БИР БҮРКҮМ
№734 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж
-

Декабрь айында Кыргыз Республикасынын Эл артисти, төкмө акын
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ "Мен тандаган жол" аттуу отчёттук концертин тартуулайт.
-
НУРЛАН НАСИП Бактияр Токторовдун "Ак көйнөк кийген бийкеч" деген ырын жаңылап ырдап чыкты.
-
Ырчы САМАРА КАРИМОВА "Атакем" аттуу ырына клип тарттырды.
-
"ТУМАР" бийчилер тобу Словакиянын борбор калаасы Братиславада өтө турган "Чехия жана Словакия таланттарды издейт" эл аралык сынагынын финалына катышууда.
-
19-ноябрда МЕРГЕН ТУРГАН баласы Бексултандын үйлөнүү тоюн берип, элден бата алды.
-
Ырчы КЕНЖЕ КӨБӨКОВА Кувейтте өтүүчү фестивалга камынууда.
-
Ырчы ГҮЛЗАДА РЫСКУЛОВА 3-наристесин күтүүдө.
-
110дон ашык өлкөнүн сулуулары катышкан "Дүйнө сулуусу-2016" эл аралык сынагына ПЕРИЗАТ РАСУЛБЕК КЫЗЫ катышат. Сынак 26-ноябрдан 18-декабрга чейин АКШнын борбору Вашингтондо өтөт.
-
29-ноябрда Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, "Даңк" медалынын ээси, композитор, аранжировкачы РАФАЭЛЬ САРЛЫКОВ чыгармачылык кечесин тартуулайт.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-1