Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

АЯЛЫН САБАП ӨЛТҮРГӨН КҮЙӨӨСҮ 13 ЖЫЛГА СОТТОЛДУ. "АТА-ЭНЕҢ БИЗГЕ КАРЫЗ БОЛЧУ, ҮЙДҮ САТЫП ТӨЛӨГҮЛӨ" ДЕП ТУУГАНДАР КЫЙНАП ЖАТЫШАТ" ДЕЙТ КЫЗДАРЫ

№751 24-30-март, 2017-ж.


Өткөн жылдын апрель айында Балыкчы шаарында 30 жылга жакын бирге түтүн булатып келген аялын күйөөсү сабап өлтүрүп салган. Сот аялын өлтүргөн күйөөсүн 13 жылга эркинен ажыратты. Жубайлардын артында калган 2 кызы азыркы тапта ата-энесинин үйүндө күн кечиришүүдө.

АЯЛЫН ӨЛТҮРГӨН АДАМ 13 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ

2016-жылдын 2-апрелинде болжол менен кечки саат алтылар чамасында Орозбек Стамов үйүнө мас болуп келип, 1969-жылы туулган жубайы Таалайкүл Жунушованы катуу сабап салган. Сабалгандан алган оор жаракаттан улам жубайы ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин аракети акталбай, жабырлануучу 10 күндөн соң өзүнө келбей ооруканада каза болгон. Бул боюнча Балыкчы ШИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор жаракат келтирүү) боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал эми Балыкчы шаардык соту 2016-жылдын 25-июлунда Орозбек Стамовду күнөөлүү деп таап, 13 жылга эркинен ажыраткан. Эми ал жазасын түзөтүү абагында күчөтүлгөн тартипте өтөмөкчү.

"КАЙЫН СИҢДИМДИ ДАЙЫМА САБАЧУ"

Маркум Таалайкүл Жунушованын жеңеси Бактыгүл Карынова окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Кайын сиңдим Таалайкүлдү күйөө балам Орозбек ала качып алган. Ырым-жырымдарга ишенип биз дагы "таш түшкөн жеринде оор" деп отургузуп койгон элек. Экөөнүн түтүн булатып жашагандарына 27 жыл болгон. Күйөө балам Кочкордон болот, кийин Балыкчы шаарына көчүп келип жашап калышкан. Экөө Балыкчынын базарында соода кылышып, жашоо шарттары да жакшы болчу. 2016-жылдын октябрь айында Акылай деген кайын сиңдим телефон чалып, "жеңе, Таалайкүлдү ажыраштырбасак болбой калды. Күйөөсү аны дагы сабап салыптыр" деди. Биз барсак кайын сиңдимди күйөөсү көк ала кылып катуу сабап койгон экен. "Эмнеге урушуп жатасыңар?" деп кайын сиңдимден сурасак, "күйөөм бир аял менен жүрүп алыптыр. Күндө мас болуп келет. Мунусунда ал "биринчи сени өлтүрөм, анан өзүмдү өлтүрөм" деп бычак сайып салайын дегенде араң качып кутулдум. Кайсы күнгө ажалымды жазды экен" деп ыйлаганынан "анда дарыланып, бир аз эс алып кел" деп үйгө алып кетип калдык. Бирок көп узабай эле жолдошу келип, "экинчи арак ичпейм, балдарымдын апасын эми кор кылбайм" деп жалынып-жалбарып кайра алып кеткен.

"КАН БАСЫМЫ КӨТӨРҮЛҮП АСФАЛЬТТАН ЖЫГЫЛДЫ" ДЕП КАЛП ТАРАТЫП ЖАТЫШАТ"

– Ошондон бир нече ай өткөндөн кийин Таалайкүл катуу таяктан улам тилден калып, эс-учун билбей оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түштү. Биз барсак, бети-башы таанылгыс болуп жатыптыр. Көрсө, күйөөсү аны балдары окуудан келгиче сабаптыр. Ошол түнү Таалайкүлдүн башы чыдатпай ооруп чыгып, эртеси ооруканага барыптыр. Аны текшерген дарыгерлер таяк жегенин билип, "милиция чакырабыз" дешиптир. Бирок ал күйөөсүн аяган окшойт, макул болбой жумушуна кетип калыптыр. Жумуштан башы чыдатпай ооруп, аягында эсин жоготуп, "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилиптир. Каракуш мээсине катуу бир нерсе менен чапкан окшойт. Балыкчы шаарынын врачтары Бишкектен дарыгерлерди чакыртышып, алар кайын сиңдиме операция жасашты. Врачтар бир аз күндөн кийин Бишкекке өздөрү алып барып, кайра томографияга башын тартып, дагы операция жасашты. Бирок, тилекке каршы, кайын сиңдим 3 күндөн соң өзүнө келбей каза болуп калды.
Биз ыйлай-сыктай аза күтүп жатсак, күйөө баланын эжелери бизге айтпай базардагы контейнерлерин сатып, өздөрүнчө эле бөлүштүрө башташты. Жок дегенде кыркылыгы өткүчө чыдай турушса эмне болот?! Андан кийин келип үйүн талашып жатышат. Күйөө баланы болсо 13 жылга эркинен ажыратышты. Кызыбыздан айрылып чыркырап жатсак, кайын журту ар кандай ушактарды таратып жатышат. Таалайкүл кан басымы көтөрүлүп асфальт жолдон жыгылган эмес.

"АТАМДЫН БУЛ КЫЛЫГЫН ЖАШЫРГЫМ КЕЛГЕН ЖОК"

Апасынан ажырап, атасы абакта жаткан 24 жаштагы кызы Шарапат окуя болгондон бери алар үчүн абдан оор мезгил болуп жатканын айтып буларга токтолду:
– Атам менен апамдын ортосундагы уруш атамдын аракты көп ичкенинен чыкчу. Акыркы бир жарым жылда атам аракты абдан көп ичип калган. Кошо ичкен эркектер менен ар нерселерди сүйлөшүп, алардын ар кандай маселелерин угуп алып, жинин үйгө келип чыгарат эле. Апам бир жолу бизге "бир аяшыбыздын аялынан атаңарга "кутман таң", "сүйөм" деген СМСтер келип жатат" деп айткан. Муну кийин ошол аяш апабызга айтса, ал "тамашалап гезиттерге чыккан сөздөрдү кетирип коюп жүрөм" деп айтыптыр. Апам "өзүм кармап албагандан кийин каяктагыны айтып жатам" деп кайра өзү жаман болуп жүргөн.
Акыркы жолу атам апамды сабаганда мен жок болчумун. Апам эртең менен мага телефон чалып, "атаңар кечээ сабады. Каракуш жакка катуу чапкан окшойт, башым чыдатпай ооруп жатат, жумушта отурам" деди. Андан кийин ооруканага жеткиришиптир, анан эле апабыздан айрылып калдык...
7-класста окуган сиңдимдин айтканына караганда, ал кечки саат бештерде сабактан үйгө келе жатса, апамдын жоолугу дарбазанын сыртында жерде жатыптыр. Үйгө кирсе апам ыйлап отурган экен, атам болсо ошол замат сыртка чыгып кетиптир. Анан атам үйгө кирип, апам ага чай берип жатса, атам чай ичкен столду көңтөрө тээп, кайра уруш баштаптыр. Кичинекей сиңдим чырылдап ортого түшсө дагы болбой каракуш жагына 5-6 жолу чааптыр. Муну медициналык экспертиза дагы далилдеген.
Апамдын катуу сабалгандан улам каза болгонун врачтар айткандан кийин атамдын бул кылыгын жашыргым келген жок. Кандай болсо да ал менин атам, мага абдан оор болуп жаткан кез. Кечиришти же кечирбешти билбейм. Атам камалгандан бери бир да жолу барып жолуккан жокпуз. Өздөрү иштеп сатып алган чоң үйдө ээнсиреп эки кызы жашап жатабыз. Атамдын бир тууган эжеси Созул "карыздарын базардагы павильонун жана үйдү сатып төлөгүлө, мага ата-энең 35 миң сом карыз, аны да бер" деп жатат.

"СОТТО КӨП НЕРСЕЛЕР АЙТЫЛБАЙ КАЛДЫ"

Орозбек Стамовдун эжеси Асбүбү Стамова буларга токтолду:
– Иним менен келиним отуз жылга жакын бирге жашашты. Эч кандай уруш-талашы жок эле жүрүшчү. Кошуналары деле "экөөнүн урушканын көргөн эмеспиз" деп тергөөчүлөргө көрсөтмө беришиптир. Иним 3-топтогу майып, бирок ошого карабай иштеп, үй-бүлөсүн багып келген. Келинимдин кан басымы көтөрүлүп ооручу, аны өзү деле айтчу. Ошол күнү жумушка жакшынакай эле кетиптир. Ал жакка барганда кан басымы көтөрүлүп, асфальтка чалкасынан жыгылып башы жерге катуу тийиптир. Аны ал жерде иштегендердин баары көрүшүптүр. Жолдон өтүп бараткан врачтар көрө калып биринчи жардам көрсөтүп, анан ооруканага алып барышкан экен. Келиним эсине келгенде бардык туугандары ошол жакта болчубуз. Өзүнүн жеңесине "Ороздо күнөө жок" деп айтыптыр. Ошол учурда жеңеси "Бактыгүл Орозду сурап жатат" деп айтып жаткан. Куда тарап кызынын айтып кеткен керээзин аткарышкан жок.
Бул жерде көп адамдардан окуя тууралуу суралбай, сотто дагы көп нерселер айтылбай калды. Жактоочу жалдап күнөөнү инимдин моюнуна илдирип, каматып жиберишти. Биз инибиздин мүлкүн талашкан жокпуз. Өздөрүнүн карыздары бар экен, контейнерин ошолор алып алышкан. Орозбек мурдатан ооруп жүрчү, түрмөдө ага жакында эле операция жасалды. Келиндин туугандары сөөк коюлгуча эле "биздин прокуратурада тааныштарыбыз бар, иниңерди түрмөдө чиритебиз" деп кыйкырып жатышкан.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(29)
27.03.2017. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЖАРАТКАНЫМ куноолулордун ар биринин озунун жазаасын бер
27.03.2017. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
бир тууганын актай берет да,билишет ичип сабаганын.
27.03.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
"Жумушунан жыгылганын коргон адамдар бар" деп .Деги суйлогондон уялса боло.. тергоочулор, эксперттер деле келесоо эмес да. Каракушка тийген бир удар менен 5-6 ударлын айырмасын билбеген. И
27.03.2017. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Кыздары айтып атса урду деп,болду да,атайылап урду деп оз атасын каматмак беле?Туй...Аттин...Мындай окуялар каанча,биз билген.Билбеген окуялар андан да толтура!
27.03.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
тообо кылдым....эркектер эч качан аял кишиге кол которбош керек бул кудайгада жакпайт.арак ичкен жакшылыкка алып келбейт туугандар.ортодо балдарына аябай оор болдуго куйоосу манкурт экенда
27.03.2017. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
баарыбызга кудай ыйман ынсап берсин.жинди суудан алыс кылсын
27.03.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ушундай эркектин барынан жогу2кызды жалдыратып энесинен ажыраткан акмак туугандарынын болсо бети жок экен кыздарга жардам бергендин ордуна уйунорду саткыла деп байкуш эженин жаткан жери жайлуу болсун кыздарына сабыр.
27.03.2017. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ЭХХ баары эле заман бузулду деп эле заманга шылтоолошот,адамдар оздору бузулду пейилдери бузулду Аллахым озу ыйман берсин ар бир пендесине!Кандай кайгылуу окуя байкуш эже жайыныз жанаттан болсун!
27.03.2017. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыздарына жаман болуптур.
27.03.2017. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушундай эркектер колдору шал эле болуп калбайбыкен,бардык азапты эмнеге аял затына эле берип койгон экен Кудайым.
туугандарына болсо соз жок,тууган болбой калсын,озу ураган уй булону,уйлорунда саттырып бир жолу жок кылгысы барго.
28.03.2017. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
чиритсин,айта турган акылары бар.Карыздарын ошол тикилдеп суйлогон эжелери толоп койсо да бт да тологуло деп жап жаш кыздардын мойнуна илбей.Алар уйду ээлеп калбаса кайда жашамак эле куйоого тийбеген кыздар болсо.
28.03.2017. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыздары айтып жатпайбы мен 100 просент ишенем куйоосу олтургонуно
28.03.2017. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куйосу чыныгы жырткыч екен .бирок жыркычта деле журок болчу еле бул жырткычта журок жок екен
28.03.2017. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
колун менен жасаган ишинди,мойнун менен тарт.
28.03.2017. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аял кандай зат экенин кее бир доопарастар билбейт Бейиш эненин таман астыда ушуну унутпайлы
28.03.2017. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эркектер чынында эле оорукчан болот. Экинчи ичпейм экинчи, экинчи,экинчи деп аялын жеп тынып анан иии деп калышат.
28.03.2017. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир адам олтургон канкор учун 13 жыл аз,эжелери да болгон экен
28.03.2017. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бечара аялдарбыз,балдарын таштап оздорун карабай иштеп ошого карабай куйоосунун токмогун да жешет:(((
28.03.2017. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындай жашоону кечиргендер Кыргызстана толуп жатат. Каяктагы жапайы салттар деп ушул нерселер болуп жатат. Дароо ажырашканда бул нерсе болмок эмес. Кыздарына эми эмне болот.
29.03.2017. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
уф ушундай манкурт эркектер колдорунан эс нерсе келбейт. алдары жеткени уй булоосу, аялы. уйдо баатыр жооодо жок. аялын сабап коюп озун баатыр сезет булар. 13 жыл аз бериптир бул шумшукко. бир тууган эжелери озуно окшогон манкурттар экен соз жок
29.03.2017. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушуга окшогондор чябай кобойдү. Тынч эле жашасак экен. Э кудай баарыбызга ыйман ынсап бере көр
29.03.2017. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай эркект сооройлор тажатты да.. уйдогу баатыр жоодо жок болуптур да кыздары айтып атпайбы кочодо ботолколоштору суйлоп койсо деле уйуно келип баатыр болгонун...
29.03.2017. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздарына сабыр, АЛЛАХ бактылуулук берсин.Колдо бар алтынды оз убагында барктайлы достор.
30.03.2017. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кан басымы которулуп жыгылбай эле сатресения алган учун жыгылдыда. Ушундай ташбоорлук жазасыз калбашы керек!
30.03.2017. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Myndai erkekter toltura koomdo. Kozubuz m.n korup ele jurboibuzbu andai erkektin bir tuugandaryda ozundoi akmak boluwat. Birok kor boup otot ajaly kelgiche kaitar duino jakwy aialdyn barkyn bilbegen erkek kiyinki aialynan korot kyzdarynan korot owondo kech bolot
30.03.2017. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ичимдикти Кыргызстанга киргизбейле койсо ыраазы болотлем
30.03.2017. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айланайын кыргызым биз озу кайда баратабыз кайсы жолду тандаганбыз деги, качан болсо бирин-бири олтуруп жаткан,зордуктап жаткан, деги жакшы кабар угабызбы тажатты ушундай кабарлар
02.04.2017. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыбыздын журогубузго Аллахым ыйман берсин.Аллахым ушундай эркектердин жана ушундай бир туугандарын оз жазасын берээр.
02.04.2017. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алладан корксонор боло айал жыгылар менен врачтар жолдо өтүп баратып көрдү деп кантип айтасынар бул сөзү окшопоптур шумдук эле экенсинер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: