Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

АЙЫЛДАШТАРДЫН УРУШУ ӨЛҮМ МЕНЕН АЯКТАДЫ. КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ «ДОСУМА БОЛУШУП БЫЧАК МЕНЕН САЙГАМ» ДЕЙТ

№761 2-8-июнь, 2007-ж.


УРУШ БЫЧАК САЙЫШУУГА ЖЕТКИРГЕН

Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, 2017-жылдын 26-май күнү Чүй облусундагы Чүй РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө бычактан жаракат алган белгисиз жаран аймактык ооруканага жеткирилгендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам тергөө тобу ооруканага баргыча жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгон. Маркум Чүй районунун Дөң-Арык айылынын 31 жаштагы тургуну Урмат Бедалиев экендиги аныкталган. Бул кылмыш боюнча Чүй РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын тургуну, 1998-жылы туулган Б.Б. аттуу жаран кармалган.
Иликтөө учурунда бул экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктер пайда болуп, ортодо уруш чыкканы аныкталган. Маркумдун 3 жерине бычак сайылып, ал алган жаракатынан улам каза болгон. Учурда бул иш боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

«ЭКСПЕРТИЗА ЧОҢ БЫЧАК МЕНЕН САЙЫЛГАН ДЕП ТЫЯНАК ЧЫГАРДЫ»

Маркум буга чейин Токмок шаарындагы унаа оңдоочу жайда иштеп жүргөн. Аны менен чогуу иштеген Тилек Көмүрчиев бул окуяга күбө болгон:
– 26-майда түнкү бир жарымдарда биз жумушта болчубуз. Күндөгүдөй жумушубузду аткарып жатсак, тааныш жигиттер келип калышты. Алар менен сүйлөшүп отурганбыз, бизден кичүү жигитти Урмат чакырса, ал тил албай койду. Ошондо Урмат анын жанына барып «укпай калыптырсың» деп чаап жиберди. Биз арачыга түшсөк, «тийбегиле, мен өзүм сүйлөшүп алам» деп досум жанына бизди жолоткон жок. Ал жигиттер унаа менен келишкен болчу. Бир убакта бир жаш эле бала унаадан түшө калып, Урматтын башына темир түтүк менен чаап жиберди. Алар сыртты көздөй качканда мен башка чапкан баланы кууп жетип кармасам, «мен чапкан жокмун» деди. Ошол убакта Азамат деген жигит колумдан бошотуп, экөө качып кетишти. Анан Урмат унаага отуруп, «буларды айылдан кармайм» деп артынан кууп кеткен. Мен иштеген жердин эшигин жаап, жолго чыксам, Урмат мени күтүп жатыптыр. Ошол учурда жаныбызга бир машина келип токтоду, ичинде толо жигиттер бар экен. Алар мушташка даярданып келишиптир. Урмат өзүн башка чапкан баланы көрүп артынан кубалап жөнөгөн эле, ошондо бычак сайыптыр. Биз кайсы учурда сайганын, бычакты да көргөн эмеспиз. Кийин биздин жумушта жаткан кичинекей бычакты айтып, «өздөрү алып чыккан» деп жатышат. Ал бычак мына азыр да жаныбызда турат. Экспертиза болсо «чоң бычак менен сайылган» деп чыгарды. Буга чейин Урмат менен тигил балдардын ортосунда таарыныч, уруш-талаш болгон эмес.

«ЭКИ МҮНӨТКӨ ЖЕТПЕЙ БАРСАМ, БЫЧАК САЙЫП КЕТИПТИР»

Кайрат Шаршеналиев да окуянын күбөсү, ал маркумду ооруканага жеткирген:
– Мен Тилек менен Урматты айылга ала кетейин деп иштеген жерине барсам, мушташ болгон экен. Урмат экөөбүз аны ургандардын артынан кубаламакчы болдук. Көчөгө чыгып, аялдамада Тилекти күтүп турсак, ал балдар машина менен келип биздин жаныбызга токтошту. Алар машинадан түшкөндө Урмат да унаадан түшүп, башына чапкан жигиттин артынан барды. Бир кезде экөө жолдун аркы бетине кубалашып кетишти. 2 мүнөткө жетпей артынан барсам, Урмат жолдун жээгиндеги карагайга сүйөнүп туруптур. Урмат «мени бычак менен сайып кетти. Ооруканага жеткир» деди. Дароо унаама салып ооруканага алып жөнөдүм. Үчүнчү кабатка көтөрүлгөндө ал «ата-энемден кечирим сурап койчу. Мага бычак сайган бала менен тигил дүйнөдөн сүйлөшүп алам» деди. Анан врачтар ага операция жасоо үчүн алып кирип кетишти. Жарым саат өткөндөн кийин Урматтын каза болуп калганын айтышты.

«БАЙКЕМДИ САЙГАН БЫЧАК ТАБЫЛБАЙ ЖАТАТ. СЫРДЫН БААРЫ ОШОНДО»

Ал эми маркумдун карындашы Каныкей Бедалиева «байкемдин өлүмүнө шектелип бирөө гана кармалды. Башка да адамдар болгон, эмнеге аларга сурак жүргүзүлбөйт?» деп нааразы:
– Биз 3 бир тууган элек. Байкем үйдүн улуусу, биздин карманар тирегибиз болчу. Өзү үй-жайлуу, жубайы, 3 баласы бар. Ошол күнү ал иштеген жерде уруш чыгыптыр. Байкем Азамат деген менен урушкан окшойт, анын жанындагы бала байкемди темир түтүк менен башка чааптыр. Экинчи жолу жолдон жолугушканда байкем Азамат менен урушуп жатканда башка чапкан бала кайра бычак менен жүрөк тушуна эки жолу сайыптыр. Кабыргасынан бери кесип кеткенине караганда бул мал сойгон бычак окшойт. Бычак Калыс деген бала айдап келген унаадан табылган деп жатышат. Бирок ал тийиштүү адамдарга акча берип, ооздорун жаап жатат деп уктук.
Мени күйгүзгөнү, эмнеге бир эле бала жазасын алып, калгандары кутулуп кетиши керек?! Бул балдарды «баңгизат колдонуп жүрүшкөн» деген кептер бар. Азыр болсо баарыбызга табышмак болгон бычак табылбай жатат. Менимче, ошонун артында сыр бар. Ошол аркылуу окуя эмнеден улам болгонун жана ким жанына алып келгени табылат эле да.

«МЕНИ САБАП ЖАТКАНДА БЫЧАК САЙЫП САЛЫПТЫР»

Биз маркумдан таяк жеген Азамат аттуу жигит менен сүйлөшүү үчүн Чүй облустук ооруканасына бардык. Барганыбызда тергөөчү андан көрсөтмө алып жатыптыр. Анын башы жарылып, оң колу сынып, бөйрөк тушу менен буттары көк ала экен:
– Урмат байкенин «эмнеге жөн жүрбөйсүң?!» деген сөзүнөн уруш башталып кетти. Ал мени чаап жибергенде мага болушам деп бирөө аны темир түтүк менен башка чапкан. Урмат байке кийин кайра бизди кубалап барып, мени ушул абалга жеткиргиче сабап жатканда досум аны бычак менен сайып салыптыр. Ал учурда мен эсимди жоготуп койгондуктан, бычакты кайдан алганын билбейм.

«БАЛЫККА БАРАМ ДЕП КЕТКЕН БОЛЧУ»

Ал эми Азаматтын атасы Жумабек Мамытов төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Балам айылда өздөрүнчө команда түзүп, футбол ойнойт эле. 25-майда да он жылдыктар футбол уюштуруп, анда да ойногон. Кечинде достору менен балык уулоого бармак. Андан ары эмне болуп уруш чыкканын билбейм. Мага 26-майда таңкы саат 5те бирөөлөр телефон чалып, «уулуңардын абалы оор. Азыр ооруканада» деп айтышты. Жандандыруу бөлүмү бош болбогондуктан, аны башка эле палатага жаткырып коюшуптур. Эртең мененки саат 10до гана эсине келди. «Эмне болуп кетти?» деп сурасам, «эмнеге саламдашпайсың?!» деген сөздөр үчүн таяк жегенин айтты. Балким, балам да кичүү болгонуна карабай катуу сүйлөп койгонбу, аны мен да түшүнө албай жатам.
Баламдын абалын өзүңөр көргөндөй оор, катуу сабалган, эртең (ред.: 31-май) башына операция жасалат. Азыр анын амандыгын тилеп жатам. Экспертизада каза болгон баланын канынан ичимдик чыккан жок. Мени таң калтырганы, эмнеге соо туруп ушунча сабады?.. Ошол учурда окуя болгон жерде жүргөн толтура балдар эмне үчүн ажыратып койгон жок?!

«ИНИМ ӨЗҮ КЫЛМЫШЫН МОЮНУНА АЛЫПТЫР»

Бул окуя бир айыл тургундарынын ортосунда болуп жаткандыктан, айылда ар түрдүү кептер тарап жатканы белгилүү болду. Кылмышка шектүү деп кармалган жигиттин үйүнө барганыбызда, байкеси бизге кыска гана буларды айтып берди:
– Иним кылган ишин моюнуна алып жаткандан кийин башка эмне деп айтам? Барып сүйлөшсөк «Азаматты сабап жатканда аны темир түтүк менен башка чапкам. Андан кийин да Азаматты кайра кармап алып сабаган. Ага болушуп бычак сайдым, болбосо аны өлтүрүп салмак» деп айтты. Иним бою кичинекей, арык. Ал эми каза болгон жигит олбурлуу болгондуктан, ушундай жол менен гана алы жеткен окшойт.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg



"Бычак сайган бала менен тиги дүйнөдөн сүйлөшөм"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(28)
05.06.2017. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бул жерде маркум озу да ачууга алдырып коюптур да.Тиги бала тил албай койгонуна жаны ачып катуу уруп койгондой.Берки бала болушам деп кучу жетпегенине байланыштуу бычак колдонгон го.кааап,жаштар кызуу кандуу азыр ,эртенкини ойлогону аз .Эми мынтип бироо темир тордо жаштайынан жайрапбири омур менен кош айтышыптыр.О дуйносун берсин.
05.06.2017. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окунучтуу
05.06.2017. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери жайлуу болсун эми озунон кичине балдарда неси бар дейм да чон эле киши экен
05.06.2017. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Чон муштум болсо ушуну кормок. Колу-бутун сындырганча сабаптыр. Озунду эр ойлосон бироону шер ойло дейт. Ажалды озу чакырган турбайбы.
10.06.2017. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mers124,Ошондо дагы жон олбой тиги дуйнодон суйлошом дегенин карасанар? Тооба,тооба...
05.06.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жерде колунда жок бироого кылмышты мойнуна ала тур, 1-2 жылда камактан чыгарып алабыз, ага чейин уй-булоно каралашып турабыз деп аны кондурушту да. Чыныгы кылмышкер эч нерсе болбогонсуп басып журот. Бул биринчи же акыркысы эмес. Чондун, байдын балдары качан болсо да жазадан кутулуунун жолун, амалын табат... А тиги камалган балага бир уй сатып берсе, 2-3 жылдан сон турмодон чыкканда уйлуу болуп калат, чем Россиялап 5-10 жылда уйго жеткиче.. Кыскасы адилеттуулук жок!
05.06.2017. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Балким 5-7, балким 10-15 жылга сот окум кылаар, ал маанилуу эмес, анткени 1-2 ашып барса 3 жыл откон сон амнистияга илешти кылып чыгарып алышат, окуя унут боло баштаганда.

Оор кылмыш кылгандар, террористтер да 25 жылга кесилип 2-3 жылга эркиндикке чыгып жатат го Кыргызстанда...

Батукаевди айтпай эле коелу, ошого бугун-эртен олот деп диагноз койгон врачтарга кылмыш иши козголбоду, Батукаев аман-соо журот, ага диагноз койгон врачтар озу аман-соо бекен?..
05.06.2017. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул да болсо акыркы замандын белгиси мусулманмын дейбиз чынында кафырдан айырмабыз калбады баардыгыбыз эмес албетте
06.06.2017. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ADIL_AYDAROV, Акыр замандын белгиси деп жаза бербечи! Мындай окуялар илгертен эле болуп келген, и боло берет. Илгертеден Милиция, сот ошол учун иштешет
05.06.2017. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун.
05.06.2017. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биринчи эле жолку сабашы эмес го ошого чейин озу жеткирген турбайбы.
Медиа-портал
06.06.2017. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Зордон зор чыгыптыр, ХХХ демекчи,озуну басып койсо жакшы болмок экеен.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-06 07:59:27
06.06.2017. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эгер алсызга күчтүү кол көтөрсө алсыз любой жерде бычак саят же атып кетет!!!
06.06.2017. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жер кабар айтып барбасын маркум озу куноолу экенда,кучун ашып ташып жатса ринге чык,озун тендуулор менен мушташ.Каяктага бешиктен бели чыга элек балдарга кучунду коргозбой.Карап турган досторуда акмак.Бмроонун баласын инвалид кылып,озу каза болбогондо жаш бала каза болмок экенда
06.06.2017. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аркы дуйного барып суйлошкону эмнеси
10.06.2017. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
datkayimjan,Мен дагы тан калдым го тооба...
Медиа-портал
06.06.2017. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошон үчүн бир жерди кысып жашаш керек. Жөн жок жерден конфликт жаратпай.
07.06.2017. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Азыркы убакта жаштар өзүнөн улуу адамдарды сыйлоо деген нерсени унутуп бара жатышат. Эми кел десе келип койсо болмок. Эч жери кемибейт болчу
08.06.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эьне айтаарыңды да билбейсиң го тооба
09.06.2017. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не дейбиз жаткан жери жайлуу болсун
12.06.2017. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч нерсени билбей туруп эле суйлой бересинерби? Олгон адамды жамандабай эле койгулачы.Бул маркум жашаган айылдан кийинки эле айылда мен жашайм, жубайы биздин айылдан болот.Ошол балдардын бироосу мурда наркотик менен кармалып,турмого жатып чыккан.Ошол куну дагы экоо тен наркотик сайынып алышып,ушул ишти кылып жатпайбы.Экоо тен бул иштин аягы эмне менен бутоорун билишкен,ошон учун маркум сабаган бала атайын барып туруп столбага башын 4,5жолу сузгон озу,анан ошонун башы жарылбаганда меники жарылабы
12.06.2017. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал кийин ушундай болорун билген жана муну атайын жасаган.Бул жерден маркумдун куноосу "эмне учурашпайсын" деген созу жана баланы чаап салганында болгон
12.06.2017. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал эми бычак табылбай жатканынын себеби, сайган баланын байкеси тиешелуу органдарга коп суммадагы акча берип ооздорун жаап койгон. Алар бычак каякта экенин билишет,бирок акча,акча,акча
12.06.2017. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дон Арыкта менин туугандарым жашайт, ошол куну мен ошол жакта болчумун анан баарын уктум. Абдан окунучтуу... Жаткан жери жайлуу болсун! Мына ушундай урматтуулар, эч нерсени билбей туруп, адамга сын тагып,аны жамандабаш керек
12.06.2017. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тем более олгон адамды
12.06.2017. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башына операция жасалбай этпей эле, сопсоо журот. Чуйский больницадан жакшынакай кылып даарылап чыгарып коюшса, озу кайра мен жаманмын деп туруп городка жатып алыптыр
12.06.2017. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр акча суйлоп турган жерде адилеттик ыйлап турат эмеспи
13.06.2017. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tatynakaika
Бул жерде журналистти билбей туруп эле суйлой бересинби деп куноолопсуз. Тескерисинче, болгон куболордун, тараптардын баарынан маалымат алып жазганга аракет кылыптыр го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: