Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

МОСКВАДАГЫ КЫСЫМ, ДЕПОРТАЦИЯ... КАЙРЫЛГАНДАРГА ЭЛЧИЛИК ОРОЙ МАМИЛЕ КЫЛАБЫ?

№737 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж


Орусиядагы мекендештерибиз Москва шаарынын полиция кызматкерлери тарабынан акыркы убакта тынбай текшерүүлөр, депортациялар жана күчөтүлгөн кысым кыргызстандыктарга гана болуп жатканын билдиришүүдө. Мындай учурда мекендештерибиздин ишенген кожосу элчилик экени талашсыз. Бирок "элчиликтен жарытылуу жардам ала албай, тескерисинче, алардын орой мамилесине дуушар болуудабыз" деген мекендештерибиздин абалын билүүнү чечтик.

МЭРДИН СӨЗҮНӨН УЛАМ БАШТАЛГАН КЫСЫМ

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин ушул жылдын 28-ноябрында жумуш мигранттарын легалдаштыруу башталганын айткан. "Борбор шаардагы мигранттардын 40 пайыздан ашууну легалсыз иштегендер. Айрыкча ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөн, анын ичинде Кыргызстандан келген мигранттар көйгөй жаратууда. Кыргызстандан барган мигранттар эмгек келишимин түзүшпөйт, салык төлөбөйт, көбүнчө өнөр жай зоналарында антисанитардык шарттарда жашашат. Ошондуктан Орусия өкмөтү менен биргеликте бул көйгөйдү мыйзамдуу түрдө чечүүнүн жолун карап жатабыз. Москва эми мигранттар үчүн короо эмес",- деген мэр мыйзамсыз миграцияны табууну, анын алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды улантууну Москва полициясынан суранган. Ага элчилик "абийирсиз жумуш берүүчүлөр кыргыз мигранттарын "мыйзамсыз" макамына ээ кылышууда" деген жооп кайтарган.
Москва мэринин сөзүнөн кийин эле кыргыз мигранттары катуу кысымга кабылышканын Орусиядагы мекендештерибиз айтып чыгышты. Мындан улам кыргыз мигранттары арыз-муңун айтканы Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигине 9-декабрда чогулушкан. Ошол күнү "элчиликтин алдында митинг болот" деген маалыматтан улам ал жер курчоого алынып, 5 автобус ОМОН келгенине кыргыз жарандары түшүнбөй калышкан. "Элчиликке өз укуктарын талап кылып барган кыргыз мигранттарын полиция кармап кетти, элчилик өзү чакыртып салып берди. Биз ишенген элчилик ушундай кылып жатса, анда мигранттар кайда барабыз, үнүбүздү ким угат?!" деп билдирген Кубаныч аттуу мекендешибиз.
Бул тууралуу Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги "жолугушуунун жүрүшүндө миграция, депортация, каттоо жана "кара тизме" маселелери талкууланып, суроолорго жооп алынгандан кийин Жогорку Кеңешке кат жолдоо чечими чыккан. Социалдык тармактардагы "кыргыздар, чогулгула, элчиликке барабыз" деген билдирүүлөргө Орусиянын органдары тийиштүү реакция жасап, ОМОН жиберген" деп билдирген.

РЕЙД ЖҮРҮП ЖАТАТ

Москва бийлигинин бул жолку "мыйзамдаштыруу" аракети кантип аяктаары, мигранттарга дагы кандай табышмактар бар экени али белгисиз. Ошондой эле Орусия полициясы тарабынан текшерүүлөр күчөп, жазалар катуулашы күтүлүүдө. Бул жагдай Москвада иштеп жүргөн мекендештерибизди тынчсыздантат. Анткени "тазалоо иштерине" мыйзамсыз жүргөнү да, түз жүргөнү да илинип калышы мүмкүн. Москвада 25-декабрга чейин "Мигрант" деген рейд жүрүп жатат. Дагы башка эрежелер чыгып, рейд уланышы мүмкүн, андыктан элчилик бул маселени чечүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди. Учурда Москвада кармалган кыргыз мигранттары Сахарово айылындагы чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жайда. Өткөн жумада кармалгандардын саны 92ге жеткен.
Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кирип жатканда Орусия менен Казакстанда иштеген жарандарыбыздын жүктөрү бир азга болсо да жеңилдейт деп айтылган. Ал жеңилдиктер Орусияга кирген Кыргыз Республикасынын жарандарын 30 күндүн ичинде каттоого туруу, орус тилинен, тарыхтан жана укуктан сынак тапшыруу, жумушка орношууда патент алуу милдетинен бошотуу жана башкалар болчу. Бирок аталган өлкөдө иштеген жарандарыбыздын абалы баягы эле бойдон калып жатканын айтышууда.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын жарым жылдыгында мигранттар Москванын казынасына 7 миллиард рубль өлчөмүндө салык төлөшкөн. Москвада мыйзамсыз иштөө боюнча маселе барып эле патенттин учурдагы баасы кымбат экенине такалат.

"ЭЛЧИЛИК КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ОРОЙ МАМИЛЕ КЫЛЫШАТ"
 
Мигранттардын нааразычылыгын билдирген видеокайрылуу жасаган Тилек Таалайбеков бул маселе олуттуу болгону үчүн кайрылуу жасаганын айтып, кошумча дагы төмөнкүлөргө токтолду:
– Биз социалдык тармактар аркылуу митинг кылалы деп кыргыздарды чакырганыбыздын себеби, элчилик кызматкерлеринин бизге кылган мамилесинин оройлугу. Биз буга чейин да элчиликке барганбыз, бирок бизди жакшы кабыл албай коюшкан. Негизи эле элчилик кызматкерлери мекендештерибизге орой мамиле кылып келишет. Жардам сурап барганда "өз көйгөйлөрүңөрдү өзүңөр чече албасаңар Орусияга эмнеге келесиңер?" деп кетирип жиберишет. Мындайча айтканда, ал жакта бизге күйгөн эч ким жок. Ушундай мамиледен улам биз социалдык тармактар аркылуу чакырык жасап, чогулганбыз.
Миңдеген адамдар элчиликке нааразы, качан гана кыргыз өкмөтү бизди коргой турган жактоочуларды бул жерге алып келип, бизди коргогондо гана иш оңолушу мүмкүн. Эмне үчүн кыргыздарды гана камап жатат, башка улуттарды камашпайт? Анткени алардын элчиликтери жакшы иштейт да. Биз 9-декабрда болгону ушундай жөнөкөй талаптар менен элчиликке барганбыз. Биз элчилик кызматкерлери менен жолугуп чыгып баратканда ОМОНдор баарыбызды кармашты. Биз бир сааттан ашык полиция бөлүмүндө отурдук. Таң калтырганы, башкаларды коё берип, элдин арасынан биздин топтун балдарын тандап камап жатышты. Полиция кызматкерлери бизди ары-бери жулкуп, автобустарга салып кетишти. Угушубузча, элчиликте иштегендер эле полицияга шыбырап, атайын бизди салып беришиптир. Ошол учурдагы абалды интернетке чыгарганыбыздан кийин гана ИИМдин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев келип бизди чыгарды. Азыр полиция кызматкерлери документтери туура болсо деле, болбосо деле мекендештерибизди депортация кылып салууда.

"ОРОЙ МАМИЛЕ КЫЛБАЙБЫЗ"

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине болгон арыздануулардан улам биз элчиликке чын-бышыгын билүү үчүн суроо узатканыбызда, маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова буларга токтолду:
– Эч кандай орой мамиле кылбайбыз. Бир күндө ар бир кызматкерибизге жүздөн ашуун киши суроосу менен келет. Бир топ жардамдарды беребиз. Биздин жарандардын арасында жаза албаган, өзүнүн укугун коргомок турсун, орусча эки сөздү кошуп сүйлөй албагандары да бар, алар менен иштөө кыйын. Бизде 4 видеокамера иштейт. Аларды элчи өзү карап турат, коопсуздук тартипти караган кызматкер бар, алар дагы карайт. Эгерде орой мамиле болуп жатса, ошол замат консулга айтсын. Ошондой эле элчиликте митинг болгон жок, чогулуш гана болду. Келген мигранттар баары мекенчил жаш жигиттер. Алар 4 күн мурун социалдык түйүндөрдөн жарыя жасашкан, "келгиле, кыргыздар, метродон чогулалы" деп. Бирок мындай баш аламандык мыйзамга туура келбейт.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(54)
21.12.2016. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Элчиликти кетирип башка шайлаш керек. Жардамы Ушундай убакта тийбеген элчиликтин не кереги бар.
21.12.2016. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Орyсча эки созду кошуп сyйлой албагандары да бар, алар менен иштоo кыйын.
Кыйын болгудай эмне силер кыргызча билбейринерби?
Же орyсча билбегендерге акча кереги жокпу?
Же силерден акча сyрап келип жатабы?
Кетишсин мындай элчиликтин элге пайдасы жок, кетишсин!
22.12.2016. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
A3A,
Эн туура мен кошулам сизге
21.12.2016. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Мен чынында барып тан калдым мен копиогон мамлекеттерде болду кобуно кайрылып кордум а биздикиндей эмес биздин элчиликти коруп сыртынан турмогоо деп калдым жакшылап страндартный кылып койсо болот кыргызда жакшы соз бар эшигин коруп торуно от деген а биздики болсо турмодой кылып тосмо орнотуп койго тосмонун ордуна талон же дагы башка жолдору бар ойлонушса болот ошол эргуулдар барсан чынында гердейет ошолорду коруп биздин мамлекеттик кызматкерлердин этикасын кандай экенин билеси
21.12.2016. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Saribulak, провокация жаратчу билдирүүлөргө тыюу салынган. Этика нормаларын сактаңыз!
21.12.2016. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Иий койгулачы орусча билбейт деп эл алдына чыгып кечирим сура ушул созун учун,кыргыздардан жаман дуб болуп тил билбей эле иштеп журот тажиктер менен озбектер.
21.12.2016. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Элчиликтин алдында оз жарандарынарды ХХХ ХХХ ХХХ. Мен Москвадамын калыс созумду эле айтайын элчиликке. Аман эле болгула. Силер чече турган маселени кыйынырак болсо да мигранттар оз ара чечип журот
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-21 12:37:32
21.12.2016. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
taalay25, улут аралык түшүнбөстүктөрдү жаратуучу билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү!
21.12.2016. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Элчиликтен жардам сурагандардан мынча толойсун деп айтышат. Канча киши айтканын уктум. Бир байкебизди да жону жок кармап алышканын жардам бергиле деп кайрылышса эн кеми 300$ дешкен. Башка соз деле жок айтканы.
21.12.2016. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Хммм...... Орусча соз билбегендер менен иштеш кыйын имиш! УЯТы жоктор, ушул созду айтуудан бир аз уялсанар! Ошол мигранттардын ар биринин койгойу менен иштешуу, ар биринин арыз мунун угуу силердин милдетинер! Болбосо ал жерде балээнерге айлык алып олтурасынарбы деймда! Аман болгулада!
21.12.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Орусча билсе кыргыз элчилигине кайрылып олтурбай озу деле чечет маселени.Кеп КЫРГЫЗ элчилиги деп турбайбы.Тажик Узбек туугандардын 80 пайызы билбейт орусчаны. Алардын элчилигинде тосмо,орусчаны жакшы билген акылдуу маалымат катчысы жок.Элчилике барсан ОХРАНА озунчо КРУТОЙ эмнеге клдин деп, же салам жок Кыскасы бирин калтырбай айдап КЫРГЫЗЧА суйлогондорду шылдындабагандарды койуш керек!!!!!!!
21.12.2016. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ozunun elin chan gan Kirgiz turbaiby ,bechara kyrgyzdy chan gan sizdin omurunuz uzun bolsun .
21.12.2016. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Орусча эки созду бириктирип суйлой албагандар бар дегени укмуш ко??? Кыргыздар озбек тажиктерге караганда кооопчулугу орус тилден таза суйлогон, аракетенишип жакшы жерлерде иштешет мисалы:повар,кассир,жана башка! Анан эми анча мынчалар бар чынында билбегендер бирок ошолорго кобуроок жардам керек. Билбеген уят эмес дешет го.
21.12.2016. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Элчиликте иштегендер ХХХ ХХХ ХХХ ал жерде кыргыздарга жардам бере албагандан кийин ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-21 17:02:35
21.12.2016. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
AK-47., этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
21.12.2016. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Акмакчылык качан барсаң эшиктери жабык,сыртта суукта күттүрүп койот.эмнеге келдиң дейт эгер авибилет же башка бирнерсе сатып ала турган болсоң киргизет,документ же башкага иши кылып баңын оорутуш үчүн келген болсоң турасың үшүп тоңуп сыртта.
21.12.2016. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Саламатсыздарбы, урматтуу супер инфо! Элчиликке Чара коруу керек, себеби бугун эле болгон окуя, синдим кызына вкладыш алганы барса 4700р толойсун,Эгер толобосон сен бул жерде турганга акын жок деп охранниктер туртуп,ыйлатып эшикке чыгарып салган. Кечээ барганда 1500р толойсун деп бугун 5000ге чыккан вкладышка тан калуу жаралып жатат. Ошол окошкада отурган кызматкерден аты жонун сураганда а твн атоодон баш тартып,охрананы чакырып чыгартып салган! Урматтуу,администрация сиздер элдин унун уккулачы!
21.12.2016. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Москвага жумуш боюнча жоноп калсам мурда Кыргызстанда жашап, учурда биз жакка кочуп келген орус уй було элчиликтин туура эмес берген бир кагазыынын айынан документтерин тууралай албай, кайра ошол учун Москвага баруу керек болуп жатканын айтышты. Мен озумдун жардамымды сунуш кылып, айткан кагазын алганча кеттим. Чынында, жумуштарды бутуруп туштон кийин барсам, мага керек юристи иш жобосу боюнча ордунда отурушу керек экен озу, бирок 45 минуттай кутуп акыры чарчаганда Москвадагы аттуу-баштуу
Модератор webprog түзөттү 2016-12-21 17:06:08
21.12.2016. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Таанфштарга чалып ортого салууга туура келди. Арандан зорго кирсем корондоп, тим эле башкача адамдар. Кылган жумушунарды билбесенер, туура эмес жазсанар, эмненерге кыйынсыйсынар деп эле айттым. Куйдургону, "ломаный русский" менен мага орусча суйлошот жабалактап актанып. Сырттан караган адамга ото эле кулкулуу да эми. Канды кайнатышты, жанды кашайтышты. Бирок бутуруп алып кеттим кагазды. Болгону озумдун ишимди ушундайларга тушурбогонуно аллахга шугур келтиргенден башкага алым жетпеди. У
21.12.2016. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Орой мамиле кылып эле келгенсинер. 2010 чу жылдары баргам..... Эшикте кундун ысыгында саргарып куткон кишилер канча.... Аларды же киргизишпей, темир заборду жаап алышат. Акмаксынар ошо жерде иштегендер. Элчилик кыргыз жарандарына жардамынар тийген да эмес. Бир печатты 4 минге бастырып кеткем
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: