Жаңы жылдын алдында бир нече маданият өкүлдөрү сыйлык алышкан. Бул ирет да бир топ эл сүйгөн маданият кызматкерлери наамсыз калышкан экен. Алардын бири Мерген Турган интернеттеги баракчасына: "Замандаштар, мага дагы "Эмгек сиңирген артист" деген наамды беришпеди. Сыйлыктарды балам менен теңдер алышты. Абдан жаман акыбалда жүрөм. Адилеттик качан орнойт, кыргыздын маданияты кайда? Менин 35 жылдык эмгегимди тебелеп жатышкандыктан унчукпай тура албадым",- деп жар салды. Ырчыга байланышканыбызда ал:
– "Маданияттын мыкты кызматкери" эмес, "жаман кызматкери" деген наамды да бизге ыраа көрбөсө керек. Маданият министрлиги "сыйлыкка көрсөтөбүз" дешкенинен документтеримди чогултуп бергем, комиссиядан да өткөн. Анан эмне болду билбейм, наам түгүл эки барак грамота да жок. Бирок "Казакстандын Эмгек сиңирген артисти" деген сыйлыгым бар. Өтө уят иш болду, жогорку билимдүү ырчымын, 35 жылдан бери элиме кызмат кылып келем. Анан чоңдордун тоюна ырдап берген 17, 18 жаштагыларга сыйлык берсе капа болосуң да. "Кардыма эмес, кадырыма ыйлайм" деген ушул. Алар сыйлыкты алышты, ошонун кадырына жетип иштейби же эмгекти сиңирип койдум деп бой көтөрүп басып кетеби? Мындайды токтотуш керек, жок дегенде маданият тармагы таза, коррупциясы жок болушу кажет. Болбосо "сыйлык, наам сатылат" деп жазып коюшсун, кыйналып, ден соолуктан айрылып эмгек кылбай эле сатып алалы. Мен эмгек сиңиргем, уялбай эле "беришсин менин сыйлыгымды!" деп талап кылам. Мен жеке өзүмдүн эмес, мага окшоп эмгеги бааланбай калган инсандардын атынан сүйлөп жатам,- деп агынан жарылды.
star@super.kg
Super жооп бербединер дагеле......