№390 23-29-апрель, 2010-ж.
ЭЛДИК РЕФЕРЕНДУМ 27-ИЮНДА ӨТӨТ
Элдик референдумдун 27-июнда өтөрүн Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, 25-апрелде Конституциянын жаңы долбоору коомчулуктун талкуусуна сунушталат. Талкуулардан соң долбоор кабыл алынып, 27-июнда жалпы элдик референдум өткөрүлөт. “Ал эми парламенттик шайлоо 10-октябрга белгиленүүдө. Балким, президенттик шайлоо дагы 10-октябрда өтүп калышы мүмкүн”,- деп билдирди Өмүрбек мырза. Ал ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы боюнча убактылуу жобо кабыл алынып, БШК мүчөлөрүнүн үчтөн бир бөлүгү жарандык коомдун, үчтөн бир бөлүгү саясий партиялардын, үчтөн бир бөлүгү БУУ сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн турарын кошумчалады. БШКнын жетекчилигине укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова дайындалды.
Роза Отунбаева: “ЭЛГЕ КАРШЫ МЫЙЗАМСЫЗ АРАКЕТ КЫЛГАНДАРГА ОК АТЫЛАТ”
Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Р.Отунбаева 19-апрелде Маевка айылындагы кайгылуу окуядан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Роза айым коомдук тартипти калыбына келтирүү жана зордук-зомбулукту, мыйзамсыз иш-аракеттерди токтотуу боюнча Утурумдук өкмөт тарабынан чукул чаралар көрүлөрүн билдирет. Бул боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук кызматына жана Коргоо министрлигинин тийиштүү бөлүктөрүнө берилген. Жарандардын өмүрүнө жана алардын үйүнө, жеке менчигине кол салуу учурларында мыйзамга ылайык укук коргоо органдары ок ата турганы эскертилет.
“АКЫЙКАТ ҮЧҮН” КЫЙМЫЛЫ ЭМИ САЯСИЙ ПАРТИЯГА АЙЛАНАТКыймылдын лидери Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, 8-майда партиянын алгачкы Курултайы өтмөкчү. Убактылуу өкмөт ага Тышкы иштер министри кызматын сунуштаганын, бирок андай сунуштан баш тартканын билдирди. Жекшенкуловдун айтымында, кызматтан баш тартуусуна бийликтеги партиялар арасында кызмат бөлүштүрүү башталганы, мыкты адистердин кызматынан айрылып жатышканы себеп болгон. “Убактылуу өкмөттөгүлөр көптөгөн жетекчилерди алмаштыруу аркылуу алдыдагы шайлоолордо административдик ресурстарга таянууга аракет кылып жатышат. Бирок эми андай болбойт”,- дейт ал.
ИБРАГИМ ЖУНУСОВ КАЙРАДАН КЫЗМАТКА КЕЛИШИ МҮМКҮНБҮ?Убактылуу өкмөт өлкөнү башкарууну колго алгандан тартып министрлик, ири мекемелерден тартып жер-жерлердеги жергиликтүү башкарууда да кадрдык алмашуулар башталды.
Кызматтан алынгандардын катарында жакында гана “Ак жол” фракциясынан Мамлекеттик маданият агенттигине жетекчи болуп барган Ибрагим Жунусов да бар. Жунусовдун кызматтан алынышына Кара-Суу районунун эли нааразычылыгын билдирип, Утурумдук өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаевага кат жолдошту. Калкынын саны боюнча Нарын жана Талас облустарынан көптүк кылган Кара-Суу районунун калкы жаңы бийликтин катарына бул аймактан бир дагы адам кошулбагандыгына жана кыргыз Эл артисти, профессор Ибрагим Жунусовдун кызматынан алынгандыгына нааразы экендиктерин билдиришкен.
“Ибрагим Жунусов Кыргызстандын патриоту катары электр энергиясына жана уюлдук байланыш кызматына болгон тарифтердин кымбаттоосуна, Ысык-Көлдөгү пансионаттардын, Каркыра жайлоосунун Казакстанга өтүүсүнө ЖКдагы жыйындарда каршы чыккандыгына өзүңүз күбө болгонсуз. Ушундай тайманбас инсан кыргыздын кызматына жарайт, жаңы бийликтин ишенимин актайт деп ишенебиз”,- деп жазылат Роза Отунбаевага жолдонгон кайрылуу катында. Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлеринин Кара-Суу шаардык кеңешинин жетекчиси Ж.Таштанов, Социалисттик эмгектин баатыры Т.Машраповалар Утурумдук бийликти кадрларды тандоо маселесинде акыйкат, көрөгөч болууга чакырышты. Ошентип, Жунусовду абалкы кызматка кайра алып келүүнү өтүнгөн бул кайрылууга үч миңден ашуун жаран кол коюшкан.
ЖАЛАЛ-АБАДДА КҮНДӨ БИЙЛИК АЛМАШУУДА
21-апрелде Курманбек Бакиевдин тарапташтары өткөрүп жаткан митингде кагылышуу болуп, анан таратылды. Бул тууралуу “АКИpress-Фергана” кабар агенттиги билдирет.
Митинг катышуучулары шаардын борбордук аянтына 3 боз үй тигишкен. Ошол эле аянтка Убактылуу өкмөттү колдогондор да чыгып тараптар арасында ок атышуу болуп, аз жерден жаңжал чыгып кете жаздаган. Ок атуу менен адамдар таркатылып, Убактылуу өкмөттүн губернатору Бектур Асанов кайрадан өз ордуна отурган.
Айта кетчү жагдай, 20-апрелде К.Бакиевдин талапташтары облустук администрациянын имаратын басып алып, өздөрүнүн губернатору катары П.Рахмановду дайындашкан эле.
БАКИЕВДЕРГЕ ТИЕШЕЛҮҮ 20 МИЛЛИОН ДОЛЛАР ТАБЫЛДЫ
Бул тууралуу Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары, Каржы министри Темир Сариев маалымат берди. Анын айтымында, Бишкектеги коммерциялык банктардын сейфтеринен Максим, Марат Бакиевдерге тиешелүү 20 миллион доллардан ашык накталай акча жана уютулган алтындар табылган. “Табылган каражаттар талап-тоноочулардан жабыр тарткан ишкерлерге жардам катары берилиши мүмкүн”,- деп кошумчалады Сариев.
Айбек Кочкоров
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.