"Бул жазда эмнелер тренд болду экен?" деген айымдардын суроолоруна жооп катары төмөнкү материалды сунуштайбыз. Биздин кеңештер менен "куралданып", шоппингге жөнөй берсеңиз болот.
Быйылкы жазгы моданын урааны: "80-жылдарга кайтуу". Жеңи кенен кийимдерди кийген кыздар саркечтердин катарына кошулушат дешет дизайнерлер.
Жаздын саркеч кийимдеринин катарында гүлдүү көйнөк, кофта, жемперлер да бар.
Асимметриялуу юбка, көйнөк, кофта же ушундай тигилген плащ, жемпер кийсеңиз өзгөчөлөнүп, элдин эсинде каласыз.
Аксессуарларга келсек, түрдүү таштар менен кооздолгон жана жез, алтын, күмүш түстөгү сумкаларды сатып алсаңыз, мезгилден артта калбаган болосуз.
Бут кийимди деле сумкаңызга окшоштуруп алыңыз. Жапыз бут кийимдерге да басым жасасаңыз болот.
Жылтыраган таштар менен кооздолгон, түрдүү мончоктор тигилген, гүлдүн же башка нерселердин сүрөтү түшүрүлгөн, темир, жездин түсүндөгү сырт кийимдер гардеробуңуздун фишкасы болмокчу.
80-жылдарга кайткан соң комбинезон, этеги клёш шымдар кайрадан трендде. Жаңылык – кенен тигилген кыска шымдар болот.
Буттарыңызды көрсөтүүгө убакыт келди. Ал үчүн сизге жардамга түрдүү узундуктагы, этеги ар кандай болуп кесилген юбкалар келет. Бирок узун, кызыл ашыгыңыздан келген юбкаларды дагы кийүүнү унутпаңыз.
Жылдын жаз, жай мезгилинде баркыт жана чий баркыттан тигилген кийимдер өзгөчө модада болот. Эгер жогорудагы кеңештерге кулак салып шоппингге аттанган болсоңуз, анда кошумча сары жана күлгүн түс дагы бул сезондо актуалдуу экенин эске алыңыз.
Нуркыз Курманбек кызы
Алишер Алиев
kenesh@super.kg
Ийгилик каалайм бир эле минусу адашканыда турмушта