Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

НООРУЗДУ ИРАНДЫКТАРДАН АЛГАНБЫЗБЫ?

№385 19-25-март, 2010-ж.


Мезгил үнү

Ата-бабаларыбыз 21-мартты "күн менен түн теңелди, жер жарылып чөп чыкты" деп жылдын башаты катары санап келишкен. Ушундан улам кыргыздар үчүн жаңы жыл 1-январь эмес, 21-март деп кесе айткандар да бар. Мындай ойлордон улам бүгүн Нооруз майрамынын күнгөй-тескейи туурасында кеп кылууну көздөдүк.

АМАНТУР ЖАПАРОВ,
Улуттук илимдер академиясынын тарых жана маданий мурас институтунун
археология жана этнология бөлүмүнүн башчысы:
– Нооруз майрамын кыргыздар илгертен эле майрамдап келишет. “Союз ураганда улуттук идеология керек болду. Нооруздун арча түтөтүү, сүмөлөк жасоо, Умай эне сыяктуу элементтери кыргызга таандык эмес” деп айрымдардын айткандары туура эмес. Башка элдин маданиятынын бир жерин сиңирип алуу ар улутта бар. Кыргыздар Ноорузду “күн менен түн теңелди, жерге көк чыкты” деп келечектен жакшылыкты үмүттөнүп, майрамдашат. Көп баланын энеси болгон байбичелер арча менен:
“Алас, алас, ар балээден калас,
Эски жыл кетти жаңы жыл келди.
Молчулук, токчулук болсун”,- деп аласташат.

ЧУБАК ЖАЛИЛОВ,
Кыргызстан мусулмандардин
башкармасынын Фатва бөлүм башчысы:
– Нооруз мусулмандардын майрамы эмес. Отко, ташка сыйынган байыркы ирандыктардын майрамы. Өз огунда айланган күн ирандыктардын түшүнүгү боюнча март айында ордун алмаштырат. Мусулмандар бир гана Кудайды бийик тутушу керек. Эгер алар Ноорузду майрамдашса, анда күндүн орун алмаштырганынын урматына сыйынган болуп калышат.
Пайгамбарыбыз Меккеден ыйык Мединага көчүп барганда, мединалыктардын эки майрамы бар экенин билген. Ошондо алардын ордуна “Орозо айт жана Курман айт майрамдарынын ээси болгула” деген. Кийин аалымдар мединалыктар кайсы майрамдарды майрамдашканын изилдей келишкенде, Нооруз жана Махаржан болуп чыккан.
Арча түтөтүү шариятта "шайтандарды кубалоо" дегенди түшүндүрөт. Сүмөлөктү атайын Нооруздун урматына жасоо туура эмес. Мусулман баласы жөн гана тамактын бир түрү катары гана жасап жеши керек.

ДАСТАН САРЫГУЛОВ,
“Теңир Ордо” фондунун негиздөөчүсү:
– Нооруз мусулмандарга таандык болбогону менен, кыргыз элинин өздүк майрамы. Нооруз майрамы ислам дини пайда болгон доордон бир нече кылым мурда майрамдала баштаган.
Адам баласы, анын ичинде кыргыз, дайыма табият менен эриш-аркак жашайт. Дайыма жыл мезгилдерине байкоо жүргүзүп, кайсы убакта жаз келерине, кайсы убакта суук кайтып каларына көз салып келишкен.
Март айында кыргыз эли “кыштан мал-жан аман чыкты, кышкы уйкуда жаткандар ойгонду” деп маанай жарыла сүйүнүшкөн. Аластоо адамдардын отту тааныган мезгилине барып такалат.
Ал эми Теңир, Умай эне, кут мындан 7000 жыл мурун пайда болгон байыркы түшүнүк. Жаңы төрөлгөн балдардын 70-80 пайызы ар түрдүү себептерден улам чарчап калышкан. Ошондо Умай эне болбосо, балдар чарчай берет экен деген түшүнүк келип чыккан. Кыргыздар үчүн жаңы жыл 1-январь эмес, 21-март.

МАЙРАМКАН АБЫЛКАСЫМОВА,
Кыргыз Эл акыны:

– Менин эс тарткан курагым согуш бүткөндөн кийинки 1946-47-жылдарга туш келди. Эсимде, Ноорузду ар бир айыл майрамдашчу. Апаларыбыз күн мурун боорсок бышырышып, үйдүн ичин тазалашып, кир жуушчу. Нооруз күнү арча түтөтүп, “жакшылык бере көр” деп күбүрөшкөндөрү дале кулагымдын түбүндө.
Ал эми аталарыбыз айылдын башындагы булакка барып сыйынып, тегерек-четин тазалашчу. Бизге кандай майрам болбосун, баары бир кызык да, таза көйнөктөрүбүздү кийип алып, ата-энелерибизди ээрчип жүрө берчүбүз. Чоңдор ар бир үйгө кирип, дасторкондон даам сызышчу. Колунда барлар кой союшчу. Үй-бүлөдө согушта курман болгон адам болсо, ага аталып сөзсүз куран окулчу.

НООРУЗ ТУУРАЛУУ

  • Нооруз деген сөздү фарсы тилинен которгондо "жаңы күн" дегенди билдирет.
  • Майрамды белгилөө байыркы иран дыйкандарынын "ушул жылы түшүм мол болсун" деген ырымынан улам келип чыккан. Бара-бара бул майрамды көп өлкөлөр өздөрүнө сиңирип алган.
  • Совет бийлиги 1926-жылы майрамды белгилөөгө тыюу салган. Бирок салтанаттуу белгилөөгө кайрадан 1988-жылы уруксат берген. Ошого карабай, Кыргызстан Ноорузду жыл сайын майрамдоого эгемендүүлүктү алганда гана жетишкен.
  • Майрамдык дасторконго Азия эли буудай, арпа, жүгөрү, нокот, күрүч жана төө буурчактын унунан жасалган нан коюшкан. Андан сырткары жети түрдүү өсүмдүк кошулган сүмөлөк жасашкан. Сүмөлөктүн мааниси адамдар дал ошол дан өсүмдүктөрү сымал көктөнүп, өсүп-өнсүн дегендикте жатат.
  • Майрам күнү кыргыздар арча тү­тө­түп, үй ичин жана короо-жайды алас­ташкан. Айыл ичинде кыз куумай, алты бакан, улак тартыш сыяктуу улуттук оюндар ойнотулган.
  • Нооруз майрамы "ЮНЕСКОнун" адамзаттын маданий мурастарынын тизмесине кирген.
  • Көпчүлүк кыргыздар бул майрамдын Нооруз деп фарсы тилиндеги аталышын Жыл башы, Жаңы жыл, Жаз майрамы, Улуу күн деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштап келишет.
  • Ноорузду дүйнө жүзүндөгү жыйырмадан ашык өлкө майрамдайт.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

СИЗ ҮЧҮН ЖАҢЫ ЖЫЛ 1-ЯНВАРБЫ ЖЕ 21-МАРТПЫ?

Ажыбек,
75 жашта, пенсионер:
– Кыргыздар үчүн чыныгы жаңы жыл – 21-март. Мына ушул маалда жаңы жашоо башталат. Мисалы, көк чөптүн кылтыйышы, бак-дарактардын бүрдөшү, чээнде жаткан жаныбарлардын чыгышы. Мына, мунун баары – жаңы жашоонун башаты.

Динара,
45 жашта, сатуучу:
– Өзүм Нооруз майрамын жаңы жылдын келиши катары кабыл алам. Эгерде тереңдетип карап көрсөк, чыныгы жаңы жыл Нооруздан кийин болушу керек. Табият ойгонуп, кыймылга келет. Бирок ошол эле учурда балдарым үчүн жаңы жыл – 1-январь.

Макулбек,
30 жашта, жеке ишкер:
– Мен 1-январды жаңы жыл деп эсептейм. Жаңы жылга бир ай калганда үй-бүлөм менен даярдана баштайбыз. Ал эми Нооруз майрамын катардагы эле майрамдардай тособуз. Ноорузду көпчүлүк деле 1-январдагыдай күтпөсө керек.

Назгүл,
22 жашта, студент:
– Мен 1-январды эле жылдын башталышы деп билем. Себеби 1-январдын шаан-шөкөтү көп, дүйнө жүзүндөгү элдердин көбү майрамдаганы менен да жагат. Ал эми Ноорузда майрамдык дасторкон жайылганы менен, шаңдуу деле өтпөйт.

Кеңеш,
25 жашта, айдоочу:
– Мен үчүн жаңы жыл –1-январь. Акыркы жылдары эле Нооруз майрамын жаңы жылдын келиши катары кабыл алып калдым. Ноорузду жаңы жылдын келиши деп талашкандары менен, календарда жаңы жыл 1-январдан башталып жатпайбы.

Салтанат,
51 жашта, пенсионер:
– Албетте, Нооруз – Жаңы жыл. Себеби жылдын жаңырышы мына ушул март айына туш келет. “Жер жарылып чөп чыгып, желин жарылып сүт чыкты” деп бекеринен айтылбаса керек. Жазында айлана чөйрө жанданат эмеспи.

Айдана,
19 жашта, студент:
– Менимче, көпчүлүк эле 1-январды жаңы жылдын келиши катары майрамдашат. Ал эми Ноорузду мусулмандардын бир майрамы катары эле кабыл алышат. Мен үчүн деле ошондой.

Бахияна Сатылганова



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
19.03.2010. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага Нооруз майрамы жагат, Кун жылуу мезгили. А 1-январь болсо кун суук! Элдин баары майрамдап спирт ичимдиктерин ичишет.Ноорузда андай болбойт таза майрам болот
20.03.2010. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЧУБАК ЖАЛИЛОВ ушул агабыз озу Кыргызга окшобойтго создоруно караганда, "каарынын созун капка сал" деген соз бекеринен чыкпаса керек,
бул чыныгы МУСУЛМАНДАРДЫН майрамы...........
21.03.2010. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илгери биз жаш кезде "Ноорузу", "Жаңы жылы" жок эле, жаз айында "Жыл ажыратты" деп майрамдашчу эле..."Нооруз" фарсча болсо, "Жаңы жыл" орусчадан "Новый год" сөзүнөн калькалоо жолу менен жасалган деп түшүнөм.
Ал эми 1-январда жыл тосуу европача кийингенге, 21-мартта жыл тосуу кыргызча кийингенге окшошуп кетет. Анан биз өзүбүзүдүн "цивилизациянын туу чокусунда экендигибизди" көрсөтүү ү
25.03.2010. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RIM, men ЧУБАК ЖАЛИЛОВ baykenin sosdoruno koshulam. Antkeni, men irandyktar menen sujlosho kelgende, Noorus mayramy alarda da bar ekendigin, ata- babalarynan beri mayramdap kele shatkandyktaryn, shana chon ot shagyp alyp, al ottun ustunon sekirip, aga syjyngandyktaryn, shana bul mayram alarda tee murunku samandardan beri-ot, tash,suuga syjynyp kelgen mesgilderden- kalgan ekendigin bildim. Albette, bisde dagy oshondoy mesgilderden kalgan mayram.
27.03.2010. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рим сен сакал коюп корсон да кимге окшоп калаар экенсин. Ал кыргызбы же ким башкы кеп ал эмес. Анын айтып жаткан кебиндеги далилдер. Башканы айтып жаткандардын толук канааттандыраарлык далили жок. Уламыштар менен ган айтып жатышат. Сен жашсын ар кимдин созун уга бербей озун да жакшылап ойлонуп салыштырып кор. Таап аласын.
27.03.2010. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроого салынгандарды карасан кийинки жаштардын баары жаны жылды айтышыптыр,мурунку адамдар болсо ноорузду. Демек кайсыл майрам кайсыл убакта кирген болсо ошого синип кетет окшобойбу. Бирок экоо тен керектен чыккан кун да келет буюрса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: