Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ЖЕР ЭНЕ ЫЗЫ-ЧУУДАН ЧАРЧАП ТУРАТ

№390 23-29-апрель, 2010-ж.


Мезгил үнү

Жер эне жошолонуп аккан кандан көз жашын аарчып бүтө электе, минтип жүрөгү тилинип сыздап турат. Мындай дегенибиздин себебин айттырбай туюп турсаңыз керек, окурман. Коогалаңдан соң Бишкектин тегерек-четиндеги айдоо аянттар, менчик жерлер, жадакалса мамлекеттин карамагындагы сейил бактардан өйдө басып алуу аракетинде жүргөн мекендештерибиздин ачуу чындыгы тууралуу баян этебиз.

ЖЕРДИ МЫЙЗАМСЫЗ БАСЫП АЛУУГА КАНДАЙ ЧАРА КӨРҮЛӨТ?
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 172-беренесинин 1-2-3-бөлүмдөрү боюнча жерди өз алдынча мыйзамсыз басып алгандарга жана айдалган түшүмгө зыян келтиргендерге акчалай айып салынат. Ошондой эле 80 сааттан 180 саатка чейин коомдук иштерге же 2 жылга чейин кайра түзөтүү иштерине жөнөтүлөт. 2-3 жылга эркинен ажыратылышы да күтүлөт. Ал эми жер басып алууларды уюштуруучулар 280 саат түзөтүүчү иштерге жөнөтүлүп же 3 жылга чейин эркинен ажыратылат.

ТАРЫХ КАЙТАЛАНДЫБЫ?
Эсиңизде болсо, 2005-жылы эл толкуну аркылуу бийлик алмашкан соң жер басып алуу менен Бишкектин чет-жакаларында Калыс-Ордо, Ак-Ордо, Ак-Бата сыяктуу бир топ жаңы конуштар пайда болгон эле. Эми минтип барагы саргая элек тарых кайрадан кайталанып жатат. 9-апрелде башталган жер басып алуулар токтомок турсун күч алууда. Тартышка түшкөн жерлер: "Ататүрк" сейил багынын жогору жагы, Калыс-Ордо жаңы конушунун төмөн тарабы, Бишкектин Түштүк дарбазасынын сейил бак тарабы, Щербаков-Элебесов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Турбаза аймагындагы жерлер, Маевка айылынын четиндеги жана Кара-Жыгач айылынын жанындагы айдоо аянттары.

КҮЗӨТ АЛАЧЫК
Алгач сапарыбызды Бишкектин Түштүк дарбазасынын аймагындагы сейил бактан баштадык. Жолдун оң тарабындагы бак тигилген аянтта белги таштар коюлуп, жалгыз алачык тигилген. Алачыкка баш баксак, алты аял тамак жасап отурушуптур. Журналист экенибизден шек алдырбай, биз да жер сурамыш болдук.
– Жер алганга жазылалы деп кайрылганбыз.
(Суроого аялдардын бири жооп берди).
– Эмне, жер алалы дедиңер беле? “Элитный” жерден силерге калмак беле? Бул жер келген күнү эле бөлүштүрүлгөн. Бош жер калган жок. Андан көрө тууган-уругуңарды чогулта калып, шагыл төгүлгөн жерди басып алгыла. 150-200 адам болсоңор жетиштүү.
– Жалаң айымдар экенсиздер, а эркектер кайда?
– Эркектерибиз башка жерди ээлегени кетишти. Биз силерге окшогондор жерди ээлеп кетишпесин деп кезектеше күндөп-түндөп күзөттө отурабыз. Силерге кеңеш бергидей алыбыз жок. Башты оорутпай башка жактан издегиле!..

ТАЛАШКА ТҮШКӨН ЖЕРЛЕР КИМГЕ ТИЕШЕЛҮҮ?
Жер талашка чыккандардын көбү эле “бул жерлер Данияр Үсөнов, Акылбек Жапаров, Марат Султанов, Жаныш Бакиев, Кубанычбек Жумалиев, Аскар Салымбеков сыяктуу чиновниктердики, ошол үчүн басып алдык” деген жоопторду кайтарып жатышты. Бул сөздүн чын-бышыгын изилдөө үчүн шаар башкармалыгына кайрылып, так маалымат ала алган жокпуз.
Ал эми Бишкек шаарынын мэринин пресс-катчысы Муса Коңуровдун берген маалыматына таянсак, талашка түшкөн Көк-Жар айылындагы айдоо аянттарын жумуштан бир жыл мурун бошогон айыл өкмөтүнүн жетекчиси бир топ чиновниктерге сатып жиберген. Мындан сырткары басып алынган жерлердин басымдуу бөлүгү үлүшкө берилген жана дыйкандар ижарага алып иштетип жаткан жерлер болуп чыкты.

ШААР БАШКАРУУЧУЛАРЫ ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркуловго кайрылганыбызда, ал Бишкек шаарына караштуу аймактан эч кандай жер берилбей тургандыгын билдирди. Ал эми жер басып алууга чыккандарга шаар четинен жерлер караштырылып жаткандыгын жана келечекте көп кабаттуу үйлөр салынарын баса белгиледи. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин пресс-катчысы Муса Коңуров төмөндөгү маалыматтарды кошумчалай кетти:
– Биз жер басып алуу башталгандан тартып эл менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Аларга мыйзамсыз жер басып алууда жазага тартылары да айтылды. Бирок элдин арасында үчүнчү жактан тескери үгүттөр болуп жатканы туюлуп жатат. Башканы кой, мен өзүмдүн үлүш жеримди эле мисал келтире кетейин. Менин Көк-Жардагы айдоо аянтымды да басып алышты. Эгин талаамды тепсегендерине кыжырым келди. Анан коңшу аянттарды да басып ала башташты. Сөз менен айтып жеткире албаган соң жер ээлери биригип, үлүш жерибизди атчан кайтарууга туура келди. Таптакыр эле болбой калганда күч колдонуп, кубалап чыгууга аргасыз болдук. Тилекке каршы, айрым адамдар жерди мыйзамсыз алууга болбосун түшүнгүлөрү да келбей жатышат.

ҮМҮТ КУРГУР ҮЗҮЛБӨЙТ...
Күзөт алачыктан соң жолдун аркы бетиндеги ушундай эле алачыктын бирине кайрылдык. Эки эркек, үч аял жаш балдары менен жолубузду тосуп чыгышты. “Бизди ары-бери өткөндөр көрүшсүн, арыз-муңубузду угушсун деп жол карап жатабыз”,- деп сөз башташты алар.
Биз мурдагы бийлик алмашканда да "Монте Карло" эс алуу жайынын айланасындагы жерди басып алалы деп чыкканбыз. Бирок бийликтегилер келип “бул жакка мамлекеттик мекемелер, көп кабаттуу үйлөр курулат, бошоткула. Силерге башка жактан жер берилет” дегендеринен тарап кеткенбиз. Андан кийин жер эмес, таш балакет жок.
Бул жолу да бийлик алмашары менен эл бош жаткан жерлерди басып алып жатканы тууралуу теледен көрүп, кайрадан чыгууну туура таптык. Биз алгач Кара-Жыгачка бардык. Ал жактан топ башылар “бул жакта жер калган жок, башка жактан издегиле” деп түртүп чыгарышты. Анан бош жаткан жерлерди караштырып жүрүп, ушул сейил бакка туш болдук. Бирок мыйзамды бузалы деген деле оюбуз жок. Эгерде мамлекет бизге “башка жерден жер беребиз, бул жактан кеткиле” десе, анда бошотуп беребиз. Чынын айтсак, батирден батирге көчүп жүргөндөн тажадык. Бир бөлмөлүү батир үчүн 5000-6000 сом төлөгөндөн көрө, үңкүр да болсо үйүң болгону жакшы эмеспи. Биздин оюбузча, мамлекет көп кабаттуу үйлөрдү салып берсе, бизге окшогон үй-жайсыздар турак менен камсыз болушат эле. Акчасын деле аз-аздан төлөп берет элек да.
Мына бул ылдый жактагы байлардын үйлөрүн карагылачы, канчалаган жерди ээлеп жатат. Жер басып алуудан пайдаланып калгандар да көп. Мисалы, тетиги чатыр тиккендердин кычыраган машиналар менен келгендерин көрүп, жинибиз келип жатат. Бизге окшогондордун арасында куулук менен пайда табайын дегендери да бар окшойт. Коогалаңда каза болгондордун арбагына куран окутушкандары жакшы, бирок аларга таянып эле “жер бербесе, өлгөн балдардын арбагы кечирбейт” дей бергендери туура эмес.

КАРА-ЖЫГАЧТАГЫ КАРА ЖЕР КӨЙГӨЙҮ
Кийинки сапарыбыз Кара-Жыгач конушун көздөй уланды. Жолду жаап салгандыктан, коомдук унаалар ар кай жактан айланып өтүп жатышты. 85 гектарга созулган айдоо аянтында топ-топ болуп бөлүнгөн адамдар өздөрү эле жер бычып, бөлүштүрүү иштерин аяктап калышыптыр. Бөлүп алган жер тилкелерин кайтарып отурган бир топ аялдар: “Бул жер Данияр Үсөнов, Аскар Салымбеков сыяктуу аткаминерлердин жери. Бирок алар жерди башка адамдардын наамына каттатып коюшуптур. Биз башкаларчылап айдоо аянтын тебелеген жокпуз. Бул жер 10 жылдан бери бош жатат. Тетиги айылдар деле “захват” менен түшкөн”,- деп айтышты.
Жер талашта жүргөндөрдүн арасында бир кезде “Турак жай” федерациясынын жетекчиси Анвар Алдековго алдангандар да бар экенин сурамжылап билдик. Тактай кетсек, учурунда Анвар мырза 70 гектардан ашуун жерди “элге алып берем” деп акчасын жыйнап алып качып кеткен.
Жер басып алуучулардын 50 пайызын жаштар түзөт. Арасында 60тан ашкан кемпирлер, бала көтөргөн келиндер, боз уландар басымдуу. Үй маселеси көкөйүнө көк таштай тийип, айлап-жылдап батирде жашап, жерге жетпей жүргөндөр бар. Кээ бирөөлөрү үйү бар туруп, кошумча жерге илинип калайын дегендер (жадакалса алыскы райондордон атайын жер алууга келгендер да бар экен). Дагы бири жер алып, кайра сатып, бизнес кылып пайда тапкандар сыяктанды.
Учурда жер басуучулардын ичинен бешөө башчы болуп шайланышып, мамлекет башындагылар менен сүйлөшүүгө даярданып жатышканын айтышты. Топ башылар сүйлөшүү жүргүзүп жатышканда бир топ шылуундар элдин паспортторунун көчүрмөсүн сурап жүрүштү.
Баса, бул жактагы эл алдына келген Өмүрбек Текебаев “аз убакыттын ичинде жер маселесин чечип беребиз” деп убада кылганын айтышып, жер алмайынча кетишпесин баса белгилешти.

ЖЕР ТАЛАШ УЛУТТАР АРАЛЫК ТИРЕШҮҮГӨ АЛЫП КЕЛЕБИ?
Ал эми Маевкада жер талаш кан төгүүлөргө чейин барды. Эми окуяны ырааты менен баяндасак. Маевкада арпа-буудай себилген айдоо аянттарына барган жер басып алуучулар жер пай курууга жетишишиптир. Жер пай десек таш-цементтен курулган экен деп түшүнүп албаңыз. Болгону, жер пайлар кадимки кара топурактан тургузулуптур.
Талашка түшкөн айдоо аянтынын негизги бөлүгү түрк улутундагылардын менчиги экенин айтышты. Мындан сырткары, аталган айыл өкмөтүнүн эсепчиси Чынара аттуу айымдын ысымын аташты. Жер талашка чогулгандардын көпчүлүгү жогоруда айтылгандардан жерди ижарага алып, 6 айга гектарына 13-15 миң сомдон төлөп иштетишет. Ижарага жер алып, арпа сепкен дыйкандар да “бул баш аламандыктан кантип кутулабыз?” деп башын мыкчып отурушат. Парник тигип отурган дыйкандардын бири: “Биз жерди ижарага алып, эгин эккенбиз. Айылдаштар келип жерлерди басып алышты, тебелешти. Эмне кыла алабыз, “Эл мененбиз!” деп отурабыз. Ал эми жер ээлери болсо “тынчтангыла, эч кандай жер берилбейт” деп бизди жооткотуп кетишкен. Ага калкыган эл көнө коёбу, айла жок да. Эгинибиз элдин таман астында калды минтип...”- деп капаланды.
Маевкадагы жер талаш кыргыздар менен түрктөрдүн ортосундагы чуулгандуу окуяга айланып кетерин күтпөгөндөр: “Жер басып алуучуларга жердин ээлери болгон түрктөр келип, “жерибизди бошоткула, болбосо атып салабыз” деп коркутушкан. Натыйжада түрк улутундагы адам кыргыз аялга ок чыгарган. Ок атуудан кийин каны кызыган эл түрктөрдүн үйлөрүн көздөй чабуулга өтүшкөн...”- деп айтып өтүштү.
Мына ушундан улам Маевкадагы жер талаш улуттар аралык тирешүүлөргө алып келеби деп эл өзү кооптонуп турат. Маалыматтарга караганда, 19-апрелде Маевкадагы жер талаштан улам 5 адам каза болгон. Анын ичинде бирөө казак, дагы бири Азербайжан жараны экени аныкталды. Мындан сырткары, Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча 29 адам ооруканага жеткирилген. Эскерте кетсек, жаракат алгандардын 10у коопсуздукту сактоо кызматкерлери. Ошондой эле Маевка айылында жашаган айрым түрк улутундагы тургундардын турак жайлары өрттөлүп жана ИИМдин 3 машинасы толугу менен жарактан чыккан.

Мына, окурман, өлкөбүздөгү кандуу окуядан эс-учубузду жыя электе минтип жердин айынан атышуулар да чыгып жатканы кейитпей койбойт. Кыргыз эли эзелтеден кара кылды как жарган калыс, намыстуу, түшүнүктүү эл деп тарыхта айтылып келет. Ата-бабабыздан калган намыстуулук өз жерибизди тытмалап, бири-бирибиз менен тирешүүгө жол бербес. Өлкөбүздүн тагдыры өкчөлүп турганда оңунан түшөрүнө тилек кылып, ынтымакка элди чакыралы. Бекеринен байыртан "ынтымак бар жерде ырыс бар" деп айтылып калбагандыр.

Бахияна Сатылганова, Бурул Исмаилова, Адилет Бектуров
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

БАСЫП АЛУУ МЕНЕН ЖЕРГЕ ЭЭ БОЛГОНДОРДУН ИШИН КАНДАЙ БААЛАЙСЫЗ?

Адилет,
19 жашта, студент:
– Мен мыйзамсыз басып алынып жаткан жерлерди кыдырып чыктым. Чынын айтсам, кээ бирөөлөрдүн кандай ой-максатта жүргөндөрүн угуп, нааразы болдум. Чыныгы көйгөйү менен чыккан элдин арасында өз пайдасын ойлогондор көп экен.

Анаркүл,
41 жашта, үй кожойкеси:
– Мен да жер басып алууга барып жатам. 8 жылдан бери батирде турам. Өзүм 2-топтогу майыпмын. Мамлекет башындагылар бизге окшогондорду ойлобосо, айла жок ушул жолго барабыз да! Чоңдордун үйлөрүн карагылачы, гектар жерлерди ээлеп турат.

Жапар,
58 жашта, пенсионер:
– 2005-жылы бийлик бир жаңылган. Анткени жер басып алуучулардын талабын аткарган. Андан көрө ошол жерге көп кабаттуу үйлөрдү салдырып, жеңилдетилген жол менен элге берсе болмок. Чынын айтсам, шаардын инфраструктурасын ойлогон эч ким жок.

Орозайым,
70 жашта, пенсионер:
– Бирөөнүн мыйзамдуу жерин баскынчылык менен тартып алган туура эмес. Бирок мамлекет элди ушундай абалга алып келбеши керек болчу. Эми жаңы түзүлгөн бийлик элди ойлоп, ортодон жарака кетирбей ынтымакка чакырса эле болду.

Жумабек,
30 жашта, айдоочу:
– Мындай жорук баштап жаткандарга кошула албайм. Жок дегенде каза болгон кырчындай 85 балабыздын кыркы чыкканча күтүп турушса болмок. Алардын өлүмүн бетине кармап, учурдан пайдалангандар да бар.

Жылдыз,
32 жашта, мугалим:
– Жерди мыйзамсыз басып алгандарга каршымын. Мен деле канча жыл батирлеп жүрүп, акыры үй сатып алдым. Ар бир адам аракет кылса, берекет болот. Жок деп эле мамлекетти күнөөлөгөн туура эмес да. Бул жалкоолук.

