
Биометрикалык систем Кыргыз жеринде шайлоолорго элдин ишенимин арттырды. Бул тууралуу президент
Алмазбек Атамбаев 12-июнда Бишкекте Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун башкы катчысы
Ламберто Занньер менен болгон жолугушууда айтты. Өлкө жетекчиси Кыргыз жеринде шайлоолор ачык-айкын, таза өтүп жатат деген пикирде. Президент уюмдун башкы катчысына алдыдагы президенттик шайлоо да биометрикалык маалыматтардын негизинде, заманбап технологияларды колдонуу менен өтөрүн билдирди.
Ламберто Занньер 2017-жылдын 15-октябрында өтүүчү президенттик шайлоого карата ЕККУ байкоочуларын жөнөтөрүн билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргыз жериндеги соңку шайлоолор биометрикалык базанын негизинде, добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды колдонуу менен өтүүдө.