Бир кездерде "Окуучу кыз" деген ыры менен популярдуу болгон ырчы Ирлан Таалайбеков 8-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды. Ырчы менен байланышканыбызда ал: "Бул сыйлыкты алып кубанып турган кезим. "Ирлан бул сыйлыкка татыктуу эмес болчу" деп ичкен-жегендери аш болбой жаткандар жок эмес. Бирок аларга айтарым, сыйлык мага эл ойлогондой 3-4 ырым үчүн эмес, аты айтып тургандай маданиятка кошкон салымым үчүн берилди. Себеби мен ырчылыктан бир аз оолактап кеткеним менен, 4 жылдан бери Муса Жангазиев атындагы Мамлекеттик куурчак театрында музыка жазуучу, музыка бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектендим. Бул убакыт аралыгында көптөгөн спектаклдер коюлуп, аларга музыка жаздым. Андан тышкары ырчыларга аранжировка жазып берип жүрдүм, алар теле-радиолордо жаңырып жатат. Маданияттын булагы болгон Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин 4-курсунда сырттан окуйм. Булар дагы эске алынды окшойт. Буюрса, кыргыз маданиятына мындан ары да кызмат кыла берем",- деген пикирин билдирди.
star@super.kg
беребиз десе деле отказ берсен жарашмак чынында УЯТ Ирлан!!
бул жакта мен уялдым,
Ирлан ушул сыйлыгынды Улуу муундагы эмгеги бар инсандарга белек кылып кой жашсын али да коп иштесен аласын эмнеге шашып атасын
ал сыйлыктын эч кандай мааниси баркы болбойт Эл баалабаса!
Менин билишимче,сиз,музыка,акардеондо ойногонду,озунуздун эле райондон бир билимдуу адамдан уйронгонсуз ээ.
Ал адам,Кара-Буура районуна караштуу,шекер айылынан.Н.Б.
Бирок,ырчылык,онорунуз элге таанылып калган сон,ал адамга рахмат айтып кайрылбаганынызды ошол адамдан угуп калганым бар.
Ушул чынбы?
Кайрылып сурап коруунуздорду суранам.
ушундай, ушундай болбогон нерселерге эле сыйлык бере берип- баркы да кетти. ай-ай-ай((((((