДОН ЭСИН ЖОГОТУП ЖАТТЫ"

Жабырлануучуну ооруканага жеткирип, анын өмүрүн сактап калууга көмөктөшкөн Каныбек Иманалиев менен байланышып, окуяга кандайча күбө болгонун уктук:
– Өзүм жергиликтүү теле­­каналдардын биринде оператор болуп иштейм. 30-сентябрь күнү кечинде борбор шаарыбыздын түнкү көрүнүшүн бийиктен тартайын деп Бишкек шаарынын четиндеги Кыргыз Республикасынын желеги илинген Боз-Бөлтөк тоосуна баргам. Тартуу иштери аяктаган соң болжол менен түнкү саат 2 жарымдарда ылдый түшүп келатсам, бир кыз жолдун жээгинде басып келатыптыр. "Байке, жардам бериңизчи" дегенинен токтоп, аны унаама салып алдым. "Эмне болду?" десем, ал "жигитим менен урушуп кеттим" деди. "Жигитиң каякта?" десем, "тоодон ылдый унаасын айдап түшүп кетти" деген жообун айтты. Унаамдан чыгып тоонун ылдый жагын карадым. Караңгы болгондуктан эч нерсе көрө алган жокмун. Ал ортодо тиги кыз "мени тезинен ооруканага жеткириңиз" деп калды. "Бир нерсе болдубу?" десем, "жигитим бычак сайды" деди. Колунда телефон бар эле, туугандарына чалууну сунуштадым. "Бул менин телефонум эмес, жигитимдин телефону" дегенинен жакшылап карасам колдору, кийими кан экен. Дароо эле Бишкек шаарындагы №4-оорукананы көздөй жөнөдүм. Жолдон кыз эсин жогото баштады. Эсин жоготпосун деп жолду катар сүйлөшүп барганга аракет кылдым. Кыз мага жолдон окуя кандайча болгондугун кыскача айтып берди.
Кызды кантип таштаган, аны унаада бычактаганбы же сырттабы, билбейм. Ооруканага барып, аны дарыгерлерге өткөрүп бердим. Кызды ошол замат операция жасоо үчүн жандандыруу бөлүмүнө алып кирип кетишти. Мен болсо ошол жерде жүргөн милиция кызматкерине окуя тууралуу билдирдим. Андан соң кесиптештеримдин бирин чакырып, экөөбүз окуя болгон жерге барып тиги кыздын жигитин түнү бою издеп, таппай койдук. Анан уйкум келгенинен үйгө кетип калгам. Эртеси саат 9дарда кыз эсине келгенин, жигиттин сөөгүн табышканын уктум.

"УБАГЫНДА КЕЛБЕГЕНДЕ КЫЗДЫН АБАЛЫ ООРЛОШУП КЕТМЕК"

Биз андан соң Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна барып, хирургия жана жаракат бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Шүкүрбаевге жолугуп, андан кыздын абалын билдик:
– Ал кыз бизге 1-октябрь түнү келип түштү. Мен үйдө элем, чакыртышканынан келдим. "Аны бычак менен сайган" деп айтышты. Кыз өзү окуя тууралуу эч нерсе айткан жок. Карасак көп жеринен жаракат алган экен. Көкүрөгүндө, колдорунда жаракат бар болчу. Мындан тышкары бычак курсагынын 3 жерине кирип кеткен.
Дароо операцияга алып кирдик. Операция 1 жарым сааттай созулду. Бычак ички чел кабыкты тешип өтүп, бөйрөктү кесип кетиптир. Ичинде 1 литрге жакын кан бар экен, аны тазалап, бөйрөктү тигип койдук. Бейтап өз убагында жеткирилген. Эгер убакыт өтсө, анын акыбалы оорлошуп кетмек. Мындан тышкары баш мээси да чайкалган экен. Керектүү дарыларды алып жатат. Буюрса, бейтаптын акыбалы жакшы. Өз алдынча басып жүрөт. Жакында ооруканадан чыгат.

"ДОС БОЙДОН КАЛАЛЫ ДЕСЕМ МАКУЛ БОЛГОН ЖОК"

Тергөө учурунда жабырлануучу С.Т. окуя кандайча болгонун төмөнкүчө түшүндүргөн:
– Өзүм Бишкектеги окуу жайлардын биринде окуйм. Айни көчөсүндөгү жатаканалардын биринде жашайм. Жигитим менен 2 жыл сүйлөшүп жүргөнбүз. 2016-жылы жайкы каникулда айылыма барган учурда бирөөлөр колумду сурап келишкен. Ата-энем макул болуп, ал жигитке турмушка чыкканы жаткам. Шаарга келгенде жигитиме "башкага турмушка чыкканы жатам. Мындан ары экөөбүз дос бойдон калалы" дедим. Ал өзүнүн ата-энесин биздикине жуучулукка жиберди. Бирок ата-энем каршы болуп коюшкан.
Ошол күнү ал досунун унаасын айдап мага келиптир. "Эшикке чыксаң, сүйлөшөлү" дегенинен чыктым. Мени ал каршы болгонума карабастан сүйрөп барып унаага салды. Ага "башкага турмушка чыгам" деп дагы айттым. Жыйынтыгында экөөбүз уруша кеттик. Бир маалда ал мени бетке, ичке уруп жиберди. Колу менен ургандай сезилген, канды көргөндө гана бычак сайганын түшүндүм. Анан ал мени унаадан чыгарбастан Бишкектин четине айдап жөнөдү. Жолдон "бүгүн экөөбүз чогуу өлүшүбүз керек!" деди. Мен "өлсөң өзүң өлө бер, мени ооруканага жеткир же ушул жерге ташта" деп бир нече жолу сурандым. Башында макул болбой жаткан. Анан тоо жакка жеткенде уюлдук телефонун "ме, бул сага кереги тиет" деп мага берди да, өзү унаасын айдап тоодон ылдый түшүп кетти.

"БУЛ ИШ ЖАБЫЛАТ"

Окуя боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Нурбек Токтосуновго кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:

– Окуя боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Өзүн өзү өлтүрүү Аламүдүн районунда катталгандыктан, Аламүдүн РИИБи керектүү документтерди чогултуп, Бишкек шаардык Ленин
РИИБине өткөрүп берген. Себеби бычактоо Ленин районунда болгон. Учурда окуянын негизинде гана тергөө иштери жүрүп жатат. Окуяда күнөөкөр деп шектелген адам каза болуп калгандыгына байланыштуу кылмыш иши козголбойт, иш жабылат.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Жабырлануучу: "Бүгүн экөөбүз чогуу өлүшүбүз керек!" деди

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Сергек Шатманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(34)
SUPER.KG видео
14.10.2016. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кыз ата энеси макул болбогон неме мн неге суйлошот баланы олсон оло бер дебей болуптур сага тийем деп деле успокойтетсе болот эле да баланын состояниясын коргондон кийин
SUPER.KG видео
15.10.2016. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ии жаман болуптурго байкуш сага деле бир кыз табылат элего
SUPER.KG видео
15.10.2016. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кубонун созун уккуча кыйналып кеттим. Айланайын чайналбай бат-баттан айтса болотго.
SUPER.KG видео
15.10.2016. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Балага жалько. Байкуш ата-энесине кыйын болуптур!
SUPER.KG видео
15.10.2016. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
2 жыл суйлошуп анан сразу эле наргы балага беребиз десе макул боло калыптырда. Кыйшандабай наргыга тийгин келсе бул жигитине корунбой эле тийип кетпейсинби... Жакшы коргонундо аракет кылат элен жигитине турмушка чыкканы, эптеп бул баладан кутулуш болуптурда максатын. байкуш бала ызасына чыдабаптырда неужели деп... Эмнеси болсода бактылуу эле болчу эми!
SUPER.KG видео
16.10.2016. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Алла сабыр берсин баарыбызга, шайтан азгырып туура жолунан адаштырды да,ата энесине бир туугандарына анан жаш олгон озуно жаман. Эки жыл суйлошуп анан башкага турмушка чыгам деген кыз баланы суйгон эмес,демек баланын суйуусуно татыктуу эмес мындай кыздар учун оз жанын кыйбай эле койсо болмок ал дейбиз,бул дейбиз иши кылса пешене тагдыр.
SUPER.KG видео
16.10.2016. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ошол болуп койгон бала алып эми сага суйууну кандай экенин коргозотко. Байкуш баланын убалына калаарсын.оозу мурду кыйшайбай озун оло бер дедим деп . Айтаар созум копко бирок.......бирок........
17.10.2016. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кимге пайда,кимге зыян,энесинеле кыйын болот,калганы учун унутулуп кетет бул нерселер.
17.10.2016. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Kyz da kyzyk go ata enesi kimge tiesin dese ele kete bergidei malby?Kaisy kylymda jashap jatabyz? 2jyl suiloshkon eken bul chon srok da bala ui bulo kursam ushul kyzdy jubai kylyp alsam degen nieti bolgon da.Dagy jakshy icheer suusu tugono elek eken, tigi operatorgo rahmat.
17.10.2016. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызык кызго балага унчукпай кете бербейби
17.10.2016. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Досунун машинасын ким төлөп берет
17.10.2016. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эки тоонун чобун энсеген эчки ачтан олот болуптур да бул жагы. Эми кыз мынтип оорукчан болуп калса тиги кудалап койгон жигити алат бекен десен эми. Кыздан да, кыздын ата-энесинен да куноо кеткен. Маркум жигиттин сезими менен ойноп коюшуптур.Озунорду деле ошол жерге коюп коргуло, 2 жыл суйлошкон кызын капысынан эле башкага чыгам деп айтса шок болуп каласын.
17.10.2016. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Aser80, эми албайт го кызды тиги кудалагандар.
17.10.2016. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Балага боорум ооруду жаткан жери жайлуу болсун
17.10.2016. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кептин баары кызда экен!Эми бактылуу болом деп ойлоп атасынбы?!
17.10.2016. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кудаалап койгон жерин чанып кетпес бекен эми. Алган кундода балээни башына уйдун.
18.10.2016. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Shahrizaada,чанат го?Бир жигиттин башын жуткан келинден коркушса керек.
17.10.2016. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баардык күнөө кыздын ата энесинде дагы законду жаман коросунор кызды күйөөгө берсе ата эне күнөөлү болобу деп мына ушу нерсенин айынан кырчындай жаш жигит өмүрү мн кош айтышса кыздын тагдыры талкаланды ата энелер ойлонгула
17.10.2016. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кадамжайдан ким деген кыз жигит экен
17.10.2016. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Ким билет тиги оператор да аралашкан эмеспи
17.10.2016. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошон учун эч ким менен сүйлөшпөө керек. Кимиси бактылуу эми азыр? Ал бала келип чакырса чыкпай коюш керек эле раз уж башка бирөөгө тийип жаткандан кийин.
18.10.2016. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Провакатор кызда алдап салдап койбойбу.телефонун берип озу машина менен кетиптир. Эми кантип бактылуу болот экенсин
18.10.2016. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куноо кызда бир адамдын убалына калды Эми маркумдун сезимдери сенин башка менен бактылуу болушуна жол береер бекен аттин жигиттин Ата энесине сабыр,алар деле кызды тынч койушпастыр...
18.10.2016. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул кыз эрге тийбей жатып бир жигиттин башын жутуптур.Эми кудалап койгон жагы артын карабай качат го?
18.10.2016. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайран жаштык.ошол эки жуздуу кызга мурду бутуп калдыбы.таш ыргытсан кыздын башына тийет.башкасын деле суйсон болот аста-секин.ал сезим деген нерсе убактылуу эле экен унутасын бир эки айда.
19.10.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
олсон озун оло бер де...... башка соз айтып омурун сактап калсан болмок
20.10.2016. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
otin, ал бычак алып даярданып барганына караганда, аны эч кандай соз менен токтото албайт болчу..... ажалы жетип турган окшойт да, а кыз ага болгону себепчи болуп калган болсо керек....
19.10.2016. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Олсон оло бер дегенин омуру мн ойношуп кызга жиним келтат баланы сактап калса болот эле баланын суйуусуно татыктуу эмес экен кайдагы кызды деп омурун кыйып
20.10.2016. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кырчындай жашта озун озу кыйнаптыр суйбосо кыз толтураго сага да бироо табылып калмак.
20.10.2016. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
10чу этаждан тукурсон кыздын башына тушот
21.10.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
С чувствами не играют - деген сөз бар. Биз бул өмүрдө ошол сезимдер деп жашайбыз.
22.10.2016. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эми ошол болуп койгон жигитин албайт сени,байкуш баланын ата энесине кыйын болуптур.
25.10.2016. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш балага эле жаман болуптур
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: