БИР БҮРКҮМ
№739 30-декабрь- 06-январь, 2016-ж
-

Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси
ДАНИЯР НАРЫМБАЕВ 29-декабрда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук соту тарабынан шарттуу түрдө бошотулду.
-
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун билдиришинче, 2010-жылдан бери кызмат учурунда 82 МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ курман болгон. 1591 кызматкер жаракат алган.
-
Ала-Бука районунда БАПТИСТ деп аялдын сөөгүн казып чыккандардын бири кармалды. Ал “өлгөн адамдын денесин жана ал көмүлгөн жерди мазактаган" деп айыпталууда.
-
Өлкөдө 8 миңден ашуун ҮЙ-БҮЛӨ оор жашоо шартында күн кечирет. Анын ичинен эң көбү Чүй облусунда катталган деп маалымдайт Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги.
-
Жогорку Кеңештин депутаты ЧОЛПОН ЖАКУПОВА мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Аталган маалыматты БШКдан 27-декабрда ырасташты.
-
Пиротехникалык каражаттардан жана жол кырсыгына караганда 31-ДЕКАБРЬ күнү ичкиликтен жабыр тарткандар көбөйүүдө. Ага ылайык, Бишкекте Жаңы жылга караган күнү нөөмөттө “Тез жардамдын” 38 бригадасы иштейт.
-
ОРУСИЯДА 23-декабрга карата убактылуу кармоочу жайдагы кыргыз жарандарынын саны 91ге жеткен. Мындай маалыматты Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинен билдиришти.
-
Бишкекте ОКУУЧУЛАР 30-декабрдан 9-январга чейин эс алышат. Каникулдун кыскаруусу тумоодон улам киргизилген карантинге байланыштуу.
-
Өлкөдө кыз-келиндердин 6,3 пайызы 15-19 жаш аралыгында төрөйт. ӨСПҮРҮМ кезинде көз жаргандар эң көп Талас облусунда, эң аз Бишкек шаарында катталган. Бул тууралуу акыйкатчынын докладында айтылат.
- ЖАТАК МЕКТЕПТЕРИНИН тарбиялануучуларынын тамагына мындан ары 40 сом эмес, күнүнө 110 сом бөлүнөт. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы 28-декабрда кол койду.
Бектур Токтоноев,
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0