Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЫЙНАП КЫЛМЫШТЫ МОЮНГА АЛДЫРГАН ДЕП ШЕКТЕЛИШҮҮДӨ

№754 14-20-апрель, 2017-ж.


МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЭМИ ӨЗДӨРҮ КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ

2014-жылдын 31-декабрында Чүй облусундагы Беловодское айылынын тургуну Аганес Жалетяндын үйүнө ууру кирип, 19 миң сом акчасын уурдап кеткен. Үй ээси бул тууралуу милицияга арыз жазып, көп өтпөй милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектелип ошол эле айылдын тургундары Абдусамат Мусаев, Саринжи Манапбек уулу жана Нариман Чоноев кармалып, кылмышты моюндарына алышкан. Бирок кийин кылмышка шектелип кармалгандар Москва РИИБинин 3 кызматкери алардын баштарына желим баштык кийгизип, коркутуп-үркүтүп кылмышты моюндарына алдырышканын айтып, ал милиция кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазышкан. 2015-жылдын апрель айында прокуратура тарабынан шектүү катары кармалган жарандарды кыйнады деген шек менен Изат Мастеркулов, Таалай Иманалиев, Бекназар Ажыбаев деген милиция кызматкерлерине Кылмыш жана жаза кодексинин 305-беренеси (кыйноо) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө аяктаганда иш Москва райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

«МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ЖООП БЕРҮҮЛӨРҮ КЕРЕК»

Башкы прокуратуранын кыйноолорго каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Кетиренов буларга токтолду:
– Бул милиция кызматкерлери кылмышка шектелип кармалган жарандарды 33 саат мыйзамсыз камап, кыйнап күнөөнү моюндарына алдырышкан. Тергөөдө алар далилденген. Эми кылган иштери үчүн мыйзам чегинде жооп берүүлөрү керек.

«БУЛ ОКУЯ БАШКАЛАРГА ДА САБАК БОЛСУН»

Жабырлануучулар окуя тууралуу айтып берүүгө батынышкан жок. Ал эми жабырлануучулардын бири Абдусамат Мусаевдин апасы Михрай Мусаева окуя тууралуу буларды айтып берди:
– Бул уурулук 2014-жылдын 31-декабрында болуптур. Ошол күнү уулум сүйлөшкөн кызы жана достору менен бирге үйдө болчу. Аны кошуналар да билишет. Январь айынын баш ченинде милиция кызматкерлери үйгө келип, «балаңыздан түшүнүк алабыз. 10-13-январь күндөрү каякта болду эле?» деп сурашты. Балам ошол убакта сүйлөшкөн кызынын үйүндө болчу, алып келсек, уулумду милиция кызматкерлери машинасына салып кетип калышты. Ал күнү шаардын бардык ИИБине телефон чалып, баламды таппай койдук.
Эртеси уулум бейтааныш номер аркылуу чалып, Москва РИИБинде экенин, милиция кызматкерлери сабап, башына баштык кийгизип кыйнап «күнөөнү моюнга аласың» деп жатышканын айтты. Аны уккан соң облустук прокуратурага милиция кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазып, экспертиза дайындаттык. Экспертиза жүргүзгөн адистер текшерип, чын эле абалы начар экенин көрүп «Тез жардам» чакыртышты. Башында уурулукка шектелип кармалгандар бири-бирине каршы көрсөтмө беришиптир. Бирөө «үчөөбүз чогуу киргенбиз» десе, балам Нариманга каршы көрсөтмө бериптир. Кийин үчөөнү беттештиришсе Саринжи менен Нариман баламды уурулук кылган убакта болгон эмес деп айтып чыгышты.
СИЗОдо 9 күн жаткандан кийин үчөөнү тең бошотуп, милиция кызматкерлерине каршы жазылган арызды алгыла дешти. Аны алгандан кийин күнөөсү жок бошотулганы тууралуу документ бергиле десем беришти. Окусам, кылмыш иши козголуп, үй ээсинин тосмо арызынын негизинде кылмыш иши жабылды деп жазылып туруптур. Ошондуктан прокуратурага барып, кайра арыз жазууну туура көрдүм. Себеби биринчиден уулума мыйзамсыз кылмыш иши козголгон, экинчиден кылмышты моюнуна алдырыш үчүн уруп-сабашкандыгы экспертизада тастыкталган.
Андан кийин милиция кызматкерлери бизге телефон чалып коркутуп-үркүтүп да жатышты. «Балаңардын кийинкисин ойлогула» деген сыяктуу коркутуулары бар, аны биз диктофонго да жаздырып алганбыз. Балам 16 жашында «каракчылык» беренеси менен айыпталып, жатак абакка кесилген. Биз ага катуу көзөмөл кылып жатканбыз, мурда кылмыш кылган деп бир нерсе болсо эле кармай берген болбойт да? Мен уулумдун укугун коргоо менен бул окуя башка милиция кызматкерлерине да сабак болсун деп жатам.

«ДУБАЛГА БАШТАРЫН УРГУЛАП, АНАН БИЗДИ САБАДЫ ДЕП АРЫЗ ЖАЗЫШТЫ»

Ал эми 3 адамды кыйнап кылмышты моюнуна алдырган деп айыпталып жаткан милиция кызматкери Изат Мастеркулов окуяны төмөнкүчө айтып берди:
– 2015-жылдын башында уурулук фактысы катталып, ал кылмышка шектүү катары алгач Абдусамат Мусаев менен Манапбек уулу Саринжи кармалган. Тергөөчү аларды түнкү саат бир жарымдарга чейин суракка алган. Бири-бирине каршы көрсөтмө берип жатып, дагы бир адам кармалган. Тергөөдөн кийин үчөө тең медициналык экспертизадан өткөрүлүп, ичимдик ичкен-ичпегени, денесинде көк ала тактардын бар-жогу текшерилген. Эгер биз аларды сабап, тепкилесек, анда экспертиза сабалды деп жыйынтык чыгарбайт беле? Экспертиза жасаган кызматкер келип, 6-апрелде сотто көрсөтмө берди. Кылмышка шектелип кармалгандар СИЗОго киргизилгенде ал жакта жаткан бирөө «дубалды сүзүп башыңарды жаргыла да, милиция кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазгыла. Ошентсеңер силерди бошотот» деп айтыптыр. Ошентип акыл үйрөткөн жаран дагы сотко келип ошону айтып берди.
Эми алар бизди коркутуп-үркүтүп жатат деп арызданышыптыр. Анан дагы «коркуткандарын диктофонго жаздырып алдык» деп жатышат. Булар болгону өздөрүнүн жалгандары чыгып калбаш үчүн ушундайга өтүштү. Балким, өздөрү бирөөгө сүйлөттүрүп коюшкандыр, аны ким билсин.

«КЫЛГАН ИШИН МОЮНГА АЛЫШЫП, ТОСМО АРЫЗДЫН НЕГИЗИНДЕ ИШ ЖАБЫЛГАН»

Жогорудагы уурулук ишин караган Москва РИИБинин тергөөчүсү Бишкек Мадалканов болсо «сот менин күбө катары көрсөтмө берүүмө каршы болуп жатат» дейт:
– Январь айында уурулук фактысы катталып, кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр кармалган. Ошондо мага Таалай Иманалиев деген опер кызматкер «жактоочунун көзүнчө сурак ал. Булар жалаа жабышы мүмкүн, бирөөсү мурда да милициянын үстүнөн арыз жазган» деп айткан. «Мына биз тийген жокпуз, өзүң көрдүң» деп айтып, чыгып кеткен. Мен кылмышка шектелип кармалгандардан жактоочуларынын көзүнчө сурак алгам. Алар кылмышын моюндарына алышкан жана «силерге опер кызматкерлер тарабынан кол тийүү болгон жокпу?» десем, «жок» деп жооп беришкен.
Кийин эле ушундай ызы-чууну башташты, эгер опер кызматкерлер буларды урганы чын болсо, анда эмнеге мага же жактоочусуна ошол убакта айтышкан эмес? Ал убакта медициналык экспертиза да көк ала жок экендиги тууралуу жыйынтык чыгарган. Кылмышка шектүүнүн туугандары жабырлануучудан суранып тосмо арыз жаздыртышкан, ошондуктан иш кыскарган.

«АКЧАҢДЫ ТӨЛӨП БЕРЕБИЗ ДЕШКЕНИНЕН ТОСМО АРЫЗ ЖАЗЫП БЕРГЕМ»

Үйүнөн акча уурдаткан жабырлануучу Аганес Жалетян окуя тууралуу буларга токтолду:
– Буга чейин Жаңы жылды дайыма чоң атабыздыкында тосчубуз. 2014-жылдын 31-декабрында да үй-бүлөбүз менен саат 8-9дарда чоң атамдын үйүнө барганбыз. Өзүбүздүн үйдө эч ким калган эмес. Ошол бойдон таңкы саат 4тө келип, үйгө ууру киргенин билдик. Уурулар үйгө терезеден киришкендиктен айнеги ачык экен, булганып да калыптыр. Карасам, үйдөн 19 миң сом акча жоголуптур. Ошол замат милиция чакырып, арыз жаздым. Көп өтпөй кылмышка шектүүлөр кармалды. Кармалгандардын экөө: Нариман менен Саринжи мурун менин фермамда иштеп кетишкен, алар менин үйүмдү жакшы билишет. Кийин үйгө алып келишкенде алар кантип үйгө киришкенин, акчаны кайдан алганын туура, так көрсөтүп беришкен.
Андан көп өтпөй эле мага кармалган жигиттердин биринин туугандары келип, тосмо арыз жазып берүүмдү суранышты. «Биздин баланын күнөөсү жок, акчаны кайтарып берели» дегенинен, «күнөөсү жок болсо, анда эмнеге акча алып, тосмо арыз жазып беришим керек» деп болбой койгом. Андан кийин кылмышка шектелип кармалган Нариман менен Саринжинин эжелери келип, «ич ара бүтүрүшөлү. Балдар жаштык кылып коюшту. Акчаны бир айга жеткирбей төлөп беребиз. Тосмо арыз жазып бериңиз» деп келишкенинен, кошуна эмеспизби деп өзүмдүн унаама салып милицияга барып арызымды жазып берип келгем. Мына ошондон бери акчадан да, өздөрүнөн да дайын жок. Башка жакка көчүп кетишиптир. Эми кайра милицияга арыз жазайын деп жатам, 19 миң сом талаада жатыптырбы?!

Бул ишти Москва райондук соту карап жатат. Буга чейин үй камагында болуп келген кылмышка шектүүлөрдү (мурунку милиция кызматкерлери) 6-апрелде сот №1-СИЗОго камакка алуу боюнча чечим чыгарды.


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg



Милиция кызматкерлери кыйноо беренеси боюнча шектелүүдө

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(10)
17.04.2017. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кимге ишенишинди билбейсин,акыретте жооп беребиз унутпайлы
22.04.2017. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ишене бер, булар ушундай.Менин тайкемди да ургулап, кыйнап кылбаган ишти моюнуна алдырышкан. Бирок эч кандай майнап чыккан жок. Апам оздорун каматып жиберейин деп арыз жазып тааныштар аркылуу кутулуп кетишти. Мейли, Аллах бар, баарын коруп турат.
17.04.2017. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ошончо акчаны уйдо да сактайбы карточкага салса болбойт беле
18.04.2017. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
pixduel1,19мин эмес 1млн 900мин сактагандар бар үйүндө тууганым
17.04.2017. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
"Оборотни в пагонах"Жалган жалаа жапкан,куноосуз адамдарды уруп-соксо онбойт акыры!Тообо кылдым!
18.04.2017. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чындыгында милициялар планын толтуруш учун ошол ишти батыраак жабыш учун куноосуз адамдарды куноолоп отургузушат. Менин да атамды уруп согуп мойнуна ал деп кыйнашкан экен. Адам олтурду деп 3 жылга соттолгон... Мен билбеген экем адам омуру 3 эле жылга ченелерин. Дагы строгий режимде эмес,ар эки айда уйго келип кетчу. Ушундан эле билсен болот да план жабылышы учун камаганын.
SUPER.KG видео
18.04.2017. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Апасы акча ондуробуз деп тооба бензин кетии деп булар ушунтип жашап конгонго Оперлерде куноо жоктой
19.04.2017. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озуно САК бол да, конушунду ууруу тутпа деген соз бар кыргызда.
22.04.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким жаман опер жаман болуп калат. Ошо ишин тушсо оперге жугуросун. Милиция жумушу оор жумуш. Жон эле адамды кармап камай бергидей алардын башы экоо эмес. Факт далил менен камайт. Кошунасы айтып жатпайбы кандай алганын так корсотуп берди деп уурдабаса анда неге туугандары оз ара бутуролу деп келет ошондо эле арызданышпайбы. Эми бут милиция таза дегенден алысмын арасында кумалактар бар да любой жерди бир кумалак чиритет.
23.04.2017. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милициялар адамды коргоо учун эмес кордоо учун кызмат кылышат. Акчалуулар кылмыш кылса да кутулат,акчасы жоктор ак жеринен тутулат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: