Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ОКУУЧУЛАРДЫН МУШТАШЫ 1 БАЛАНЫН ӨЛҮМҮ МЕНЕН АЯКТАДЫ

№743 27-январь-02-февраль, 2017-ж


Кочкор районунда окуучулар арасында чыккан уруштан бирөө каза тапса, дагы бирөө оор абалда ооруканада жатат. Бул ишке күнөөлүү катары бир окуучу сурак берип жаткан учуру. Балдар мушташкан мектептин директору жана директордун тарбия иштери боюнча орун басары кызматтан алынса, калган мугалимдер бул ишке өздөрүн же ата-энелерди күнөөлөй албай, жоопкерчилик маселеси кабыргасынан коюлуп турган кез.

«КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ»

Нарын ОИИБинин басма сөз кызматкери Медина Султангазиева окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
– 2017-жылдын 19-январь күнү саат 21:55 чамасында Кочкор РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кочкор айылында балдар урушуп, бир бала бычакталыптыр деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барганда, Капар Кыдыралиев атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу 2000-жылы туулган Жылдызбек Замирбек уулу бычак жаракатынан каза тапкандыгы аныкталган.
Алдын ала иликтөө иштеринин натыйжасында төмөнкүлөр аныкталды: Аталган орто мектептин 9-10-классынын окуучулары 2000-жылы туулган А.Ж., Д.И., Т.А., З.Ж. жана ошол эле айылдагы башка орто мектептин 10-классынын окуучусу А.А. чогулуп, А.К. аттуу окуучунун үйүнүн жанына аны менен сүйлөшүү үчүн барышкан. Алар өз ара чырдаша кетип, А.К. үйүнөн бычак алып чыгып, Актилек Туратбек уулу менен Жылдызбек Замирбек уулун бычак менен сайып жиберген. Натыйжада Актилек Туратбек уулу «Тез жардам» кызматы менен Кочкор райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми Жылдызбек Замирбек уулу алган жаракаттан улам окуя болгон жерде каза тапкан.
А.Кнын үйүн кароо учурунда сабы көк түстөгү ашкана бычагы далил буюм катарында алынды. Бул факт боюнча Кочкор РИИБи тарабынан 97-берене (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Бул кылмышка шектүү катары А.К. аттуу 10-класстын окуучусу кармалып, камакка алынган. Учурда бул иш боюнча Нарын ОИИБинин тергөө бөлүмү иш алып барууда.

«ЖЫЛДЫЗБЕКТИ ШЫЛДЫҢДАПТЫР»

Аты жашыруун калгысы келген бул окуянын күбөсү төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Жылдызбек бир кыз менен телефон аркылуу жазышып жүрүп, 2-3 күндөн кийин ал кыз эмес эле, эркек бала экенин билип жатпайбы. Көрсө, ал бала Жылдызбекти шылдыңдап «менин кызыма жазып жатыптырсың» дептир. Ошону сүйлөшүү үчүн ал жакка барганбыз, анан уруш чыгып кетти. Бир кезде эле Актилек «сайып салды» деп кыйкырганда ага чуркадык, бирок Жылдызбекти качан сайганын көргөн жокмун. Андан соң аларды сайган бала бычагын алып үйүнө кирип кетти. Биз «Тез жардам» кызматкерлерин чакырып, күтүп жаткан убакта башка балдар да келип, «эмне кылып жүрөсүңөр?!» деп бизди сабап салышты.

«УУЛУМ ЖООШ, АК КӨҢҮЛ БОЛЧУ...»

Маркум Жылдызбек Замирбек уулунун апасы Айнагүл Омокеева буларга токтолду:
– Өзүм ашканада иштегендиктен, үйгө кечки саат сегиз жарымдарда келем. Ошол күнү келсем үйдө эч ким жок экен. Демейде Жылдызбек үйдө болчу. Анан эле чуркап келип «сиз кире бериңиз, мен азыр келем» деп кайра кетти. Мен келип калат деп жумуштарымды жасап жүрө бердим. Телефонуна чалайын десем аны үйгө калтырып коюптур. Атасы ооруп, ооруканада жаткан болчу. Түнкү саат 11лерде милиция кызматкерлери чалып, «эртерээк келип калыңыз» дешкенинен жетип бардым. Барсам ата-энелер, балдар толтура экен. Ошол жерден баламдын каза болгонун уктум.
Угушумча, балам классташ бир кызы менен сүйлөшүп жүрсө, ал кыздын сим-картасын тигил бала алып, балама кыздын атынан жооп берип жүрчү экен. Аны Жылдызбек билип калып, уруш ушундан чыккан окшойт. Ошол маселени чечебиз деп баламды үй жагына чакырса, ал 2 досу менен барыптыр.
Уулумдун мүнөзү жоош, ак көңүл болчу... Каражаным, уктап калып сабактан кечигип эле жүрчү, башка жаманы жок эле. Бутунун күрөө тамырына сайып, кан көп кетип калыптыр. Бутун катуу таңып, канды көп кетирбегенде, балким, тирүү калмак беле?..

«БАЛАМ КОРГОНОМ ДЕП УШУЛ ИШТИ КЫЛГАН»

Ал эми кылмышка шектүү делип кармалган баланын атасы Асадали Ильязов «балам мектептеги рэкетчиликтин чектен ашып кеткенинин курмандыгы болуп калды» деп эсептейт:
– Балам 9-классты бүткөндө «мектепте окубайм, шаарга окууга тапшырам» деп ыйлаган. Көрсө, таяк жемей, балдар арасындагы чыр-чатактар баламды кыйнаган тура. Классташ балдарынын көбү кетип да калышкан. Биз болсо «окууну толук бүтүр, Медициналык академияга тапшырасың» деп көнбөй койгонбуз. Уулум олимпиадаларга катышып жүрчү, мектептин президенти болчу. Ал былтыр чакыруу менен мектептин атынан Казань шаарына да барып келген.
Ошол күнү балам сабактан саат 1де келди. Апасы ооруп, Бишкектеги ооруканада жаткандыктан ага «балам, мен апаңдын кем-карчын жеткирип келе калайын» деп шаарга кеткем. Кечки саат 8де кошунам чалып, «көмүр берип туруңузчу» дегенинен балама чалып, «байкеңе 2 мүшөк көмүр бер. Мен чыгып жатам» деп сүйлөшкөм. Бир аз убакыттан кийин кайра ошол кошунам чалып, «ызы-чуу болду, келгиле» деди. Аялымды ооруканадан чыгарып алып чогуу келдик. Балам үйдө отурса тигил балдар топтошуп келип, терезени такылдатып, дарбазаны тепкилешиптир, мына азыр да издери турат. Ошондой эле аларды текшерткенде спирт ичимдиктерин ичишкени билинди. Менин оюмча, балам коргоном деп ушул ишти кылган окшойт. Бычакты кайдан алганын да билбей жатам, анткени үйдө андай бычак жок болчу.

«ЭМНЕГЕ УШУЛ ИШКЕ БАРЫШТЫ ТҮШҮНБӨЙ ТУРАМ»

Маркум Жылдызбек Замирбек уулунун класс жетекчиси Жылдыз Актанова төмөнкүлөрдү айтты:
– Жылдызбекке 5-класстан бери класс жетекчи болуп келе жатам. Жоош, көп сүйлөбөгөн, бар-жогу билинбеген бала болчу. Үйү жакын турса дагы сабакка кечигип келчү. Окууну орто окучу, коомдук иштерге активдүү катышып, эркин күрөш боюнча райондук деңгээлдеги мелдештерге катышчу. Кырсык болгон күнү сабакка келген эмес. Андан мурунку күнү 3-сабакка келгендиктен аябай урушкам. Жылдызбекти бычактады деп жатышкан балага деле 7-класска чейин сабак бергем. Жакшы окучу, тартиби деле жакшы болчу, эмнеге ушул ишке барганына түшүнө албай турам.
Бычактан алган жаракатынан улам Кочкор райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан Актилек Туратбек уулунун абалын суроо үчүн аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Кубат Жумадиловго жолугуп, баланын абалы жакшы экенин, дары-дармек жетиштүү экенин билип кайттык.

АРАВАН РАЙОНУНДА ДА ОКУУЧУЛАР БЫЧАКТАШТЫ

21инен 22-январга караган түнү болжол менен 22:30дарда Ош облусунун Араван районунда да окуучулардын ортосунда массалык мушташ болуп, ал бычакташууга чейин жеткен. Аталган районго караштуу Төбө-Коргон айыл аймагында мектеп окуучуларынын арасында баскетбол боюнча мелдеш учурунда ортодо чыр чыккан. Кийин «разборка» талаадан уланып, жыйынтыгында 3 окуучу бычактан жаракат алып, дагы 1 окуучу баш мээси чайкалып, төртөө тең Араван райондук ооруканасына жаткырылган. Бул боюнча Араван РИИБи тарабынан «бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 3 окуучу жана ошол эле айылдын дагы бир тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
01.02.2017. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Даа озун коргогон тигилер мас абалда болушкан жана саны да коп болгон
01.02.2017. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери жайлууу болсун
01.02.2017. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ата Энесиге сабыр бергин
01.02.2017. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу болсун.Ата энесине сабр берсин.
01.02.2017. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бала озун коргонгон кечки саат 22.00 лерде эмне барат ал баланын уйуно анан дагы мектеп мугалимдеринде эмне куноо министрликтен жумуштан алып аларды
01.02.2017. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мектепте эркек мугалим керек катуу кармаган бизди тепкилеп эле калчу кичине эле тентек кылсан азыр андай мугалимдер жок окучуларды катуу кармаш керек
01.02.2017. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Билишимче эртемененки 8 ден кечки 6 га чейин балага мугалимдер жооп берет калган убакта ата эне жооп бериш керек элего туну болуп атса мугалимдерде эмне куноо болгон тарбияны берет кабыл алыш окуучудан да ээээй.
01.02.2017. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Менда мугалим болуп иштегенде азыркы балдардын журуш турушун коруп тан калгам. Же мугалимди укпайт, же озунон чондорду укпайт. Директор баш болуп урушпайт болчу, азыркы балдарды урушсан ата энесинин балээсине каласын, ээрчитип келип алышат деп. Мурункудай тартип жок азыр мектептерде. Анын устуно 9-10-класста орт болуп куйуп турган чак да. Жейм, жутам деп турушат.
01.02.2017. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Адамдын олуму менен аяктап атканы эн окунучтуу. Бирок директорду жана орун басарын жумуштан алып жатканы туура эмес го. Алар балдардын ар бир кадамын карап журо алышпайт да. Жаш муун аябай бейбаш болуп осуп келе жатат анын устуно. Оздорунун уй булосу дагы бар. Эми жумушсуз калып кантип багат.
02.02.2017. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ойундан от чыгыптыр да. Кыз болуп ойнобосо мындай болмок эместир. Рекетчилик качан жоюулат? Рекет болгондорго катуу чара корулушу к.к. Озунон кичуудон рекетчилик кылып акча алып жаткан жеринен кармалса деле эч кандай чара корушпойт. Учетко алып койот болду же эскертуу берет. Эч жаза албаган откоол курактагы азыркы балдар аны тоготуп дагы койбойт. Окууга кечигип келгенинин себеби дагы кобунчо рекетчиликке барып такалат. Рекеттерге корунуп калбайын деп сабак жарымдап калганда келишет.
Mervi түзөттү 2017-02-02 01:05:43
02.02.2017. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окуудан да эрте качып чыгышат, кармалып калбайын деп. Анан аркасынан куугунтуктап журсо ким эле окууга баргысы келсин, кимдин эле окууга кызыгуусу болсун. Мен алты жыл мурун окууну буткондо ушундай эле. Азыр эки эсеге оссо керек рекетчилик.
02.02.2017. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи кызык эле адамдарбыз да туну болгон ишке директордун не катышы бар же тан аткыча ар бирин кайтарып отуруп сабакка апкелип кайра жеткизип туруш керекпи? Мындайда карапайым мугалимдин жазасын оорлотуп ийет кана ошондой чондорду да алып ыргытып ийээр кунунор?
02.02.2017. 06:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыркы жаштар женил ойлуу бир нерсе болсо эле бычак менен чечип калышты. Соз менен акыл менен чечуу деген жок
05.02.2017. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болсо эле мугалим күнөөлү дей беришеби. Чыгарган буйруктарын уксан сабака кечигип келсе да форма кийип келбесе да мугалимдер унчукпай сабакка киргизиш керек экен анан кантип тарбия болсун. Азыр урмак турсун катуурак уруша албайт байкуш мугалимдер. Анан эле бир нерсе болсо эле мугалимдер күнөөлү болуп чыга келишет.
05.02.2017. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Откоол мезгил да. Не кылып атканвн да баамдабаган убак.
06.02.2017. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да мугалиммин, чын эле ата-энелер да жаман конушкон, балдарын урушуп койсон жетип келип чатак салат. орус тилчибиз диктантты айрып салган баланы урушуп коцсо эртеси апасы келип, мектепке ызы-чуу салган. жаканды кармайсын тобоо. андан коро баласын урушпайбы "диктантты неге тыттын?" деп.
анан эле мугалим куноолуу, балдардын уйундогу тоогу туубай калса дагы. мамлекеттин алы жетшкени эле байкуш биз, жумуштан алып, согуш жарыялап. ата-энелерге да чара корушсун!!!!
06.02.2017. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сабактан кийинки убакытта балага ата-эне козомол кылышы керек. мугалим сабак учурунда кылат мисалы бизде бир смена окуйт 8ден 14:00го чн. андан кийин ата-энеси карашы керек. тем более кечки убакытта. же анда да мугалим ар бир баланын уцун кайтарыш керекпи????!!!баласын карабаган ата-эненин шалаакылыгы да.
07.02.2017. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобооо....Кандай кун коробуз..менда балдарым откоол мезгилге келип калышты,ото корком..Бул тарбиядан деле Болбосо керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: