Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Жабырлануучу: "МЫЙЗАМСЫЗ ЖЕР ТИЛКЕСИН САТКАНДАРГА АЛДАНЫП, СЕЛСАЯК БОЛУП КАЛДЫМ"

№732 11-ноябрь-17-ноябрь, 2016-ж


Борбор калаанын тегерегинде көпчүлүк жерлер мыйзамсыз басып алынганы жашыруун эмес. Так ошол жерлерде жашаган тургундар кыйын шартта күн кечиришүүдө. Себеби өкмөт мыйзамсыз там салып алган жерлерге шарт түзүп бербейт. Ал эми басып алынган жерлерде үй куруп жашап калгандардын айтымында, алар жер тилкесин өз убагында кызылдай акчага сатып алышкан. "Жакында бул жерлер трансформацияланат, суу, электр жарыгы, бардыгы болот" деп элди алдап, акчасын алып куйругун түйгөн шылуундардын көбү жазасыз калууда. Андай алдамчыларга ишенип, сызга отурган тургундардын турмуш-шарты менен таанышуу максатында Ак-Ордо-2 деп аталган жаңы конушту көздөй бет алдык.

Калк арасында аталышы
– Ак-Ордо-2 (расмий аталышы жок)
Жайгашкан аймагы – Чүй облусунун Сокулук району
Аянты – 886 гектар (жерлер чарбачылык үчүн бөлүнгөндүктөн үй курууга трансформацияланган эмес)
Калкынын саны – 976 адам (каттоодон өткөн)
Суунун баасы (1 тоннасы) – 250 сом

"4 ЖЫЛДАН БЕРИ СУУ, ЭЛЕКТР ЖАРЫГЫ ЖОК ЖАШАП КЕЛЕБИЗ"

Аталган жаңы конуштун тургуну Нурбүбү Мусалиева бизге кандайча алданганын айтып агынан жарылды:
– Өзүм 2-топтогу майыпмын. 6 балам бар. Жолдошум дагы жумушсуздуктун айынан үйдө отурат. Балдарыбыз иштеп кол кабыш кылат, анан пенсия алам, ошону менен күн көрүп жатабыз. Бала-чака менен батирлеп жүрсөң деле кыйын. Үңкүр да болсо өз үйүмдө жашайын деп жерге муктаж болуп, мындан 4 жыл мурун бул жактан 5 сотых жер үлүшүн 5 миң долларга сатып алганбыз. Бирок кызыл китеби жок. Саткан адам "жакында трансформация болот, ошондо кызыл китеби берилет" деген эле. Андан азырынча дайын жок. 4 жылдан бери суу, электр жарыгы жок жашап келебиз.
Таза сууну тоннасын 250 сомдон сатып алып ичебиз. Балдар таза суу ичпесе ич келте, тамак оорулары менен ооруп калышы мүмкүн. Сууну аябай үнөмдөп колдонобуз. Кенен отуруп чай ичмей жок, баш жуусак да анын суусун төгүп салбай пол жууганга жаратабыз. Кирди болсо жамгыр жааганда толтуруп алып, ал суу тунган соң ошого жууйбуз. Ошондуктан жамгыр көп жаашын тилейбиз.
Биздин жаңы конуш Ак-Ордо-1 менен Ак-Ордо-3 жаңы конуштарынын ортосунда жайгашкан. Ак-Ордо-3 жаңы конушунда деле үйлөр биздикине окшоп басып алынган жерлерге салынган. Бирок аларга суу, электр жарыгы берилген. Эмнеге бизге тартып бербей жатышат түшүнбөйм. Электр жарыгын Ак-Ордо-1ден өзүбүз тарттырып алганбыз. Бирок трансформаторубуз жок. Ага акча чогулталы десек айрым кошуналардын каражаты жок болууда. Электр жарыгыбыз эптеп лампочка менен сыналгыга жарайт. Ал эми муздаткыч, электр меши сыяктууларга күчү жетпейт.
Балдарыбыз барганга бала бакча, мектеп, медициналык бөлүм да жок. 1 неберем, 1 уулум мектеп курагында. Алар Ак-Өргөө жаңы конушундагы мектепке барып окушат. Бирок ал жакта да орун аз болгондуктан каттоодо турган балдарды эле окутуп, биздин балдарды "кабыл албайбыз" деп жатышат. Жолдорубуз ысыкта чаң, жаанда балчык болуп чыга келет. Шамал болгондо чаңдан кирпигибиз ачылбай калат. Коңшулар акча чогултуп бир аз шагыл төктүрүп койгонбуз, бирок ага деле болбойт. Маршруттук таксилер мурун биз жакка чейин каттабай, бир топ жерге чейин жөө барып түшчүбүз. Жакындан тарта бир маршруттук такси каттап сүйүнүп жатабыз. Бирок ал деле аралыгы бир топ убакыт өткөн соң келет. Таштандыны да чогултуп коюп бир күнү шаарга чыкканда төгүп келебиз.
Ак-Ордо-2 жаңы конушунун тургундары өкмөттөн биздин жерлерди трансформация кылып, суу, свет менен камсыздап беришин суранат элек. Биз бул жерлерди басып алган эмеспиз, сатып алганбыз.

"МОНЧО ЖАКПАЙБЫЗ, БАКЧАБЫЗДА ЭЧ НЕРСЕ ӨСПӨЙТ"

Дагы бир тургун Самат Бейшенов буларды кошумчалай кетти:
– Жерди сатып алгам, бул жакта үй салып 3 жылдан бери жашайм. Жер үлүшүн ошол маалда 3400 долларга сатып алгам. Жер саткандар "жакында трансформация болот, суу, свет берилет" деген сыяктуу көп убадаларды беришкен эле. Көчөлөрүбүздүн аты жок. Кокус бирөө-жарым ооруп калып "Тез жардам" кызматын чакырсак келе албайт. Ооругандарды өзүбүз шаарга алып барабыз. Ушуга окшогон көйгөйлөрдү чечип берүүгө айыл өкмөт, квартальный жок.

"УРУША БЕРИП АЯЛЫМ КАЧЫП КЕТКЕН"

Мыйзамсыз жер тилкелерди сатуу менен шугулданган алдамчылардын тузагына илинип, жыйынтыгында үй-жайсыз калып, селсаяк болуп кеткендер да бар. Алсак, ушул жылдын 25-октябрында Бишкек шаарынын Свердлов районунда 40 адамга эсептелген селсаяктар үчүн баш калкалоочу жай ачылды. Суукта ал жерде баш калкалаган селсаяктардын бири Казакбай (аты өзгөртүлдү) көзүнө жаш алып, Super.kg порталына бул тагдырга кандайча туш болгондугун баяндап берген:
– Өзүм 32 жаштамын. Оштогу ата-энемдин үйүн сатып, ал акчага кайненем Мира аттуу айымдан Бишкек шаарынын четиндеги Ак-Ордо-3 жаңы конушунан 2 жер тилкесин алып берген. 2300 доллардан 2 жер тилкеге 4600 доллар бергем. Ал жерлерди өзүмө эмес, кайненемдин атына каттаткан элем. Кийин ошол жерге үй салайын деп барсам, башка бирөө үй салып коюптур. Ошол боюнча акчадан да жок, жер тилкеден да жок, селсаяк болуп көчөдө калдым. Каралаша турган эч кимим жок. 2 эле бир тууганбыз, эжем турмушка чыгып кеткен. Ага баруудан тартынам.
Өзүм да туура эмес кылдым окшойт. Аялыма "жерди сенин апаң алып берди эле, ага айт, акчаны таап берсин" деп айта берип, анын айынан уруш чыгып, жыйынтыгында аялым качып кеткен, азыр кайда экенин билбейм. 2 кызым бар, аларды 1 жылдан бери көрбөй сагындым. Кайненеме чалсам аялымдын дарегин айтпайт же жер тилкесин алган аялдан акчамды кайтарып алып бербейт.

Мүлкүнөн ажыраган жабырлануучу.


"ЖЕР ТИЛКЕЛЕРДИ БАШКАЛАРГА ДА САТЫП ЖИБЕРИПТИР"

Ал эми анын кайненеси менен байланышканыбызда ал:
– Рахима деген бир таанышым "менин курбум арзан жер тилкелерин сатып жатат, алып албайсыңарбы" дегенинен күйөө балама 2 жер тилкесин сатып бергем. Күйөө баламдын документтери жок болгондуктан менин атыма катталган эле. Мира деген аял акчаны алган соң ал жерлерди кийин башкаларга дагы сатып жибериптир. Күйөө балам менен кызым үй салганы барышса, башкалар үй салып коюптур. Тиги аялга бир нече жолу барсак "акчаны ана берем, мына берем" деп жүрүп кайтарган жок. Ал ортодо күйөө балам менен кызым жердин айынан урушуп турмушу да бузулду. Эми тиги аялды сотко берейин десем бутум ооруп бара албай жүрөм.

"ЭЛ НААРАЗЫ БОЛСО, МЫЙЗАМДЫ БУЗБАШ КЕРЕК БОЛЧУ"

Жогорудагы жаңы конуштардын көйгөйлөрү качан чечилерин билүү үчүн Сокулук районунун акими Аманкан Кенжебаевге байланыштык:
– Ал жаңы конуштардын жашоочулары нааразы болсо, мыйзамды бузбаш керек болчу. Мыйзамсыз жер тилкелерин сатып албаш керек болчу. Алар үлүш жерлерди сатып алышкан да. Ошол аймакта жер үлүшү бар адамдар өзүнө тиешелүү жерлерди 4 сотыхтан бөлүп туруп сатып жиберишкен. Ал жерлерге үй салганга болбойт, документинде "чарбачылык үчүн" деп жазылып турат. Бүгүнкү күндө мен ал жерге суу жеткизип же трансформатор койсом, анда бизге биринчиден прокуратура кылмыш ишин козгойт. Экинчиден электр жарыгын орнотуу үчүн техникалык шарттарга жооп бербегендиктен "Түндүк электр" ишканасы уруксат бербейт. Себеби электр жарыгы трансформация болгон жерлерге гана коюлушу керек. Муну эл түшүнбөй жатпайбы. Жерди басып алып, там куруп, андан кийин "жолумду сал, жарык бер" дейт. Бул көйгөйдү чечүү өкмөттүк деңгээлде каралып жатат. Жер тилкелерин мыйзамсыз саткандар да жаза алышууда. 2015-жылы мыйзамсыз жер сатуу боюнча 219 кылмыш иши козголгон. Анын айрымдары жазасын алышса, кээ бирлери соттон акталып чыгып кетүүдө.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Мүлкүн тарттырып жиберген ата: “Селсаяк болуп жалгыз калдым”

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(18)
Медиа-портал
26.10.2016. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
жаш экен ичкилике берилбей баарын жениш керек. иштеп уй булосу менен жарашып алса болмок. ден соолук барда
SUPER.KG видео
26.10.2016. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эээээх жашоооо эмнелерге гана алып барбайт
SUPER.KG видео
26.10.2016. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жапжаш туруп бомж. Тобо иштешпейби дейм да. Ден соолук бар, колу буту бар. Кудайга шугур иштеп аракет кылса болот да. Аллах берээрин унутпасын. Ыйман ынсап берсин баарыбызга
SUPER.KG видео
26.10.2016. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Журогум ооруп кетти, ушул кыздар турмушка чыкканда кыздын ата энелери аралашбаса деп ойлойт элем, балеенин баары ошол кфздын торкуну киришкенден чыгат
Медиа-портал
27.10.2016. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жерин тарттырып ийген жигит эмнеге ыйлайт түшүнбөдүм. Жапжаш жигит, ден соолугу жайында. Акырын иштесе баары жайына түшөт го. Эң негизгиси ачууга алдырбай, нервин сактап, укуктурк органдарга кайрылсын. Башына келгендин баары сабат сыздыктын айынан болуптур. Балдарды туура тарбиялап, сабаттуу, өз укугун билген, жакшы инсан кылып тарбиялабайбыз. Акыры барып болоору ушул АТТИҢ!!!!!!!!!
SUPER.KG видео
27.10.2016. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кайненеси аферист окшойт акчаны болушуп алган ортомчу менен а так давно сотко бермек?
SUPER.KG видео
27.10.2016. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aллахтын сыноосу
SUPER.KG видео
27.10.2016. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Азаматсын Максат. Эми Аллах Ыраазычылыгы учун Казакбайга соттошконго бир жардамынды берсен чоон соопчулук кылмаксын. Соттон утуп, Селсаяктык менен коштошуп жакшы жашап баштаптыр деп кийинки сандардан окуп калганга себепчи болуп бер эми.
SUPER.KG видео
27.10.2016. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жүрөгүм ооруду Казакбайга . Жаш экенсиң жакшылыктан үмүт үзбөй алга умтулуу керек. Азыр жардамга муктаж экен юристин .
SUPER.KG видео
28.10.2016. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркексинби белинди бекем кыла да ишинди кыл,кыздарча коз жаш кылбай
Медиа-портал
28.10.2016. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Максат иним азамат жигит экенсин, бул интервьюну бир аттуу баштуу бироо окуп, Казакбайга жардам берет деп ишенем. Юристер болсо арабызда келгиле жардам берели мыйзам турундо. Жакшы иш кылган болот элек,ар бир адам жанылат, жаш жигитке жакшы жашоодо жашаганга мумкунчулук берелик. Супер инфо сиздердин жааматка чоон рахмат.
Медиа-портал
30.10.2016. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жерин тарттырган бала ата энесинин эрке баласы болчу го ата эненин коюнуна чонойгуча жаткан.Же болбосо белин бекем бууйт эле да ыйлабай аялдар деле балдары менен кочоодо калып мынча оздорун таштабайт го.Алты саны аман экен Аллахка шугур деп тачка туртсо да жашайт да.Дордойдогу дудук байке деле ыйлабай тиричилигин кылып атат го.Кудай сактап оз башы менен кетсин бирок мунусу уят.
Медиа-портал
30.10.2016. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Кайын энеси айтып атат го калп суйлойсун деп озундо да бар окшойт.Жакшы эркектен эч качан аял кетпейт.
14.11.2016. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mira eje arky duinodo katuu okunosuz. akchanyz koboiup ele baktyluu bolup jashsp kaldynyzby.
14.11.2016. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайненеси алдамчы окшойт азыр эч кимге деле ишенич жок Тиги балага айтарым жаныдан жашоо башта жумушка орнош ижарага батир ал турмушун оз колунда
14.11.2016. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бомж кобойуп баратат.ошолордун баары арактын кесепетинен болот.
15.11.2016. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карапайым адамдар мыйзамды билбегендиктен, маалыматтын жетишпестигинен, баёолугунан улам шылуундардын торуна түшүп жатышат. Булардын артында, уюшулган коррупцияланган адамдар турат.Болбосо, бийликтин укуругу узун, эбак колу жетмек. Баарынан да,бечара жигитке убал болду. Кайненеси күйөө баласынын убалынан, көз жашынан коркпойбу? Неберелеринин бетин кантип карап жашап жүрө?
15.11.2016. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ичкилике берилип ушунтип калды деп жазбаптыр аялдын туугандарынада аялынада ишенбеш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: