6-мартта Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында 100дөн ашуун коомдук жана маданий ишмерлер II жана III даражадагы "Манас" ордендери, "Данакер" жана "Даңк" медалдары, Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Эл артисти, Эмгек сиңирген артисти сыяктуу мамлекеттик наамдарды алышты. Бирок Кыргызстандын атынан чет элдик сынактарга катышып, жеңип, өлкөнү жакшы жагынан тааныткан айрым таланттуу ырчыларыбыздын бул наамдардын бирине да көрсөтүлбөй калышы коомчулуктун нааразычылыгын жаратты. Нааразы болгондордун бири "Тумар" радиосунун жетекчиси Алексей Сидоров: "Биздин эл аралык сынактарга катышып, жеңиш менен кайткан ырчыларыбыз унутта калды. Бийлик өкүлдөрү наамдарды тапшыруудан мурун бул суроонун үстүндө катуу иштеш керек. Баарыбыз билгендей эле "Turkvision" сынагынын жеңүүчүсү Жийдеш Идирисова, "Голос" долбоорунун финалчысы Кайрат Примбердиев сыяктуу ырчыларыбыз өз өлкөсүндө бааланбай жатат. Эл аралык сынакка катышуу үчүн кандай гана эмгек, күч жана каражат кеткенин жеңүүчүлөр гана билет",- деп нааразычылык билдирип чыкты. Инстаграмдагы баракчасына жазылган бул пикир колдоого алынууда.
star@super.kg
Булар азр жаш али эмгектене турган мезгил озунун кызыкчылыгы учун/20-30жыл ыр жазып ырдашсын чыдаса/анан алсын наамды и так быйылкы эл артисттердики жетишет
Мен быйылкы эл артисттердин эч бирин эл артист катары тааныбайм жана тааныгым да келбейт ошол эле Юлияны,Гулзаданы жана башка ырчыларды
Мисалы:Абдылда,Рахман,Тынар ырчылардан да таап эмгеги бааланбай жургондорду!