Эрмек,
23 жашта, куруучу:
– Жумушсуздуктан, үй маселесинен жадаган эл көтөрүлүп, аргасыздан басып алуулар менен жерге жетип жатышат. Алардын мындай жолго баргандары деле туура. Элди эч ким ойлобой калбадыбы.

Бахияна Сатылганова



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
26.04.2010. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар бир адамдын, озу туулуп оскон жеринде озуно берилген жер улуштору болот. Жер басып алам дегендер бекерчилердин иши. Ошондуктан келгиле туугандар мыйзам чегинде иш кылалы.
26.04.2010. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрмек эсине келчи!!! Колунан баары келип турган адам ушуну айтабы!!! Ушундай адамдар баштап атат да, Кыргызстан жок дегенде 10 жылга артка кетпедикпи. Эмнеге келишет шаарга, жумушу жок болгондон кийин, айылда жер иштетип жата беришпейби. Золотишкага мен да кошулам!!!
26.04.2010. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мурда мамлекетке 2 жыл иштегендерге же шаардык каттоосу барларга гана жер беген азырчы тоодон тушуп келип алып жер талашкан болбойт го жер алганда да салбай кайра сатып атпайбы жер алганда саттырбай койгудай кылса жакшы болмок.
26.04.2010. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоодон тушкон деген созго мен кошула албайм, тоолук болобу айылдык болобу же шаардык болобу биз баарыбыз тен Кыргызбыз биз мынтип сен тияктыксын мен бияктыкмын деген болбойт. Жерди басып алгандарга тим более уроон себилип калган жерлерди басып алгандарга мен дагы каршымын. Бирок бул адамдарды дагы тушунсо болот айлалары кеткенинен ушу жолго барып жатышат чынбы?
26.04.2010. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oshol zherlerge mamleket kop kabattuu ujlordu kurup,any elge arzandatuu menen berse zhakshy bolmok,shaarybyz da bir az kenejip kalmak,korku da chykmak.A bular azyr basyp alyp kepedej bolgon ujlordu salat da!
27.04.2010. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bular emne u4un murunuraak 4ygywkan jok.Uwintip topolondon paydalanyp balkim jer eesi bolup kalabiz dep muktaji da,emesi da bazarda kargaday uymoloktop bow oturgan4a 1000 somdon alywyp topolondu toz kylyp atywat.Biroonun meb4igindegi jerdi aluuga dinde da,miyzamda da jol jok.Kunumduk ak4a u4un KYRGYZDYN abiyirin tokpogulo,tokturtpogulo.Uwul topolondu uyuwturup atkandarga Allah baleesin bersin.Tazbaymattar.
27.04.2010. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ойлонбой иш кылып жатастарго,таалада жургон туугандарды ойлоп койсонор болмок!!!
27.04.2010. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дорогой Итальянец, мен деле тоодон тушкон кишимин, мен тияк-жее бияк деп болгоонумду каятан окудун. Озун натцис окшойсун! баарыбир жер шлуундардын колуна тиэт, кайра сатат.
28.04.2010. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чынында туура эмес бизде закон жок болуп калды ар ким оз билгенин кыла берсе бул мамлекет эмес, озум барып элимди ондобосом болбой калды ).
29.04.2010. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар, биз тоодонбузбу,шаарданбызбы баарибир Кыргызбыз! Укугубуз, эркиндигибиз бирдей! Эки жакты тен тушунуу менен карашыбыз керек, эч ким бекерден-бекер алтындай убактысын кунго кактанып откоргусу келбейт. Айла жоктугунан журушот да. Андан коро бийлик менен оппозициянын компромисске келишин тилейли.
30.04.2010. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жер талашкандары да туура окмот ушуга жеткирбей уйлуу-жерлуу кылыш керек болчу 1чи кыргыз элин.
биз кыргыз эли кыргызстанда 2-сорт эмес 3-сортпуз(катуу тийсе кечиресинер) общежитияларда, батирлерде жашаган,ишканалардын жаман жеринде, кафе-ресторандарда идиш-аяк, пол жуучу, мадигер базарда кунуно 100-300сомдон ишке чыккан да БИЗ.кыргыз тилин суйлогондон намыс кылганда БИЗ.
мунун баарына озубуз кунолубуз ушунтип сен тоодон тушконсун деп озубузду озубуз кемсинтебиз.андан коро бири-би
30.04.2010. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бири-бирибизге колдоо корсотолу (мен улутчулук кылган жокмун)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: