Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Дайыр Исмадияров: «ЖАНАРА ЭКӨӨБҮЗ 5 АЙ СҮЙЛӨШТҮК. БУЛ БИРИ-БИРИН ТААНУУГА АЗДЫК КЫЛАТ ЭКЕН»

№759 19-25-май, 2017-ж.


– Салам, Дайыр. Акыркы убакта такыр эле гастролдон колуң бошобой калды окшойт...
– Саламатсыздарбы? Мен жыл сайын эле гастролго чыгам. Бирок быйыл өзгөчө болду. Бир чоң компания менен 100 концертке келишим түзүп, февралдын ортосунан бери куудул эжекелерим Назира Жетигенова, Гүлжайна Атаканова үчөөбүз гастролдоп жүрөбүз. Бул тандем компаниянын сунушу менен түзүлдү. Азыр 100 концерттин араң 65ин бердик. Эгер гастролду өзүм уюштурсам, он күн Ошто концерт берип, он күн эс алып, анан уламакмын. Келишимде андай эс алуу жок, тынбай эле концерт берип жатабыз. Чарчап жүргөнүбүздү эске албаганда баары жакшы. Канча билет өттү, канча киши келди деп башың оорубайт. Жаткан жериң, тамак-ашың баары даяр, 5 киши келеби, 1000 адамбы, кадимкидей концерт берип жатабыз.

– Түркиядагы таанышым кыргыз ырчыларынын биринин концертинен сүрөт жүктөп "концерт кызыксыз, фонограмма менен ырдашат, кетип калдым" деп жазды. Сенин чет жердеги концерттериң кандай өтөт, бул жактагы гастроль менен айырмасы барбы?
– Кыргызстанда такай эле сценарий менен даярдалган 2-3 сааттык концерт берем. Ага бир нече ай жүгүрөсүң. Чет өлкөгө гастролдоо мен үчүн бир кыйла жеңил. Чакан кафелерде болот, даярдыксыз эле барам. Уюштуруу иштерине да башымды оорутпайм. Бул жактан 7 жерге концерт берсек, эгер эл жакшы келип берсе, чыгымынан сырткары 7000 доллар табасың. Ал эми чет жерде 1 күндүк концерттен 2000-3000 доллар тапса болот. Киши келеби, келбейби, бул уюштуруучунун маселеси. Мен келишимдеги акчамды алам да кетем. Бирок барганга, келгенге убактың кетет.

– Интернет баракчаңа "Убакыт бар, бактыңды сен кармагын, сүйүүнү жалгыз баалагын. Өзүңө теңди тандагын, азыр кеч эмес!" деп жаздың. Өзүңдүн турмушуңду жазгандай туюлду...
– Бул "Тим эле" деген ырымдын саптары. Сиз туура байкагансыз, "Тим эле" деген ырымдын текстинин идеясы меники. Жакында эле бир нерсени байкадым, ырыма тартылган клиптин сюжети айланып өз башыма келет экен. Мисалы, "Сагынба" деген ырымдын клибинде арабада отурган майыптын ролун аткаргам. Аны тартып бүтүп калганда жол кырсыгына кабылдым. Ооруканага барсам, бел омурткадан жарака кетиптир. Азыр баары жакшы, бирок оор нерсе көтөрө албайм. Тагдыр менен ойнобоюн деп клиптин аягын түш кылып өзгөрттүм. Баштапкы сценарий боюнча майып боюнча калмак элем. "Кайрылчы" деген клибимдин сюжети да азыр менин турмушумда болуп жаткансыйт. Кыскасы, клиптеримде өзүм роль жаратуудан коркуп калдым.

– Жубайың экөөңдүн ортоңордогу таарыныч жазылдыбы?
– Дагы деле сүйлөшө элекпиз. Ал үйдүн улуусу, анын айтканы айткан. Мен болсо бир үйдүн кенжеси, дегеним деген. Ошондон уламбы, экөөбүздө тең өзүнүкүн бербеген адат бар. Анан ал да мага окшоп аракетчил. Күндө "эмне тамак кылайын?" деп сурай берчү. Кээде такыр бизде жок, чет жерде жеген тамагымды айтып коём. Ал интернетке кирип чукулап жатып таап чыгат да, окшоштуруп жасап коёт. Биздин таарынычтар бүтө элек. Катуу деле урушкан эмеспиз. Ал деле түшүнөт, мен азыр гастролдомун, бошобойм. Бир жолу Жанара экөөбүз бир жакка жасанып алып чыгып бара жатсак,
KG Эльмурат "аялыңды элге көрсөтүш үчүн алдың беле?" деди. Анын сөзү мени ойго салып койгон. Негизи исламда "үй-бүлөдөгү маселени сыртка чыгарбаш керек" деп айтылат экен. Мен ошону карманып Жанара экөөбүз уруша электе Инстаграмдан сүрөттөрүбүздү өчүргөм. Анан таарынышканыбыз тууралуу кеп кетти, ошону менен "чын эле ажырашыптыр, чогуу түшкөн сүрөттөрү жок" деп жатып калышты. Мен буларды айткым келген эмес. Бирок эл ырчынын чыгармачылыгынан да жеке жашоосуна кызыгат экен. Муну эми байкадым. Кайгылуу бир пост жазсам, алдындагы комментарийлерди окуп жетишпей калам. Интернеттеги түз эфирлерге да чыкпай калдым, чыксам эле келинчегим экөөбүздүн жашообузду сурашат.

– Таарынышып кетүүгө эмне себеп болду?
– Келинчегим чыгармачылыгымды түшүнбөй жатат деп айтпайм. Анткени үйлөнүп жатканда эле "мен ушундай тентимишмин, гастролго көп чыгам" деп айткам. Ошентсе деле аял – аял экен. Түшүндүрүп кетип жатсаң деле кызганат. Үйлөнө электе майда-чүйдөдөн да уруш чыгып кетерин таптакыр билген эмесмин. Жалгыз жашап көнүп калгам да. Жанарага эми көнө баштаганда таарынышып кеттик. Мен тараптан да кызганыч бар. Көчөгө жалгыз чыгарбайм.

– Турмушка чыкканы иштебей калды беле?
– Үйгө камап койгон мага деле жакпайт. "Иштейм, визажисттик сырларды окуп үйрөнөм" деди. Боюнда болгуча окуду, иштеди.

– Ошондо сени күйөрман кыздардан кызганып жатабы?
– Өткөн жашоомдогу сүрөттөрдөн кызганып жатат (күлүп). Менеджерим менен түшкөн сүрөттөрүмдү көрсөтүп "бул эмнеге сени кучактап түшөт?" дейт. "Менеджерим – бир тууганым" десем ишенбейт. Кой, муну Жанара жактырбай жатат деп аны менен байланышты деле үзгөм. Анан чогуу гастролдогон эжекелерден кызгана баштады. Мен өзгөрүшүм керекпи же Жанара өзгөрүшү керекпи, азыр айта албайм. Гастроль бүтсө ийри отуруп, түз кеңешип дегендей, мындан аркы жашообузду чечебиз. Мен өзүн кыйнап жашаган адамдардан эмесмин.

– Сүйүүгө азыр кандай аныктама берер элең?
– Мен эмнени байкадым, жашым 30га келсе да шашып үйлөнүптүрмүн. Жанара экөөбүз болгону 5 ай сүйлөштүк. Бул бири-бирин таанууга аздык кылат экен. Кээде мен Жанараны таптакыр тааныбагандай сезилет. Ал дагы мен жөнүндө ошондой ойлойт. Үйлөнгөнүмө өкүнбөйм, бирок бири-бирибизди жакындан тааныгандан кийин үйлөнсөк болмок экен деп калдым. Мага жактыруу бат келет. Бирок аны мен сүйүү деп эсептебейм. Мисалы, бирөөнү жактырып калсам, бир апта жинди болом да, анан коё берем. Сүйүүнү үй-бүлөлүк бакыт деп билем. Апама, бир тууганыма, жубайыма, балама болгон сезим. Бул сезимдер эч качан эскирбейт.

– Рахмат, ачык баарлашуу болду. Бактылуу бол!

"Аялдар кош бойлуу кезде өзгөрүп кетишет экен. Келинчегимди азыр тааныбай калдым. Боюнда жок кезде жакшы эле жашап жатканбыз. Анан эле мен таанып, жакшы көргөн Жанара жок болуп кетти".


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(115)
22.05.2017. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аллахым сиздерди ажыратпасын,аялыныз менен бактылуу болун,эртереек жарашыныз,боюнда барда баардык аялдар озгорт,сиз тушунуп аны колдоонуз керек.Ортодо балага убал болбосун.
22.05.2017. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куйдурду ушу бала.же бир үнү болсочу
22.05.2017. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айииий Дайыр, озун айткандай эми бул жактагы комментарийлерди да окуп буто албай калдын го. Эмнеси болсо балалуу болгон атыпсынар,жарашып жашаганынар жакшы.эч бир бала арасат болсунчу.
22.05.2017. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арасат болбосунчу.кечиресинер туура эмес жазылып калыптыр.
22.05.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баланарды ойло Дайыр башка бироонун эшигинде чонойтпой коз алдында чонойт аялга тенелген сенда аял экенсин эркек таарвнбайт
22.05.2017. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
кудай ар бирибизге ыйман ынсап берсин, эркек деген эрктуу токтоо болуш керек, аялга тенелбей,боюнда болсо, кыйраткансып 5ай аздык кылды деп
22.05.2017. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG Elmurattyn sozun Natura tushunup alsan kerek aga akyryndyk menen kondurson bolmok bizdin yiman jetpeit baaryn bir kundo kylganga....
22.05.2017. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажырашып кеткенби деп коркуп жаткам,окуп алып суйундум.Таарынычтар ар бир уй булоодо болуп турган нерсе.Жазылышып тезирээк бактылуу,ынтымакта жашагыла.Экоо жакшынакай парадай сезиле берет эмнегедир.
22.05.2017. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайдын сыноосуна сынбагыла сабр кыл Дайыр.Уй булонду сактап калуу сенин колунда,болочоктогу балан учун сен биринчи кадам ташта.!Жанаранын таксикозу ошентип башталгандыр ал нерсе убактылуу,отуп кетет аныда туура тушунуу керек.
22.05.2017. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Профессорлор кызганычты жок кыла турган дары ойлоп табышса,дуйнодо бир да уй-було ажырашмак эмес. Бирок андай дары жок болуп жатат. Эки жактан тен кетет,бир эле аялда же эркекте эмес куноо.Бирок аядын санын кобойтуп,балдарын жетим кылып баркын,сыйын кетирбей журушсо болмок
22.05.2017. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдешип эле алын турмушта болот нары бери
22.05.2017. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Келинчеги кайсыл жактан болот???
22.05.2017. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Kg Элмуратты укпай эле озундун башын мн ойлонбойсунбу! Аялга ар дайым жакшы комплименттерди айтып туруш керек. Тем более боюнда барда каалаганын жасап турсан озуно эле жакшы болот. Алып кел уйуно эртерээк байкуш келинчегинди переживать эттирбей. Ушу Дайыр сенден эле кетти болуш керек.
22.05.2017. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ооба аялдар кош бойлуу болгондо аны ичиндеги бала башкарат аял озу да не болуп жатканын сезбей билбей калпт дейт аялынды тушун торогондон кийин кайра жакшы жакка озгоруп калат
22.05.2017. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Дайырбек 5ай эмес,5жолу эмес,2жолу жолугушуп деле биз жашап жатабыз мына 4.5жыл болду,суйуу пуйкуусуз эле албетте ичте окунуч бар бирок,ички сезимдерге карап жашасак ажырашуу ото коп болуп кетпейби,намыста керек эл алдындп.Айрыкча бойунда бар аялга чыдап койсон болмок....Кайра кайра таарынып журобуз деп жар салбай...
22.05.2017. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Тиги Элмурат эмнеге антип айтат озун билип алсын биринчи аялын канча клиптен кордук аны деле коз-коз кылып жатат деп ойлосок да туура болот Дайыр кочого алып чыгып жаткан экен кочого эле а сен аялын клипке тарткандан кийин канча адам корот корду даже...Озучу бироонун тилине кирбеш керек да 30 чыгып жаткан адам оз алдынча ой жугуртуп журогу эмне кааласа ошону кылыш керек.Наоборот аялын жаркылдатып жанында алып жур башкалар суктансын бактылуу экен деп анан да эркек кишисин биринчи кечирим сура
22.05.2017. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аял киши кош бойлуу кезинде абдан озгорот,гормональный дисбаланс болот,ачуулуу,кызганчаак,таарынчаак,ыйлаак болуп,анын баарын терс кыял экен деп тушунуп алба,копчулугу ошондой абалда мен кимге уйлонуп алгам деп депрессияга тушот,а аялдары озун бактысыз сезет,ага конул бурулбай,эч ким тушунбой жаткандай туюла берет...Бул мезгил да отот,уй-булону бузбай сактап калгыла,экоонордун тен конулунор,сезиминер бар экени билинип турат,Кудайым жолунарды туздосун,бактылуу болгула!
22.05.2017. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эгер эркек болсон биринчи кадамды сен башта!Бир уйбулоону эптей албасан уйлонбошун керек эле.Ырчымын деп эле бой которо бербе!Гастроль,акча,байлык табылат..Уйбулоонду сакта!!!Балалуу болгондо тушуносун коп нерсени эгер дээринде болсо!
23.05.2017. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эч качан үй-бүлөдөгү болгон таарынычта бир эле адам күнөөлү болбойт. Дайырда, жубайында дагы күнөө бар. Жубайы Дайырдын ырчы экенин, кыз күйөрмандары көп экенин билип туруп турмушка чыккан, эми чыдаш керек. Дайыр ырчылыкты биринчи оорунга койбой үй-бүлөсүн биринчиге коюп, кош бойлуу кезинде аялын түшүнүп, ага жардам көргөзүш керек.
30 га чыксамда жаштык кылыпмын, беш ай сүйлөшкөн аз экен дегенин туура эмес.
23.05.2017. 07:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызганып атып эле ажырашыпсыңарда...
23.05.2017. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Гастрольду токток Дайыр! Гульжайна менен Назира эжекелеринен алыыс эле болчуу! Алардан мен деле кызганмакмын.
23.05.2017. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бири бирибизди жакшы билиш керек деп эле бир эки жыл суйлошуш керек бекен. 3 эле кун суйлошуп уйлонгондор бар. Соонун бактылуу жашап жатышат. Чыныгы Исламда ушундай.
23.05.2017. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Анан да кош бойлуу кезде баары эле озгоруп калат. Аны деген куйоосу тушунуш керек жакшы караш керек.
23.05.2017. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эч жага бербейт. ХХХ окшоп
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-23 12:50:46
23.05.2017. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Aima94, кимдир бирөөнүн намысына шек келтирүүдөн алыс болуңуз. Эскертүү!
23.05.2017. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Боюнда болгон аялды жакшы кара балан кыйналып калат
27.05.2017. 05:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
luntik88,кыздыгында баары жакшы жаман катын кайдан чыгат дейт.сен кыздыгында 5ай эмес 10жыл суйлошсонда билбейсин кандай экенин уйлонгондо ушундай тили чыгат экен тан каласын адам менде да азыр ушундай болуп атат унчукпай сабр кылып койом коп созуно тороп ала берсин эгер ушу темпте кетсе башкача суйлошомго
23.05.2017. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Боюнда бар адам озгорот 90%ошону тушунгон адам кана тушунот экен. Ага эч нерсе жакпайт кыжындай берет сабр кылып турсаныз баары ордуна тушмок. Суйлосо анын боюнда бар Деп тушунуп койсонуз болмок. Менде дагы ошондой нерселер болду, эстесем озумду билбей калчуумун. Ошого чыдаган жолдошума Рахмат . Балага ата керек, Аллахым экоонуздорду табыштырып жамандыктар болбогондой болуп кетсин!
23.05.2017. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылдуулар озунордун турмушунар кандай? Акыл уйротконду эле койсо сурады жооп берди, эже карындаш аялынарды ондогула андан коро силерде сын такан акыл Дайырда да бар болсо керек! Интернетен башынар чыкпай баарына комментарий жазасынар апана атана эжене аялына жардам бер андан коро!
23.05.2017. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызганыч ар бир уй булодо болуп турат.Менда 1жыл Суйлошуп жактырган жигитиме тийдим.Кочодо 12ге чейин журсо туну ар ой келип урушуп ажырашамын дегенге чейин бардым. Боюнда бар убакта озгорот дегени туура окшойт менда кыйла озгордум. Бирок аял кишини тушунушко аракет кылып конулун алып туболук жашоого аракет кылыш керек.Ажырашуу м.н эч нерсе чечилбейт баары бар биринчиси биринчи. Ажырашам эле дей берет элем талак бер не кет дебейсин деп. Жолдошум мен ажырашпаймын дейт. Жадаганынан баланы озум баг
23.05.2017. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Толук жазылбай калыптыр кыскасы ажырашпагыла эч бир уй було коз ачып коргон биринчи никенерге не жетсин дешетко 2чи турмушту коргондор. Бактылуу болгула
23.05.2017. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сахнада беш алтоо кол чаап койсо эле озуну Султан Сулейман элестетип кеткен окшойсун, башка аял алсан эле башкача болуп кетпейт,анын да характери болот, ошого сен эркексин, анча мынча сеники туура деп койсон эчнерсе болбойт, аял затына популярдуулугун, акчан сулуулугун керек эмес бир Гана кичипейилдигин Жана жагымдуу создорду кунуго айтып турсан болгону, кызнанычка келсек ал оору ошондой дабасы жок, кызганышына повод бербей суйуп куйуп жаша, суйлошконун аздык кылабы же жокбу ал бешене, насип.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: