ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫ АЗАЙСЫН ДЕП, ЖӨӨ ЖҮРҮШ ӨТӨТ
№760 26-май - 1-июнь, 2017-ж.
Өлкө аймагында 5 жарым жылдын ичинде 5511 адам жол кырсыгынан каза болгон. Акыркы учурда көп болуп жаткан жол кырсыктарына байланыштуу жарандык активисттер 28-май күнү Бишкекте #ҮнүбүзЖетишҮчүнҮнКатпайбыз аттуу жөө жүрүш акциясын уюштурмакчы. Иш-чаранын максаты – унаа айдоочуларына жана жөө жүргүнчүлөргө өз милдеттерин эскертүү. Ушул сыяктуу эле активисттердин иш-чарасы 24-майда Бишкек шаарында өтүп, ага патрулдук милиция кызматкерлери, мэриянын өкүлү жана башкалар катышкан.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0