Блиц-маек
«Аида Кулуева менен Замир Мырза жакында үйлөнөт» деген кеп бар. Бул маалыматтын чын-төгүнүн Аиданын өз оозунан угалы.
– Аида, Замир Мырза экөөңөр кош жылдыз бололу дедиңер беле?
– Жок, кайдан, мен Замир менен достук эле мамиледемин. Өткөндө силердин гезитиңерге ушундай СМСтер келген турбайбы. Тааныштарымдын баары чалып, “Аида, той качан? Замир экөөң соо эмес турбайсыңарбы!” дешет. Алтургай Оштогу күйөрмандар чалып алышып, “эй, Аида эже, Замир аке экөөңөр үйлөнөт экенсиңер го... Бактылуу болгула!” дей башташты. Мен “шок” болуп эле отуруп калдым.
– Койчу, антип актанганың менен, шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт да, бирдемеңер болсо керек?
– Эч нерсебиз жок, жөн эле жакын доспуз. Мен Ошко барганда ал коноктоп, шаарды кыдыртып, Сулайман тоого алып чыгып тааныштырган. Экинчи борборубузга барганда Замирге жолукмайынча келбеймин. Ал Бишкекке келип калса, мен тосуп алып, колумдан келишинче сый көрсөтөм. Кыскасы, жакын доспуз. Балким, ошентип чогуу жүргөндөрүбүздү көрүп калгандар бул сөздөрдү чыгарып алышкандыр.
– Ушул ушак тууралуу Замир экөөңөр сүйлөшүп көрдүңөр беле?
– Албетте, жок. Анткени мен мындай ушак сөздөргө маани бербейм. Балким, анын сүйлөшкөн кызы бардыр, бул ушак экөөнүн мамилесине тоскоол болбосо экен деймин.
– Мүмкүн, Замирдин көңүлү сага түшүп жүрбөсүн? «Мага турмушка чык” десе, макул болот белең?
– Замирдей жигитке турмушка чыгууга кайсы кыз каршы болсун? Ага турмушка чыгууга мен деле даярмын. Замир үй-бүлөнүн кожоюну болууга татыктуу.
– Ийгилик сага!
Замира Рахманбердиева
star@super.kg
Ошону айтсан, айтса "ишинер эмне?" дешет болуш керек. Эл алдына чыгып жургон адам, баары бир элдин жүзү болуп калат да. Анан кантип айтпай койосун.
Aida ejeke ozunuz asmandagy jyldyz bolsoz dagy Asmandagu aga kol sunbanyz...
Неудачны
koinoguno konul burbai kongondoi surotko tushupturda.