
3-февраль күнү Ички иштер министрлигинде өткөн коллегияда министр
Улан Исраилов 30га чукул облус, шаар жана райондук жетекчилерге иште кетирген кемчиликтери үчүн сөгүш жарыялады. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы
Мирлан Каниметовду, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы
Адилбек Ботобаевди жана Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы
Жеңиш Жоробековду кызматтан алды. Кызматтан алынган бул үч жетекчи кетирген одоно каталары үчүн алындыбы же мурдагы министрлердин кадрлары катары тазалоого туш болуп калыштыбы, ал жагы билинбеген бойдон калды.