ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВГЕ ЭЛ АРАЛЫК СЫЙЛЫК ТАПШЫРЫЛДЫ
№735 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж
Кыргыз эл акыны, журналист Шайлообек Дүйшеевге КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы ыйгарылды. Бул сыйлык акынга поэтикалык чыгармалары жана "Агындылар" китеби үчүн берилди. "КМШ өлкөлөрү боюнча бул сыйлыкка бир нече талапкер көрсөтүлгөн. Ошолордун ичинен мага берилгени кантип кубандырбайт? Аталган сыйлыкты Кыргызстандан алгачкылардан болуп мен алдым",- дейт акын. Агайды сыйлыгы менен куттуктайбыз!
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2
Сыйлыгыныз кут болсун!
Агындыларды окуган сайын окугун келет, кайра кайра окугандан тажабайм.