Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174   1175  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Айгерим Расул кызы, ырчы: «КЫРГЫЗСТАН СУЛУУСУ» СЫНАГЫ АКЧА ТАБЫШ ҮЧҮН ЭЛЕ ӨТКӨРҮЛДҮ»

№754 14-20-апрель, 2017-ж.


Айгерим Расул кызы чыгармачылык, жеке ишкерлик менен алектенип, 1 кызды тарбиялоого да жетишип келет. Учурда дагы бир кесиптин ээси, тагыраак айтканда, продюсерликте өзүн сынап көрмөкчү. Эмесе, ырчынын акыркы жаңылыктарына саресеп салып, маектешип көрөлү.

– Кандайсың, Айгерим? Маегибизди сен калыс болгон «Кыргызстан сулуусу-2017» сынагынан баштасак. Коомчулукка нааразычылыгыңды ачык жарыялап чыгууга эмне түрткү болду?
– Жакшы. Бул тууралуу уюштуруучунун өзүнө айтайын дегем. Бирок ал телефонун өчүрүп, байланыштан качып жаткандыктан баарын коомчулукка айтууга туура келди. Кыргыз өлкөсүнүн атын чет өлкөдө тааныта турган кыздарды тандоонун, сынактын, уюштуруунун деңгээли аябай төмөн болгону ачууңду келтирет экен. Алсак, кыздар чыкчу подиум кичинекей, жарыгы жок. Кыздардын беттери жакшы көрүнбөйт. «Кыргыз бийи» деп баарын чыгарып койду же алар көрүнсөчү. Анан да талантын көрсөтүүдө кээ бирлери жерге жата калып стриптиз бийлеп киришти. Эл аралык сынактарга катыша тургандарды да ушинтип тандайбы? Биздин баа бергенибиз эсепке алынган жок. Жөн эле жазып жаттык.
Ал эми жеңүүчү болгон кызга келсек, ал жадакалса «Сүймөнкул Чокморов ким болгон?» деген суроого жооп бере алган жок. «Чокморов куугунтукта жүргөн, журналист» деп залдагы элди күлдүрдү. Анын жеңүүчү болгонуна каршылыгым жок, бирок андан да мыкты, суроолордун баарына жооп берген сулуулар бар болчу. Аны алдын ала дайындашкан деп ойлойм. Себеби калыстар чечим кабыл алуу үчүн чогулганда уюштуруучу Таттыбүбү Самидин кызынын башынан жеңүүчүлөрдү тандап койгону белгилүү болду. Республикалык масштабдагы «Мисс Кыргызстан» деген сынакты ушундай жаш, эч кандай тажрыйбасы жок кыздын тандоосуна ким уруксат берди деген суроо жаралат.

– Өлкөнүн атынан дүйнө сулуулары менен ат салышчу сулууну кимдер тандашы керек деп ойлойсуң?
– Бизде Маданият министрлиги бар. Башка өлкөлөрдө мындай чоң сынактарды бир гана Маданият министрлиги чечет. Улуу муундагы маданият өкүлдөрү бир нече сыноодон өткөрүп, татыктууну тандоо керек эле да. Биринчи Улуттук каналдан «Кыргызстан сулуусун тандайбыз» деген жарнакты байма-бай кетириш керек болчу. А бул кыз Инстаграм баракчасынан өзүнө керектүүлөрүн тандап алды. Андай сынактар чоң масштабда Опера жана балет театрында, Улуттук филармонияда, Спорт ордосунда өткөрүлүшү керек эле. Бул сынак акча табыш үчүн эле өткөрүлгөнү билинип калды. Анан дагы 17 кызга 15 миң сомдон билет саттырганда деле 255 миң сом болот экен. Жакшы бизнес кылыптыр. Бирок ушунча акча чогултат экен, жок дегенде, подиумга жарык коюп койсо болмок. Кыскача айтканда, сынактын кемчиликтери аябай көп болду.
Дипломдорду тапшыруу учурунда байкасам, эч бирөөнүн кол тамгасы же мөөр басылганы жок. Кыскасы, жөн эле бир кагаз. Мыйзамсыз сынак десе дагы болот. Мен атайын Ош шаарынан сынак мамлекеттик деңгээлде өтөт деп келген элем. Бирок сынак мектеп деңгээлинде болду. Уялганымдан акырына чейин тура албай чыгып кеттим.

– Уюштуруучу «ыраазычылык кагазы берилбей калганы үчүн залдан чыгып кетти» деп жатат...
– Ал шылтоо. Ыраазычылык кагаздар демөөрчүлөргө берилди. Калыстарга эмнеге берилмек эле? Берилген күндө дагы мөөрү жок, кол тамгасы жок, бош кагаздын мага эмне кереги бар? Бул айтканы күлкүнү келтирет. Ыраазычылык барактар толтура, жыйылып турат. Ага муктаж болгонум жок.

– Калыстар тобуна кандайча чакырылып калдың?
– «Мисс Кыргызстан» болуп жаткандан кийин Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Талас облустарында сынак уюштурулуп, тандалган кыздарды борборго алып келип «Мисс Кыргызстанга» даярдаш керек болчу. Калыстар тобу баары Таттыбүбү менен иштеген адамдар. Арасында достору дагы бар. Өзүнүн оюн ишке ашырыш үчүн улуу муундан калыстык кылууга эч кимди чакырбаптыр. Мени чакырганынын себеби, калыс дагы болуп, ырдап дагы берет деп чакырган экен.

– Сөзүбүздү жеке ишмердүүлүгүңө бурсак. Кыздардан турган топтун аталышы жана азыркы тапта эмненин үстүндө иштеп жатышат?
– Топтун атын дагы эле тандай элекпиз. Кыздар болсо сахнага чыгууга даярданып жатышат. Вокал, хореография, харизма, сахнада өзүн алып жүрүү боюнча сабак алып жатышат. Кыздардын баары секелек, 15-18 жаштагы кыздар болгондуктан, 5 жылдан кийин турмуш курчу убакыт дагы жетип калат экен. Ал жагын да ойлоп койгом.

– Өзүң продюсер болсоң, ырчылыкты таштайсыңбы?
– Жок, таштабайм. Топ түзүү – бул менин көптөн берки самап жүргөн кыялым. Азыр оңой иш жок. Өзүм жалгыз эмесмин, менеджер, жардамчыларым бар. Жеке чыгармачылыгыма да көңүл буруп, клип тарттырып жатам. Буюрса, баарын чогуу алып кетем.

– Интернет айдыңында арыктатуучу каражат колдонуп, салмак таштаганың тууралуу жарнамалар жүрөт. Аларды эмне максатта чыгардың?
– Ал мен жасаган иш эмес. Бул интернет аркылуу акча жасаган шылуундардын иши. Бир гана мени эмес, башка өлкөдөгү белгилүү ырчылардын дагы атын колдонуп акча жасашат экен. Дароо эле интернет жаатындагы адистерге кайрылдым. Юрист, программисттер менен сүйлөшсөм, аларды табуу мүмкүн эместигин айтышты. Мисалы, Алла Пугачёваны дагы ошол каражаттан арыктады деп чыгышканда эч ким таппаптыр. Бул интернет шылуундарды табуу кыйын экен. Дүйнө жылдыздары таппай жаткандан кийин мен кантип тапмак элем?
Мындай маалымат тараган соң миңден ашык айым мага ал арыктатуучу каражатты сатып алышкандарын билдиришкен. Башында ушундай маалымат чыкканда «ишенбегиле» деп айтып чыккам. Бирок ошого карабай көпчүлүгү алып ичип көрүшүптүр. Колдонгондон кийин «арыктаган жокмун» деп жазгандары болду.

– Маегиңе рахмат!

Интернетте Андрей Малаховдун "Пусть говорят» берүүсүнө да катышты деген жалган маалымат жайылып кеткен.


Бактыгүл Момбекова
star@super.kg



Чуу жараткан "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  14 
Комментарийлер(63)
17.04.2017. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
тынч болсонор болдуда
17.04.2017. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ишинерге ийгилик максатынар орундала берсин
17.04.2017. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми не дейбий. Ден-соолукта болгула дейбизда башка Айла жок .
17.04.2017. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
А дейбиз Б дейбиз, биз эч нерсени билбейбиз дегендейда бул жагы. Билгендерин кылышпайбы баардык жерде калыстык жок
17.04.2017. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nazi_92, далилсиз маалыматтарды жазуудан алыс болуңуз. Эскертүү!
17.04.2017. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Туура айтат маданият министри уюштуруш керек эле улуттук канал корсотуш керек эле ктрк бийликти мактагандан башка нерсени корсотпойт
17.04.2017. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм
17.04.2017. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Супер инфо эмнеге маданият министиринен сурабайсынар Ким уруксат Берген откор деп
17.04.2017. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ma9, бул сунушту мен эбак айткам, барып кимге кайрыларын билбей отурушат окшойт.
17.04.2017. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
жакшы маек болуптур. чындап эле ажырашып кетишкенби же ушакбы
17.04.2017. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aira дайыр исмадиаровту сура да ажыршкан окшойт деп.
17.04.2017. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Айгерим озун жакшы пиарлап жатат.
17.04.2017. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Азамат, Айгеримдин фанаты эмесмин бирок чындыкты айтып чыккандан Кийин сыйлап калдым.
17.04.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Пиар
17.04.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Айгерим эн соонун маек берипсиз тиги Кыз сатыпмалганы билинип элеи турат эле сатып алганы Кыргыз болгон сон биздин менталитетке туура келбейт ичкийимчен чыгып стриптиз бийлеп тооба кылдым
17.04.2017. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
сен деле стриптиз аралаш бийлейсин го
17.04.2017. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Өзүн билсинчи. Бир убакта кантип жүрдү эле. Сынап калыптыр да бирөөнү.
SUPER.KG видео
17.04.2017. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ooo BOZEEE
SUPER.KG видео
17.04.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Конкурсун менен кара жерге киргирлер,катышып алып эр издешеби???бул кыздардын деле уяттары жок экен конкурсттан утулгандан кийн чыгып алып жамандашып
17.04.2017. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Маеги жакты чындыкты айтканы.Бирок Айгерим сенин деле бийлегенин бир укмуш."Кыргызстан сулуусунан"кем калбайсын.
17.04.2017. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
1.asel.,ооба)озун бир баланын энеси ошого жараша сценада алып журсо жакшы брлмок экен
17.04.2017. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Жакшынакай жылдыздуу,бирок ээч эле табити жок стилисттер менен иштешсе жакшы болмок,ун деген ноль.Компьютер менен чоюп коюп
17.04.2017. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азаматсын Айгерим сени турмуш жакшы эле сындырыптыр мурунку Айгеримге салыштырмалуу азыркы Айгерим кыйла озгоруптур ою көз карашы сүйлөгөнү ишине ийгилик каалайм кызынын өмүрүн берсин күйөөң мн эки дүйнөдө бактылуу болгула
17.04.2017. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Озунун бийлегенин коруп анан сындаса болмок сеники деле стриптиз ал жаш кыз болсо сен уй булолуу аялсын апасын жубайсын келинсин камаздын устуно чыгып алып озунду сыйпалап бийлегенин стриптиз болбогондо эмне
17.04.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
almaz2880, Стриптиз кандай экенин билбейт окшойсун. Ал кандай бийлесе дагы жарашат! Ал артист анын иши ошол. Бул жерде мамлекеттин атынан уюштурулган конкурс жонундо соз болуп жатат. Республикалык масштабтагы Мисс Кыргызстанда кантип стриптиз бий болмок эле деген соз болуп жатат.
18.04.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kanushai демек артистин баары стриптиз бийлеши керек экенда ээ
17.04.2017. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Айгерим, молодец абдан сулуу, талантуу, акылдуу кыз! Ушул убака чейин бир дагы адам ачык айтып чыккан эмес! Эч нерседен коркпой ачык айтып чыгыш учун ЭРК керек! Гаи Айгеримге тийишкенде анын мурдун сындырганда дагы тангалгам, кичинекей кыздын ичинде канча куч бар деп. Озу айткандай эркек кызда, эч нерседен тайманбаган, кыйын кыз. Коросунор мындай коз карашы менен убагы келгенде саясатка кетет. Айгерим андай 1 жылдык мисстерге конул бурба. Жаны ырларды, клиптерди кутобуз! Жаны тобуна ийгилик
SUPER.KG видео
17.04.2017. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Биросунун дагы кулагында сойкосу жок го .....
17.04.2017. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Kanushai сага бийлегенин жакса баарына жагыш керекпи озундун оюнду мага тануулабай эле кой кайсы ырчы кызды кордун камаздын устуно чыгып алып талтандап бийлеген мен куйоосу болсом башын жулуп алмакмын
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: