
СССРдин Эл артисти, кинорежиссёр
Болот Шамшиев "Түрксой" уюму тарабынан алтын медаль менен сыйланды. Аталган сыйлык Болот Шамшиевге түрк элдеринин кино тармагына кошкон салымы үчүн ыйгарылган. Алтын медаль режиссёрго расмий түрдө кыргыз киносунун 75 жылдыгына арналган мааракеде тапшырылды. Эске салсак, быйыл Болот Шамшиевдин 75 жылдык юбилей кечеси болуп өткөн. Кыргыз киносу менен тең жашаган режиссёрду биз да жамаатыбыз менен куттуктайбыз!