Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ПАМИРДЕН КЕЛИП ЖАКЫРЧЫЛЫКТЫН АЗАБЫН ТАРТЫП ЖАТКАН ҮЙ-БҮЛӨНҮН ТАГДЫРЫ. «ДОКУМЕНТИБИЗ, ҮЙҮБҮЗ ЖОК МАЙЫП КЫЗЫМА ЭЛЕ КЫЙЫН БОЛДУ»

№753 7-13-апрель, 2017-ж.


Өз жерин, элин көксөп Тажикстандагы Памир тоолорунан өлкөбүзгө көчүп келген адамдардын саны бир канча. Алардын ичинен тарыхый мекенинде турмушун оңдоп кеткендери да аз эмес. Бирок кыргыз элине бакыт издеп келип, тескерисинче, татаал тагдырга дуушар болгондор да бар. Алардын бири Чүй облусуна караштуу Панфилов районундагы Вознесеновка айылында жашаган Кулушевдердин үй-бүлөсү.

Жаныбек Кулушев: «КЫРГЫЗ ЖЕРИНЕ БЕКЕР ЭЛЕ КӨЧҮП КЕЛИПТИРМИН ДЕП ОЙЛОБОЙМ»

– Кыргыз жерине 2005-жылы келгенбиз. Тажикстандагы Мургаб айылында жумуш жок болуп, эл катуу кыйналып баштаган. Ал жакта эч нерсе өспөйт, эч нерсе курулбайт. Оштон гана ун барчу эле. 1 койго 1 мүшөк кара ун алчубуз. Ошондо элдин кээ бирлери үйүн сатып, эптеп акча таап 1 баштык менен Кыргыз өлкөсүнө карай сапар тартып баштаган. Биз дагы тоолуу жерде жашачубуз. Жубайымдын өпкөсү ооруганына байланыштуу аны дарыгерлер тоолуу эмес жерде жашашы керек дешкен. Топоз, койлорубузду сатып, бул жакка жубайым жана 5 балам менен көчүп келдик. Алгач келгенибизде Бишкектин четиндеги бир фермада мал багып, батирде жашап жүрдүк. 5-6 жыл иштеген соң жубайым ооруп жарым жылдай ооруканада жатты. Бирок ага карабай каза болуп калды.
Кийин курулушта бир жылдай иштедим. Балдарымды борбордо окууга киргизе албасымды түшүнүп, Панфилов районундагы Вознесеновка айылына көчүп келдик. Бул жерде мал багып, кожоюн малчыга деп берген үйдө жашачу элек. 1 ай өткөн соң аларга малчыга кошо саанчы керек болуп, үйдү бошотууга туура келди.
Балдарымдын экөөсүн Вознесеновкадагы мектепке киргиздим, алар окуп жатышат. Бири 1-класста, экинчиси 6-класстын окуучусу. Улуу кызым Жалал-Абадга турмушка чыгып кетти, 2-кызым тубаса ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, аны 17 жаштагы кызым карап отурат. Эжесин таштап кете албай, 6-классты бүткөндөн кийин мектепке да барбай калды. Себеби майып кызымды караган башка адам жок. Аны кароосуз калтырсак, өз алдынча бир жактарга кетип калат. Канча жылдан бери оорукчан кызымды майыптар үйүнө берсек деп тиленем. Балким, ал жакта жакшы карашат беле деп ойлойм. Керектүү дарысын берип, зарыл текшерүүлөрдөн өтөт беле деген үмүтүм үзүлбөйт. Сиңдисинин колу бошоп, ал дагы иштесе, кичине жардам болмок. Бирок учурда биздин эч бир документибиз жок. Ооруп калсак айылдагы дарыгерлер түшүнүү менен карап беришет.
Эч кандай шарты жок үйдө баарынан оорукчан кызыма кыйын болуп жатат. Рахат кызым өмүр бою майып эжесин карап отура албайт. Бой жетип калды, турмушка чыгып кетсе эжесин ким карайт, кантип тиричилик кылабыз деп ойлоном. Өзүм 50 жашка чыгып калдым. Азыр жашап жаткан үйүбүздүн ээси дагы акча сурабайт, биздин акыбалыбызды көрүп боору ооруду окшойт, «бекер эле жашай бергиле» деген. Мен болсо ар кайсы жумушта иштеп, үйгө тамак-аш алып келгенге аракеттенип жүрөм. Кышында базарда жүк ташуучу болуп иштедим. «Памирден бекер эле көчүп келиптирмин» деп ойлоносузбу?» деп сурап калышат. Жок, антип ойлобойм. Кантсе дагы өз элимдин арасында, өз жеримде жашап жатканыма шүгүр кылам. Памирде бизди ким укмак эле, жардам бермек турсун тажиктер биз менен эсептешпейт.

– Бизге жеткен маалыматтар боюнча, сиздин үй-бүлөңүз тууралуу айыл элине эң кичүү уулуңуз Алихан сабакта эсин жоготуп жыгылгандан кийин маалымат тараган экен. Анда "бала ачка болгондугунан ушундай болду" деп жатышат...
– Жок, андай окуя болгон эмес. Мугалимдери деле «бул сөз кайдан чыкты?» деп таң калып жатышат. 6-класста окуган балам кошуналардын малын багып, акысына тамак алып иштейт деп айтышыптыр. Ал окуйт, мал баккан эмес. Кээде гана мага жардамдашып калышы мүмкүн.

Жаныбек кызы Рахат, 17 жашта: «ЭЖЕМЕ ЖАРДАМ БЕРИҢИЗДЕРЧИ»

– Мен окубайм, эжемди карап үйдөн деле чыкпайм. Эжемди кароосуз калтырсак ал башы оогон жакка кете берет, үйгө кайтып келгенди билбейт. Жөнөкөй «отур, тур» деген сөздөрдү түшүнөт. Бирок башка нерселерди түшүнбөйт. Бул эки бөлмөлүү үйдө жашаганыбызга 2 жыл болду, электр мешинин жардамы менен 1 бөлмөсүн эптеп жылытабыз. Себеби үйдө от жакчу меш жок.
Жайкысын инилерим эс алууга чыкканда мен талаа иштерине чыгып бир аз акча таап келем. Башка учурда үйдөн алыс чыга албайм. Талаада иш кылып жүрүп таанышкан курбу кыздарым бар. Алардын жашоосу, албетте, биздикинен башкача, сейилдегенге, ойногонго убактысы бар. Курбуларым мектепте окуп, чоң окуу жайга тапшырабыз деп даярданып жүргөн убакта мен үйдө эжемди карагандан колум бошобойт. Чындыгында ушул майып бир тууганыма гана жардам берсеңиздер. Себеби ага жакшы кароо керек. Буга чейин биз тууралуу уккан борбордун тургундары май, чай, нан жана башка керектүү нерселерди алып келип беришти. Азык-түлүгүбүз көбөйүп кубанып калдык.

Ордогүл Ооматова, Памирден 7 жыл мурун көчүп келген. Жаныбек мырзанын айылдашы: «МЕКТЕПТЕ ОКУУЧУ ЭСИН ЖОГОТУП КОЙДУ, СЕНИН ЖЕРДЕШИҢ ЭКЕН» ДЕП ЧАКЫРТЫШКАН»

– Биз деле ушул үй-бүлөдөй 7 жыл мурун Памирден көчүп келгенбиз. Мурда Кант шаарында жашачу элек. Бул жакка көчүп келип, үй сатып алып жашап жатканыбызга 1 жарым жыл болуп калды. Учурда Жаныбектин балдары окуган мектепте мен ата-энелер комитетинин мүчөсүмүн. Мурун ал кишини таанычу эмесмин, бир күнү мага «1-класстагы Алихан деген бала эси ооп жыгылып калды, сенин жердешиң экен. Ачка жүрүп кулап калыптыр» деп мектептин директору өзүнө чакыртты. Барсам, чын эле суукта жеңил кийинген кичинекей бала экен. Алардын үйүнө бардык, жашоо шартын көрдүк, ата-энелер, мектеп жамааты биригип жардам көрсөттүк. Балдардын атасы кыйын турмушка чыдабай ичип да коёт экен. Кыргыз деп элибизге келдик да, жардам көрсөтүп жаткан адамдарга рахмат. Азыркы жашоо шарты жакшырып калгандагысы. Бирок баары бир алар дагы деле жардамга муктаж.

Жаныбек мырза кышы бою 1 бөлмөдө бойго жеткен 2 кызы жана 2 баласы менен жашап жатат.


Бөлмөдө минтип ачык токтун зымы турат. Андан 7 жаштагы Алихан эки жакка секирип өтүп жүрө берет.


Нуркыз Курманбек кызы
koom@super.kg



Памир тоолорунан келген кыргыздар кыйналышууда

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Айбек Алимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(39)
10.04.2017. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+56
Счет ачышып жардамдашып койгула.биз россиядан Жана башка олколордогу Кыргыздар жардам берели колдон келишинче
10.04.2017. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Handsome85,Туура айтасыз счет ачса жардам беребиз
10.04.2017. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Жардам беребиз бюрса
10.04.2017. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Окмотубуз кайакты карап жатат дагы памрдеги кыргыздарды алып келебиз деп койушат аларды да ушундай тагдыр кутобу анда жок дегенде документ,жер тараптан жардам бербейби
adimyrza түзөттү 2017-04-10 09:58:28
11.04.2017. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
adimyrza,өкмөтүбүз келечекти ойлоп жатат. келечектеги президент ким болот? аны кантип сатып алсак болот?кыргызстанды кантип тонойбуз?текебаев жана анын тобундагыларды кантип жоготобуз? деген суроолор менен башын оорутуп жатышат. мындай маселелерге алардын убактысы жок ошондуктан озүбүз эле жардам берсек болот.
10.04.2017. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
доллорвый милионермин дебей жардам бербейби элди аралап жашоосун коруш керек
10.04.2017. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
didu,кайакта элди аралайт элдин башына кайгы тушкондо бут басып барбадыго Дача сууга жаман деп айдаганыбыз Бакиев элдин алдына барып турчу
adimyrza түзөттү 2017-04-10 11:49:21
10.04.2017. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Июнь окуясынан кийин бироолорго ,каирпичтен уй салып бергенго окшош кылып, ошондой кылып кам кыш менен эле памирликтерге уй салып беришсе болмок,
10.04.2017. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Чыдап тургула атам ака кетсе жардам болот мамлеккттен
10.04.2017. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Djumaev0mur,Бир адамга асылуу менен жашоо жакшырбайт!!!
SUPER.KG видео
10.04.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Он жылдан бери окмот жардам бербесе анда окмотун баарын отставкага кетириш кк
10.04.2017. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Байкуштар ай бул күндөр да өтүп кетеер....
10.04.2017. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Жарлам. Кылалы коа тукурсо кол болот..ким 100 сом ким 50 сом болсо да которсо..бир миллионубуз эле кошумча кылсак уй салып бергенге жетип калат,,Азамат Байматовдун Кайрымдуу бол счетуна которсо деле болот го памирлик кыргыздарга деп аты жонун жазып которсо оз дарегине жетет деп ойлойм буларлын документтери жок счет ачалышпайт,окмот ачса дарегине жетпей калабы деп ойлойм...
11.04.2017. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kroxa,туура айтасыз, счетту окмот ачса дарегине жетпей калат. Башка коомдук уюмдар ачса жакшы болмок
10.04.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
адресин же номерин берип койгулачы колдон келген жардамдарыбызды берели
10.04.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
эгер жардам берем дегендер ишенич корсотсонуздор мен счет ачып оз дарегине жеткирип берем деп убада берем
10.04.2017. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Канчалаган байлар бар 50мин аларга корунбойт деле кичине жардам берсе болот миллионермин дебей
SUPER.KG видео
10.04.2017. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өкмөт соттошо бербей ушуларга жардап беришпейби. Кабар алып аягына чыккыла.
10.04.2017. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Байкуштар ай(((Боорун ооруйт танкору!Жардам береличи.Ушундай макаланы жазып чыгарганда сразу эле счет ачыппы,жардам беруунун жол-жоболорунбу жазып койсонор жакшы болот эле супер-инфо.
ekaterinburg түзөттү 2017-04-10 19:20:17
10.04.2017. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азаматсынар! Супер жок дегенде! Ушул уй булонун, керектуу документерин жасап бергенге комоктошуп койсонор жакшы болмок. Унуткарбай кайрадан корсотуу жасап. Балдарына жана майып кызга жолок пул чыгарып беришсе. Окмот тараптан. Кыргыздын аалыс, жакында жашаган. Кайрымдуу мекендештер кол сунаалы. Колдон келгенче.
bosmos777 түзөттү 2017-04-10 19:33:41
11.04.2017. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстана кочуруп келсе болбойбу буларды айылы менен?
century түзөттү 2017-04-11 20:54:47
12.04.2017. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
century,Кыргызстанда жашап жатышат экен.2005-жылы келгенбиз дейт.
11.04.2017. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен баймын,мен бай болгон кезде азыркы байларын студент болчу деген Апенди коруп атат болду бекен ушуларды
12.04.2017. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул кундор да отуп кетет, Алланын козу туз болсун
12.04.2017. 07:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул кундорда отуп кетет Алахым озу колдосун амиин.
12.04.2017. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
счет ачышканга жардам кылып койсонор акча которот элек колубуздан келишинче! окуп алып ыйладым, Аллахым жардамчысы болсун!
12.04.2017. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо ар чыгарган каармандарга счет ачып туруп чыгарсаңар биз акча которот элек селер канча жыйылса алып барып берет элеңер , сураныч ушул сунушту эске алып коюңуздарчы супер инфо жамааты .
13.04.2017. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mirbek99, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө кабарланды.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-04-13 15:24:49
13.04.2017. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуштар Мекенине кочуп келип кайра эле кыргыздын адам тааныбай керсейген байларына жалчы тушуптур да. Бул бийлик качан онолот?!! Бийлик контрабанда жук ташып, алтын сатып озун ойлоп отурат. Элди ойлоор бийлик качан келет?!! Азыркы бийлик элди артка тартып жатат, илгерки байлар менен жалчы-кулдардын заманына....
13.04.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо ододо айтылгандай ушул уй булого счет ачыш керек.Аны Азамат Байматов агабызга айтып дегендей.ушундай мумкунчулугу чектелген уй булого жардам берип элге жарыялап акчасын оз дарегине жеткирип уй салып берип ото чон маселени чечип жаткан Азамат агабызга аллахым уй булосу ата энеси бала чакасы менен бактылуу кылсын.бул уй булого счет ачса биз да Москвадан которобуз.уйлуу болуп калышсын.бийлик кыргыздын санын кобойтуштун ордуна туш тарапка таратып жатат элибизди.
13.04.2017. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nuria.2015, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө кабарланды.
14.04.2017. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,саламатчылык.сиздерге да рахмат ушинтип элге жанылыктарды жеткирип .ушундай колунда жоктордон интерьвю алып себепкер болгонунуздарга.москвада болсок да калтырбай окуп келем.кудайым колдоп,кыргыз эл колдоп,коп тукурсо кол болот дегендей карапайым эл кайра боорукер болот бир кун телефонго акча салбай,ошо акчаны которсок жакшы болмок.ододо дироктору жердешин деп чакырыптыр.кыргызбы демек баарыбыздын жердешибиз.бирдей коз караш болуш керек буларгада.
13.04.2017. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул нерсеге элди милдеттендирген мыйзам ойлоп чыкса жакшы болмок.Ар бир адам 20-30- сомдон единица салгандай эле которуп койсок.Ал эми чондордон кобуроок алынса дегендей.Уй жайлуу,болууга ,дарыланууга аз да болсо жарап калмак.Канчалаган уй-булоолор акча отурганын эстесем жаман болуп кетем.коп тукурсо кол боломок...
13.04.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бабанов байлыгынан 00000001% берсе эле кандай болмок.
14.04.2017. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Байматов байкеге айтышайтыш керек
14.04.2017. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жардам бергенге даярбыз бизда
16.04.2017. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдуу тулку ач калбайт,кайгырбаныз,кантсе да элибиз боорукер жардамчыл эмесби
SUPER.KG видео
17.04.2017. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар менен кантип байланышса болот??
SUPER.KG видео
18.04.2017. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушулар уйлу болсо экен ,байкуш кызга боорум ооруп кетти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: