Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Кылмышка шектүүнүн кайненеси: "КЕЛИНИМ БАЛАСЫН КЕСКИЛЕП, "ИТКЕ БЕРГИЛЕ" ДЕПТИР"

№762 9-15-июнь, 2017-ж.


Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 23 жаштагы аялдын өз уулун мууздап салганы элдин жүрөк үшүн алып, акылга сыйбай турат. Биз ал аял эмне үчүн мындай кадамга барганын билүүгө аракет жасадык.

"КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛИП ЫМЫРКАЙДЫН ЭНЕСИ КАРМАЛДЫ"

Чүй ОИИББинин басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов окуя тууралуу буларга токтолду:
– 2017-жылдын 28-май күнү саат 12:30дар чамасында Ысык-Ата
РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аталган районго караштуу Красная-Речка айылындагы үйлөрдүн биринде адам өлтүрүү болгондугу тууралуу кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу барган. Аталган айылдын 23 жаштагы тургуну бир жаштагы уулунун моюн тушуна бычак сайып салган экен. Ымыркай алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген. Кылмышка шектүү катары өлтүрүлгөн ымыркайдын апасы кармалган. Бул факт боюнча Ысык-Ата РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектүү психикалык жактан оорулуу же оорулуу эмес экендиги да текшерилип жатат.

"НЕБЕРЕМДИ КӨРГӨНДӨР "НАН КЕСКЕНДЕЙ ЭЛЕ КЕСКИЛЕПТИР" ДЕШТИ"

"Өз баласын өлтүрдү" деп шектелип кармалган аялдын туугандары окуя тууралуу сөз кыла турган абалда эместигин айтышты. Кошуна-колоңдору кылмышка шектелип жаткан келин тууралуу "жоош, эч кимге зыяны жок кыз болчу" дешти. Ал эми кылмышка шектүүнүн кайненеси Элмира айым окуя тууралуу буларга токтолду:
– Жолдошумдун каза тапканына 19 жыл болду. Аркасында калган 3 баланы өзүм багып келе жатам. Уулум менен келиним сүйлөшүп жүрүп эле үйлөнүшкөн. Экөө чогуу жашаганына 2 жылдай болуп калган. Былтыр 1-июнь күнү уулдуу болушкан. Келиним башынан эле көп сүйлөбөгөн, түнт болчу. Анын кесиби медик болгондуктан, жаңы келин болуп келгенде медайым болуп иштеп жүрдү. Андан кийин кош бойлуу болуп декретке чыгып, төрөп үйдө болчу.
Ушул убакка чейин келиним экөөбүздүн ортобузда жаман-жакшы айтышуу болгон жок. Балам экөө деле катуу урушканын көргөн эмесмин. Акыркы күндөрү негедир анын эч нерсеге көңүлү чаппай жаткан. "Балким, эмне болуп жатканын сиздерге айтар" деп келинимди баласы менен кудагыйдыкына алып барганыма бир жарым ай болуп калган. Ошондо неберемди өзүм эле баксамбы дегем, бирок баласын апасынан ажыратсак кайра депрессиясы күчөбөсүн деп өзүнө берген элек. Кудагыйымдын кесиби да врач, ал кызын психологдорго көргөзүп, 1-июнь күнү ооруканага жаткырып дарылатам деп жаткан эле.
28-май күнү бизге телефон чалып, "балаңар чарчап калды" деп айтышты. Барганда ушундай жаман каргаша болгонун билип, жалдырап отуруп калдым. Келиниме ийне сайса дагы эч нерсени билбей, эсине келбей отурат. Мен өзүм неберемди көрө алган жокмун, көргөндөр "нан кескендей эле кескилептир" деп айтышты.

"КЕЛИНИМЕ БООРУМ ООРУЙТ"

– Неберемдин туулган күнү 1-июнь болгондуктан, ошол күнү барып куттуктап, келиним ооруканага жатса неберебизди өзүбүз багалы деп жатканбыз. Келиниме боорум ооруйт, мага да кыйын болуп жатат. Жаңы келин болуп келгенде медик экенин угуп "ооруп калсам өзү эле дарылайт" деп абдан сүйүнгөн элем. Эмне үчүн мындай жолго барганын түшүнө албай жатам. Балам менен келиним ажырашкан эмес, болгону жанагы абалдан чыгыш үчүн аны үйүнө алып барган элек.
Угушума караганда, келинибиздин сиңдиси эртең менен баланы бешикке бөлөп, тамагын берип, уктатыптыр. Анан короодо иштеп жүргөн байкесин чайга чакырганы кеткенде ушундай болуп кетиптир. Келиним баласын бычак менен кескилеп, "итке бергиле, болбой калды" деп бешиги менен эшикке көтөрүп чыгыптыр. Келиним азыр деле эч кимди тааныбай жатат.

"МИЛИЦИЯ ЧАКЫРТЫП "КҮЙӨӨМ ЖАШ БАЛДАРДЫ ӨЛТҮРҮП ЖАТАТ" ДЕПТИР"

Кылмышка шектүүнүн жолдошу менен сүйлөшкөнүбүздө ал "жубайымды кечирдим. Ал дагы мени кечирсин" деп төмөнкүлөргө токтолду:
– Биз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп анан баш кошуп, жакшы эле жашап келгенбиз. Келинчегимдин толгоосу катуу болуп, кыйналып төрөгөн. Апам жумушунан уруксат алып, өзү баламдын кыркылыгын чыгарып, өзү тыңыткан болчу. Балабыз бирге чыгарына аз эле күн калган. Мурда жубайым өзүнөн-өзү милиция чакыртып, алар келгенде "күйөөм жаш балдарды өлтүрүп жатат" деп айткан эле. Көзүнө бир нерселер көрүнгөн окшойт да. Ошондо кайненемди чакыртсак, ал келинчегимди үйүнө бир айча алып кетип дарылаткан. Дарылангандан кийин аялым жакшы болуп калган болчу.
Ушул окуя болордон 2 ай мурун үйгө келсем үй чачык, суук болсо да аялым баланы жука кийинтип жүрүптүр. Анда болгону ортобузда "эмнеге мындай кылып жатасың?" деген гана сөздөр болгон. Бирок андан кийин деле жыйынтык болбогон соң мен деле тажап кеттим. Аягында "ушундай жашоодон көрө ажырашалы" десем, "анда мен кеттим" дегенинен жиним менен "кетсең кет" дедим. Аялым үйүнө кетүүгө даярданып, кийимдерин чогулта баштаганда апам келип калды. Ал түшүнбөй "эмне болуп кетти?" дегенде, "баланы баксаңар баккыла, мен кетем" деди. Апам "мен дагы сени менен барып, кудагыйга түшүндүрүп айтайын" деп кошо кеткен.
Андан 3 күн өткөндөн кийин апам экөөбүз кайра жубайымдын үйүнө бардык. Анын туугандары "азыр жашсыңар. Мындайлар анча-мынча болуп турат. Кайра жашагыла, болгону кызыбыз үйдө бир ай жүрсүн, эс алсын" дешкенинен биз дагы макул болгонбуз. Андан кийин деле мен бат-баттан барып уулума жолугуп, кем-карчын алып берип жүрдүм.

"БАЛАМДЫН ТУШОО ТОЮН БЕРЕЛИ ДЕП ЖАТТЫК ЭЛЕ"

– Баламдын туулган күнү жакындап калгандыктан, апам экөөбүз тушоо тоюн өткөрөлү деп сүйлөшүп жатканбыз. Милиция кызматкерлери телефон чалганда жүрөгүм бир жамандыкты сезген. Барсам эле ушундай окуя болуп кетиптир. Барганымда аялым мени тааныбай койду, азыр да тааныбай жатат. Кайненем да кызынын ооруп жатканын эч бир тууганына айтпаптыр, алар "эмнеге бизге айткан эмессиң?" деп жатышат. Жактоочу "кээде гана 5 мүнөткө өзүнө келип калып жатат" деп айтууда.
Баламдын моюнундагы арткы териси гана башын кармап калыптыр деп айтышты. Баламды үйүмө алып келип, анан жерге бердик. Дарыгерлер "эгер адамда агрессия болсо, катуу сайгылап салмак. Ал акырын гана кескилептир" деп айтып жатышат. Мен эч кимди күнөөлөй албайм, бул оорунун айынан болду окшойт.

Окуя ушул үйдө катталган.


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg



Эне 1 жаштагы баласын мууздап салган деп шектелүүдө

Автор: Илимбек Туратбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(43)
12.06.2017. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ваай тоообббааа журогум ооруп кетти кантип кыйнап кескиледи экен акырын кессе эмнеге бир да адам коргон эмес адамдарга не болгон озу же кыяматтын жакындаган белгисиби?
12.06.2017. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Азыр ооруган кыздарды айтпай күйөөгө беришет,оорусу билинип эмнеге айткан жок элеңер десе"күйөөгө тийсе жакшы болот"-деп врач айткан дешет.Кайсы врач ушинтип айтат?Эч эле түшүнбөйм,жеке өзүм ушундай окуядан үчтү көрдүм.Баарынын ата-энеси күйөөгө тийгенде врач айыгат дешкен дейт.Сураныч ошентип айткан врачтардан тактап берсеңер жакшы болот эле.
12.06.2017. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beka2605,туура айтасын куйоого тийгенде жакшы болуп кетет дешет екен тан калыштуу...биздин да тааныштардын кызы ушинтип козуно бир нерселер корунуп уйдон чыгып кетип ооручу...куйоого беришти айыгып кетет деп..куйоосуно да эч кимге айтышкан жок...жакшынакай жашады еки балалуу болду..бирок баягы оорусу тунчундо башталып туну менен колго чейин барып кирип кетиптир туп туз еле колго..озулопу уйу колго жакын еле....
12.06.2017. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым өзүң сакта.
Tyty1990 түзөттү 2017-06-12 11:03:08
12.06.2017. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Макаланы окуганда эле Конго жаш тегеренди кырчындай омур таза периште жыттанган наристе
SUPER.KG видео
12.06.2017. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм кудай бироого кор, бироого зар бала деген ушул даа
12.06.2017. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кудай сактасын ошон учун да медицина окуу жайына окутканда да ойлонуп окутуш керек да кээ бирлери сен врач болушун керек деп заставить этип окутушат моркго киргенде олук адамды коро берип психология сы бузулуп ушундай акыбалга дуушар болуп жатышат алар учун адамды жиликтеген тоокту жиликтеген менен эле барабар болуп калат окшойт касап болуп тообо кылдым куйоосун жиликтеген келинди мисал кылып айтканым ал да медик эле баардык эле медикти айтканым жок кээ биринин психикасы туруштук бербейбузул
14.06.2017. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
bai.2011,окуунун тиешеси жок тем более студенттерге трупту кестирбейт дагы,жон эле карап турат анда дагы кааласа кирет моргко каалабаса заставлять этпейт
SUPER.KG видео
12.06.2017. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нервден ооруп калса керек.
12.06.2017. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудайым сактасын... Бул оор го болбосо бир да эне баласына жамандык каалабайт.
12.06.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш кичинекей балапанды эстеп денем титиреп кетти. Кичине колумду кесип алсам канча оорутат. А муну секинден кескилеп атып, мойну узулгону калган экен.
12.06.2017. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кудай сактааа!!! Озум ырым-жырымдарга ишене бербейм, бирок ушул сыяктуу ооруларды угуп калгам. Жаны куйоого тийгенде, жаны торогондо 40 кун озун жакшы караш керек экен го, кечки шам тушкон убакта сыртка чыкпай, жаман жерди баспай Ж.б. Анткени ошол убакта 3 тамгалуулар кобуроок болот деп уккам. Адамдын ичине кирип кетиши мумкун экен. Болбосо озунун акылы менен мындай коркунучтуу ишти жасабайт го дейм. Адам эмес айбан да оз баласынын жанын кыйбайт го((((
12.06.2017. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тообо тообо
13.06.2017. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Супер инфо ушундай суук кабарлады жазбай элэ койбойсторбу.Эл канчалык көп укса мындай шумдукту, ошончолук көнө баштайт. Барып барып бул нерселер көнүмүш болуп калат. Бул кабарды жаш өспүрүмдор да окуйт, мен деле ушундай кылсам болот экен деп ойлошот.
13.06.2017. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kop ayal torogondon kiyin depressiya je psihologiyalik jaktan ooruyt
13.06.2017. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
акмак, кудай сактасын! балага куйосуно жаман ьолуптур
13.06.2017. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне дээримди да билбейм журогум зыркырап чыкты окуп алып. Куноосуз наристе. Жин, шайтандан озун сакта Аллахым.
13.06.2017. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайненеси Айдан тушконсуп аппак суйлогонго, ошондой жакшы болсо ортодо небереси болсо келинге жаккшы мамиле жасап убагында корсотуп конул буруп койсо жакшы болмок келинине,оорусан оорукчан келин деп торкунуно жеткиргенге шашкандар, байкаштыбы баш оту мн киришиш керек, жоопкерчилик бар силердеда?! бул жерде соз коп жууп жайып женил суйлоп коюптурлар, ал келин СОО болсо мынтпейт эле да?!
15.06.2017. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
raykray,Мумкун ушундай ахвалга кайненеси жеткиргендир?Куйоосу дагы мамин сыночек окшойт.Эмнеси болсо дагы Аллах билуучу!
13.06.2017. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азыр коп угам жин кирип жинди болуп калптыр деп мурун укчу эмес элем тобо
13.06.2017. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобба!!!Медиктер ушундай таш боор болуп калабы?Кулай Озун сактай кор!
13.06.2017. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин женемдинда талма сыякту оорусу бар, байкем экоо суйлошуп жургондо айткан эмес экен. ал эмес уйлонуп атканда апасыда айткан эмес экен. Уйлонгондон кийин айтыптыр мен ушундай ооруйумун деп, азыр ошонун айынан байкем коп ичет
13.06.2017. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш бала апам деп жакындап суйунсо апасы ушундай кылса байкуш тушунбой деле калса керек тыбырчылап каршылык корсотойун десе бешикте буту колу танылуу болсо эххх жаман журогум ооруду балага башкача мамиле кылып атканын байкашса керек алып койушбаптыр баласын
13.06.2017. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окуя ушу уйдо болгон деп кереги жок элего
14.06.2017. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Truelensk,Саламатсызбы! Бул видеону кантип корсо болот ? Ачылбайтат доступ ограничен деп
14.06.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aisha-85, дагы бир жолу аракет кылып көрүңүз.
Медиа-портал
14.06.2017. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен короалбайтам.
14.06.2017. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым ай, тообо кылдым, наристеге жалко да ииии байкушум десе ((((
14.06.2017. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп алып азырга чейин оюман кетпей жатат Мээримдуу Аллах баарыбызга ынсап берсин!
Медиа-портал
14.06.2017. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оз баласын олтургонго кандай колу барды бул аялга жинн кирип алганго анда бечара ымыркайда не куноо, бирого зар бала бирого кор деп бекеринен эместа.
15.06.2017. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта
15.06.2017. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта тооба ушундай да адам болобу
15.06.2017. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Может жин-пин киргендир.?
16.06.2017. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай озун сактай кор!
17.06.2017. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай нерселерден жараткан алла тала өзү сактасын
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: