АКТАН АРЫМ КУБАТТЫН ТАСМАСЫНЫН БЕТ АЧАРЫ БЕРЛИНДЕ ӨТӨТ
№738 23-декабрь- 29-декабрь, 2016-ж
Режиссёр Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасынын дүйнөлүк бет ачары Берлин шаарында өтмөкчү. Бул тууралуу Берлин эл аралык кинофестивалынын уюштуруучулары фестивалдын программасына кирген кинолордун тизмесин жарыялаганда белгилүү болду. “Кентавр” тасмасынын продюсерлеринин бири Алтынай Койчуманова: “Тасманы жайылтуу милдетин европалык “The Match Factory” кинокомпаниясы алган. Аталган компания эл аралык фестивалдардан куру калбаган, сатыкта ийгиликтүү тасмаларды каржылап келет. Кинонун музыкасын немис композитору Андре Маттиас жазып, монтажы Сербияда, үн кошуу жана сүрөттөргө түс берүү иштери Германияда өттү. Ал эми тартуу иштери Кыргызстанда болду”,- дейт.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
5
Биз качан коробуз кинону?