
Америкалык ырчы
Сиара жакында эне болорун ачыктады. Көптөн бери ырчы айымдын өзүн алып жүргөнү, кийген кийимдери күйөрмандарынын бүйүрүн кызытып, кош бойлуу окшойт деген ойго жетелеп жүргөн. Жакында гана Сиаранын жолдошу
Рассел Уилсон көпчүлүктүн суроосуна жооп кылып, кош бойлуу жубайы менен түшкөн сүрөтүн инстаграмга жүктөгөн. Ага кошумча эле ырчы айым 31 жашын белгилеп жаткан күнү
"Кудай берген эң башкы белегим тууралуу сиздер менен бөлүшүп жатканыма кубанычтамын. Бул туулган күнүм өзгөчө болду. Жакындарымдан, досторумдан көптөгөн жагымдуу сөздөрдү уктум",- деп билдирүү калтырган.
Айта кетсек, Сиара менен футболчу Рассел Уилсон ушул жылы жайында үйлөнүшкөн. Сиаранын мурунку жигити рэп ырчысы
Фьючер Захир Уилбернден эки жашар уулу бар.