Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Эгиз кызынын түгөйүн издеген ата-эне: "УЗИДЕН 2 ЖҮРӨКТҮН СОГУШУН КӨРГӨНБҮЗ, ТӨРӨТТӨ БИР БАЛАНЫ ЭЛЕ КАРМАТЫШТЫ"

№766 7-13-июль, 2017-ж.


Чыбыевдердин үй-бүлөсү 9 ай бою эгиз кыздуу болобуз деп даярданып күтүп келишкен. Алар Балыкчы шаардык бейтапканасында каттоого туруп, 2016-жылдын октябрь айынан тарта дарыгерлердин көзөмөлүндө болушкан. 6-июнда төрөт үйүндө алар эгиз төрөлгөн наристелеринин бирин төрөтканадагылар алып коюшту деп күмөн санаса, дарыгерлер бул сөздү четке кагышууда.

"ЭНЕ ДЕГЕН КУРСАКТАГЫ БАЛДАРЫН СЕЗЕТ"

Махабат Намазбекова, апасы:
– Былтыр сентябрдын аяктарында кош бойлуу экенимди сезип, менчик эмканага УЗИге баргам. Бир айлык мөөнөт болсо да, эки түйүлдүк экени билинип калыптыр. Биздин тукумубузда эгиздер бар болгонунан, бизге да ошол бакыт буюруганына кубанып, жолдошума сүйүнчүлөгөм. Мен буга чейин эки жолу бала көтөргөм, жалгыз баланы көтөрүү кандай болорун жакшы эле билип калгам. Эне деген курсактагы баласы канча экенин сезет да. Кийин балдар бир аз чоңоё баштаганда эки баланын тепкенин, кыймылын, жадакалса башы менен ылдый жатышканын да кадимкидей эле сезип-билчүмүн. Улуу балдарымдын экөөсүн тең кесарево жолу менен жарыкка алып келгем. Эки жолу тең толук наркоз беришкен. Ал эми бул жолу жүлүнгө (белге) эле сайышты. Наркоздун мындай түрүндө ойгоо болгонуң менен, айланадагы болуп жаткан нерселерди толук түшүнбөй, эс-мас боло түшөт экенсиң. Мени операция отургучуна отургузгандан кийин белден ылдый мага көрүнбөгөндөй кылып тосмо менен жаап коюшту. Операцияга жолдошум катышат дешкенинен, ал карап турат го деп анча деле кабатыр болгон эмесмин. Көрсө, аны киргизишпептир. УЗИнин көрсөткөнү, өзүмдүн жеке энелик сезимим менен ымыркайлар эгиз болоруна толук ишенип, кыздарга окшош кийимдерди алып даярданып койгонбуз. 9 ай бою эгиз күтүп, кош бойлуулуктун азап-тозогуна чыдап, бир эле кызымды кармап отуруп калдым.

"АР БИРИНИН САЛМАГЫ 500 ГРАММДАН ДЕП АЙТЫШКАН"

Данияр Чыбыев, атасы:
— Келинчегим майга чейинки убакыт аралыгында УЗИге 7 жолу түшкөн. Алардын төртөөсү мамлекеттик эмканада, калганы менчик эмканада болгон. 20-21-жумаларда мамлекеттик эмканадагылар "балдар жабышып калышы мүмкүн" деп Бишкекке багыттама жазып беришкен. Борбордон УЗИ-допплерге түшкөнүндө "балдар жабышпай эле, экөө өз-өзүнчө чоңоюп жатышат. Ар биринин салмагы 500 граммдан" деп монитордон эки кыздын жүрөктөрүнүн кантип согуп жатканын, колдорун, буттарын келинчегим экөөбүзгө даана көрсөтүшкөн. Кийин, 31-майда Махабаттын ичи ооруганынан Балыкчы шаардык ооруканасына кайрылганыбызда сактоо бөлүмүнө жаткырышкан.
Операцияга менин катышарым алдын ала сүйлөшүлгөн болчу. Төрөт белгиленген 6-июнь күнү эртең менен төрөтканага бардым. Келинчегимди саат 8:30да операцияга алып кирип кетишти да, мени башка палатага жаткырып коюшту. Саат 9:06да ыйлай элек бир кызымды алып келип, менин жанымдан ыйлатып, үстүмө жаткырып коюшту. Бизди күтүп жаткан кайненем биздин палатадан сырткары дагы башка жакта ымыркай ыйлап жатканын угуп, төрөт залынын эшигин ачып жиберсе, ал жерде халаты жок эле кадимки кийимчен 3 аял, жанында ымыркай жатканын көрүптүр. Бирок бир кызматкер чыгып "силерге бул жакка кирүүгө болбойт" деп эшикти жаап алыптыр. Биздин билишибизче, ал күнү кечки саат 4төргө чейин менин келинчегимден башка эч ким төрөмөк эмес. Ошондуктан тиги залда жаткан ымыркай кимдин баласы, төрөт залындагы 3 аял ким, эмнеге алдын ала сүйлөшүлгөндөй операцияга мен кирбей калдым деген суроолор жаралып, күмөн ойго түртүп жатат. Андан тышкары, бул төрөтканада адатта кесарево жолу менен төрөгөндөрдөн операцияга 7000 сом, ага кошумча наркоз үчүн 1800 сом алышат экен. А бизден негедир 1 сом да сурашкан жок.
Улуу балдарым да Балыкчы шаардык төрөтканасында төрөлгөндүктөн, ушул жерге ишеним көрсөтүп, "операцияны жасатууга макулмун" деген тил кат жазып бергем. Биз эгиздин түгөйү бар беле деген күмөн ой менен жашай бере албайбыз. Бул боюнча керектүү жактарга арыз менен кайрылгам. Биз жеңилбей, өз алдынча да иликтейбиз. Аны операция жасаган хирург Айдаралиевага да айттым.

"Кош бойлуулуктун 35-36-жумасындагы УЗИ тыянагы".


"КИМДИР БИРӨӨЛӨР МЕНИН БУЛ ОРУНДУ БОШОТУП БЕРИШИМДИ КААЛАП ЖАТЫШКАН ОКШОЙТ"

Балыкчы шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы, акушер-гинеколог Тилек Айдаралиева бул окуя боюнча мындай дейт:
– Данияр Чыбыев келинчеги кош бойлуу кезинде хирург Шактыгүл Буржуева экөөбүзгө келип, операцияны биздин жасашыбызды суранган. Балдардын атасы бизге ишеним көрсөткөн тил катын да жазып, кол коюп берген. Эми минтип каралап жатканы жакшы эмес көрүнүш болуп жатат. Биздин оорукана мамлекеттик болгондуктан, төрөтканадагы бейтаптардан же жакындарынан дарыгерлер акча сурайт деген түшүнүк жок. Буга чейин бизде мындай окуя катталган эмес, тескерисинче, алдыңкы төрөтканалардын бири болуп жакшы көрсөткүч берип келгенбиз. Менин бир адамдын көңүлүнө туура келбей калганым үчүн ал жамандап же караласа, анын залакасы башкага тийбеши керек деп ойлойм. Кимдир бирөөлөр менин бул орунду бошотуп беришимди каалап жатышкан окшойт. Бөлүм башчылыктан кетпейм деген жерим жок, кааласа алып коюшсун.

"ТЕХНИКАНЫН ЖАҢЫЛГАНЫ БИЗДИ АДАШТЫРЫП КОЙДУ"

Операция учурунда төрөт залында бир канча кызматкер болгонун билип, ага катышкан дагы бир хирургду сөзгө тарттык. Балыкчы шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун акушер-гинекологу, хирург Шактыгүл Буржуева буларга токтолду:
– Бул келин кош бойлуу кезинде мага келип, каттоого турган. Менде 4 жолу көрүнгөнүндө УЗИ аппарат эгиз деген. Кийин 30-31-жумасында биздеги башка доктур текшергенде эгиз эмес экени УЗИден билинип, бир эле бала экени айтылган. Аны ата-энесине угузсак "силерге көрүнбөйбүз" деп стационардык бөлүмгө барып УЗИге түшсө, ал жактан эгиз деген жыйынтык чыккан. Ошентип техниканын жаңылганы бизди адаштырып койду. Ал эми операция белгиленген күнү балдар эгиз болсо, балким, кыйынчылыктар жаралып калат деп, төрөт залында 2 акушер, 2 анестезиолог, медайым жана башкалар болуп жалпысынан 11 адам болгонбуз. Операция ийгиликтүү өтүп, бир баланы эле алып чыктык. Ымыркай жатында жалгыз өскөн балдар сыяктуу эле 3 килограмм 250 грамм болуп төрөлдү. Бейтап наркозду белине алганы үчүн болуп жаткан окуяларды акыл-эси толук эле билип турду. Ага биз "Мына, балаң бирөө эле экен, экинчи балаң жок" дегенбиз. Ошол учурда баарын түшүнүп эле турган. Биз анын баласын алып эмне кылмак элек? Мындай ызы-чуунун бизге эмне кереги бар дейсиз?

"КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ"

Бул окуя боюнча Ысык-Көл облустук ИИБинин маалымат кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов Данияр Чыбыев аттуу жарандын арызынын негизинде Балыкчы шаардык ИИБиси тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренесинин 4-бөлүгүнө (жашы жете элек адамды сатуу) ылайык кылмыш иши козголуп, атайын комиссия түзүлгөн. Учурда соттук- медициналык экспертизалар жана тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Алтынай Тынышова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(57)
11.07.2017. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Тообо, жалган суйлошконун врачтардын. УЗИ адашса 1-2 жолу адашышы мумкун. 4 жолу адашпайт да. Кудайдан коркушпайбы?
11.07.2017. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кызыгы эмнеге 1 сомда акча албаптыр?Как обычно бала чыга электе эле суйунчу деп карап калышатко.Бул эже кесерова болуптур операцияга акчасын алдын ала айтып алышатко
12.07.2017. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Врачтардан кетти деп ойлойм.Азыр эч кимге ишенип кереги жок,соо баланы да туура эмес кармап майып кылып коюшат.Оздорунун кемчилигин айтышмак беле.Баардык аял затына айтаарым,тороор алдында жанынарда апанар же куйоонор болуусу зарыл.
11.07.2017. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
"Биз ал баланы эмне кылмак элек" дейт.Эмне кылмак эленео?саттынар да баласы жок бироого.Узи эчкачан адашпайт!Мен да эгиз торогом эки ай мурун,4жумалык кезинде эле мага эгиз деп айткан узист.Андан кийин торогучо он жолу туштум узиге,эгиздер 3 кг дан ашык торолбойт дешет,бул врачтар да 3.250 кг эле торолду деп,типа эгиз мынчалык болбойт деп жатышат го.Мен мисалы срогума 3жума жетпей тородум,ошондо да эгиздеримдин бироо 3.200 бироо 3.300 болуп торолушту..Бир баланы которуу кандай оор..
11.07.2017. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Stervamyn,эки баланы которуш кандай азап!Чынле эгиз болуп,бироосун врачтар бербей койгон болушсп,наалат ошондой врачтарга,омур бою жакшылык корбой отуп кетишсин.Силерге эмне оюнчукпу бироонун жашоосу?дагы 1сом алышпаганын,демейде жанталашып суйунчусун аласынар го,нагло акча сурап.
11.07.2017. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Stervamyn,сендей стерва эмес экен да ал торогон келин, азыр жоош болсон озунду деле сатып жиберишет балана кошуп.
11.07.2017. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кантип эле 1сом сурабасын болницанын босогосун аттагандан тартып чыккыча акча дешет го.Тем более Кемерова менен торотушуптур.
12.07.2017. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
regina86,кесерова
11.07.2017. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Анестезиолог созсуз алат акча бекер болбой калсын,операцияга деп дары уколдон сырткары жидкий мыло,лампочка,бумажный полотенца,койчу деги эле толгон токой нерселерди жазасынар калпты ченеп айтып Кудайга жага турган иш кылсанар боло. Врачтар бекер операция жазамак турсун медсестралар бекер укол сайбайт,карандай калп менен жашап конуп калган экенсинер силерге соз жок жазанарды ылайым эле Аллахым берсин.
11.07.2017. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азыркы заманда врачтар олгону калган акчан жок болсо кууп чыгышат хххх
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-11 11:41:43
11.07.2017. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаш баланын убалына калбай оз ата-энесине кайтарып бергиле. Сенин ордун ХХХ ХХХ.
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-11 11:42:03
11.07.2017. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш энеге Аллах куч кубат, сабр берсин. Балдарыбыз кичине ооруп калса кандай болобу апалар. Бети жок врачтар, баланы кайтаргыла энесине.
11.07.2017. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азыр больницага жатсан,жата турган ордуна жете элек акча-акча деп алвшат болбосо киргизбейт.Дагы 200сом акча+жидкий мыла,салфетка дегендерине олойунбу.Алган акчалары кайда кетет? Жаткан палатанда лампочка жоок
11.07.2017. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кызык акушер-гинеколог акча сурабайт деген корунуш тушко окшош. Ачык эле сурашат. Ар бир торогон келин тастыктап бере алат.
11.07.2017. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Босогону аттай элек акча сурайсынарго. Каратып туруп калп суйлогонунорго жол болсун. Кесерово менен эмес озун торогондо эле канча акча аласынар. Убалы уктатпайтко наристенин. Наркы дуйнонорду ойлогула.
11.07.2017. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
1сом сурабаганына таң калдым,кантип болсун ушул
11.07.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Балыкчы шаарындагы торотканадан баарын кутсо болот. Озгочо Айдаралиева Тилектен. Балдарды сатышат кадимки буюмдай эле. Бир тааныш келиндин 300$ убагында сатып алганын. Тилектин куйоосу Балыкчы шаарынын главрачы да. Так что достор абайлаш керек.
11.07.2017. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кайдагы жок жомокту айткан бул врачтар , кесарево мн төрөш үчүн айтайын оздорүнүн Ставкалары бар!!! Перчатки , суюк самын, бум.полетанца алып барбасан санитаркасы кошо жеп жерчудой болуп какшанышатго .Чыгып жатып выписканыда сатып алабыз . АЛЛАХ жазаласын эки эселеп .
Elif2015 түзөттү 2017-07-11 15:12:24
11.07.2017. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ata enege ekinchi kuzunardu taap alushunarga tulekteshmin
11.07.2017. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сокур да сыйралап билет эгиз экенин,анан кантип УЗИ жаңылат,азыр баары 3D,4D болуп калган,20-аптада баланын кайсы органында кемчилик бар экенин билет,анан эгизди билбей калабы,караса эле бир байкуш болуп турушса булар,кимге арызданмак эле деп алып коюшту да,Кудай бар силерге да.
11.07.2017. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эгиздердин каргышы жаман болот. т.е. эгиз торогон аялдын деп укканым бар чон-энелерден.
11.07.2017. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул врачтарга такыр ишенич калбады каратып туруп жалган суйлошот толгон келип олойун деп жатсан акчан барбы деп сурашат дагы акча албайбыз деп койушат уяат кичине козунорду ачкылачы кудайдан коркулачы
11.07.2017. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Козу ачыла элек ымыркайды апасынан ажыратып кантип берди бироонун колуна таш боорлор! Торотко катышкан 11ин тен ишинен айдаш керек жана эч жерге ишке албаш керек. Ата-энеге кайрылат элем кызынарды умут узбой издей бергиле ар тараптан,Кудай озу колдосун
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: