Кыргыздын кымча бел сулууларынын бири модель, актриса Айкөл Аликжанова турмуш жолуна аттанды. Ал бир нече сулуулар сынагынын жеңүүчүсү, ошондой эле «Көк салкын-2»,
«До+Фа-2», «Султан Сулайман» тасмаларында роль жараткан. "Актриса араб шейхине турмушка чыгат экен. Ошондуктан хиджаб кийиптир" деген сөздөр айтылган. Ал кептерди төгүндөп модель кыргыз жигитине турмушка чыкканын, ырчы Айгерим Расул кызынан уктук: "Айкөлдүн кыз узатуу тою 2 күн мурун Ошто болду. Биздин ата-энелерибиз жакшы достордон. Тойго ата-энем келе алышпай, ордуна мен барып, ата-энемдин жана өзүмдүн атымдан куттуктап келдим. Жолдошу таластык жигит экен",- деди ырчы айым. Айкөлгө биз дагы үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз.
Тойдон көз ирмем.
star@super.kg
Айкол, Аллахым эки дуйно бактысын, жакшылыгын берсин. жолдошун экоон туболуккобирге болгуда. ажырашуудан Алланын Аршы титирейт, андайдан Аллахым озу сактасын. амиин
Бактылуу болушсун эки жаш
Саламатсызбы! Гезиттин жаңы саны жуманын шейшемби күндөрү порталга чыгат.