БИР БҮРКҮМ
№766 7-13-июль, 2017-ж.
-
ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН депутаттары 3-июлда жайкы эс алууга тарашты. 1-сентябрдан тарта жумушка чыгышат.
-
Өлкөдө июнь айында 29 адам СУУГА ЧӨГҮП каза болду. Алардын арасынан 10у жаш балдар. Каза болгондордун эң көбү Чүй облусунда (16) катталган. Бул тууралуу 5-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
-
Кыргыз мамлекетиндеги курулуп жаткан үй-бүлөлөрдүн 20 пайызы келинди АЛА КАЧУУ жолу менен түзүлөт.
-
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешине, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешине жана Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешине депутаттарды ШАЙЛОО КҮНҮ 3-сентябрга дайындалды. Буйрукка президентАлмазбек Атамбаев кол койду.
-
Жол-транспорт КЫРСЫКТАРЫНАН каза болгондордун 30 пайызы ооруканага жеткирилген соң көз жумат.
-
Транспорт жана жолдор министрлиги 2017-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча жүргүнчү ташуучу унааларга 6035 ЛИЦЕНЗИЯ берген.
-
Алдыдагы 3-6 айдын ичинде Бишкек шаарына 50 жаңы ТРОЛЛЕЙБУС сатып алып келинет. Бул тууралуу шаардык Транспорт башкармалыгынан билдиришти.
-
Өлкөдө 13 миң врач жана 33 миң орто деңгээлдеги МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРИ эмгектенет.
- 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 250 мекемеге ЛИЦЕНЗИЯ берген.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0