№760-САНДА ОЙНОТУЛГАН ОЮН-УТУШТУН БАТКЕН ОБЛУСУ БОЮНЧА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ
№762 9-15-июнь, 2017-ж.
Орозгүл Сапарова: «БАЛДАРЫМ МЕНЕН ЧОГУУ ЖООП ТАПКАНБЫЗ»
– Орозгүл эже, байгеңиз кут болсун! Өзүңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз... – Рахмат! Мен Баткен шаарында жашайм, 55 жаштамын. 5 балам бар. Базарда соода кылып иштейм. "Супер-Инфо" гезитинин бир дагы санын калтырбай окуйм. Гезит өтө кызыктуу, мага бардык эле макалалар жагат. Анан белгилүү адамдардын ажырашып кеткендерин окусам, ажырашпай эле койбойбу деп жүрөгүм ооруйт. Оюн-утуштун жоопторун балдарым менен чогуу таап, кат аркылуу жөнөтүп жиберген элем. Жеңүүчү болгонума кубанычтамын.
Нурия Закирбаева: «МУРУНКУСУНДА ЖЕТИШПЕЙ КАЛГАН ЭЛЕМ»
– Нурия, куттуктайм, сиз жеңүүчү болдуңуз! Кантип бул утушка катышып калдыңыз? – Чоң рахмат! Өзүм 4 жылдан бери Кадамжай шаарындагы почтада иштейм. "Супер-Инфо" гезити биздин районго почта аркылуу да таркатылат. Почтада иштегендер өзүбүз да жазылып окуйбуз. Биздин облустагылар үчүн өткөрүлгөн мурунку оюн-утушта жооп жазып жөнөткөнгө жетишпей калган элем. Мунусунда суроолордун жообун таап жөнөтүп койгом. Мен гезитти алганда алгач эле жылдыздар тууралуу макалаларды, гороскоп, сериалдарды окуп чыгам. Анан шашпай калгандарын бүт окуйм.
№759-санда жарыяланган Бишкек шаарындагы окурмандар үчүн ойнотулган оюн-утуштун жеңүүчүсү Зоя Алымбекова келип белегин алып кетти. Ал эми экинчи жеңүүчү Жибек Койчубекованын ордуна белегин анын иниси Эламан Койчубеков алып кетти.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду: