Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

"АЯЛЫМ ӨЗҮНӨН 15 ЖАШ УЛУУ КИШИГЕ ТИЙИП, АНЫН 4 БАЛАСЫН БАГЫП ЖҮРӨТ"

№734 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж


"Мурун эркектер аялдарын таштап кетишчү эле. Азыркы заманда күйөөсүн таштап кеткен аялдар көбөйдү",- деген Азамат аттуу Балыкчы шаарынын 34 жаштагы тургуну бизге кайрылып, арыз-арманын айтып берди.

"АЯЛЫМ ТУУГАНЫ МЕНЕН КӨҢҮЛДӨШ ЭКЕН"

– Келинчегим Мээрим менен 5 жыл сүйлөшүп баш кошконбуз. 13 жыл жашап, 1 уул, 2 кыздуу болдук. Уулум 6-класста, экинчи кызым 4-класста окуйт, кичүү кызым 5 жашта. Үй-бүлөмдү багайын деп Орусияда, Казакстанда, Бириккен Араб Эмираттарында иштедим. Мен чет жакта жүргөндө аялым Балыкчы шаарынын төрөтканасында санитар болуп иштечү. Ошол маалда "тиги менен жүрөт, муну менен жүрөт" деп уу-дуу болуп кетиптир, мен аны уккан эмесмин.
Кайнатам өзү 2 эле бир тууган. Кайнатамдын эжесинин "Кумтөрдө" иштеген улгайган эле баласы бар. Ал биздин үйгө көп келчү. Мен чет жакта жүргөндө анын аялы келинчегимдин жумушуна 2-3 жолу барып, "күйөөм менен көңүлдөш экенсиң, менин үй-бүлөмдү бузба" деп чаң салып кетиптир.
Мен келгенде, тагыраагы, 2004-жылдын аягында ал байкеси үйгө кызуу болуп келди, экөөбүз чогуу дагы ичип отурганбыз. Аңгыча ал "жаным, келчи" деп жаныбыздан өтүп бараткан аялымдын белинен кучактап, тизесине отургузуп, моюнунан өпкүлөп кирди. Мен болсо алардын маңдайында отурам. "Эй, тарт колуңду, бул эмне кылганың?" деп жиним менен ордумдан тура калсам, ал бөтөлкөнү столго чаап сындырды да, мага тап берип калды. Келинчегим эшикке качып чыкты. Байкесин болсо үйдүн ичинен, эшиктен аябай сабадым. Келинчегим ошол бойдон жок. Ал кезде Балыкчы шаарында бир ишканада электрик болуп иштечүмүн. Эртеси байкесинин аялы, апасы, келинчегим, апам болуп төртөө жумушума келишти. Ошол жерден жеңеси аялымдын бетине койду. Көрсө, келинчегим мага тие элек кезинде ал байкеси Бишкекте маршруттук такси айдап, жанына Мээримди кассир кылып алчу экен. Биз үйлөнгөндөн кийин да жолугуп жүрүшчү тура.

"АЯЛЫМ ТИЙГЕН КИШИ ҮЙҮ ЖОК, АРАКЕЧ ЭКЕН"

– Балдар үчүн кечиришип жашап калдык. Мен кайра Орусияга барып иштеп келдим. Келсем кыздарым "апам бир курбусунун туулган күнүн тособуз деп биз тааныбаган эркектер менен кетип, түнү бою келген жок" деп айтышты. Анын айынан уруш чыкты. Адатынча балдарды таштап кетип калды. Улуу балам 2 айлык кезинен тарта жыл сайын болбогон нерселерди шылтоолоп үйдөн качып кеткенди адат кылып алган.
Акыркы жолу ушул жылдын январь айында жаакка чаап койсом дагы кеткен. Ооруканага жатып, үстүмдөн арыз жазыптыр. "Аялың тиги менен жүрөт" деген кепти укса бардык эркектин жаны кашаят да, кээде сабап койчумун, бирок бир жерин сындыргыдай катуу сабачу эмесмин. Тергөөчү аялымды соттук-медициналык текшерүүдөн өткөрсө жаракаты жок болуп чыгып, доого жыгылбай калгам. Ошол бойдон дагы жоголду.
Бир жолу Балыкчыдагы базардан келинчегимди көрүп калдым. Бир улгайган эле кишиден акча алып, базарга чуркап кирип кетти. Артынан барсам аялым кичинекей кызга кийим алып жүрүптүр. "Эмне кылып жүрөсүң? Тиги киши ким?" десем эле алаңдап, башкача боло түштү. Ага "келесоо, өзүңдүн балдарың менен ишиң жок башканын балдарын кийинтип жүрөсүң. Апам экөөбүз канча жылдан бери сен жоголгон сайын балдарды кийинтип, багып жүрөбүз" деп жулмалап, акырында "сен дагы балдарыңды кийинтип баккын!" деп ачуум менен ээрчитип барып 3 баламды ага бергем. Ошол боюнча аларды бир жума мектепке жибербей коюптур.
Балдарымды берип алып кайра сарсанаа болуп, аялымды кайдан табарымды билбей, үйдө отуруп келесоо боло жаздадым. Мен кийинтип эле кайра алып келет экен деп ойлогом да. Аңгыча эле улуу балам чалып, "ата, биз Тамчыга кире бериш жактагы автоунаа токтотуучу жайдын ичинде күркөдө жашап жатабыз. Апам ошол жакта Тойчу деген киши менен жашап алыптыр. Ал кишинин 4 баласы бар экен. Бизди сабады, ата, алып кетиңизчи" деп ыйлады. Ал күнү бара албай калдым. Эртеси аялыма чалып "эртең барам анан сүйлөшөбүз" дедим. Тиги киши ары жакка туруп алып "кел балакай, башыңды жулуп, өпкөңдү үзүп алайын" деп сөгүнүп жатканынан жиним менен барсам ал киши менен аялым кичүү кызымды алып качып кетишиптир. Менин 2 улуу балам, тиги кишинин 1 эркек, 3 кызы күркөнүн ичинде отурушат. Күтсөм жок, чалсам албайт, анан 2 баламды алып кетип калдым. Балдарым "тиги киши ичип алып апамды, балдарын сабады. Балдарын аябай сабайт экен. Апам ал киши сабаса, кайра жини менен бизди сабап жатты" дегенин угуп аябай ачууланып кайра ошол түнү жалгыз бардым. Тиги киши бычак көтөрүп чыкты. Дагы жакшы, апам тынчсызданып бир нерсе болуп кетпесин деп артымдан милиция кызматкерлерин ээрчитип барып калды. Тиги киши "биз жашаган жокпуз, аялыңды эртең жиберем" деп сөз бергенинен ишенип кетип калгам. Бирок жиберген жок.

"БАЛДАРЫМ ҮЧҮН ЖАРАШУУГА ДАЯРМЫН"

– Акыры Чолпон-Атанын социалдык кызматкерлерин, айыл өкмөттү, аймактык тескөөчүнү ээрчитип алар жашаган күркөгө бардык. Барсак аялым кызымды ээрчитип бир жакка кетиптир. Тиги киши "ооба, чогуу жашап жатканбыз" деп түшүнүк кат жазып берди. Ал спирт ичимдиктерин көп ичип, балдарын ур-токмокко алгандыктан "кооптуу үй-бүлө" деп социалдык кызматкерлердин көзөмөлүндө турат экен. Үйү жок, күркөнү ижарага алып ошол жерде жашап, тамак-аш сатып жанын багып жүрүптүр. Менин келинчегим 32 жашта, ал киши 47 жашта экен.
Акыры жарашпай турганыбызга көзүм жетип, сот аркылуу ажыраштык. Кичүү кызымды да кор кылбай өзүм багайын десем аялым бербей качып жүрөт.
Азыр 2 жолдун бирин тандашым керек болуп жатат. Эгер өзүмдүн бактымды ойлосом башка аял таап аны менен бактылуу жашашым керек. Балдарымдын бактысын ойлосом анда аялым менен жарашышым керек. Эгер аялым кайтып келсе балдар үчүн бардыгына көз жумуп, кайра баштан жашоого даярмын. Чынын айтсам, анын жосунсуз жоруктарына карабай азыр деле сүйөм. Ишенесизби, аны ушунчалык сүйүп, аяп, үй жумуштарына да жардам берчүмүн. Балким, аялым ошого көөп кеттиби, же чын эле катуу чаап койдумбу, же акчага азгырылдыбы, билбейм...

"КЫЗЫМДЫ САБАП, ЭКӨӨ АЖЫРАШЫШКАН"

Андан соң каарманыбыздын жубайынын апасы менен байланышканыбызда ал төмөнкүдөй жооп берди:
– Азамат кызымды сабай бергендиктен экөө ажырашып кеткен. Адегенде сот 3 баласын тең кызыма берген. Каникул маалында кызым кичүү кызына кийим алмакчы болуп кеткенде үйдө калган 2 баласын күйөөсү алып кетиптир. Азамат кызымдын улуу кишиге тийип алганын, байкеси экөөнү кармап алганын айтып догурунуп жүрөт, мен анысын билбейм.

"АЗАМАТ МАГА ЖАЛАА ЖААП ЖҮРӨТ"

Гезит басууга кетерде каарманыбыздын жубайы Мээрим айым бизге байланышып, өз чындыгын айтты:
– Азамат 13 жылдан бери мени ар кимге жабыштырып сабап келди. Акыры анын зомбулугуна чыдабай сот аркылуу ажырашкам. Эми 3 баламды алуу үчүн сотко кайрылам. Азамат балдарды талашып мага ар кандай жалаа жаап жүрөт.
Ооба, Азамат айтып жаткан 4 балалуу кишиге турмушка чыккандыгым чын. Ал күркөдө эмес, жакшынакай эле 4 бөлмөлүү үйдө жашайт жана анын менин 3 баламды кошуп багууга мүмкүнчүлүгү бар.

"Социалдык кызматкерлер менен чогуу барганбыз. Аялым тийип алган киши үйү жок ушул күркөдө 4 баласы менен жашайт экен".


Асхат Субанбеков
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(106)
29.11.2016. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман болуптур! балдарына келечегине балта чааптыр! кудайым ыйман берсин
29.11.2016. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде куноо жеке эле аялда же эркекте эмес,экоондо тен бар.Эрди катын болгондон кийин бирин бири тушунуп жашашса болмок.
29.11.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
anonymous, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз.
29.11.2016. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялыңа күйөөлүк мээрим жетишпей калган тура. Антейин десең бул жигит деле Оруияга, чет өлкөгө эшек такалаганы кеткен жок да, акча таап бала-чакамды багайын десе керек. Эгер мен мунун ордунда болсо байкеси жаным деп аялын өпкөн кезде эле ажырашып кетмекмин, балдарды бермек да эмесмин.
29.11.2016. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба ар бир адамга ынсап берсин.
29.11.2016. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биз бул жерде олтуруп, айтып атабыз ар кайсыны. Бирок куноо кимде экенин ачык билбейбиз да. Куйоосу башканы, аялы башканы айтып атат го?!
29.11.2016. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эми аны суйом деп эле ала жипти аттаса да унчукбай журо бериш керекби кызык экенсинер.Балдары учун аялынын сойкулугун кечирип жашаган дагы бироону тааныйм,айтайын дегеним турмушта баары болот тилекке каршы...
30.11.2016. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азыркы эркектер ХХХ, сот, заява, милиция деп. Колундан келсе аялынды уйго отурнузуп байлап ал, колундан келбесе ажырашып балдарынды озун багып ал!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-11-30 09:30:02
30.11.2016. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
TIMON_BERKOWITZ, Baatur7777, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болгула.
30.11.2016. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым өзү сактасын ушундай аялдан
30.11.2016. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ аял экенсин балдарынды ойлобойсунбу токмогуна чыдабасан намысын учун эрге тийбей озун бакта ажырашсан
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-11-30 09:30:15
30.11.2016. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ramzan24, этика нормаларын сактаңыз.
30.11.2016. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кудай билет ары жагын,ал бери жагы бүдөмүк жакшы турмуш болушуна көзүм жетпейт,бирок кечирем дегени чоң эрдик
30.11.2016. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Mavlyuda, баш тамгалар эреженин негизинде колдонулушу керек, кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
30.11.2016. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аял туз журсо эри башкага чаптамак эмес.
30.11.2016. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялда ар эркекте эс болсо мынчалыкка барышпайт эле
30.11.2016. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эркектин боштугунан болот, эркексинби кызган талаалап журо бербей, конул бурган эместа Астагфируллах.
30.11.2016. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жакшы атка бир камчы,жаман кызга мин палка))
01.12.2016. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Muz, порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. 30 күнгө БАН!
01.12.2016. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
)))
01.12.2016. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялын жамандап,жар салганын эске албаганда,Азаматтын созун угуп,чыныгы эркек экенсин деп аттым эле,бирок,аялынын пикирин укканда кимдин созу туура дээринди билбейсин!кыскасы бул нерсенин баарына эки жак тен куноолу!!!
01.12.2016. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынын айтсам, ушунча окуядан кийин аялы менен жашайт элем деген эркектин эркектик намысы жок экен.Измена кылдыбы кечиримсиз,башка аял куруп калыппы?Орусча айтканда лучшее поздно чем не когда!
02.12.2016. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ экенсиң!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-02 17:55:21
02.12.2016. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktiyar731, кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
02.12.2016. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ экенсин. Балдарыны жакшына багып журо бербейсинби. Аялзаттын уругу тугонуп калгансыбай
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-05 10:37:36
05.12.2016. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BekAmir, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз. Эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-05 10:38:04
03.12.2016. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимисине ишеничти да билбейсин. Бирок балдарын ойлошсо болмок. Алардын куноо жокко
03.12.2016. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи озунун ар кайсы мамлекетке иштеп кеткени туура эмес.
03.12.2016. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдар учун деп жарашсан да ката кыласын, себеби озунун тарбиясы жок келинчегин балдарына эч качан жакшы тарбия бере албайт. Ошондуктан ислам динин тутунуп жашагыла, бактылуу болосунар
05.12.2016. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бири катын таап Алат,экинчиси эр таап Алат. А балдарга Ата Энени Ким берет?!
05.12.2016. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм
05.12.2016. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым ар бир пендесине ыйман берсин!
06.12.2016. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ ал жактан жазганга болбойт экен жылдыз толгону жанылабайсынарбы же унутуп калдынарбы ахаахх
Amanel түзөттү 2016-12-06 00:54:10
06.12.2016. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Amanel, саламатсызбы?http://www.super.kg/kabar/news/168419/
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-06 11:07:49
06.12.2016. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кордунорбу суйуу ушундай арам турмушка алып барат так что алып качканда тийе бергиле ахахахахаххаххахахаххх
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: