ПОПУЛЯРДУУ МЕМДЕР
№735 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж
"Мем" деп интернетке жарыяланган күлкүлүү, мезгилге шайкеш сүрөт, айтылган сөз (фраза) же кыска видеону айтабыз. Төмөндө биз интернет айдыңында популярдуу болгон мемдерди сунуш кылабыз.

Конституциянын түп нускасы табылбай жатканы кызуу талкуу жаратып жатканда интернетте мына ушундай мемдер пайда болду.

Дональд Трампты АКШнын президенти болот деп көпчүлүк ойлогон эмес. Ал шайлоодон утуп чыкканда интернетти ушул сындуу мемдер каптады.

Владимир Путин менен Дмитрий Медведевдин кезектешип президент болмой адатын интернет колдонуучулар минтип тамашага салып келишет.

Бишкектин жолдору тууралуу мемдер да интернетте популярдуу. Бул мем Кубанычбек Кулматов Бишкекти башкарып турганда популярдуу болгон.
Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
10