
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат
Жылдыз Мусабекованын үстүнөн журналист
Үпөл Анаркулова Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу журналист
Анаркуловага байланышканыбызда жазылган арыз боюнча Башкы прокуратурадан жооп бериле электигин билдирди. Арызда
Мусабекованын журналистти
"спортчуларды жалдап, зордуктатам" деген сөздөрүн жүйө келтирип, Башкы прокуратурадан кылмыш ишин козгоону суранган. Коомчулукка тараган журналист менен депутаттын телефондук сүйлөшүүсүнүн аудиожазуусун
Мусабекова монтаж деп атоодо. Аталган маселе боюнча КСДП фракциясы бир нече ирет жыйынга чогулган, бирок
Мусабекова ар кандай шылтоо менен отурумга келбей жүрөт.
Анаркулова "фракция Мусабекованын ишин кароону кечиктирип, жайкы эс алуудан кийин унутулуп кетүүсүн каалап жатат" деген ойдо.