Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ӨСПҮРҮМ ӨЗ ЭНЕСИН САБАП ӨЛТҮРГӨН ДЕП КАРМАЛДЫ. ТУУГАНДАРЫ "АГА ЖИН КИРИП КЕТИП УШУЛ КАДАМГА БАРДЫ" ДЕШҮҮДӨ

№756 28-апрель-4май, 2017-ж.


Ош шаарынын четинде жайгашкан Жапалак айылынын мечитинде болгон окуя уккан адамдын үрөйүн учурду. 18 жашка чыга элек өспүрүм энесин сабап, аял алган жаракаттарынан улам көз жумган. Мындай каргашалуу окуянын келип чыгышына эмне себеп болгонун иликтеп көрдүк.

"КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ ӨЗҮН ПСИХИКАЛЫК ЖАКТАН ООРУЛУУДАЙ КӨРСӨТҮҮДӨ"

Бул кылмыш боюнча Ош шаардык ИИБинин басма сөз кызматкери Замир Сыдыков буларды айтып берди:
– 2017-жылдын 22-апрель күнү болжол менен таңкы саат 6:30 чамасында Ош шаарына караштуу Жапалак айыл өкмөтүнүн Тээке айылындагы "Анвар" мечитинин алдынан 1976-жылы туулган Арзыгүл Кожонованын киши колдуу болуп каза болгон жансыз денеси табылган. Сөөктү кароо учурунда аялдын денеси көк ала болуп, бир капталынан 6, экинчи капталынан 7 кабыргасы сынгандыгы аныкталган.
Ош ШИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары маркумдун А.К. аттуу 1999-жылы туулган уулу кармалган. Кылмышка шектүү тергөөдө өзүн психикалык жактан оорулуу адамдарга окшоп алып жүргөндүктөн, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалды. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Ош шаардык соту кылмышка шектүүнү 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

"ДЕМ САЛДЫРАЛЫ ДЕП МОЛДОЛОРГО АЛЫП БАРГАНБЫЗ"

Маркумдун кайын сиңдиси Айнура Койчиева окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Жеңем менен агамдын ортосунда 3 уулу бар. Апасын өлтүргөн деп кармалган уулу үйдүн улуусу. Ал 9-классты бүткөн соң Ош шаарындагы №16 кесиптик окуу жайында окуп жаткан. Өзү спорт менен машыккан, чымыр денелүү, күчтүү, иштин майын чыгара кылган тың бала эле.
Окуя болгондон 5-6 күн мурун ал ата-энесине "көзүмө ар нерселер көрүнүп жатат" деп айтыптыр. Агам мага "ушундай болуп жатат" дегенинен "молдолорго дем салдырып көрөлү" деп инимди молдолорго алып барганбыз. Алар дем салып баштаганына аз эле убакыт болгон. Акыркы жолу дем салдыруу үчүн алып баратканда жума болуп калып, агам жолдон кайра кайтыптыр. Себеби жума күнү дем салдырганга болбойт экен. Мен ошол күнү түш чамасында агамдын үйүнө баргам. Инимден "эмне болуп жатасың?" деп сурасам, "адашкан деген болот экен. Азыр баары жакшы боло баштады" деп экөөбүз жакшы эле сүйлөшүп, анан үйүмө кеткем.

"АПАСЫН БАШЫ МЕНЕН ДУБАЛДЫ СҮЗДҮРТҮП, ТЕПКИЛЕПТИР"

– Эртеси таң атпай инимдин тоокторду сыртка чыгарып, байланып турган итти бошотуп жатканын көргөн агам жанына барса, өзүн кармана албай, атасынын кармайм дегенине көнбөй көчөнү көздөй качып чыгыптыр. Анан жеңем, агам, андан кийинки уулу болуп артынан кармайбыз деп кошо чуркап чыгышыптыр. Иним болсо унаа базар тарапты көздөй чуркап, жолду катар кыйкырып, кийимдерин чечип, жолдон 2 машинаны таш менен чааптыр. Унаа базардын кароолчусу чыга калып уулунун артынан кууп келе жаткан ата-энесин токтотуп, "машиналарга келтирилген чыгымды төлөгүлө" дептир. Ошондо алар мага телефон чалып, "уулубуз шаарга качып кетти, тезинен келе кал" дешти. Мен ошол замат жанымдагы эжемди алып, унаа базарына келсек эч ким көрүнбөйт. Аңгыча ары жактан кыйкырык чыгып калды, карасак иним жылаңач болуп чуркап келе жатыптыр. Ошондо ал таптакыр башкача болчу, ага 2-3 кишинин алы жетпейт эле. Качырбай кармап туралы десек алыбыз жеткен жок, тура калып жаныбызда турган мечиттин ичине кирип, ичинен эшигин бекитип алды. Ичинен "менин артымдан келип өлтүргөнү жатышат" деп кыйкырып жатты. Аңгыча жаныбызга келип калган чоочун бир балага "мечиттин эшигин карап турчу, чыгып кетпесин. Мен инимди кармаганга күчү жеткен киши таап келейин" деп көчөнү көздөй чуркап жөнөдүм. Көп эле үйгө барып тыкылдатсам эшиктерин ачышкан жок. Ошол маалда инимдин кийимдерин колуна кармап далбастап чуркап келе жаткан жеңемди көрүп "агам кана?" десем, "унаа базардын кароолчусу кармап калды" деп ары чуркап кетти. Бул жеңем экөөбүздүн акыркы сүйлөшкөнүбүз болуптур. Киши көрүнбөгөндүктөн андан ары издеп кеткен элем, ошондуктан жеңемдин кандайча мечиттин эшигин ачып кирип кеткенин байкабай калдым. Байкуш жеңем баласына кирип, кийинтем деген окшойт. Кутуруп жаткан баласына апасы жан алгыч болуп көрүнсө керек да. Башы менен дубалды сүздүртүп, тепкилептир. Каракуш мээсине катуу доо кеткендиктен кулагынан кан чыгып, жерде тоголонуп жатыптыр. Эмне болуп кеткенине түшүнө албай "эмне кылып койдуң?!" деп эле кыйкыра бердим. Ошондо деле бала өзүнө келген жок. Кайра эшикке чыгып киши чакырып келгиче атасы келип, уулунун колдорун байлап жаткан экен. Келбеген эл ошондо чогулду. Жеңемди унаама салып, Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирдик. Үмүт деген өчпөйт тура, ошол жерде жеңемдин амандыгын тилеп күтүп отурсак, дарыгерлер "үзүлүп кетиптир" деп айтышты.
Мындай жамандыкты эч кимдин башына салбасын, сабырыбыз түгөнүп, кайратыбыз жанып баратат. Бул үй-бүлөнүн ишенген уулу ушул бала эле да. Жеңемди ыйлап-сыктап жерге бердик, агам өзү эле көп сүйлөбөгөн момун адам болчу. Азыр сүйлөөгө дарманы жок араң отурат. Кечээ (ред.: 24-апрель) барып атасы экөөбүз иниме жолуктук. Апасын өлтүрүп койгонун, эмне кылганын, каякта отурганын деле билбей ар кайсыны сүйлөп отурат.

"САБАП ЖАТКАНДА АНЫН КӨЗҮНӨ ЭНЕСИ КӨРҮНБӨСӨ ДЕЛЕ КЕРЕК"

Маркум Арзыгүл Кожонованын бир тууганы Айгүл Кожонова эжеси тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Арзыгүл эжем үйдүн улуусу болчу. Бул окуя болордон 3-4 күн мурун мага телефон чалып, "балам үйгө тура албай эле бир нерсе болуп жатат. Жин кирип кеткен окшойт, дем салдырыш керек болуп жатат" деп ыйлаган эле. "Өзүңүз иштеген ооруканага алып барып психологдорго көрсөтүп көрүңүз" дегем. Байкуш эжем уулун 2-3 жолу молдого алып барып дем салдырыптыр. Жума күнү дем салынбагандыктан ошол түнү баласы уктабай чыгып, таң эрте туруп алып тирүүлөй тооктун жүнүн жулуптур. Аны эжемдер көрүп "кой" дегенине болбой үйдөн качып кетип, анан ушул иш болуп жатпайбы.
Эжебизди чыркырап жоготуп алганыбызга, жээнибиздин ушундай ишти кылып жибергенине ишенип-ишене албай жатабыз. Ал намаз окуган, ак көңүл бала болчу. Жин-шайтан кирип кеткени чын окшойт. Сабап жатканда деле анын көзүнө энеси көрүнбөсө керек, болбосо кантип буга колу барсын?!
Эжем абдан жөнөкөй, оор басырыктуу болчу, ак мээнети менен балдарын багып жүргөн. Ал шаардагы психиатриялык ооруканада тазалагыч болуп иштеп, уулун окутуп жаткан. Андан кийинки уулу 9-класста, кенжеси 3-класста окуйт. Эжемдин кандай максат, ой-тилеги болсо, баары ишке ашпай өзү менен кошо кетти. Азыр бизди жээнибиздин кийинки тагдыры ойлондуруп жатат, келечеги талкаланбадыбы... Апам 2 жума мурун инсультка кабылган эле, атам дагы гепатит менен ооруйт. Арзыгүл эжемден айрылганыбызды ата-энебизге эми гана айттык.

Адистин кеңеши

"МЫНДАЙ АДАМДАРДЫ КООМЧУЛУКТАН ОБОЧОРООК КАРМАШ КЕРЕК"

Психиатр Кубанычбек Эрмагалиев окуя тууралуу мындай дейт:
– Оорулууну көрбөй туруп ага так диагноз коюуга болбойт. Бирок адамдын көзүнө ар нерсе көрүнүп, өзү менен өзү сүйлөшүп же тегерегиндеги адамдарга кооптуу жагдайларды жараткан мындай оору жаз жана күз мезгилдеринде башталат. Көптөр бул оору кармаган мезгилде молдолорго алып барып же башка билгендерибизди кыла беребиз. Бул туура эмес, андай психикалык жактан ооруган адамга молдонун күчү жетпейт. Оорулууну тезинен психиатрларга көрсөтүп, дарыгерлердин айткандары менен туура мамиле кылуу керек. Мындай адамдарды коомчулуктан обочороок кармап, жанындагылар сак жүрүшү кажет.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(27)
01.05.2017. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Жаратканым жакындарына,туугандарына,балдарына, куйоосуно сабыр берсин. Сабырдын тубу сары алтын
01.05.2017. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
О кудайым заман эмне болуп барат элибиз кырылып эле аллахым озун жол коргозо кор баарыбызга
02.05.2017. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
saian.00, Аллах Кудай деген создор чон тамга менен жазылат.
01.05.2017. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Каап ((
01.05.2017. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
иииий жаман иш болуптуур да жаткан жери жайлуу болсун сабыр
01.05.2017. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Жин киргени туура. Доктурлар молдого окутса болбойт дешет. Бирок жинди айдап чыгууга доктурдун кучу жетпейт алар дары дармек укол мн убактылуу тынчтандырат. Ал эми кучтуу молдолор жинди чыгара алышат. Буга ишенуу керек.
01.05.2017. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Иблис, жин шайтан. медиктер буга канчалык ишенгилери келбесе да бул баары бар нерсе.Оз козум менен эки жолу кордум кутуруп кеткен адамды Молдоке дем салып озуно келтиргенин.либой апарат текшеруудон таза чыга берет.так диагноз коë алышпайт медиктер. Мындайларга медицинанын кучу жетпейт. Бул рухий ооруу.Муну Ыйык Кураандын аяттары менен таза такыбаа Молдолор Алланын жардамы менен гана даарылай алышат. Медиктерге эмне кызыл жардаг дурдомго камап кучтуу уколдорду берип журуп, акыр аягы олтуруптынат
01.05.2017. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тообо кылдым
01.05.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
супер инфо силер да бир тараптуу гана боло бербей, дин аалымдарына да бир ооз кайрылып, кеп кенешин угуп анан эки тараптуу жассанар болот да. Психиатр болуп эмгектенген дарыгерлер да молдолорго ишенбейм деп кесир суйлоп, анан озуно жин киргенде, тайнесин таанып аргасыз молдолорго барганын угуп журобуз го.бирок Молдонун да кучтуу илим алганы такыбаа динди бекем кармап жургондорунун деми кучтуу болот экен.чала илим алып дем салууга отуп кеткендериникин билбейм кандай экенин.
03.05.2017. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tumann.,Туура айтасын...эптеп эле мечитти же динди жаман корсотмой,жин кирип кеткен адам коп дуйнодо,наркотика курал жарак саткан,тошок кумарын керексиз эле жарыя кылгандар таза эмес...алар атасын да апасын да олтурот,пул учун....
01.05.2017. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
иии байкуш эне кийимдерин кийгизем деп кирип кеткен экен да бизди ушул даражага жеткизген апаларыбызга ырайым кыл жараткан омурлору узуун болсун кайгы тартышпасынчы ....
01.05.2017. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сабырдуу болунуздар! Баланын эч кандай куноосу жок деп эсептейм себеби ал оз аракетине жооп бералган эмес апасын сабап жатканда.
02.05.2017. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
lawyer,сиздин созунузго кошулам.Балада куноо жок жин кирген адамдын акылын жин башкарып калат.Баланы кучтуу молдого окутуш керек созсуз.Жинин чыгарса анан бала козуно эмнелер корунгонун,не деп буйрук бергендерин айтып берет.
02.05.2017. 05:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жин эмне себептен кирет? Дааратканага киргенде оозду чоон ачып эстесе жин кирип кетет имиш деп уккамын. Ошого дааратканага кирген сайын оозумду бекем жаап алып кирем
02.05.2017. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Таза журуп таза,халал тамак жеш керек.Гусулсуз бир да кадам баспаш керек.туалетте суйлошуп,бир нерсе ичип жеп же копко отурбаш керек,ваннада копко жуунбаш керек.жыланач уктап же жыланач журбош керек уйдо жалгыз болсонуз деле.кочодо тоо-талаада уктап же туалетинерди кылбашынар керек.кыла турган болсонуз да "Аллохумма инна миналь хубси валь хабаис"деп кирип туалетке,чыгаарда "Гуфраанака"деп чыгыш керек.уйунордогу туалетке кирээрде да. Аллах,жиндин аял эркегинен сакта дегенди ту
02.05.2017. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сакта
02.05.2017. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аппеейй дессе мен кундо коруп жургон эле бала го ,тообоо озун сакта Аллахым..((
06.05.2017. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
waiting,сүрөттөгү ал бала эмес,ИИБнын кызматкери Замир Сыдыков деп турбайбы,ал жаш бала 20га чыга элек
02.05.2017. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш апа :(
03.05.2017. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кудай сактасын. Акмакты таш баран кылыш керек оз апасын олтургон
03.05.2017. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Abdizhapar,
Баласы атайын кылгандай жазыптырсын го.Жин кирген деп айтылып жатат го.Кудай сактасын таш баранга албасан да байкуш бала омур бою кыйналып жашайт го.Билип-билбей кылган куноосуно.Кудай жардам берсин
03.05.2017. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай Окуя биздин айылда болгон жок каяктагы жалган маалыматарды таркатып жатасынар тушунбой жатам
04.05.2017. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эххх энелер. Балдарынын аркасынан отко болсо отко, башкасы болсо башкасына оздорун ташташатго...
05.05.2017. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылган куносун кудайым озу кечирсин.
05.05.2017. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун!
06.05.2017. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окуяны баяндаган тергоочу ж.б.суротун чыгаруу шартпы?!! Кылмышкердин суротубу деп адашып карап алабыз. Ушул сунушту эске алып мындан ары милиция, тергоочу, прокурорлордун суротторун чыгарбай эле койгулачы сураныч...
08.05.2017. 04:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молдого алып баруу туура эмес дейби?! Качан эле психиятрлар баарын даарылап туздоп ийчу эле. Баягы эле молдо жаман баягы эле молдо. Анда элди карагыла да. Силер келбейт дейсинер да биз кайдан билмек элек деп. Оа туура акчасын арам адалына карабай сындырып атышса барбайт албетте. Туура эмес туура эмес эле дейт. Психиятр башка жол менен молдо башка жол менен даарылайт. Экоонун максаты бир эле ооруну айыктырыш керек болгону ошол максатка бара турчу жолдору эле эки болок. Башканы эле кыйратыпаткансы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: