Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

2 ЖОЛУ КАЗЫЛГАН БАПТИСТТИН СӨӨГҮ ЖАШЫРУУН ЖЕРГЕ БЕРИЛДИ

№729 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж


Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында 76 жаштагы Каныгүл Сатыбалдиева 13-октябрда көз жумуп, анын сөөгүн аталган айылдын көрүстөнүнө коюуга айылдаштары каршы чыгышкан. Буга маркумдун баптист экени себеп болгон.

"АЛ БАПТИСТ ЭМЕС, БОЛГОНУ БИБЛИЯ ОКУП КОЙЧУ"

Маркумду өз айылынын көрүстөнүнө коюуга каршы чыгышкандан кийин туугандары анын сөөгүн коңшу жайгашкан Өрүктү айылына коюшкан. Сөөк коюлган соң аталган айылдын тургундары да сөөктүн коюлушуна каршы чыгып, кайра казып алышкан. Андан соң маркумдун сөөгү төркүнү Чаткал районуна коюлмак. Бирок жергиликтүү бийликтегилер Ала-Бука районунун борборунда жайгашкан христиандардын көрүстөнүнөн жер бөлүп берип, ошол жерге коюлган. Тилекке каршы, кайра анын сөөгүн казып чыгарып салышкандыктан 18-октябрда жашыруун көмүлгөнү айтылды. Аты-жөнү белгисиз калышын каалаган маркумдун тууганы окуяны мындайча айтып берди:
– Каныгүл эже кадимкидей эле айылдагы адамдар менен аралашып, той-топурда чогуу эле жүрчү. 2 кызы бар. Жакында эле небере кызын турмушка узатып, элдин баары үйүнө келип, той болуп жаткан. Өзү болсо ооруп жүргөн, анан минтип каза болуп калды. Ал баптист эмес, жахаба эмес, болгону Библия окуп койчу. Эң негизгиси адамдарга жамандык кылып, террорчу болгон жок да, туурабы?
Ал каза болгондо эл келип мал союлуп, Оштон, Бишкектен да туугандары келишти. Апасы каза болор алдында кызы молдо чакыртып, дем салдыртыптыр. Эже каза болгондо дин өкүлдөрү келишип, кызына келме айттырып, "кайра ислам динине кайт" деп жатышкан. Бирок ал кайра эле китебин көтөрүп чыгып, "мен ушул аркылуу бейишке чыгам, апамды эмне кылсаңар ошо кылгыла" деп айткан. Мен да Иса пайгамбарга сыйынам, биз кыргыз машаякчыларыбыз. Мага да жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз дешти, макул болбой койдум.
Бул окуядан кийин биздин бардык туугандар жаманатты болуп калдык, жадакалса мектептен балдарыбыз ыйлап келип жатат. Адам укугун сактоо дегенди билбейт экенбиз.

"АПАМДЫН СӨӨГҮ КАЙДА КӨМҮЛГӨНҮН МЕН ДА БИЛБЕЙМ"

Маркумдун кызы Жылдыз Азаева менен байланышканыбызда ал буларды айтып берди:
– Апам тирүү кезинде болгону "Инжил", "Тоорат" деген китептерди окучу. Аны молдолор деле окуп жүрүшөт. Ал китептерди мен да окугам. Ал китептер болгону адамдарды акылдуулукка, адептүүлүккө, ата-энени сыйлоого чакырат. Апам деле аны элге айтып, туура эмес үгүт иштерин жүргүзгөн эмес. Анан эле баптист деп айтып жатышат. Ал эмне экенин мен да түшүнбөйм. Өзүм Кудайга гана ишенем.
Апам каза болгондо ак кепинге ороп, акыркы сапарга узаталы деп ойлогонбуз. Бирок молдолор буга болбоду. "Жаназасын да окубайбыз" дешти. "Эгерде кызы сөөктү көрүстөнгө койсо, динге өзү кирбесе анда таш бараңга алабыз, же болбосо сөөктү короосуна көмүп алышсын" деп эл айтыптыр. Сөөктү экинчи жолу казып алгандан кийин азыр кайда көмүлгөнүн билбейм. Айтпай да жатышат.

"МАРКУМДУН БАШКА ДИНДЕ ЭКЕНИН ЖАШЫРАЛЫ ДЕГЕНБИЗ"

Ала-Бука районунун имамы Шумкар Чыналиевге байланышсак, ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Таш бараңга алабыз деген сөз болгон эмес. Биз маркумдун үйүнө барганда анын кызы "мен түшүнбөй башка динге өтүп кетиптирмин, кечирип койгула" деп ыйлаган. Эл андан "эмне үчүн башка динге өтүп кеттиң же сага акча керек болдубу?" деп сурашканда, ал "мен билбестик, түшүнбөстүк кылдым. Бул динде жүргөндөргө айтар элем, артка кайткыла. Адам өлгөндө ушундай маселенин болорун билбептирмин" деген. Биз маркумдун сөөгүн бир жакка көмөбүз же көмбөйбүз деп чечим чыгарган жокпуз. Тескерисинче, колдон келишинче анын башка динде экендигин элден жашырганга аракет кылдык. Жергиликтүү калк ага болгон жок, сөөктү айылдын мүрзөсүнө коюуга каршы чыкты. Жаназасы да окулган жок, анткени эл келбей койду.
Шариятта ар бир адам көмүлүүгө укуктуу деп айтылат. Негизинен мусулмандын жанына башка диндеги адам көмүлгөн болсо, анын кыйналганына жанындагылар чыдай албайт.

КИМ КАЙДА КӨМҮЛӨРҮН МУФТИЯТ ЧЕЧЕБИ?

Ушул окуя боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактыяр Токтогазы уулу атайын фатва чыгарышканын айтты:

– Бизде ата-бабабыздан бери сакталган бир эреже бар да. Анда ар бир дин өкүлдөрү өзүнө тийиштүү жерлерге көмүлүшү шарт. Эгерде мындай учурлар болуп калса, анда башка диндеги маркумду көмүү үчүн өзүнчө жер бөлүү зарыл. Мүрзө мусулмандыкы же башка диндегиники деп жергиликтүү эл жана айыл өкмөтү чечип алышы керек. Бул окуядан кийин биз башка диндеги адам каза тапса, мусулмандар мүрзөсүнө коюлбасын деген атайын фатва чыгардык.

"ЭЛ АЛ АДАМДЫН КӨМҮЛҮШҮНӨ КАРШЫ БОЛДУ"

Ала-Бука районунун акиминин орун басары Калчабү Үсөнбаевага кайрылып, жооп алдык:

– Окуяны угарым менен ошол эле күнү аталган айылга бардым. Барсак маркумдун жакындары "сөөктү башка жакка алып кетүүгө шартыбыз жок, ушул гана жерге коёбуз. Кандай болсо да жерге берели, сөөгү талаада калбасын" деп ыйлашкан. Бирок айылдаштары такыр эле баш тартып туруп алышты. Анан райондун борборунда христиандардын көрүстөнү бар, ошол жерге берүүнү чечип, сөөк ошол жакка коюлган. Ал көрүстөн мусулмандардыкына жанаша жайгашкандыктан ал жерден кайра казып чыгарып салышкан соң сөөктү жашыруун көмүүгө аргасыз болдук. Биз бул окуя боюнча жыйындарды өткөрүп, алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.


Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамына ылайык, эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес жана дин мамлекеттен ажыратылган. Эч ким жынысы, этноско таандыктыгы, туткан дини жана башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес. Ал эми жер Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат. Муфтияттын "башка диндеги адамдын сөөгү мусулмандар мүрзөсүнө коюлбасын" деген фатвасы, дегеле окуянын мындай тартипте өнүгүүсү өлкөдөгү мүрзөлөрдүн дээрлик бардыгы мусулмандык болуп калабы деген суроонун жаралышына түртөт. Мүрзөлөр жайгашкан жер тилкелери менчик да эмес, дин кызматкерлериники да эмес, мамлекетке караштуу. Дин маселелерин көзөмөлгө алган мамлекеттик органдар кайсы жакты карап отурушат? Тутунган ишенимине жараша жаңжал чыкса, анда ага ким жооп берет?

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(86)
24.10.2016. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда мусулмандар учун озунчо, ал эми христиандар учун озунчо мурзолор бар. Буга чейин эле бул эки диндегилер болунуп комулгон.
28.10.2016. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
zheentaev,ИСЛАМда диндер коп капыры да бар момуну да бар Христяндарда да коп дин бар бироосу суротко крестке чокунат бироосу чокунбайт Ушулардын баарын кудай таразалайт анткени эч ким тируулор бейишти же тозокту коргон эмес.Ата-бабабыздан бери кыргыз озунун мурзосуно кепинделип орус озунун мурзосуно жыгачка гробтолуп кээ бир улуттар соогун ортоп сапырып жиберет Улуттун салтын сактап олгондорго тийишпегиле Улутту болбогуло.
24.10.2016. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Дагы баптист библияга ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-10-24 15:59:24
24.10.2016. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Pirimkul,жанагы жакын тууганына дагы деле кеп жетпеген го.тообо кылдым
24.10.2016. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Pirimkul, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү!
24.10.2016. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Автор,баары мусулман болсун деп кыйнаган жок.жон гана башка дин окулун мусулман корустонго койбосун дейт.
26.10.2016. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Sultanim,Султанга минус баскандарга тан калдым...Супердин окурмандарында баптисттер кобойгон го... 1-2 дуйнолук согушту с,Африкадан Европага кулдарды чатып жатып океанда чоктургон ,Виетнамда Авганистанда элди кыргандар Исламисттер беле... баптисттер кырган
24.10.2016. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз жактан да бир уй булоону толугу менен кочуруп жиберишкен.
28.10.2016. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Deniza88,Кыйратыптыр байкуш уй-булоо айылдын тушунуксуздугунон арасындагы шайтандардан жапа чегиптир.Бирок кудай учун жапа чексе Кудайым батасын берет.
24.10.2016. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Azyr baptizter koboiup ketken alarga da ozuncho jer berish kerek anda,soogu talada kalbash uchun
24.10.2016. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ечтеке айта албайм мындай кырдалда дин аалымдарыдан сураш керек деп ойлойм бирок мусулмандардын мурзосуно башка диндегилерди койсо болбой.
24.10.2016. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Имам эки жуздуу экени аздай жеткен калпычы да экен. Ушундай радикал исламчыны бир райондун имамы кылып дайындаган муфтият менен бийликке баракелде. Эгер ушул "жол" менен кете берсек эртен-бурсугуну Сириядагы ИГИЛдин катарына барып согушкан жердештерибиздин саны 500дон 5-10минге жетет. Анан алар кайра Кыргызстанга кайткан сон Кыргызстанда "ислам мамлекетин" тузобуз деп курал менен кан тогууну баштайт. Казахстанда бир чекеси башталды. Кыргызстанга ошол керек беле?!!
25.10.2016. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Revolyutsiya,Сирияга сага окшогон ойлонууну билбеген адамдар кетип жатат азгарылып, сабатсыз болгондуктан....Баптис болгондор да ошондой... Еврейлер эки жактан тен утуп жатышат...Эптеп эле мусулмандыкты жамандоо...Баптисттер менен суйлошуп коргулочу...Суйуктуу Пайгамбарыбызды жамандаганын угасынар... мусулмандар дуйнодогу эн жаман адамдар алар учун...
28.10.2016. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Jaloshtalnarisbatchui,Еврейлер сага эмне кылды булар Арап менен Еврей Ибрагим пайгамбардан торолгон балдар.Азыр эки-биртууган урушуп жатат.Адамдар- улуттар бирикиле ошондо шайтанды женебиз ураа.
27.10.2016. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Revolyutsiya,Сиз туура жаздыныз Мен кыргызстандын дин башкармалыгынын адиси Бактияр Токтагазы уулуна айтарым Кыргызды болбо биз каякта журсок да кыргызбыз динге болбо биз светтик олкобуз Кыргыздын ата-бабасы калтырган жерге жана кыргыздын мурзосуно койулат.Сиз жазгандай Ата-бабабыз кыргызды болгон эмес Улут-улуттарды болуп келген динге аралаштырбаныз ким кандай сыйынса оз эрки бирок кыргыз озунун ата-бабасы койулган жерге койулсун.Силер динди окуткула мурзодо акынар жок.
24.10.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дин башкармалыгына да тааныш-билиш аркылуу кочодон эле бир бизнесмен же саясатчынын тууганын отургузуп коюшат окшойт го... Биринчиден ушуга чейин эч кимден "мусулмандар менен каапырлар ж.б. чогуу комулбосун" деп Куранда жазылганбы деген суроого жооп ала албадым. Ал эми кайсы бир аалымдардын айткандай, ривояттарга толук ишенуу кыйын. Мисалы ошол эле суннит жана шиит болуму оз диний аалымдары, ривояттарга таянат, ар ким озунукун туура деп эсептейт. Куранда корсотулсо ишенсе болот..
24.10.2016. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызстанда буга чейин мурзолордо баары эле аралаш комулуп келген, азыр деле ошондой... Бир омур арактан башы чыкпаган бири деле комулуп жатпайбы?!! Экинчиден мурзолор имам-кожолордун менчиги эмес буйрук бергидей. Карап турсан ошол имам молдолор оздорун Кудайга тенеп Алла-Тааланын жерине ээ чыгып, маркумдарды бул дуйнодо туруп алып Алла Тааланын ордуна сурак кылууда... ИГИЛдегилер да сурак кылып адамдарды тируулой мууздап жатат. Ошол террористтер менен имамдын айырмасы канчалык?
24.10.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Revolyutsiya,арак ичкени менен динин сатбаган мусулмандардын мурзосуно мусульман гана коюлуш керек
25.10.2016. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
kumushai, омуру арактан башы чыкпай, омурундо бир жолу намаз окубай, мусулманчылыктын бир да парзын аткарбай, ичкенде Кудайга акаарат келтирип суйлоп журсо, кайдан мусулман болот?!!

Азыр жаштары деле чон-улгайганы деле аракты окурто ичип, калпты ышкырта суйлоп, эбин тапса бироонун акысын жеп же уурдап, ойнош кутуп, сойкуларга барып, жумасына бир жолу жума намазга барса барып, барбаса жок, анан мусулманбыз деп тошту кагышат. Кайдагы мусулман, Куранда жазылган куноолордун баарын кылып
Revolyutsiya түзөттү 2016-10-25 02:36:03
27.10.2016. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kumushai,Арак ичип жаман соз суйлоп Кудайдын астында куноо кетирди.Же сизге баары бирби Кудайдын Ислам динине жабышып Сирияда арап-олкосундо ИГИЛдер шайтандын ишин кылып жатат же алар деле мусулманбыз деп динин саткан жок.Булар каапырбы же мусулманбы?
24.10.2016. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Revolyutsiya,бирок арак ичип "Алла акбар"-дер сойгон мал сдал болот экен
24.10.2016. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болунгонду бору жейт дегендей эле болуптур...
28.10.2016. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
elif,Эгер каза болгон кемпирдин туугандары чон болуп иштегенде бору жебейт эле 3-4 таман жылкы сойулуп эл батпай Имамдар мен жаназасын окуйм деп талашмак жана кемпирди ардактап комбок.Олгон ушул энебиздин жаны бейиште болсун топурагы торко болсун омиин.
24.10.2016. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тооба кылдым кудай сактасын! Эмнеге мусулмандын мурзосуно комулуш керек ал тируу кезинде мусулманчылыкты таштап баптис болгон сон баптисче комо бергиледа эмнеге ошону ойлонуш керек болчу башында ар кандай шайтандын азгырыгы менен башка динге отуп кетпей
26.10.2016. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nur123456,чын соз баптис болсо ошолордой эле комсундор талаш тартышсыз эле тируусундо мусульман болбосо олгондо мусулман болобу
28.10.2016. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nur123456,Кыргыз мурзосу кыргыздыкы Кыргыздар каза болгондо ушул жерге койулсун деген.Мурзонун баарына Имамдар деректор болуп алыптыр ким комулот ким комулбойт деп.Кыргызстандын конституциясында жазылган ким кандай комулуш керек экенин Баардыгынар законду сактагыла.Законду сактабагандар жазага тартылсын.
24.10.2016. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suban78, темадан алыс билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү.
24.10.2016. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ар бир башта өлүм бар. Өлүктү кордогондор Кудай алдында жооп беришет убагы келгенде. Кудай үчүн баары бир мусулмансыңбы,христиансыңбы, иудейсиңби, буддистсиңби, баптистсиңби..., баарын Кудай жараткан жана бир гана Кудай таразалайт адамдын күнөөсүн. Сөөктү казып алгандардын баарысын тозок күтүп турат. Анткени алар Кудайдын милдетин моюндарына алышты, алардын орду тозокто. Бүгүн азыр тирүүлөй эле өздөрү деле сезип башташты жан-дүйнө тозогун. Укум-тукумдарынын бери каргыштан азабын тартат.
24.10.2016. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Elnur4ik,сен озун не деп жазганынды тушундунбу
24.10.2016. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ZHYRGAl1412,мен тушундум туура Эле жазды .жана биз закон менен жашайбыз а дин эмес !!мен бул соз менен сизди кемсинтейин деген жерим жок .Баардык Адам бирдей мусулман жана христиан,будизсть баптист!!!
24.10.2016. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Daldachka,сен озун кайсы диндесин
24.10.2016. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Elnur4ik.сен аларды кудайдын милдетин аткарды дейсин озун аларды каяка барышын чечип койдунго
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: