№763-САНДА ОЙНОТУЛГАН УТУШ-СЫНАКТЫН ТАЛАС ОБЛУСУ БОЮНЧА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ
№765 30-июнь-6-июль, 2017-ж.
Улукбек Нурбек уулу: «ГЕЗИТТИ ОН ЖЫЛДАН АШЫК УБАКЫТТАН БЕРИ ОКУП КЕЛЕМ»
– Улукбек, куттуктайбыз! Сиз жиберген жооптор туура болуп, утуш-сынактын жеңүүчүсү аталдыңыз. – Рахмат! Жоопторду туура толтурууга аракет жасагам. Утканыма кубанып турам. Өзүм Талас шаарынан болом. Гезитти он жылдан ашык убакыттан бери окуп келем. "Супер-Инфонун" 10 жылдыгына арналган утушка да катышкам. Бул жолу утканыма кубанычтамын. Гезиттен жүрөк сыры, тагдыр сыяктуу макалаларды көп окуйм. Айзада Сурабалдиева:
«СУПЕР-ИНФОНУН» АР БИР САНЫ КЫЗЫКТУУ ЧЫГАТ»
– Айзада, сиз жеңүүчү аталдыңыз! Гезитти качантан бери окуйсуз? – Чоң рахмат! "Супер-Инфону" алгачкы саны чыккандан тарта эле үй-бүлөбүз менен окуп келебиз. Мурунку уюштурулган утуш-сынактарга да активдүү катышчубуз. Гезиттин ар бир саны кызыктуу чыгат. Андагы шоу-дүйнө тууралуу чыккан макалаларды кызыгып окуйм. Негизи ар бир беттеги макалалар өзгөчө чыкканы менен окумдуу. Ушунуңардан жазбагыла!
№762-санда жарыяланган Ысык-Көл облусундагы окурмандар үчүн ойнотулган утуш-сынактын жеңүүчүсү Светлана Орозонованын белегин уулу Адилет Кулунчаков алып кетти.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду: