Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Арсен: "ИНСТАГРАМДАГЫ КЫЗДАР ЖАСАЛМА. АЛАРДАН КҮЙҮП КАЛГАН ЖАЙЫМ БАР..."

№744 03-09-февраль, 2017-ж.


– Арсен, өткөн жылга саресеп салып, эмне кылууга жетиштим деп ойлонуп көрдүңбү?
– Ар бир жыл өзүнчө керемет, кызыктуу. Жыл сайын өзүмө максат коём, ошонун 90 пайызын аткардым десем жаңылышпайм. Чыгармачылык кече өткөрдүм, клип тарттым. Жыл аягында концерт берейин дегем, тилекке каршы, жетишпей калдым. Масштабдуу кылайын деп ойлодум эле, каражат жагына барып такалып калды. Буюрса, жазында жеке концертимди берем. Театралдаштырып, бийлеп шоу кылып, ар бир ырда башкача декорация жасап өзгөчөлүк киргизели дегенбиз. Азыр режиссёр менен сүйлөшүп даярданып жүрөм. Анан март айында Таиландга клип тартканы барам. Эл талкуулагандай сүйүү баяны, жаратылыштын кооздугу түшүрүлгөн жакшы клип болот деген ойдомун.

– Үйлүү болуп, оңдоп-түзөө иштери менен алек болуп жүрдүң эле, бүтүрүп, көчүп бардыңбы?
– Үйлүү болуу ар бир адамдын тилеги болуш керек. Мен деле айылдан келип, үйүм жок таежелеримдин үйүндө жашагам. Эл көзүндөгү адам болгондон кийин "үй алып, жакшынакай жашаш керек" деп кабатырланат экенсиң. 2012-жылдан бери акча чогултуп, оюмдун баары үй болчу. Үй алгандан кийин оңдоо-түзөө дегени бар экен. Эки бөлмөлүү үйдү заманбап стилде зал менен ашкананы бириктирип 3 бөлмөлүү кылып жасаттым. Көп акчам, убактым ошол иштерге кетип, чыгармачылыкка көңүл бурулбай калды. Азыр дагы оңдоп-түзөө иштери толук бүтө элек. Бирок көчүп барып жашап жатам.

– Бир кезде Арсен, Омардын заманы болду эле... Учурда сахнадагы ордум кандай деп ойлойсуң?
– Бир убакта да ырчылар айыл жергесинде жана Бишкекте уккан болуп экиге бөлүнүшкөн. Азыр дагы ошол нерсеге келе жатат. Мен көп гастролдобойм, ошондуктан айыл жергесиндегилер башка ырчыларды угушат деп ойлойм. Гастролдоюн десең жолдор начар, шарт жок. Ошол себептен көп жерге бара албайсың. Менин аудиториям көбүнчө шаардыктар. Дагы бир себеби ыр тандоо табитиме байланыштуу болсо керек. Көбүнө жеңил музыка жагат. Менин биринчи максатым той эмес, маданиятты көтөрүү. Сапаттуу, аранжировкасы талапка жооп берген, европалык ырчылардын чыгармаларына жакындатканга аракет жасайм. Көнүп калган форматтан чыккым келбейт. "Мен кыйынмын" деп төш каккандан да алысмын.

– Биздин ырчылар чет өлкөлүк сынактарга катышып ийгиликтерди багынтып жатышат. Сенде тажрыйба бар эмеспи, дагы катышып көрүү планыңда барбы?
– Андай сынакка өзүбүздү эле эмес, Кыргызстанды көрсөтүп жаткан соң үнүңөн баштап, келбетиңе чейин жакшы даярдык көрүп алып катышыш керек. Мен ага даяр эмесмин, оюмдун баары концерт, альбом жаздыруу. Ошонун баарын бүтүрүп алып келерки жылы байкаштырып көрөм.

– Кайсы сынакка катышкың келет?
– Колдон келсе америкалыктардын "Х-Фактор" сынагына катышкым келет. Себеби ал жакта акчасын берет. Башка сынактардын мүчүлүштүктөрү бар. Келишимдин пункттарын аткарып, тийиштүү убакыт ошол жакта болушуң шарт. Мага ал ыңгайлуу эмес, анткени бул жакта жашап, иштегим келет.

– Менеджер менен иштешип жатасыңбы?
– Жок. Мурунку менеджерим менен иштешүүнү токтотком. Азыр пиар-менеджер тууралуу ойлонуп жатам. Себеби көп нерсени кыласың, бирок жарнама жок. Ырларды, клиптерди радио, телевидениелерге берип коюп, аны кетирип жатабы текшербейм. Көрсө, көп ырчылар эринбей 5-6 киши жалдап, телефон алып берип, тияк-биякка чалдыртышат экен. Инстаграмга да 10 кишини коюп акчасын берип жарнама кылдырып, радиодон ырларын кечке бердиришет тура.

– "Отун алып, анан аял алам" дедиң эле, "отундар" чогулуп калдыбы?
– Андай сөздөрдү айтуудан коркуп калдым. Дардалаңдап баарын сүйлөп алып, орундалбай калса жаман болуп калат экенсиң. Албетте, үйлөнүш керек. Аны үй алгандан бери көбүрөөк сезе баштадым. Үйгө барганда жалгыз­сырап, тамак даяр болуп, аялым болсо деп ойлоп калам. Эч ким менен сүйлөшө элекмин. Эгер тапсам, жайында деле үйлөнүп алам.

– Бир сулуунун артынан Орусияга чейин барып жүрдүң эле го?..
– Ал аябай жакшы кыз, бирок экөөбүздүн жашоого болгон көз карашыбыз төп келбей калды.

– Көп кызга спорттук дене түзүлүшүндөгү жигиттер жагат экен, балдарга кандай кыздар жагат?
– Спорт менен машыга баштагандан кийин спорттук дене түзүлүштөгү кыздар жага баштады. Себеби баарын байкап калат экенсиң да. Көчөдөн кыздарды жаман ой жок карап калсаң деле"кичине майларын алып коюш керек экен" деген ой келет (күлүп).

– Алардын ой жүгүртүүсүн да жакшы түшүнүп калсаң керек?
– Ооба, бир аз сүйлөшүп эле биле алам. Мисалы, адамга көп ишенбесе, жаш кезинде башка бирөө менен сүйлөшүп жүрөгү ооруп калгандардан болот. Мурунку жигитине салыштырып "калпычы, алдап кетет"деп ишенбейт. Анан сүйлөгөн сөзүнөн, бийлегени, ырдаганы, кандай музыка укканынан да баамдап алса болот (күлүп).

– Кыздар 25 жашка чейин турмушка чыгып, балалуу болуп калбаса "катастрофа" дешет го. Сен кандай ойдосуң?
– Менин оюмча, "катастрофа" эле. Себеби алчу эркектер азая баштайт. Мен да жаш кыз алгым келет. Себеби 25-26 жаштан өткөн кыздын психологиясы калыптанып, өзүнүкүн бербей калат. Анын көз карашы меникинен улуураак болуп калышы мүмкүн. Ал мени, мен аны теңиме албай ортодо түшүнбөстүктөр башталат. Ошондуктан жаш кыздар менен сүйлөшкүм келет. Мендеги идеология деле Кудайга шүгүр. Аялымды үйгө отургузуп камап койгум келбейт. Анын аягы жаман бүтөрүн билем. 30 жашка чыккандан кийин ого бетер кыйын. Өзүнөн кичүү же ажырашып кеткен улуу кишилер менен эле сүйлөшпөсө.
Анан кыз киши иштеп бийликке көнө баштайт, аны башка кыздар туурап киришет. Эркектердин көбү "альфонс" болуп, "бай кыз алам" деген ойдо. Баары убагында үйлөнүшсө, мындай нерсе болбосо керек.

– Ошондо келечектеги жубайың канча жаш кичүү болуш керек?
– 22-23 жаштагы болот, 20да болсо андан сонун. Улуу деп ал сени, кичүү деп сен аны сыйлайсың.

– Инстаграм популярдуу социалдык тармак болуп жатпайбы, ал жактан кыздар менен сүйлөшүү болобу сенде?
– Ал жакта баары жасалма го. Күйүп калган жайым бар... Сүрөттө башка, жолуксаң таптакыр башка. Бир жолу бир кызды Инстаграмдан көрүп, аябай сонун кыз экен деп жолуксам, толук экен. "Туй ата, кантип сүрөткө түшкөн? Фотошоп кылганбы?" деп жаман таң калбадымбы. Болбосо сүрөтүнөн клипке тартчудай кыз көрүнгөн да (күлүп).

"Апам, карындашым, иним менен. Карындашым турмушка чыгып, балалуу болгон. Апамды Таластан алып келейин десем көңүлдөнбөй жатат".


"Прагада эс алып жүргөн кез".


Динара Абдыкадырова
Ренат Торомамбетов
star@super.kg



Арсен: "Жаш кызга үйлөнгүм келет"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -6 
Комментарийлер(201)
08.02.2017. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аааа байкуш керсейген десе....
08.02.2017. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырчы эмес ХХХ болсон жакшы жарашкыдай
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-02-08 13:39:14
08.02.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Инстаграмдагы фан дегендерден да кээде кумон санап кетесин,ырчыларыбыз оздору деле 2,3 адрес(дарек) ачып алып оздорун пиарлашып олтура беришет го деп.
Тайландды баса белгилегени экзотикалуу жерде ,дене тузулушун коргозуп клип тарттырайын деген ойдо го .(машыкканымдын жыйынтыгы)дегенсип
08.02.2017. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Adil706070,Хахаха
08.02.2017. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ырчы- чоорчусу,бийликтегилер тундук-туштук,айылдык-шаардык,той ырчы-колхоз ырчы,заманбап-эски муунча деп болунгон жайы бар
Бир гана намаз окуп мечитке баргандардан,мусулманмын деген жамааттан, болунуп жарылуу укпайсын .анткени дили,дини,журогу таза адамдар гана адамдарды болунуп-жарылууга жол бербейт.
Adil706070 түзөттү 2017-02-08 13:34:34
08.02.2017. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
озунду укмуш сезип алгансын го. Ырларынды европаныкындай деп. Жакшы ыр жазсан сен европаны эмес, алар сени туурасын. Озунчо психолог болуп коет. Андан коро кудайым ыйманы менен акылдуу, мээримдуу жубай берсин десен. Калган сулуулукту жасап алсан болот азыркы заманда. Дооругон сени .... озун жагымдуу болсон бир жон. Сени айылдан эле коргом.
08.02.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул ким эле я?
08.02.2017. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мактанган дан мурун озун бир кузгудон карап койсо
08.02.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozgeldi, Alixan-Nookat.2015, zvezda55, Santana, Djal1987, ozgeldi, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү!
08.02.2017. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Арсен акам) аябай эле катуу кеткенго , коюнуз ,ото белгилуу звезда болсонуз олмок экенсизда озу эки уч гана ырыныз барго ошого ушунча которулгончунго, кыздарды сынап коёт дагы,семизби арыкпы Кудайымдын жараткан пендеси , жерге тушчу бир ааз ..
08.02.2017. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Менин бир таанышым бар чуйдо торолуп чуйдо чоноюп орусиядан чооон жогорку оку жайды бутуп келген. Ушунчалык жонокой кичи пейил, озунон кичуулор менен ла сиз, келиниз деп суйлошот. Карап суктанасын мунозуно тарбиясына.
08.02.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жолу жаман деп коют озу тоодон тушуп келген шаарга ошол айылга барып эл менен аралаш
08.02.2017. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мына эми оз келбетинди коргозуптурсун элге, кооп соз жазайын десем баары айтылыптыр! Сен айылга концерт койсон, эл келбейт анткени, сени эчким тааныбайт! Сени баары Омардын досу деп билет. Сен шаардыкмын деп, канча болду озу шаарга келгенине? Абииринди токтун!
08.02.2017. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
)))). комменттерди окуп бир жыргап алдым. ал эми айылдык-шаардыкка келсек, менин оюм мынды: чисто балдарды ала турган болсок мен бойдок кезде шаардык балдарды бош, кыйынчылыкка туруштук бере албаган ,анан айылдыктардын алдында бир аз намыскойлук жактан да уттурган деп тушунчум. чынында копчулугу ошондой. негизи эле шаардыктар чычалабагыла го (чисто тоодон тушкон менмин, балдарым уже шаардык болуп куйдуруп атат жогорку мен берген муноздомого жакын болуп), айылдыктар айылдын тарбиясы менен келип
08.02.2017. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
шаарда коп жетишкендиктерди багындырышат, мисалдар ото эле коп. себеби стимул коп болот бизде- айылдыктарда))). ал эми Арсен кыздар ж.до айтканы бир тараптуу болуп калыптыр, билип коем деп ото катуу суйлоп койгону болбосо, балээни деле билбейт экен кыздар ж.до. ал ошо 20 жаштагы кызды, бирдеме болсо татырактап атасыныкына качып, эки созунун бири ажырашам деп турса тилинди тиштээрсин. окуп, иштеп, анан чыгып, зынкыйып жашап жургон алтындай кыздарыбыз бар. созунду ал кайра артка.
08.02.2017. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ziko_kt,200пайыз менин оюмду жазыпсын.Ааламга жол айылдан башталат керек болсо.
08.02.2017. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
бул киши айылдыктарды тенине албайт го??? эээк, ушу шаардык ондонгон выскочкалар керек болсо айылдын эли сага караганда бир топ маданияттуу. европанын ырларын которуп ырдаганына мактанасынбы??? тамтандаган ырларга акча коротуп ырдабай, ошол акчага кичине болсо да жолго кум токтуруп же дагы бир пайдалуу несе кылып койсон айылдын элинин эсинде калмаксын.
10.02.2017. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хмммм мен сизди сыйлачумун корсооо
08.02.2017. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
коп соз айткым келет бирок мээсине жетпейт го. куйдургу.....
08.02.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Шаардык айылдык деп кулдурбогулочу баарын )))) Арсендин ырларын укпаган экенмин...
08.02.2017. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Nassa,негизи эле мен укпайм буга окшогондордун ырларын. Үнү жок вообще
08.02.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Теректей бой бергенче тенгедей акыл берсин. эки жагын карап. алысты ойлоп сүйлө. банан жесен витамин. акылдуу болосун
08.02.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Толук экен деп. Абайлап алды арканды карап суйлосон. карындашын жакпайбы сага??? Коп болсо карындашынча бардыр да
08.02.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эмне деген хит ыры бар өзү бул УКМУШ жигиттин? 5 кол тең эмес дегендей, бир кыз жасалма болсо баары кантип жасалма болуп калсын. Бир ааз жерге түшчү шаардык айылдык болбой.
08.02.2017. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сыртынан коруп токтоо акылдуу бала болсо керек деп ойлодум эле,адашыпмын.Тенирден тескери го тообо.Эмне деп эле тантырап салган озу жонундо баасы бийик экен аябай.
08.02.2017. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Иииий айылдын жолдору жаман деп..... Илгерки ырчылар жолдун жаманына деле карашпай гостролдоп эл суймончулугуно айланышкан. Сен айылга консерт койсон эч ким келбейт анткени айылдыктар сени баалашпайт. Тим эле шаардык боло калганына кантесин ий орусча бир соз билбей айылдан шаарга келгем деп озун айттын элего эми не орусча уйронуп калдынбы шаардык жигит боло калдынбы. ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-02-08 16:19:50
09.02.2017. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mamatmusakuzuraziya, кимдир-бирөөнү кемсинткен билдирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
08.02.2017. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ошол элдер жаман кочолордон басып келип концертине акча берип кирип анан уйлуу жайлуу болсон керек.жакшы деле тааныбайм бирок жаккан жок.
P.S. шаардык деп эсептебейм
08.02.2017. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Өзү эле кыйратып сулуу бекен эмне оозун ..... оозундай кылып көп сын такпасын да толук кыздарга
08.02.2017. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мейли эми ушинтип маек бериптир,бирок бул жашоо деген болот мунун айтканы эмес Кудайдын айтканы болорун унутбасын,айтарым насибин ото толук кызга жазып койсо аргасыздан аласын ошондо уят болуп калып журбо дегим бар,ошол учун суйлогондо ойлоп суйлош керек.
08.02.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
30 chygyp kalgan erkekter "jash kyz alam "dep kop aityshat. Men al erkekterdi ozuno ishenbegen erkekter aitat dep esepteim.
Tandagan tazga jolugat Arsen!
08.02.2017. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эмне деп эле ХХХ койгон.Азыркы убакта "звезда"оорусу мн оруп журот окшойсун э...Ошол сен айтып жаткан 25-26 жаштагы кыздар Сага окшогон "кээ бир" ХХХ балдарга караганда Ата-Энесине жардам берип,уйум жайым деп,анан эки жагын ойлонуп бир жакшынакай эле балдарга турмушка чыгып жатышат.Шашпа ошол 20 жаштагы кызды да аласын анан коро жатарбыз...
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-02-08 17:03:06
09.02.2017. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TOMIRIS., ulchana, этика нормаларын сактаңыз, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
08.02.2017. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Супер-Инфо интервью алабыз десе суйунуп кетип эле суйлоп салган окшойт ойлонбой.Кийинки жумада актанып чык Байсариевке окшоп
08.02.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Саламатсыздарбы кыргыз элим!!!Арсен байке аман эсен эле болунус.Антип айылдык шаардык деп болгонунус бул мусулман кишиге туура келбейт.Чынында талантынысды баалайт болчум.Бирок берген маегигизден оюм 180градуска озгорулду.Биз баарыбыз Кудайдын пенделерибиз антип кемсинткен болбойт.Аллахым баарыбызды озубуздун ырыскыбыз менен жараткан.Кайсыл кунго кайсыл жашта турмушка чыгышты уйлонушту да насип этпесе баарынын айтканы жугургону бекер
08.02.2017. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Муну тытып жеп койоюн депсинер чынында менде деле ыры жок комменттин баарын окуп чыкса интервью бергени окунотго
08.02.2017. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Маданият адамы кичине маданияттуу суйлогонду уйрончу,тантырай бербей.
08.02.2017. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Asanovna1805, алда кокуй ай бул киши даже маданияттын мыкты кызматкериби э туй ата ушул деңгээлинде мыкты кызматкерлике татыса ошол наам берген адам кандай деңгээлде болду экен
Bubu88 түзөттү 2017-02-08 21:02:42
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: