Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

2 ЖОЛУ КАЗЫЛГАН БАПТИСТТИН СӨӨГҮ ЖАШЫРУУН ЖЕРГЕ БЕРИЛДИ

№729 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж


Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында 76 жаштагы Каныгүл Сатыбалдиева 13-октябрда көз жумуп, анын сөөгүн аталган айылдын көрүстөнүнө коюуга айылдаштары каршы чыгышкан. Буга маркумдун баптист экени себеп болгон.

"АЛ БАПТИСТ ЭМЕС, БОЛГОНУ БИБЛИЯ ОКУП КОЙЧУ"

Маркумду өз айылынын көрүстөнүнө коюуга каршы чыгышкандан кийин туугандары анын сөөгүн коңшу жайгашкан Өрүктү айылына коюшкан. Сөөк коюлган соң аталган айылдын тургундары да сөөктүн коюлушуна каршы чыгып, кайра казып алышкан. Андан соң маркумдун сөөгү төркүнү Чаткал районуна коюлмак. Бирок жергиликтүү бийликтегилер Ала-Бука районунун борборунда жайгашкан христиандардын көрүстөнүнөн жер бөлүп берип, ошол жерге коюлган. Тилекке каршы, кайра анын сөөгүн казып чыгарып салышкандыктан 18-октябрда жашыруун көмүлгөнү айтылды. Аты-жөнү белгисиз калышын каалаган маркумдун тууганы окуяны мындайча айтып берди:
– Каныгүл эже кадимкидей эле айылдагы адамдар менен аралашып, той-топурда чогуу эле жүрчү. 2 кызы бар. Жакында эле небере кызын турмушка узатып, элдин баары үйүнө келип, той болуп жаткан. Өзү болсо ооруп жүргөн, анан минтип каза болуп калды. Ал баптист эмес, жахаба эмес, болгону Библия окуп койчу. Эң негизгиси адамдарга жамандык кылып, террорчу болгон жок да, туурабы?
Ал каза болгондо эл келип мал союлуп, Оштон, Бишкектен да туугандары келишти. Апасы каза болор алдында кызы молдо чакыртып, дем салдыртыптыр. Эже каза болгондо дин өкүлдөрү келишип, кызына келме айттырып, "кайра ислам динине кайт" деп жатышкан. Бирок ал кайра эле китебин көтөрүп чыгып, "мен ушул аркылуу бейишке чыгам, апамды эмне кылсаңар ошо кылгыла" деп айткан. Мен да Иса пайгамбарга сыйынам, биз кыргыз машаякчыларыбыз. Мага да жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз дешти, макул болбой койдум.
Бул окуядан кийин биздин бардык туугандар жаманатты болуп калдык, жадакалса мектептен балдарыбыз ыйлап келип жатат. Адам укугун сактоо дегенди билбейт экенбиз.

"АПАМДЫН СӨӨГҮ КАЙДА КӨМҮЛГӨНҮН МЕН ДА БИЛБЕЙМ"

Маркумдун кызы Жылдыз Азаева менен байланышканыбызда ал буларды айтып берди:
– Апам тирүү кезинде болгону "Инжил", "Тоорат" деген китептерди окучу. Аны молдолор деле окуп жүрүшөт. Ал китептерди мен да окугам. Ал китептер болгону адамдарды акылдуулукка, адептүүлүккө, ата-энени сыйлоого чакырат. Апам деле аны элге айтып, туура эмес үгүт иштерин жүргүзгөн эмес. Анан эле баптист деп айтып жатышат. Ал эмне экенин мен да түшүнбөйм. Өзүм Кудайга гана ишенем.
Апам каза болгондо ак кепинге ороп, акыркы сапарга узаталы деп ойлогонбуз. Бирок молдолор буга болбоду. "Жаназасын да окубайбыз" дешти. "Эгерде кызы сөөктү көрүстөнгө койсо, динге өзү кирбесе анда таш бараңга алабыз, же болбосо сөөктү короосуна көмүп алышсын" деп эл айтыптыр. Сөөктү экинчи жолу казып алгандан кийин азыр кайда көмүлгөнүн билбейм. Айтпай да жатышат.

"МАРКУМДУН БАШКА ДИНДЕ ЭКЕНИН ЖАШЫРАЛЫ ДЕГЕНБИЗ"

Ала-Бука районунун имамы Шумкар Чыналиевге байланышсак, ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Таш бараңга алабыз деген сөз болгон эмес. Биз маркумдун үйүнө барганда анын кызы "мен түшүнбөй башка динге өтүп кетиптирмин, кечирип койгула" деп ыйлаган. Эл андан "эмне үчүн башка динге өтүп кеттиң же сага акча керек болдубу?" деп сурашканда, ал "мен билбестик, түшүнбөстүк кылдым. Бул динде жүргөндөргө айтар элем, артка кайткыла. Адам өлгөндө ушундай маселенин болорун билбептирмин" деген. Биз маркумдун сөөгүн бир жакка көмөбүз же көмбөйбүз деп чечим чыгарган жокпуз. Тескерисинче, колдон келишинче анын башка динде экендигин элден жашырганга аракет кылдык. Жергиликтүү калк ага болгон жок, сөөктү айылдын мүрзөсүнө коюуга каршы чыкты. Жаназасы да окулган жок, анткени эл келбей койду.
Шариятта ар бир адам көмүлүүгө укуктуу деп айтылат. Негизинен мусулмандын жанына башка диндеги адам көмүлгөн болсо, анын кыйналганына жанындагылар чыдай албайт.

КИМ КАЙДА КӨМҮЛӨРҮН МУФТИЯТ ЧЕЧЕБИ?

Ушул окуя боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактыяр Токтогазы уулу атайын фатва чыгарышканын айтты:

– Бизде ата-бабабыздан бери сакталган бир эреже бар да. Анда ар бир дин өкүлдөрү өзүнө тийиштүү жерлерге көмүлүшү шарт. Эгерде мындай учурлар болуп калса, анда башка диндеги маркумду көмүү үчүн өзүнчө жер бөлүү зарыл. Мүрзө мусулмандыкы же башка диндегиники деп жергиликтүү эл жана айыл өкмөтү чечип алышы керек. Бул окуядан кийин биз башка диндеги адам каза тапса, мусулмандар мүрзөсүнө коюлбасын деген атайын фатва чыгардык.

"ЭЛ АЛ АДАМДЫН КӨМҮЛҮШҮНӨ КАРШЫ БОЛДУ"

Ала-Бука районунун акиминин орун басары Калчабү Үсөнбаевага кайрылып, жооп алдык:

– Окуяны угарым менен ошол эле күнү аталган айылга бардым. Барсак маркумдун жакындары "сөөктү башка жакка алып кетүүгө шартыбыз жок, ушул гана жерге коёбуз. Кандай болсо да жерге берели, сөөгү талаада калбасын" деп ыйлашкан. Бирок айылдаштары такыр эле баш тартып туруп алышты. Анан райондун борборунда христиандардын көрүстөнү бар, ошол жерге берүүнү чечип, сөөк ошол жакка коюлган. Ал көрүстөн мусулмандардыкына жанаша жайгашкандыктан ал жерден кайра казып чыгарып салышкан соң сөөктү жашыруун көмүүгө аргасыз болдук. Биз бул окуя боюнча жыйындарды өткөрүп, алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.


Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамына ылайык, эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес жана дин мамлекеттен ажыратылган. Эч ким жынысы, этноско таандыктыгы, туткан дини жана башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес. Ал эми жер Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат. Муфтияттын "башка диндеги адамдын сөөгү мусулмандар мүрзөсүнө коюлбасын" деген фатвасы, дегеле окуянын мындай тартипте өнүгүүсү өлкөдөгү мүрзөлөрдүн дээрлик бардыгы мусулмандык болуп калабы деген суроонун жаралышына түртөт. Мүрзөлөр жайгашкан жер тилкелери менчик да эмес, дин кызматкерлериники да эмес, мамлекетке караштуу. Дин маселелерин көзөмөлгө алган мамлекеттик органдар кайсы жакты карап отурушат? Тутунган ишенимине жараша жаңжал чыкса, анда ага ким жооп берет?

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(86)
24.10.2016. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Elnur4ik.Куноолордун эн чону бул аллахка ширк келтируу (кудайга ишенбестик) башка куноолордун баарын кечириши мумкун бирок ширк келтирген адамды кечирбейт аллах. Тем более мусулман болуп башка динге откондорду ошон учунда мусулмандардын мурзосуно комулбойт.мен сага окшоп алардын не болушун точно айталбайм балким казып чыгарып салганы кунолуу эместир.анын башка динде экенин коруп билип туруп мусулмандардын мурзосуно койдурганы куноо
25.10.2016. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ZHYRGAl1412, биринчиден алар ширк кылса акыретте оздору жооп берет, алардын ордуна сурак берчу сен же тиги имам эмес. Ошондой экен каапырбы же мусулманбы ким болсо да бул дуйнодо сурак кылуучу сен же тиги имам эмес. Анткени сурак кыла турган силер Кудай эмессинер. Учунчудон сага окшогон бир чала молдо "соокту кордоо куноо эмес" деп чыкса, эртен ошонун айтканын туура коруп ривоят жазып чыгышат. Менимче маркумдарды динине карап болуп комуш керек деген нерсе да ошондой болгон. Куранда жок
Revolyutsiya түзөттү 2016-10-25 11:05:23
27.10.2016. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ZHYRGAl1412,Биз 21-кылымга чейин биздин заманга чейин да отко кунго ташка комунистерге кудайга сыйынып келгенбиз баарыбыз кудайдын астында куноо келтиргенбиз.Ошондуктан жердеги адамдын тукумдары динге болунбой бир кудайга оз тилибиз менен сыйынып кыргыз озунун мурзозсуно орус озунун мурзосуно комулсун себеби бири гробко койулат бироо кепинделип жерге койулат бироосу ортошот ар-бир улуттун озунун салты бар.
28.10.2016. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ZHYRGAl1412,Каза болгон кемпир бир кана кудайдын китеби Библяны окуптур ошол да аллаха ширк келтиреби жана Кудайдын кечиреби кечирбейби сиз кайдан билесиз.Мурзодон казып чыгарып салган бул куноо-мазактоо кылмыш жообуна тартылат эмгиче кылмыш иши козголо элек.Жер жана мурзо да окмоттуку сенин же имамдардын менчиги эмес Кыргыз кыргыздын мурзосуно кепинделип койулат гробко койулбайт баарыбыз озубузго жооп берели бироонун куноосун кудайдын алдында албай болбосо Аллаха жооп берип каласынар.
24.10.2016. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудай сакта, ушундайды ушул жашка чыгып билбептирмин.укканда уга элегин, коргондон коро элегин коп деген ушул да ээ. Кыргыз элим кайда баратабыз деги.
24.10.2016. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми бул жон гана алланын атына жамынган фанаттардын кылганы да болбосо жонокой эл буга барбайт эле.Олукту анча кордоо жадаса кудайга да жакпаса керек.Илгери коркоо карышкырлар казчу экен корду эми адам ошол карышкырдан да томон болгонбу.Адам деген кудай алдында баары бирдей олукту ошончо кордогонго ошол каапыр да барбаса керек.Кудай атына жамынып ар жерде имам соройлор оз билгенин кылууда.Кылган куноосу учун ар ким кудай алдында гана жооп беруусу керек чала сабат имамдарга эмес
28.10.2016. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kubat_73,Мен да Сизге кошулам Бул биздин окмот Имамдарды окутуп жатат молдо болгондоруна акча айлык берет деп уктум эле. Мен окмотко кайрылам олукту мазактаган Ала-Бука районунун Имамын Шумкарды Сары-талаа айлынын айыл окмотун жана Имамын законду сактабаган милицияларды жоопко тартылсын Ошондой эле Ыссык-Колдогу каза болгон кемпирди мазактаган мурзодон алыс 500 м комдургон Имамдарды законду сактабаган кызм-ди айылды болгондорду жоопко тартылсын.Биз светтик олкобуз Конституция менен жашайбыз.
24.10.2016. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Myndai adamdardy jer kabyl kylbait baary bir jer chygaryp salat.
Biz allahtykybyz jana albette allahka kaitabyz
24.10.2016. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биз бу дуйного адам болуп келгенбиз.Кыргыз болуп а мусулманчылыкты христианчылыкты динди озу тандайт.бу молдо козунон корунуп турат алдап атканын жашыралы дегенбиз дейт уялбай наоборот элди угуттоп бул динин саткан буну койдурбаш керек деп угуттогон да анан айтып коюшат ислвм мирная религия деп наоборот билинип калды кандай дин экени. кыргыз ээсине кел арабдашып жакында олтуруп союп баштаба исламисттерге окшоп кыргыз кыргызды батырбаган бул жер кыргызга тиешелуу
25.10.2016. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
meli12,сен кыргыз деле эмес болсон керек... прлвакатор эле болсон керек ...кыргыздан айлан сен...
24.10.2016. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Коменттарийлерди окуп тан калып отурам.башка динди кабыл алгандар.коргогондор кобойуп кеткенби деп.биз кыргыздар га ислам дининен башка дин жарашпайт Аллах озун сактай кор.
28.10.2016. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
hello.kg,Аллах баардык кудайга сыйынган диндерге тийешелуу бир кана Ислам динине эмес.Ислам дини да кудай суйгон дин 5-маал кудайга сыйынат эрикпей ким 5-маал сыйынып кудайдан кыргыз элине жакшы нерсе сураса ошол адамга Аллахым бейиштен орун бере кор.Анан башка диндерге тийишпейли аларды да Аллахым суйот.
24.10.2016. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чубак ажы Жалиловдон сураш керек болчу, ошол киши так жооп берет, көмүлсө болот же болбойт деп.
26.10.2016. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
saytash11, болбойт деп жооп берген
27.10.2016. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mirbek99,Чубак ажы кудай эмес бирок ал киши копту билет бирок чындыкты айтпайт.Себеби чындыкты айтса Ислам дини жаман коруп калат.Менимче Кыргыздар куран окубаганы деле окугандары деле кыргыз мурзозуно койулган.Исламда жылкы сойбойт Кыргыздар жылкы сойуп 3-кун алпештеп боз-уйго жаткызып кошок ыр ырдап окуруп олукту узаткан.Орустар болсо кудайга чокунбаса деле орус озунун мурзосуно гробко койулат орустар динге болунбойт орус-орусту колдойт ошол учун алар христяндар кыйын мамалекеттер.
25.10.2016. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оруссунбу кыргызсынбы сени бир гана кудайым жараткан,христяндын кудайы башка биздин кудай башка эмес,биз дагы алар дагы бир гана кудайдын уул кыздарыбыз, биринчиден жон гана библя инжилди окуп коргуло, ал жерде кандай гана нерселер жазылган,окуп ошондо козун ачылато,ата энени кандай сыйлоо бир тууганды барктоо адамга кандай мамиле кылуу баары укмуш жазылган, тиги молдо айтып жатат, жанында жаткандар кыйналат деп,эмне кудай бул балам кыйналбасын тиги кызым кыйналсын деп жараттыбы,
Nazikbaigazy түзөттү 2016-10-25 02:46:43
25.10.2016. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nazikbaigazy,христяндар иса пайгамбарга сыйынышат кудайдын уулу деп бул эн чон куноо бизди кудай жараткан сыноо учун биз бир гана аллахка сыйынышыбыз керек пайгамбарга эмес.пайгамбарлар аллахтын элчиси жол баштоочу
26.10.2016. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ZHYRGAl1412,Ислам дининдей эле Мухамбет пайгамбар аркылуу Кудайга сыйынгандай эле Христяндар Иса-машаяк аркылуу бир кана Кудайга сыйынат асманда адамзаатын бир эле кудайы бар деп ишенет.
25.10.2016. 07:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nazikbaigazy,Nazikbaigazy,sen anyk baptis okwoisun baptister kelip uwintip suiloit bizdi kudai kyinalsyn dep jaratkanby nege kyiynchylyk bolot dep
25.10.2016. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ибадат
25.10.2016. 07:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Баптист" бул жаман нерсеби?
26.10.2016. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suiuu345,Баптист бул христяндар эле Библя Инжил Куранды окушат бирок чокунбайт суротко карап сыйынбайт Бир кана кудайды данктап жана ырдап сыйынат.Иса машаяк Кыз Мариямдан Кудайдын руху менен боюнда болуп атасыз торолгон.Ошондуктан кудайдын уулу деп христяндар Иса аркулу кудайды данктайт.Иса-машаяк акыр заманда элди соттойт жакшыларын Бейиштен туболуко орун берет Инжилде жазылган.
28.10.2016. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
muke.kg, силерде 2 кудайынар барбы? Адамдын баласы адам болот. Кудайдын баласы кудай болот. Иса пайгамбарды кудайдын баласы дейсинер. Силер адашкансынар. Аллах балага муктаж эмес.
28.10.2016. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Asylbek1981 Мен 2 кудай бар деп жазган жокмун.Асманда бир эле кудай бар Бирок баардык пайгамбардын аталары болгон бир-кана Иса пайгамбарды кудайыбыз- Алахыбыз балага муктаж болуп озунун касиети менен дуйнодогу эн таза Мариям кызга торотуп атын Иса-машаяк койдурган.Исанын атасы жок болгонунан Инжил китебинде Исанын атасы кудай деп жазылган Иса-пайгамбар да асмандагы атам жерге мени жиберип адамзаттын куноосун озуно алып кайра тирилген куранды жана инжилди оку анан тушуносун.
28.10.2016. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
muke.kg, мен библия окуганмын. 1чи бети 2чи бетине карама-каршы келет. Библияда кудай ааламды 6кундо жаратып, 7чи куну эс алды дейт. эмне Аллах эс ала турган затпы? Аллах чарчабайт.
28.10.2016. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Asylbek1981,Окусан азаматсын Библияда жазылганды Адам атадан Нух пайгамбардан жана Мусса пайгамбардан сураш керек.Библяда (Ыйык-Китеп)те пайгамбарлар жазгандан кийин ишениш керек.
25.10.2016. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура эмес менин оюмча, адамдын соогун кочуруп аары бээри, госоргандар кайда? эмнеге адамдардын укугун тебелешет, мээйли библия окуптур, ал маркумдун тируу кезинде чокунганын ким коруптур? жээ болбосо храмдарга барып сыйынганын ким коруптур? эмнеге ошол адам тируу кезинде токтотушпаптыр!!! мисалы учун биздин айылда бир жылдары ошондой китептерди тараткан,окуган баары эле эмне жонундо жазылыптыр деп анда эмне баарбыз баптист болуп калабызбы??? деги тушунбойм, адамдык укукту кайда калтырдык...
25.10.2016. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
соокту алып чыгып каалаганын кылгандай ал эмне мал беле???
25.10.2016. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
биздин кыргызстаныбыз 90 пайыз мусулман туугандар жашайбыз аа башка диндеги адамдардын согу мусулмандардын мурзосуно койулушуна ото каршымын мына каран бир мисал ушул эле жалган дуйнодо жаман адам жанында журсо канча жаман кесепетери тиет ал эми ал чын дуйнодо азыр айта албайм
автор сиз да ойлонуп жазсаныз
26.10.2016. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sanya,Сиз анда Америкага Европага Россияга барбай эле кой сизге жаман кесепетери тиет.
25.10.2016. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
анда баарын болсун, баптистке озунчо, киши олтургучго озуно, жаш кыздар балдарды зордуктаганга озунчо деп...ии баса байларг да кедейлерге да деп болушсун эми...
25.10.2016. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХ адам баласын кудай топурактан жасаган ошондуктан дуйно-жузундогу баардык адамдар бир туугансынар.Араптар менен Эврейлердин атасы Ибрагим пайгамбар аны да биз мусулман дейбиз МУСУЛМАН кыргызча МОМУНДАР деген созду билдирет.Ким жалгыз кана кудайга сыйынып кудайдын парзын аткарса ал КУДАЙДЫН момуну.КЫРГЫЗДАР МАЗАРГА эле сыйынчубуз.Ала-буканын имамы Шумкар олгон кемпирди анча эмне кордоду Библияны котормосу Ыйык-китепти окуп анан ХХХ ХХХ Кемпирди шайтан кылып койуптур Шумкар уят.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-10-26 10:41:11
26.10.2016. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
muke.kg, кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт. Порталдын эрежелерин сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
25.10.2016. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Имам Шумкар сен баптист деген созду билесинби же доллардын бетинде баптистердин КУДАЙ БИЗ МЕНЕН деген соз бар ошондуктан ким мусулманбыз ИСЛАМбыз дегендер долларды колунарга кармабагыла куноого батасынар Европанын Россиянын киймин бензинин тамагын жебегиле алар хиристяндар Ашканага чогу тамак ичпегиле куноого батасынар Имамдар элди угутогон силерге Шумкарга уят.Баптистер кудайга эле сыйынат Ислам дининдей эле артыкчылыгы аялсын деп болбойт чогу кудайга эркин сыйынышат акчага сатылбайт.
25.10.2016. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Имам Шумкар сен биринчи БАПТИСТ деген созду изилдесен болмок бул баптист деген соз кудайга эркин сыйууну деген соз.Шайтанга эмес Кудайга эле сыйынат ИСА пайгамбарды кудай деп эсептебейт бирок Иса пайгамбар МАШАЯК аркылуу биз бейишке барабыз Иса аркулу акыркы кыяамат кайымда соттолобуз бир кана Иса машаяк соттойт муну КУРАНДА да жазылган.2016 жыл Иса пайгамбардын туулган жылынан башталат Жаны-Жыл бул Иса пайгамбардын туулган куну бут дуйно жузу белгилейт Арап олкосун да Христяндар тейлейт.
25.10.2016. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кудайым озу сактасын ушундай корунуштордон
27.10.2016. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
inspektor.kg84,Кудайым жанакы олгон кемпирди мазактаган дин бузар молдолорду-Имамды Сары-Талаа элин тозоктон сактасын.
26.10.2016. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баптист деген озу кандай неме...коп эле жолу уккам тиги баптист экен..булар уй булоосу м.н баптистке кирип кеткен деп......бирок биздей эле журот го жакшылык жамандыкта...туура эмес сурасам кечиресиздер!?
27.10.2016. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nestana95,Баптист деген бул Иса-пайгамбар машаяк дейбиз крестке мык кагып олтургондон кийин кудай алдында адамзаттын куноосун озуно алып олуп кайра тирилип асманга кудайдын жанына кеткен.Олгонго чейин ал элдерди асманда бир эле кудайга сыйынгыла деп угутогон.Баптистер Библянын жаны осуяты ИНЖИЛДИ Иса-машаяк жазылган китепти курандай кылып окушуп Иса аркулу кудайга сыйынат Исанын жолун жолдошот.Жаны-жылда Исанын туулган кунун белгилейт Иса-пайгамбарга 2016 жашка толду Куранда да жазылган.
26.10.2016. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Умар Алхам Бисмиллаахир
рохмаанир рохиим.
Мусулман эместерди
мусулмандардын мазарына
койсо болобу? Же
мусулмандарды
кайрыдиндердин кабырына
койсо болобу?
Абу Нуьейм, Ибну Минда Азирети
Абу Хурайрадан (1), Ибн Асаакир
даьииф санад менен Азирети Ибн
Масьуудтан (2), Ибн Асаакир
жана Маалийний Азирети
Алийден (3) болгон риваятта
Пайгамбарыбыз алайхис салам
айтат:
"ﺍﺩﻓﻨﻮﺍ ﻣﻮﺗﺎﻛﻢ ﻭﺳﻂ ﻗﻮﻡ ﺻﺎﻟﺤﻴﻦ، ﻓﺈﻥ ﺍﻟ
26.10.2016. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумкар байке эн туура айтат.мусулмандан жанына башка диндегини коюга болбойт
26.10.2016. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шумкар байкен мусулман менен христяндын айырмасын билип алсынчы буларга ИМАМДАРГА окмот бекер эле акча коротуп айлык берип жатат. Кыргыздын олгон кемпирин кыргыздын мурзозуно койгула мурзодо Атейистер комунистер намаз окубагандар деле кыргыз эли алпештеп топурак салып комгон биздин салты жактырбагандар койнок-дамбал кийип Арап олкосуно кумга комулгуло Кыргыз элин арапташтырбагыла биз эркин элбиз кудайга кандай сыйынабыз озубуз билебиз кыргызча эле сыйынабыз Кудай кыргызча деле тушунот.
26.10.2016. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумкар олгон адамдын кыйналганын кордун беле же кайсыл курандан окудун далилдеп берчи жана Баптист эмне шайтан экенин эмне жамандык кылганын айтып берчи.Баптист Иса Пайгамбардын суротун карап чокунбайт крестке сыйынбайт Кудай деп эле сыйынат далилдейм Библянын эски осуятын жаны осуятын окугула коркунуч нерсе же кудайды жамандаган создор жок.Менин айтарым Ыйык-китептерди коп окугула ушака ишенбей.
27.10.2016. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
muke.kg баптистмин дениз!))
27.10.2016. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Shahrizaada,Мен Баптист эмесмин бирок Ыйык китептерди коп окуйм бир кана куран китеп менен токтолуп калган жокмун.Менин ачуум келгени кыргыздын каза болгон кемпирин билими жок имамдардын-молдолордун мазактаганы жакпай калды.Ошондо да асманда тынч отурган кудайды аралаштырып жалган суйлоп жатышат.Адам баласы кайдан жаралганын билишпейт. Пайгамбарлардын тарыхын билбейт эгер тушунуктору болсо минтпейт эле.
27.10.2016. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элге тан каласын, ушул кемпир той кылса келип,_ торуно отуруп тамагынан жеп, жакшылыгына кубок болуп, анан эле олгондо жаманаттыга чыгарганын. Ушунчалык жээрисе тоюна неге келишет?
Тируу кезинде неге жакшы жолго угуттошпойт, ошол эле молдо-кожолор.
Олгон адамга кучубуз жетип калган экенда.
Shahrizaada түзөттү 2016-10-27 00:57:17
27.10.2016. 07:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Калк айтса калп айтпайт дейт.эл билет да Жазасын Аллахым бул дуйнодо эле бериптир акыр эти кандай болот????????жогорку коменттерди карасам динден тушунууго жок адамдар Молдолорго асылып жатышат.Өздөрү даарат алганды билишсе гана динден тушунугу жок тайкылар.Уялбайсынарбы???Ата бабаларыбыз карманып келген ИСЛАМ ДИНИ АКЫЙКАТ ДИН
27.10.2016. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Asedullah1996,Кудайга шылтаба ал кечиримдуу кудай.Муну кылып жаткан динди чала билген дин бузар молдолор. Аллахым аны жерден эмес асмандан бейиштен орун берип тозуп алат дин деп кыргыздар болунбогуло
27.10.2016. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвада иштеп журуп айылга кетиш керек болуп калды ордума бир эже келди,ага бардык нерселерди уйроттум.Жакшы эсимде калбады эртен дагы келип корсот деди,озум уборкада иштечумун жумуш оной.Ошентип эртеси келдим негедир маанайым жок эле тиги эже маанайын жок болсо кудайга сыйыналы мен Иса пайгамбарга сыйынам деди эле ошо жерден ал менен урушуп кеттим.Кийин айылга кеттим,келсем жанагы эже жок иштен айдап жиберишиптир.Кеткендеда жон кетпей шкафтарга китеп салып кетиптир.
27.10.2016. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aidaika91, Сизди шайтанга сыйыналы деп айткан жокпу Соз:- бул жерде кудайга сыйыналы деп жатат сага боору оруп жатат.Таштаган китептеринде эгер окуп корсон кудай жана пайгамбарларга арналган китептер. Окубай эле ал аялды куноолоп жатасын.
28.10.2016. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Христиандар, буддисттер мусулмандар озулорунун мурзосуно комушот дин боюнча, неге баптисттер жаназа окуп бергиле, мусулмандар кумбозуно койгула деп талап кылышат
28.10.2016. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактааа ислам динин жамандагандар арабызда коп экен го. Аман эле болгулачы динин саткандар.
30.10.2016. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне эле мусулмандар деп эле Имамдарга Муфтиятка асылып калдыңар жакшы окусаңар Кристиан мазарынан да алып салыптыр деп жазылып турат. Ошолорду да критикалагыла. Орус мазарга баткызбаптырго муну мусулмандар кылбаган чыгаар.
30.10.2016. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсалкын Качкынбекова адам укуктары салталыш керек бирок 85%мусулман кыргыз жарандарынын укугу кандай болот акыры адам бир позицияда болуш керекго. Мен мусулман болгондон кийин динимди бурмалабай толук сактаганга укугум бар чыгаар.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: