Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ТАРТЫНЧААК БОЛБО! БААРЫНАН КУР КАЛАСЫҢ...

№756 28-апрель-4май, 2017-ж.


Адистердин айтымында, тартынчаак адамдын психологиясы абдан оор жүктү көтөрөт. Ойлогон оюна жетпегенине кысылып, кыжалат болуп, нерви бузулуп депрессияга кабылат. Андыктан адам эмне себептен тартынчаак болуп каларлыгы, бул мүнөздөн кантип арылуу керектигин психолог Самат Аалканов айтып берет.

ТАРТЫНЧААКТЫКТЫН ПАЙДАСЫ

  • Тартынчаак адам коомго пайдалуу инсан. Анткени ал жумушта, коомдук жайларда, үйдө маселе жаратпайт жана эч кандай чыр-чатакка барбайт.
  • Тартынчаак адамдар зулумдук, үстөмдүк кылбагандыктан боорукер, ак көңүл болушат.
  • Өзүн-өзү сындап, сырткы көрүнүшүн көзөмөлдөп тургандыктан өзүнө чексиз ишенген адамдарга караганда жагымдуу көрүнүшөт.
  • Илимпоздор тартынчаактар ишенимдүү дос болорун далилдешкен.
  • Адамда "кой, уят" деген тартынуу сезими болгону үчүн эл арасында туруктуулук сакталып турат. Бул сезим болбосо ар ким өз билгенин кылып коом баш аламан болуп кетмек.

ТАРТЫНЧААКТЫКТЫН ЗЫЯНЫ

  • Тартынчаак адам уялып жатып өз оюн так түшүндүрө албай чар-жайыт сүйлөйт.
  • Сындан корккону үчүн өз алдынча бир иш жасай албайт. Көпчүлүк менен тил табыша албагандыктан жумуш табууда кыйналат.
  • Эл көзүнөн оолак болгонго аракет кылып, четке качып, көп нерседен куру калат. Айрымдар карап койсо толкунданып, кызарып чыгат. Бул жүрөктүн согушун, дем алуусун, нервдин иштешин бузат.
  • Өзүн чектей бергендиктен тартынчаактар өз потенциалын ача албай калышат.
  • Тартынчаактар бат таасирленгендиктен бир аз ката кетирип алса, көпкө чейин унутпай, өзүн жей берип бул мүнөздүн татаалдашына алып келет.
  • Тартынчаактар өз укугун коргой албагандыктан баркы түшүп, кемсинтүүлөргө дуушар болушат.

ТАРТЫНЧААКТЫКТЫН ПАЙДА БОЛУУ СЕБЕПТЕРИ

Бала төрөлгөндө ак барактай таза болуп, анда коркуу, өзүн чектөө, тартынуу сезими болбойт. Качан ал чоңоюп, жашоо менен тааныша баштаганда ата-энеси тарбиялап кирет. "Элдин алдында кыйкырба, кармаба төгөсүң, чуркаба жыгыласың" деп чектей бергенде бала "кыйкырбаш керек, ырдабаш керек, такыр эле элдин алдында өзүңдү көрсөтпө" дегендей түшүнүшү мүмкүн. Анан чоңойгон сайын ошол мээсинде калыптанып калган принциптерди колдоно баштайт. Кийин бой жеткенде бирдеме кылайын дейт, бирок "жасай албай уят болуп калам же бирөөгө жакпай калсачы?.. Уят болгондон көрө сүйлөбөй эле коёюн, жетишкендиктерим менен мактанбайын, жаңы адамдар менен таанышпайм" деп элден оолактай баштайт.

ТАРТЫНЧААКТЫК ТУКУМ КУУЙТ

Мисалы, бала бирөөнүн баласын уруп койсо же уят сөз айтса ата-энеси экинчи кайталабасын деп катуу жазалайт. Анда балада жасагың келген нерсени жасабаш керек турбайбы деген жыйынтык жаралат. Ошентип ар бир чектөө мээсине сиңе берет. Бала "мен коомго туура келбейм, мен сулуу эмесмин, акылдуу эмесмин..." деп, өзүнө болгон ишенимдери жоголуп, коркуу сезимдери пайда болот.
Айтылгандардан сырткары тартынчаактык тукум кууйт. Эгер бул мүнөз сиздин психогенетикаңызда болсо, чоң атаңыздан атаңызга, андан сизге, сизден балаңызга берилет. Сиз өзүңүз тартынчаак болуп туруп балаңызды бул мүнөздөн алыс кылып тарбиялай албайсыз. Анткени балдар чоңдорду карап, көрүп, туурап калыптанат. Ата-эне тартынып, уялып турса, бул сезим автоматтык түрдө балага өтөт.

БИЗДИН ПСИХИКАБЫЗ КАЙДА?

"Биздин психикабыз кайда?" десек, эмне деп жооп берет элеңиз? Көрсө, психикабыз биздин бүт денебизде экен. Жогоруда айтылгандай, кичинекей кезибизде алгандарыбыз денебизге сиңе берет. Анан өз оюңду айтканда же бирөө менен таанышканда денеңдин төш жагы кысылып, тамагыңа бир нерсе тыгылгансып, баш ооруп, бет дуулдап кызарып, үн каргылданып чыгат. Көрдүңүзбү, мээ алдыга сүрөгөн менен, дене өзүн коргогонго аракет кылат. Биз өзүбүздү кыйнап тартынчаактыктан арылууга аракет кылган сайын стресс боло беребиз. Андыктан алгач денедеги стресстен арылышыбыз керек. Учурда психотерапия абдан өнүккөн, мындай маселелерди психотерапевттин жардамы менен чечсе болот.

ӨЗҮҢДҮ КОРДОБО!

Мисалы, бирөө көпчүлүк элдин астына чыгып сүйлөгөндөн тартынат. "Эл күткөндөй болбой, толкунданып жатып туура эмес сүйлөп алсамчы?" деп кыжалат болот. Муну социофобия дейбиз. Аларга айрымдар "коркуп турсаң деле билгизбей күлүп сүйлөй берсең, коркунучту жеңип кетесиң" деп кеңеш беришет. Бул таптакыр туура эмес, анда адам өзүн кордогон болуп калат.

ТАРТЫНЧААКТЫКТАН АРЫЛУУНУН БИР ЖОЛУ

Сиз кандай учурда тартынасыз? Минтип өзүңүзгө суроо бергенде мээңизге биринчи келген ой маанилүү.
Эгерде "эл астына чыгып сүйлөгөндө" десеңиз, эмнеге көпчүлүктүн астына чыккандан тартынасыз? "Туура эмес сүйлөп алам" дешиңиз мүмкүн.
Туура эмес сүйлөп алсаңыз эмне болот? "Эл күлөт" дейсиз. Демек, шылдың болгондон коркот турбайсызбы. Шылдың болбош үчүн сүйлөбөй койсоңуз, сиз уят сезиминин үстүн коркуу сезими менен жаап койгонсуз.
Сизди коркуу сезими коргоп келет. Балким, бул сезим бала кезде байкеңиз же эжеңиз шылдыңдаганда, мектепте аябай аракет кылып бийлесеңиз мугалимиңиз урушуп салганда жан дүйнөңүзгө сокку болуп денеңиздин бир бөлүгүнөн орун алып калган.
Мындан арылса болот, кана, өзүңүздү бир жыйында же тойдо сүйлөп жатканыңызды элестетиңиз. Уялганыңызды сезип жатасызбы? Ошол уялганыңызды денеңиздин кайсы жери менен сезип жатасыз?
Ал кандай экен: көлөмү, формасы, өңү, жумшак же катуу бекен, баарын элестетиңиз да, колуңуз менен ошол нерсени сууруп алыңыз.
Колуңузга кармап, ал заттын артында ээси бар деп элестетиңиз. Ага карап "мен сага ыраазымын, мени эмне деген стресстерден коргоп келдиң. Мен сага эч качан күлбөйм, сени эч качан шылдыңдабайм, мен сени коргойм. Баары жакшы болот, элдин астында чыгып сүйлөгөндө эч кандай коркунуч жок. Мен чоңойгом, мен сүйлөгөндү билем. Силердин максатыңар эмне?" деп караңыз, сизге эмне элес тартылды?
Эми ошол элести таштандыга өзүңүздөн алыс ыргытыңыз. Дагы көпчүлүктүн арасында сүйлөп жатканыңызды элестетиңиз, толкундоолор азайдыбы? Мына ушинтип тартынчаактыктан акырындап арылууга болот.

БАЛАҢЫЗ ТАРТЫНЧААК БОЛУП КАЛБАШ ҮЧҮН

  • Балага тиешелүү маселелерди шыр өзүңүз чечип салбай, баланын да оюн угуңуз. Антпесеңиз, бала сизге көз каранды болуп, өз ою менен эсептешпей калат.
  • Колдон келишинче үй-бүлөлүк маселелерди балдар жок маалда чечишип алыңыз. Ата-эненин чыр-чатагы баланын психикасына түздөн түз таасир этет.
  • Балаңыздын сунушун колдоп, анын артыкчылык, кемчилик жактарын көрсөтүп бериңиз. Болбосо "мени апам колдобой коёт" деген коркуу сезими пайда болот.
  • Балаңызды эч качан кемсинтпеңиз жана башкалардын да кемсинтүүсүнө жол бербеңиз.
  • Мектеп которгондо же мугалим алмашканда бала көнгүчө абалын сурап, сезимдери тууралуу сүйлөшүп туруңуз.
  • Балаңызды башкалардын көзүнчө сындап көңүлүн чөктүрбөңүз. Маанайдын чөгүүсү түнт болууга алып келет.
  • Мээрим төгүп, ар бир ийгилиги үчүн мактап туруңуз. Бул баланын өзүнө болгон ишенимин арттырат.

Замира Рахманбердиева
kenesh@super.kg



Тартынчаак болбо! Баарынан кур каласың...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(39)
01.05.2017. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да аябай тартынам башка бироо менен суйлошкондо создорду унутуп калам ,студенттик кезде уйдон сабакка даярданып барып мугалимдин жанына келгенде баарын унутуп калчымун
01.05.2017. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тартына турган жерде тартынып койгон дале жакшы, көк мээлер тартынбайт деп ойлойм
01.05.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Негизгиси кыздардын алдында тартынбагыла достор, болбосо башынарга минип алат
01.05.2017. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Men tartynchakmynda :((
01.05.2017. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен да тартынчаакмын. Эркек башым менен. Психологиялык китептер да жардам бербей атат. Мектепте окуп жүргөндо тартынуү эмне экенин билчү эмесмин. Студент болоор менен ушул оору жабышты. Билген нерсеңди тартынып айта албайсың. Көп элдин арасынан тост сүйлөө озүнчо машакат. Буюрса жеңем
01.05.2017. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тартынчаактар коп элеокшойбуз ээ? Менда тартынчаакмын. Тартынуу (уялуу озуно ишенбоо сезими) школдо анан универде дайыма мени коштоп журду. Азырда жанымда копчулуктун арасында суйлоо мен учун озунчо бир машакат. Коп нерсени оюмдагыдай кыла албайм жакпай калсачы? Жаман болуп калса кантем? Озунчо суроолор кобойуп акыры оюмдан кайтам.
01.05.2017. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тартынчаактык бул кыздарга ылайыктуу адат, алар таанышкысы келип өлүп кетип атса да күн карамадай созулуп уялып туруша беришет го тартынышып, эркектерге окшоп шарт шарт аткар, эмнеси проблема эмнеден тартынасыңар, эч ким жеп салбайт го.
SUPER.KG видео
01.05.2017. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура таарынчак болбош керек
01.05.2017. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да тартынчаак болчумун , атамдын:"Бироо чапанынды чечип, этегинди кесип кетеби"деген созунон кийин калтыргам
01.05.2017. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куду мени жазып коюптур го
01.05.2017. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ тартынчаактык бул меедеги дофамин менен серотонин гормону жетишпегенден болот
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-02 09:39:31
01.05.2017. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен суйгон тема экен ото эле тартынчаакмын.
01.05.2017. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
менда ушул проблема мн ото кыйналам баарына апамды куноолой берем бизди аябай катуу муноздо тарбилаган коп урат болчу эркелетип бетимден опконун эч качан эстей албайм а урушуп жемелегендерин жакшы эстейм ошондон уламбы азыр деле аябай чунчуп кетем бироо мн уруша кетсем эмнеге мындай болду деп озумду жей берип оорупда калам озумду кантролдой албай калам апам мн жакын отуруп сырдашып сезимдерим мн болушуш мен учун жат корунуш эч качан болбойт андай Жана каалабайм дагы эч нерсе айтпайм апама менин
02.05.2017. 07:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Siren.ms,экообуздуку окшошуп кетет экен.Бирок мен шайырмын апам менен сырдашпайм
01.05.2017. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уятуулук бул ыймандан дейт. Бирок эмнеде уялуу керек, бироонун акысын жегенден. Мен да адамдар катары жашоого татыктуумун, деп ожорлоно беруу керек экен. анан эн главный конулду чоктурбогонго аракет кылуу керек. Дейлик бироого уят болуп калдын, же бир киши менен болгон маегин ойдогудай болбой калды. Резка конулун чогот. Бирок эмне болгондо да конулунду чоктурбой куунак боло берсен, мээн да менде баары жайында турбайбы деп ишенип, конулун которуло баштайт. жакшы эле ийгилик болот.
02.05.2017. 07:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен тартынчакмын уялчакмын кантип женем ток этер жери барбы тарс парс.Таблеткасы барбы
02.05.2017. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asedullah1996,бар айтып,сага берем?
02.05.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы Эн соонун кенеш экен. Баарына рахмат.
02.05.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тартынчаактар коп экенбиз. Ооба тарбия туз таасир берет экен. Бизди да катуу тарбиялашкан, (уруп-согуп эмес, ата -энебиз "серьезный" кишилер да) озундон чондун астында озунуп суйлобо, орой болбо, урушпа, сеники чын болсо да унчукпай кое бер талашпай деген сыяктуу мээбизге синип калыптыр. Ошондуктанбы элдин козунчо суйлой албайм, эмне дейт,эмне деп ойлойт, туура эмес болсочу, катуу тийип конулу ооруп калсачы, лучше суйлобой эле коеюн дейм анан.
02.05.2017. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул макаланы окуп 180`градуска озгордум. Рахмат СУПЕР инфо жамааты!! Уйдо тартынуу такыр жок экен бирок, ким мн суйлоштум,эмне жонундо суйлоштум апам мн сырдашып,каткырып талкуулап отурабыз. Атам,акем бапры менен..Бирок досторум мн эч суйлошкум жок,балким коомду озгортуу керек.
02.05.2017. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
waiting,жакшыкенда кочодогулор мн суйлошуп сырдашкандан коро уйундогулор мн апан мн сырдашкан кандай жакшы бирок мен анте албайм балдарга мээримди кобураак берип чонойтуш керек ошондо гана бала энеге мээримдуу болот экен
02.05.2017. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен копчулуктун алдында ырдаганда жакшы эле баштап кайырма жака келгенде унум каргылданып, оозум титиреп кетет, демек аябай эле тартынчаакмын, жене албай журом ушул сапатымды жашоомо коп тоскоол болот
02.05.2017. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен суйлосом суйлой берем, бирок кее бир адамдар бар сурдото турган. Ошолорду көргөндө сүрдөп, уялып, созумду таппай калам. Бул тартынчаактыкка киреби?
03.05.2017. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы психотерапевтке барышым керек экен. Номери болсо жазып койсонуздар. Рахмат
03.05.2017. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен жендим бул ооруну. 1-эреже: Фальшивый болбош керек.элдин сынынан коркпош керек.
04.05.2017. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ehh atadan balaga otkonu kyzyk atamy ele tartkamyn go baary ele owondoi oilop korsom baary tuura
04.05.2017. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Birok adamdyn ozgoruwu kyiyn
04.05.2017. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эле аябай эле таартынчак
акмын.
04.05.2017. 07:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен уйдун кичуусу болгондуктанбы? Аябай тарсылдаган кызмын, туугандар эч ким унчукпайт менин характеримди билет бетке айтып на место койуп койом. Ата-энем мээрим тогуп турат 4-курстун студенти болуп калсам деле атам эркелетип кундо 10-15 жолу обуп эркелетип турат. Значит бактылуумун. Коментарийлерди окусам баары эле таартынчакмын дейт а мен тартынчак боло албай жатам.
04.05.2017. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да тартынчаакмын.Тартынчаактыктын айынан орус тилин уйроно албай журом.Орусча уйроноюн деп, соз уйронуп, орусча суйлосом эле кулуп ийишет.Ишге да кире албай журом тартынчаактын айынан. Орусча суйлоп калса кантем?же орусча ката жооп берип калсам шылдындашат деп.Курсга барсам баары жаш балдар менен чогуу окуйт экем 1 кун барып эле барбай койдум орусча суйлосом жаш балдар кулуп жиберишкенде
05.05.2017. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janchar,Курста дагы озунчо девизи бар,"Тил уйроном десен тартынба,уялба!" деген. Кээбир кыйынсыган адамдар бар,кечээки эле озун акыбалын унутуп бироону шылдындаганы даяр турушат. Алар сизден умут кылып,кантип суйлоор экен деп чекчейип карап турушканда сиз маани бербешиниз керек,ичинизден созунузду кайталап сыртынызга чыгарып айтып корсонуз,,уйдо тилди даярдоо керек,чойрого карайт,орусча суйлогондор м"н журуп.
05.05.2017. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олоо жазасынар чыныгы жашоодо тартынчаак турбайсынарбы. тартынчаактардын сезими да кучтууроок болсо керек себеби сыртка чыгаргандан тартынып ичтен жеткире ойлонот.
08.05.2017. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тартынчаактык адеп ахлак тарбыянын жакшылыгынын белгиси. Оозум бар деп тартынбай суйлой бергенден кудай сактасын вообще жакпайт ошондой адамдар. Керек жерде суйлош керек керек жерде тартынып туруш керек адам бетпактанып ызылдабастан туш келди
06.09.2017. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тартынчаак партынчаак дебей эле.акыл Эси Ордунда ак конул нормальный Адам мн мамиледе болсон кандай жакшы.шустрый болсо деле тартынчаак болсо деле.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: