"ТУМАР" БИЙ ТОБУ ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА 3-ОРУНГА ЭЭ БОЛДУ
№735 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж
"Тумар" бий тобу "Чехия жана Словакия таланттарды издейт" эл аралык сынагынын финалында 3-орунду багынтты. 28-ноябрда Словакиянын борбору Братиславада өткөн финалда топ "Кыял" деп аталган номер менен чыгып, көрөрмандардын бир топко чейин басылбаган кол чабууларына арзышкан. Топтун жетекчиси Эрмек Кадыров: "Финалга өткөн Атай Өмүрзаковдун "Адем" тобу менен британиялык команда да эң көп добуш алышкан. Биз бийлегенден кийин калыстардын арасында көзүнө жаш алгандар болуп, 3-орунду чын жүрөктөн беришти",- деп кубанычы менен бөлүштү.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2