Президенттик шайлоого ат салышам дегендердин тизмеси күн өткөн сайын өсүүдө. БШКга президенттик шайлоого катышам деп арыз берген жыйырмага чукул талапкердин ичинде ырчы Айнура Салахидинованын жолдошу Санжарбек Энназаров да бар. Бул тууралуу ырчы: "Жолдошум "президенттикке талапкерлигимди коём" десе, тамашалап жатат го деп ойлогом. Бирок чын эле кечээ барып арыз тапшырып келиптир. Жолдошум "президент болуу кичинемден келе жаткан кыялым. Кыргызcтандын ар бир жараны президентикке талапкерлигин коюуга укугу бар" дейт. Башында анын бул кадамын туура эмес деп ойлосом, азыр колдоого өттүм",- дейт.
star@super.kg
Бул менин жеке оюм.
Айнура, куйоону кой деп койдуруп койбопсун да, эл-журтка уят болбой!!! Сени го эл аз да болсо таанып калды, а сенин куйоонду ким тааныйт?!! Эмне кылып эмгек синиргенине эл колдошу керек?!! Уят, эч болбосо сен акылдуу кыз корунчу элен....
Жогорудагы комменттерди окуп кичине болсо да уялып арынарга келдинерби, андай болсо айт, кеч боло элегинде куйоон арызын кайтып алсын, калган эл-журт кабар таба элегинде..
э