Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

БИЗ КОНСТИТУЦИЯНЫН ӨЗГӨРТҮЛҮШҮНӨ КАРШЫБЫЗ!

№735 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж


Исмаил Исаков, генерал-лейтенант:
«КАН ЖОЛУНДА КАБЫЛ АЛЫНГАН КОНСТИТУЦИЯНЫ КОРГОО – БААРЫБЫЗДЫН МИЛДЕТИБИЗ!»

– «Талаштан тактык жаралат» деп бекер айтылбайт.Тилекке каршы, саясий-моралдык жагын айтпаганда эле, депутаттардын демилгелерине карама-каршы келген, алардын азыр ошондой мыйзам жазгандарына бөгөт койгон укуктук нормалар азыркы Конституцияда жана кээ бир мыйзамдарда бар. Эмнегедир алар ошолорду эске албастан, жазган мыйзамдарын референдум аркылуу өткөрүү аракеттери анын легитимдүүлүгүнө шек келтирет. Анын үстүнө ал нормалар президент жана депутаттар үчүн мыйзамдык бөгөт, жалпак тил менен айтсак, ч-о-о-ң «тосмо».
Эмне үчүн депутаттарга жана ошону менен бирге 300 миңден кем эмес шайлоочулардын демилгеси менен Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө азыркы учурда мүмкүн эмес жана бөгөт коюлган? Себеби Конституциянын 114-БЕРЕНЕСИНИН 2-бөлүгүндөгү Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү депутаттардын укуктары Убактылуу өкмөттүн «Өткөөл мезгилдин президенти» жөнүндө декретинин 4-БЕРЕНЕСИНИН талабы боюнча (ага Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары президент Алмазбек Атамбаев дагы кол койгон), 2020-жылдын 1-СЕНТЯБРЫНАН тартып гана күчүнө кирет. Бул норма Конституцияга киргизилип, референдум менен бекитилген. Демек, азыркы депутаттардын Конституцияны өзгөртүүнү демилгелөөгө укуктары жок, мыйзам аркылуу референдум өткөрүп, өзгөртүү киргизе алышпайт.

Клара Сооронкулова, экс-судья:
"БИЙЛИКТИН МЫЙЗАМСЫЗ АРАКЕТТЕРИНЕ ЖОЛ БЕРБЕЙЛИ"

– Элге таңуулап жаткан өзгөртүүлөр бийликте турган, партияга биригип, анын атын жамынган олигархтардын гана кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган. Аларды калкалап турган ажосу бийликтен аргасыз кетишине байланыштуу, олигархтар эптеп Баш мыйзам аркылуу өздөрүнүн саясий акыбалын чыңдап алуу аракетин көрүүдө. Тилекке каршы, биздин саясатчылар үчүн тарыхый окуялар сабак болгон жок. Бир гана ишеним – элде. Референдумга катышып, «каршы» деп добуш берсе, мурунку советтик мамлекеттердин соңку тарыхында болбогондой, бир шумдук окуя болмок. Кыргыздар революция гана эмес, тынч жол менен дагы бийликтин мыйзамсыз аракеттерине каршылык көрсөтмөк. Ошондо биз аткаминерлерге бийликтин ээси эл экенин дагы далилдеп бермекпиз.

Садыр Жапаров, ЖКнын экс-депутаты:
"ӨЗГӨРСӨ, ӨЛКӨНҮ ТАЛКАЛАГАН БАШ МЫЙЗАМ БОЛОТ!"

– Эгер азыркы бийлик Баш мыйзамга өзгөртүү киргизе турган болсо, анда он чакты кишинин кызыкчылыгына иштеген, мамлекетти акырына чейин талкалап бүтүрө турган Баш мыйзам болот. Элге эч пайдасы тийбейт. Он чакты киши дегеним, президент, премьер-министр, спикер жана башка 7-8 чиновниктин кызыкчылыктары үчүн өзгөртүлүп жатат. Себеби келерки жылы президенттик шайлоо болот. Ошого чейин бийлик бутактарын бөлүштүрүп, ар ким өз ордуларын аныктап, шайлоодон кийин ар кимиси даярдап алган орундарына "лып" этип отуруп калабыз деп камданып жатышат. Эгер чындап эле жалпы мамлекеттин кызыкчылыгына иштей турган Баш мыйзам болсун десек, эң аз дегенде 100 жыл өзгөргүс жаңы Баш мыйзам кабыл алышыбыз керек. Ошону менен бирге эле 50 жылга чейинки мамлекеттик программа кабыл алынышы зарыл. Бул деген ким президент болуп келбесин же кандай парламент шайланбасын, баш аламан болбостон, кабыл алынган программанын негизинде мамлекеттин иши улана берет дегендик.

Гүлгаакы Мамасалиева, "Интербилим" коомдук уюмунун Оштогу филиалынын жетекчиси:
"ТАЛКУУНУ ЭЛ БИЛГЕН ЖОК"

– Элде маалымат жок. Талкуу калың катмар арасында жүргүзүлгөн жок. Депутаттардын "элди кыдырып жатабыз" дегени жалган. Алар коомдук угуу дегенди жакшы билишет. Парламенттик комитеттердин көчмө жыйындарын өткөрүп эле жүрүшөт го. Андайда ар бир депутаттын пиар кылчу адистери бар. Эгер чындап эл менен жолугушканда, ошол адистери жарыялап чыкпайт беле?! Коомдук угуунун форматын, регламентин жакшы билишет. Сайтка илип коюп эле "коомчулукка айттык" дегени бир тараптуу гана коммуникация. Ал эки тараптуу болушу үчүн чечмелеп бериши керек, анан элден сураш керек. Коомдук талкуунун маңызы ошол.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН МҮЧӨЛӨРҮНҮН КАЙРЫЛУУСУНАН ҮЗҮНДҮ...

Урматтуу мекендештер! Ардактуу кыргызстандыктар!
Биз 2 жолу тагдыр чечүүчү учурду баштан өткөрдүк: 2005-жылдагы Март революциясында Конституцияны өз каалаганындай өзгөртүп, бийликти жеке басып алган президентти эл кубалап чыкты, 2010-жылкы Апрель революциясында дагы элге берген антты бузуп, өлкөнү талап-тоногон, бейкүнөө мекендештердин канын төккөн экинчи президентти да эл кубалады.
Элдин эркиндиги үчүн шейит кеткен баатырлардын жаркын элестерине таазим этип, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого негизделген демократиялык, эркин мамлекет куруу ниетин билдирип, кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө карай бийик эрк жана бекем ишеним көрсөтүп, эгемендүүлүктү жана элдин биримдигин көздүн карегиндей сактоону максат кылып, мыйзамдуулукка, социалдык адилеттүүлүккө, экономикалык бакубаттуулукка жана элдин руханий өсүшүнө умтулуп, ынтымакта жашоо жана табиятка этият мамиле кылуу үчүн ата-бабалардын бизге калтырган осуятын эске алуу менен 2010-жылы Кыргызстан калкы жаңы Конституцияны кабыл алган.
Учурда бул Конституцияга кайрадан өзгөртүүлөрдү киргизүү аракети болуп жатат.
Ушул себептен улам биз, 2010-жылы түзүлгөн кырдаалга ылайык, өлкөдөгү туруктуулукту калыбына келтирүү максатында тарыхый жана саясий жоопкерчиликти өзүнө алган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, өзүбүздүн пикирди ачык айтууну туура көрдүк.
Биз Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесинин процедурасына гана эмес, анын ички мазмунуна дагы каршы экенибизди билдиребиз. Мисалы, биринчи беренеге «бийик дөөлөттөрдү» кошумчалоо сунушталып жатат. Бул сунуш жарандардын укуктары менен эркиндиктерин чектөөнүн жолу болуп калуусу толук мүмкүн. Сот системи дагы өз алдынча болбой, президент менен өкмөттөн көз каранды болуп калат. Сунуш кылынган өзгөртүүлөр сот реформаларын жокко чыгарат.
Өкмөттүн укуктарын кеңейтүүгө жана бекемдөөгө багытталган сунуштар аны Жогорку Кеңештин, прокуратура органдарынын жана коомдун көзөмөлүнөн таптакыр чыгарат, өкмөттүн өзүм билемдигин жана берилген укуктардан кыянаттык менен пайдалануусун күчөтөт.

Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Элмира Ибраимова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Болот Шер

Рита Карасартова, укук коргоочу:
"МЫЙЗАМДАРДЫ БУЗУП, КАНТИП УКУКТУК МАМЛЕКЕТ КУРМАК ЭЛЕК?"

– Урматтуу кыргыз элим! Төмөндө Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө эмне үчүн биз каршыбыз деген суроого негизги 3 маселени белгилеп кетейин дегем.
1. Биз бүгүн берилген сөзгө бекем турбай калган заманда жашап жатабыз. Жалпы калайык калктын эсинде, 2010-жылы мамлекетибизде оор абал болуп турган кезде жалпы элдик референдум аркылуу кабыл алынып, жаңы бийлик Конституцияны өзгөртүп, "келгиле, 2020-жылга чейин ушул Конституцияны өзгөртпөй иштетип көрөбүз" деп бекиген. Конституцияны өзгөртүүгө тыюу салган бардык мыйзамдарды одоно бузуп келе жаткан бийликтин укуктук мамлекет курарына кантип ишенебиз? Мындай көрүнүш туруксуздукка алып келет, анткени азыр бузулган келишим, мыйзам кийин дагы бузулбайт деген кепилдик жок.
2. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча талкууга карапайым калк түгүл эксперттер да катышкан жок. Август менен сентябрь айларында жарандык коом 2 жолу тегерек стол алкагында жыйын өткөрүп, ал жакка президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов жана демилгечилер чакырылган. Ошону бийлик сыналгыдан көрсөтүп, мына, кеңири талкуу жүрүп жатат деп айтып чыгышты. Иса Өмүркулов эл менен жолугушуу өткөрүп жүрөт дейт. Конституцияны антип талкуулабайт. Бүгүнкү күнгө чейин кандай өзгөртүүлөр кирерин коомчулук билбейт. Демилгечилердин бетке кармаганы – Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси интернетте бир ай илинип турду дейт. Интернетке саналуу гана кишилер киришет. Ал эми айыл жергесиндегилерчи? Мисалы, Өмүрбек Бабанов кайсы жерге барып түшүндүрмө жүргүздү? Иса Өмүркулов эле анча-мынча кишилер менен жолугушуу өткөрүп келиптир. Бирок аны талкуу деп айтканга болбойт, ал шайлоочулар менен жолугушуу деп аталат.
3. Конституция – бийлик бутактарынын тең салмактуулугун кармап турган документ болушу керек. Бүгүнкү Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр Кыргызстандагы сот системин таптакыр президентке көз каранды кылганы жатат. Ушул өзгөрүүлөр мыйзамдашып калса, судьялар президент эмне десе ошону так аткарган президенттин аппаратынын бөлмөсү болуп калат. Бизге ошондой сот керекпи? Жалпы ушул өзгөрүүнү ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 92 миллион сомго чейин сарпталат. Андан сырткары канча деген донорлордун каражаты колдонулат, бизге ушул керек беле?

Эрнис Кыязов, журналист:
"СКЛЕРОЗСТАНДА ЖАШАП ЖАТАБЫЗ"

– Президент Алмазбек Атамбаев канчалык өзүн "Акаевдей, Бакиевдей эмесмин, менин КСДП деген партиям илгерки "Алга, Кыргызстан" же "Ак жолдой" эмес" деп ойлобосун, так ошол илгеркидей эле жол менен бийлигин сактап калуунун аргасын кылып жатканын моюндагысы келбей жатат. Мурункулардай болуп бийликке жабышпастыгын, мөөнөтү бүтөрү менен ажолукту өткөрөрүн ай, күнүнө чейин эсептеп байма-бай кайталаганы – сырттан караганда бийликке такыр кызыкпаган адамдын образын туюнтар, бирок Атамбаевдин бийлик кумарынын сырткы формасы башкачараак экени гана болбосо, түпкү мазмуну Акаев менен Бакиевдикинен алыс барбай ого бетер күчөп, оргуштап баштаганын саясий чөйрөнүн ой-чуңкурун, мурунку-кийинкисин ичтен билгендер түшүнүп турушат. Илгери Акаев кантип "Алга, Кыргызстан" аркылуу парламенттин колу-бутун толгоп, каалаганын кылдырып, Бакиев кантип "Ак жол" аркылуу парламенттин белин сындырып самаганына жетип келген болсо, азыр Атамбаев КСДП жана анын клон-партиялары аркылуу парламентаризмдин өпкөсүн үзө тээп, максатына жетүүнүн бар аракетин жасап жатат. Эмненин кандай болуп жатканын көзү менен көрүп, кулагы менен угуп, "кантип эле ушундай болсун?" деп ишенип-ишенбей эки ортодо абийири кыйналып жаткан Жанар Акаев иним сыяктуу баёо саясатчылар ара-чолодо чыга калганы менен, ажонун авторлугунда жазылган конституциялык "саясий риваятка" каршы чыгуунун өзү да татаал нерсе. А-бу деген менен, Кыргызстан азырынча Жастин Трюдонун (Канаданын премьери), Борис Жонсондун (Лондондун экс-мэри) өлкөсү эмес... Биздин өлкө азыр бир буту хандыкта, экинчи буту демократияда талтайып турганды жакшы көргөн, качанкы эски чокоюн тез эле унутуп калган склероз-президенттердин өлкөсү бойдон калууда...

Эрик Ирискулбеков, эксперт:
"ЭЛДИ АЛДАГАНГА БОЛБОЙТ!"

Фарид Ниязов жарандык коом уюштурган тегерек столдо "Конституцияга болгон өзгөртүүлөр мамлекетти бекемдөөгө багытталган" дейт – бул калп! "Эл Конституцияга болгон өзгөртүүлөрдү колдойт" деп жатат – бул да калп! Эл эмнени колдоорун билбейт, анткени эмне болуп жатканын түшүнө элек. Президенттин аппарат жетекчиси "коомдук талкуу жүрүп жатат" дейт – бул карандай калп! Анткени коомдук жана парламенттик талкуу жүргүзүүнүн эрежеси бар, анын баары Жогорку Кеңештин регламентинде так көрсөтүлгөн. Ошондуктан мындай сөздөрдү айтуудан мурун ошол документтерди окуп койсо болмок. Ал эрежелердин баары сакталышы керек. "Депутаттар талкууларды жүргүзүштү" деп жатат. Жок. Депутаттар шайлоочулар менен жолугушуп жүрсө керек. Ал коомдук талкуу эмес. Коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча, регламентке ылайык, корутунду документ кабыл алынышы керек. Ал документте талкуунун негизинде кандай сунуштар кабыл алынат, кайсынысы кабыл алынбайт деген чечимдер болушу керек, ар бир атуул өзү берген сунуштары кабыл алынгандыгы же алынбагандыгы жөнүндө жооп алышы керек. Мунун баары аткарылган жок. Элди алдап, оюн бурмалаган болбойт!

Тамерлан Ибраимов, саясий эксперт:
«КАЙРА-КАЙРА ӨЗГӨРТҮП ЖАТЫП, "ӨЛҮК ЧЫЧКАН" КЫЛЫП САЛЫШЫПТЫР"

– Конституцияга кире турган өзгөртүүлөрдүн кандай "иштелип чыкканын" окуп чыктым. Кайра эле баш катырмалар. Демилгечилерден сурайт элек, деги өзүңөр эмне каалап жатканыңарды билесиңерби? Буга чейин начар көчүрмөлөрдү киргизебиз деп келишсе, эми алардан оңой эле баш тартып жатышат. Азыркы "иштелип чыккан долбоор" деле жыргап кетпептир. Мунусу такыр эле "өлүк чычканга" айланып калыптыр.
"Иштелип чыккан" вариант боюнча, ким утары белгисиз. Албетте, коомчулук гана утулат, анткени конституциялык түзүлүшкө доо кетип, мораторий бузулуп, адам укугу менен эркиндигине зыяны тие турган түшүнүксүз беренелер кирип жатат. Бийлик да утулуп жатат, анткени конституциялык реформалардын натыйжасында, башкаруунун белгилүү системи болбогондуктан, алар башкарууну кармап да кала алышпайт.
Тескерисинче, ушул реформа фактысы өзү эле бийликтин келечектеги конструкциясына шек келтирип, кандай гана оппозиция болбосун муну талаша берет. Айтмакчы, азыркы союздаштар деле башка тарапка оңой эле ооп кетиши мүмкүн. Аларга мыйзам жана мурдагы макулдашуулар бир тыйын, демек, эртең деле ушул көрүнүш кайталанат.

Жыргалбек Касаболотов, саясат таануучу:
«БАШ МЫЙЗАМДЫН БАШЫ – ТАРАЗАНЫН ТАШЫ»

– Бүгүнкү Баш мыйзам айланасындагы тирешүүдө саясий максаты жагынан бири-бирине каршы турган негизги эки тарап бар. Бирок экөөнүн тең артында калдайган кыргыз эли ЖОК.
САЯСИЙ ТИРЕШҮҮДӨГҮ биринчи тарап – президент Алмазбек Атамбаев жана анын чөйрөсү. Бул тараптын негизги идеологу катары көбүнчө президенттик администрация башчысы Фарид Ниязов түшүндүрмө берип жүрөт. Демек, Конституцияга киргизиле турган алымча-кошумчалардын негизги демилгечиси – президенттик администрация экенин бийлик өзү деле жашыра албай калгандагысы. Булардын максаты – азыркы Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, аны кыска мөөнөт ичинде референдум аркылуу алып өтүү. Президент тарап сунуш кылып жаткан негизги алымча-кошумчаларга токтолсок, анын өзөгүн парламенттин эсебинен өкмөттүн ыйгарым укуктарын күчөтүү идеясы түзөт.
САЯСИЙ ТИРЕШҮҮДӨГҮ экинчи тарапта – мурдагы бийликтин өкүлдөрүнөн тартып Убактылуу өкмөттүн дээрлик толук курамына чейин бар. Арасына эркин уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер, укук коргоочулар бириккен. Булардын расмий максаты – азыркы Баш мыйзамды сактап калуу.
БИЙЛИК ЖАНА КУРУЛТАЙ ИНСТИТУТУ жөнүндө токтолсок, эки Баш мыйзамда тең Курултай институтунун жоктугу өкүнүчтүү. Тарыхый кырдаалды карасак, чоң курултай кыргыз элинде өтө орчундуу жагдайларды чечиш үчүн чакырылган. Анын арасында согуш-тынчтык маселеси, кайсы бир келишимге кошулуу же андан баш тартуу, айрым өтө маанилүү нормаларды киргизүү жана башкалар болгон. Тилекке каршы, бизде Курултай институту өз ордун таба элек.

Бермет Букашева, журналист:
"КОНСТИТУЦИЯНЫН АРБАГЫ УРАТ!"

– Конституцияны каалагандай өзгөртө берүүгө болбойт, аны мамлекеттин ыйык китеби десек болот. АКШда Конституцияны өзгөртүү деген түшкө да кирбейт, алар аны 2 кылым мурда өз мамлекетин түзгөндө кабыл алышкан. Башка өлкөлөрдө да ушундай. Конституцияны сыйлабагандык – өз өлкөсүн сыйлабагандыкка тете. Биз элдин каалоосу менен эсептешкен да жокпуз. Биз өзүбүздү ыйык, туруктуу эч нерсеси жок маңкурт сымал көрсөтүп жатабыз. Конституциянын арбагы урат, анткени ал мамлекеттин тирүү кыр аркасы. Аны каалагандай сындырып-кескилеп, тебелеп-тепсөөгө болбойт. Эл Конституцияны Ата Мекенин коргогондой коргоп чыгышы керек!

Динара Ошурахунова, укук коргоочу:
"МЕН ЭМНЕ ҮЧҮН КОНСТИТУЦИЯДАГЫ ӨЗГӨРТҮҮЛӨРГӨ КАРШЫМЫН?"

– Анткени бийлик биринчи жолу Кыргызстандын жарандарынын укугуна асылды. Эгерде Конституцияны өзгөртүү кабыл алынып калса, анда Кыргызстандын ар бир жараны төмөнкүдөй өзгөрүүгө туш болот:
1. Кыргызстанда төрөлгөн жаран жарандыгынан ажырап калышы мүмкүн. Кантип, кандай жол менен ажыратышат, референдумдан кийин өзүнчө мыйзамдар менен кабыл алынат. Бийликтегилерден башкача ой жүгүрткөндөрдү, саясий атаандаштарды, экстремизм жана терроризм менен күрөшүү деген шылтоо аркылуу, каалаган адамдарды экстремисттик баракчаларды тараттың, башка өлкөлөрдөгү согуштук аракеттерге катышың бар деп жарандыктан чыгарып салбайт деп ким кепилдик бере алат?
2. Эгер сотто бардык аракеттерден мыйзамдуу майнап чыкпаса, өз өлкөңдө сот жана прокуратурадан калыстык таппасаң, мындан ары эл аралык инстанцияларга кайрыла албай каласың. Буга чейин мындай укук бар болгон.
3. Эгер кредит жана заём алып карыз болуп калсаңыз, мындан ары сизди камап коёт. Карызды төлөп бүткүчө камап койбош үчүн сиз дайыма укук коргоо органдарына барып каттоодон өтүп турушуңуз керек. А балким, камалбай эркиндикте жүргөндүгүңүз үчүн сизден дагы акча алышы мүмкүн. Карызды төлөө, ага кошулган үстөгү, сизди камабай койгон камкордугу үчүн акча төлөп дагы канча жүрө аласыз, аны эч ким айта албайт!
4. Калган өзгөртүүлөр болсо, орун алмаштыруудан сумма өзгөрбөгөндөй эле кеп. Өлкөнүн жарандарынын жашоосун жакшыртууга жана кардиналдык реформаларды жүргүзүүгө жараксыз деп Кыргыз Республикасынын Конституциясын күнөөлөп, көп жолу алмаштыра берсе болот. Бирок реформалар жүрбөсө жана саясий эрк жок болсо, коррупцияга каршы чыныгы калыс күрөш болбосо, жарандардын жашоосунда эч кандай өзгөрүү болбойт!

Нурбек Токтакунов, адвокат:
"ЭЛДИ АЛАКСЫТУУ ҮЧҮН УШУЛ КАДАМГА БАРЫШУУДА»

– Президенттик бийлик президенттик шайлоонун алдында өздөрүнүн кетирген ката жана кылмыштарынан элди алаксытуу үчүн Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө баратышат. Бул баарына ачык көрүнүп турат. Мисалы: 2010-жылдан бери 6 жыл аралыгында укук коргоо органдарында реформа жүргөн жок, сот системинде да реформа ишке ашкан жок. Учурда адамдар милиция менен сотко ишенишпейт, себеби чыныгы калыстыкты ал жактан таба албасы белгилүү. Атамбаевдин тегереги 6 жыл ичинде мамлекетибизди дефолтко такады, терең, дыкат ойлонулбаган саясаты өлкөнүн тышкы карызын 5 миллиард долларга жакындатып, жакынкы аралыкта бул карыз 8 миллиарддан ашканы турат. Президенттик шайлоонун алдында коомчулукта ушул кемчиликтер менен катачылыктарды кеңири талкуулоо керек эле. Бирок азыркы бийлик Атамбаев менен анын айланасындагылардын кетирип жаткан катачылыктарын айтуудан элди алаксытып, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап талкууга коюп жатат. Албетте, бул чыныгы бийликтин ээси – элди алдап, алаксытуунун бир жолу. Бийлик ошентип өлкөдөгү көйгөй менен кемчиликтерди башкаруучу топко жакындатпай, Конституциянын нормаларына байланыштырып, алыстатып турган убагы.
Ушул жагдайда мени өзгөчө кыжырданткан нерсе – бул бийлик деле эмес, Атамбаев да жана анын жан-жөкөрлөрү да эмес, ал биздин элибиздин өтө эле ишенчээктиги, дагы эле өзүн алдатууга мүмкүнчүлүк берип жаткандыгы кыжалат кылууда. Акаевдин, Бакиевдин бийликтери да элди өз катачылыктарын Конституциялык реформалар менен алаксытып келишкен. Бизде мурункудай эле мугалимдер, врачтар жана башка бюджеттен айлык алгандар кыңк этпестен өзгөртүүлөргө добушун бере беришет. Ишенчээктик менен акмакчылыкты айырмалай билүү керек. Эгер элибиз өзгөртүүлөргө добуштарын беришсе, анда айла жок, биздин элдин тагдырына ушундай президент менен парламент туш болот...

Шамшыбек Медетбеков, коомдук ишмер:
"КОНСТИТУЦИЯ МЕНЕН ЖАШАГАНДЫ ҮЙРӨНБӨСӨК, САЗДАН ЧЫКПАЙБЫЗ"

– Азыр Конституцияны өзгөртүүнүн кажети жок эле. "Улам бийликке келген адам Баш мыйзамды тебелеп-тепсөө, өз пайдасына карап өзгөртүү адат болуп калды. Эч болбосо мына ушул Конституция 2020-жылга чейин кол тийгис болуп турсун" деген норманы эл эмес, өздөрү башында туруп киргизишкен. Эми ошол өздөрү чектеген мөөнөткө чейин чыдабай, "биз эл аралык уюмдардын чечимдерин аткарып калат экенбиз, анда көз карандысыздыгыбыз кайсы?" деген шылтоого жамынып, саясий чайкоочулук жасап жатышат. Ажобуз андан ашып, "биз буга өзгөртүү киргизбесек, кийинки келген президент мен эмес да, ажыдаарга айланып кетет" деп жатат. Бирок Баш мыйзамдын баркын ким кетирип жатат? Азыр да демилге көтөрүп жаткандар "биз президенттин укуктарын көбөйтүп же экинчи мөөнөткө калтырууну көздөгөн жокпуз, болгону премьер-министрдин укуктарын күчөтүп жатабыз" деген аргументти келтиришүүдө. Бирок Конституцияны өзгөртпөсөк деле, бийликте тургандар өздөрү каалаганды жасап, чалмакей чалып келатканы жашыруун сыр эмес. Демек, алтын Конституция кабыл алсак да, аны менен жашаганды үйрөнбөсөк, саздан чыкпайбыз!

Мавлян Аскарбеков, жаш активист:
"КОНСТИТУЦИЯНЫ ӨЗГӨРТҮҮ – БИЙЛИКТИ САКТАП КАЛУУ АРАКЕТИ"

– Кыргыз элинин 25 жылдык тарыхында 9-жолу Конституция өзгөртүлгөнү турат. Буга чейин референдум өтөрдө мамлекеттик теледен, радио-гезиттерден түркүн дежурлар, серепчилер, бийлик камчысын чапкандар чыгып, "өзгөртпөсөк өнүкпөйбүз, террорчулар, гейлер каптап кетет" деп коркутуп, алдап, үгүттөп келишкен. Жыйынтыгында ар өткөн референдум Акаев жана Бакиевдин гана бийлигин күчтөп келген. Бүгүн да ошол эле көрүнүш, түркүн шылтоолорду, себептерди, коркунучтарды айтып элди алдашууда. Эми "Конституция өзгөрсө мамлекет өнүгүп, бизнесмендер бейишке чыгышат" дегенин башташты. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр карапайым элдин, мамлекетибиздин маселесин чечеби? Жок. Жалаң бийлик бөлүштүрүү, бийлигин күчөтүү маселелери гана каралган.
Урматтуу кыргыз элим, жогоруда келтирилген аргументтер, негиздер бул Конституция өзгөрсө бийлик башындагылар өз бийлигин күчтөөрүн, карапайым элдин маселеси чечилбесин тастыктайт, ар бир адамга терс таасирин тийгизип, бийликтин узурпацияланышына алып келет. Ошол себептен, 11-декабрь күнү референдумга барып, каршы добуш берүүңүздөрдү суранам.

Элери Битикчи (Назикбек Кыдырмышев), тарыхчы:
«ТЫНЧТЫК РЕВОЛЮЦИЯ ЭЛДИН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮСҮНӨН КЕЛИП ЧЫГАТ"

– Мен азыркы Конституциянын өзгөртүлүшүнө каршымын. Анткени бул мыйзамсыз жана 2020-жылга чейинки мораторийди бузат. Бийликтеги топтордун бийлигин күчөтүп, элдин эсебинен баюунун амалын издеп жатышат. Референдум элдин көңүлүн экономиканын төмөндөшү, тоталдык коррупция, соттордун адилетсиздиги, укук коргоочу органдардын мыйзамсыз иштери жана башка көйгөйлөрдөн алаксытуу. Бул өзгөртүүлөр баягы эле бийликтин 28 жолу өкмөттү алмаштырган сайын "мына эми кыйратабыз" дегендей эле калпы. Конституцияга өзгөртүүлөр кабыл алынганы менен мамлекеттин турмушу өзгөрбөйт, өзгөрсө дагы жаман жакты көздөй өзгөрөт. Элдин баары 25 жыл бою бийлик башында келе жаткан баягы эле эски саясатчылардын куру убадасынан, жалган сөздөрүнөн чарчап бүттү.
Мен Конституцияга мыйзамсыз өзгөртүүлөргө каршы добуш берүү менен бийликтин азыркы саясатына каршылык көрсөтүүгө чакырам. Биз референдумга келип каршы добуш бергенде, өлкөбүздүн тарыхында биринчи тынчтык революциясы болот.

Материал "Каршы" үгүт тобу тарабынан каржыланды. Заказ берүүчү – "Каршы" үгүт тобу. Каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү – Убышева Эркингул Мукашевна. "Супер-Инфо" гезити, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү-402, 02.12.2016. Нускасы – 84 000



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(7)
08.12.2016. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Конституциянымес! ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-08 10:12:56
08.12.2016. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Suluu4a, этика нормаларын сактаңыз!
08.12.2016. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men dagy karshymyn ozgortuugo. Shashylysh ozgortushtun keregi jok.
08.12.2016. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ушул нерсеге кызыгып баарын окуп кордум эски Конституциябызды и азыркы ондолуп жаткан Конституциянын озгортууго сунушталып жаткан жаны долбоору менен, эски Конституциябыз жок биздин бирок ошентсе да эптеп окуп айрым озгортуулор кирип жаткан пунктарын салыштырып окуп кордум анчейин деле ат менен тоодой айырмачылык жок. Бул жон гана элди алаксытуу деп ойлодум и кийинки бийликти сактап калуунун бирден-бир жолу ушул болду, мындайча айтканда Конституция бул баш мыйзам эмес эле креслону
yrysbek түзөттү 2016-12-08 19:53:33
08.12.2016. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Креслону сактап калуунун курмандыгы болуп калды десек болот. Мен коп жерде кубо болдум тообо кылсам да болот, себеби бийликтегилер же болбосо бийлик мучлолору Конституциянын озгорулушунун бирден бир себеби эн эле негизгиси эркек менен эрекетин аял менен аялдын уйлонуп алуусуна каршы багытта жургузулуп жаткандыгын себеби мына ушунда экенин айтып, элди Конституцияны озгортууго ушуну менен ишендирип жатышкандыгына кубо болуп атам.
yrysbek түзөттү 2016-12-08 19:54:31
08.12.2016. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул нерседен кийин айрым элдерде ыыыыыы тууура ушул максатта озгортулуп жаткан турбайбы деген тушунук калып жатат. Бул бир эле пункту, а канча пункту озгортулуп жатат эл аны менен иши жок и тушунбой жатат экинчиден башка пункту боюнча эчким элге туура айтпай жатат баары коз боемочулук деп билсек болот. Айласыздан сыздап сыздап кала бересин АТТИН, Мен онуккон, Гулдогон Кыргызстанда жашагым келет и баарынын максаты, ою ушул.
09.12.2016. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Конституция элдин кызыкчылыгы учун эмес бийликтин кызыкчылыгы учун озгортууну каалап жатышканын сезип эле жатам. Элди да ойлогула эл окулдору, канчалаган элибиз мигрант болуп жашап журот албетте жыргап эмес. Оз олкондо кун кечирген кандай сонун экенин жон тери менен сезбей жатышат бицлик окулдору.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: