БИР БҮРКҮМ
№763 16-22-июнь, 2017-ж.
-

Кыргыз мамлекетинде 10 376 адам кайрылман статусун алган. Бул боюнча омбудсмен Кубат Оторбаев билдирди.
-
Өлкөдө учурда авариялык абалдагы 15 мектеп бар. Ал мектептердин окуучулары чатырларда билим алып жатышат. Бул боюнча билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева айтты.
-
Акыркы 25 жыл ичинде Кыргыз өлкөсүндө бир дагы заманбап төрөт үйү курулган эмес. Бул тууралуу акыйкатчынын атайын докладында айтылат.
-
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери куткаруучулар 145 адамды ар кандай кырсыктардан сактап калышкан.
-
Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Ал 2015-жылдын 11-ноябрынан тарта аталган кызматты аркалап келген.
-
2016-жылдын февралында Бишкек–Кара-Балта жолунда фото жана видеого тартып калуучу каражат коюлган. Ошондон бери 89 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталган.
-
3 жыл аралыгында Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдөгү лифттер жаңыланат. Бул тууралуу калаа мэри Албек Ибраимов билдирди.
-
УКМК өлкөдө террордук актыларды ишке ашырууну көздөгөн эл аралык террордук уюмдун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
- Бишкек–Кара-Балта унаа жолун кеңейтүүгө 120 миллион 800 миң доллар жумшалат. Андыктан жол боюндагы 3 миң дарак кыйылат. Бул боюнча Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0