Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

2 жарым жылдан бери агасын таппай жүргөн жаран: «АГАМДЫ ҮЙ-БҮЛӨСҮ ӨЛТҮРҮП, СӨӨКТҮ КАЙДА ЖАШЫРГАНЫН АЙТПАЙ ЖАТЫШАТ»

№763 16-22-июнь, 2017-ж.


Бишкек шаарындагы Көк-Жар конушунун Райымбек Акматов аттуу тургуну 2014-жылдын ноябрь айынан бери дайынсыз. Туугандары аны аялы жана баласы өлтүрүп, сөөктү жашырып салышкан деп шектенишет. 2016-жылы жоголгон адамдын уулу атасын өлтүргөн деп шектелип кармалган. Бир тууганынан айрылган маркумдун бир туугандары болсо «жок дегенде денесин кайда алып барып көмгөнүн айтып койсо, жаназасын окуп, куран түшүрүп, өлгөнүнө ишенип көксөөбүз сууйт эле» дешет.

«АТАМДЫ ӨЛТҮРҮП, ЖЕР ТӨЛӨГӨ БИР ЖУМА КАТЫП ЖАТЫШКАН»

Муханбет Жаркынбаев Райымбек Акматовдун бир тууган иниси. Ал 2 жылдан бери агасынын сөөгүн издеп жүргөнүн айтып, буларга токтолду:
– Райымбек Акматов менин бир тууган агам болот. Ал үй-бүлөсү менен Бишкектин Көк-Жар конушунда жашап, өзү маршруттук такси айдап иштечү. Акыркы жолу агам менен 2014-жылдын ноябрь айында телефон аркылуу сүйлөшкөм. Ошондон кийин эле агамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн телефону өчүк болуп туруп алды. Өзүм Ат-Башыда жашайм. Сокулукта жашаган эжем агамдын үйүнө барып, көптөн бери үйдө эч ким жашабай жатканын кошуналарынан угуптур. Анан издеп жеңемдин Балыкчы шаарында жашаган эжеси Турсун Өмүрбаевага бардык. Ал бизге «балдары чоңойду. Акча көп керек, ошондон улам Казакстанга иштегени кетишкен» деди. «Анда биз менен байланышсын» деп кетип калдык. Бирок бизге эч ким телефон чалбагандыктан, өзүбүз издештире баштадык.
Бир күнү агамдын үйүндө кыздары жүрөт дегенди угуп барсак, 3 кызы тең үйүндө экен. «Каякта жүрөсүңөр?» деп сурасак, алар «атам-апамдар Астанада иштеп жатышат. Биз жумушка чыдабай келе бердик» дешти. «Анда алар менен сүйлөштүрүп койгулачы» десек эле ыйлап киришти. «Үйдөн чыккан уруштан улам иним менен апам атамды башка чаап өлтүрүп алышты. Сөөгүн бир жума жер төлөгө килемге ороп катып жатышып, апамдын туугандарынын жардамы менен жоготушкан. Анан таежемдер бизди Астанага качырышкан» дешти. Биз ошол замат милиция чакырдык.

«АГАМДЫН УУЛУ АР КАНДАЙ КӨРСӨТМӨ БЕРИП ЖАТАТ»

– Ошондон баштап биз агамдын сөөгүн, аялын жана баласын издей баштадык. Казакстанга чейин барып, жеңем менен баласына жолуга албай келгем. Алар дайынсыз болуп эле туруп алышты. 2016-жылдын май айында Октябрь РИИБинин кызматкерлери аларга эл аралык издөө салышып, ноябрь айында агамдын баласы Нурсултанды кармап келишти. Ал атасын өлтүргөнүн моюнуна алды, бирок сөөгүн кайда алып барып жашырганын такыр айтпай жатат. 2017-жылдын 28-май күнү Көк-Жар конушундагы таштанды ташталган ээн талааны көрсөтүп, «ушул жерге көмгөм» деп көрсөтмө берген. Ал жерди казышканда адамдыкына окшош кабырга, жамбаш сөөктөр чыгып, аны экспертизадан өткөрүү үчүн алып кетишкен. Бирок жыйынтыгы чыга элек. Андан бери иним ар кандай көрсөтмө берип жатат. Бир туруп «сөөктү балталап туруп чочколорго бергем» десе, кээде туруп «каналга ыргытып жибергем» дейт. Дагы бир жолкусунда «сөөктү өрттөп, күлүн Казакстанга ала кеткем» деп адамдын жанын кашайтып жатат. Кыздарынын айтканы боюнча, агамды аялы темир менен башка чапканда ошол жерден мүрт кеткен экен.

«КАТАРЫ МЕНЕН ЖОГОЛГОН 3 БИР ТУУГАН КАЙДА ЭКЕНИ МАГА ЭМИ КЫЗЫК БОЛО БАШТАДЫ»

– Агамдын баласынын күнөөнү моюнуна алганы азыр мага кызык болбой калды. Кудайга койдум, болгону сөөктүн кайда экенин айтышса, агама куран түшүрүп, жаназасын окуп койсом жакшы болбойт беле. Эки жарым жылдан бери тирүүнүн өлүгүнө айланып, ушинтип көрүнгөн жерден сөөк издеп жүрөм. Бир тууган деген кыйын экен да, көксөөм суубай жатпайбы (ыйлап).
Агамдын 3 кыз, 1 уулу бар. Аларды өзү жалгыз эле иштеп багып жүрчү, кээде ичип коймой жайы да бар эле. Үй-бүлөсү «ушундан улам өлтүрүп салдык» деп айтышкан, кийин кайра танып жатышат. Агамдын улуу кызы «мага иним бычак такап, «сен атамдын туугандарына жакынсың. Эгер ушул окуяны айтып сала турган болсоң мууздап салам» деп коркуткан күндөрү болгон» деп айткан. Жеңемдин 20 жыл мурун бир тууган 3 иниси дайынсыз жоголуп кетип, эч ким деле издеген эмес. Аларды жакшы таанып калганымдын себеби, агамдын үйүндө жашап эле жүрүшчү да. Агам экөөбүз да издегенбиз, бирок дайынын тапкан эмеспиз. Эми мага ошолордун да кайда жоголуп кеткени кызык боло баштады. Жеңем жолдошунун өлүмүн ушунчалык табышмак кылып жаткандан кийин булар тууралуу да ойлобой коё албайт экенсиң.

«МУРУН КЕЛИНИМ ИНИМДИ ҮТҮК МЕНЕН ЧАПКАН ЭЛЕ»

Ал эми «инимдин сөөгүн тапмайынча жаным тынч албайт» деген эжеси Бүбүажар Акматова буларга токтолду:
– Келиним мындан бир топ жыл мурун да инимди үтүк менен башка чаап, ызы-чуу болгон. Ошондо улуу кызы «атамды мен чаап алдым, апамда күнөө жок» деп ыйлаган эле. Биз Райымбектин тирүү калганына сүйүнүп кайра кетип калганбыз. Милиция кызматкерлери кыздарды суракка алышканда, биз инимдин кыздарына боорубуз ооруп, «күнөө буларда эмес» деп болушканыбызчы. Алар кийин «биз антип айткан эмеспиз» деп караманча танып туруп алышпадыбы. Райымбектин сөөгүн издеп жатканыбызга 2 жарым жылдан ашты.

«АТАМ КӨП ИЧКЕНДИКТЕН ТУУГАНДАРЫ МЕНЕН КАТЫШЧУ ЭМЕС»

Биз экинчи тараптын да оюн угалы деп маркумдун үйүнө 2 ирет барып, жубайына кезиге алган жокпуз. Ал эми маркумдун бир кызы төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Атам көп ичкендиктен туугандары менен катышчу эмес. 3-курста окуп жүргөндө атам мени сабагандыктан, өзүмчө кыздар менен батирге чыгып кеткем. Окуя болду деген күнү мен жумушта болчумун, атамды ким өлтүргөнүн билбейм. Кийин «балким, атам тирүүдүр» деп атамды издеп көзү ачыктарга да барып көрдүм. Азыр деле атамды күтүп жашайм, келип калат деген үмүттөмүн. Өзүбүз деле издештирип жатабыз. Иним болсо «билбейм» деп жатат. Ал деле ар кайсыны айтып жатат. Биз болсо Астанага иштегени кетебиз деп мурун эле сүйлөшүп жүргөнбүз. Ал жакта апамдын туугандары жашайт, барып иштеп, кайра келгенбиз.

«ТЕРГӨӨ АЯКТАП, ИШ СОТКО ӨТКӨРҮЛДҮ»

Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматкери Майрам Аскарбекова буларды айтып берди:
– 2015-жылдын 20-август күнү Бишкек шаардык Октябрь РИИБине Райымбек Акматов аттуу жарандын 7-8 айдан бери дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу туугандары арыз менен кайрылышкан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жоголгон адамдын үй-бүлө мүчөлөрү аны өзүнүн эле уулу башка чаап өлтүрүп койгондугун айтып көрсөтмө беришкен. Бул факт боюнча Октябрь РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Эл аралык издөө жарыяланып, жыйынтыгында 2016-жылдын 25-майында Казакстандын борбору Астана шаарынан кылмышка шектүү катары жоголгон адамдын 1991-жылы туулган Н.Р. аттуу уулу кармалып, ошол эле жылдын 7-ноябрь күнү Кыргызстанга алып келинип, камакка алынган. Бирок кылмышка шектүү Н.Р. кылмышын моюнуна алган эмес жана азыркы кезге чейин Райымбек Акматовдун сөөгү табыла элек. Ушул жылдын 12-июнунда тергөө иштери аяктап, кылмыш иши Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилди.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg



"Атасын өлтүрдү" деп жигит кармалды. Учурда сөөк кайда экени белгисиз

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(17)
19.06.2017. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kudai sakta
19.06.2017. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тооба кылдым заманыбыз эмне болуп кетип атат.
19.06.2017. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Астафураала оз каныдан жаралган бала,озуну олтуруп жатса деги адамдар не болуп барат?! Ар бир адамна ыйман,ынсар берекор...
19.06.2017. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маркумдун соогу табылып сотко откоруп бердиби?
19.06.2017. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
qazqaz12, soogu tabyla elek debedibi
19.06.2017. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атана кылганды баланан коросун деген соз бар беле?
19.06.2017. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аймактык болунуучулук эмес бирок мен Бишкекте турган семьяларга тушунбойм бири бирине чужойдой салкын кайдыгер мамиле жасашат. Туугандарын деле билишпейт каерде мне кылып жургонун,кээде куйоосу аялын аялын куйоосун билбейт иши кылса мээрим,уй булолук баалуулуктар жоголуп кеткендей сезим калтырат.Кызы кантип билбесин атасын каяктан экенин тообо
20.06.2017. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
AKCAHAT,мен ойлойм ошондой маилени башында эне турат апасы,любой семьяда бир тууганды да бири бирин созун айтып атып атасыны баласына жамандап атып ортодогу мамилени эне бузат.
19.06.2017. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдук кантип ушундай болсун мындайлардан кудай талам өзү сактасын
19.06.2017. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо кылдым баласы атасын олтурот деген недеген шумдук
19.06.2017. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыздары атасынын кайда экенин кантип билбесин,жанагы мыкаачы баласынан коркуп айтпай жатышат да.А аялына соз жок,жеткен акмак катын экен.Кудай сактасын ушундайлардан!
20.06.2017. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгер олук табылбаса баласы свобода журо берет
23.06.2017. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер силер журналисттик иликтоо жургузуп корбойсунорбу ошол жоголгон уч иниси жонундо
23.06.2017. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lady_91,саламатсызбы? Сунушуңуздарга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
24.06.2017. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо кылдым...
24.06.2017. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии бирткелер... Гочоо олтургонго ыя
24.06.2017. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Соокту таба элек болсо значить мойнуна ала элек, демек маркумдун уулу куру доомат менен жатат окшойт...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: