Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН ТАГДЫРЫН ЧЕЧКЕН СЫНАК. ЖРТга АРТЫЛГАН ИШЕНИМ АКТАЛДЫБЫ?

№766 7-13-июль, 2017-ж.


Жалпы республикалык тестирлөө Кыргызстанга билим берүүдөгү тамырын кенен жайган коррупцияны ооздуктоо үчүн 15 жыл мурун киргизилген систем. Учурда аталган сынак баштапкы койгон максатына жеттиби, билим берүү системин канчалык өзгөртө алгандыгы жана канчалык пайда алып келе алгандыгы сыяктуу суроолорго жооп издеп көрдүк.

ЖРТ КАЙДАН КЕЛГЕН?

2002-жылы USAID (АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги) ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги биргелешип жалпы республикалык тестирлөөнү иштеп чыгышкан. Ал "Билимди баалоо жана окутуу усулдары" деп аталган көз карандысыз мекеменин жетегинде ушул күнгө чейин иштеп келет. Тестирлөөгө катышкан ар бир мектеп бүтүрүүчүсүнө өзүнүн баллы көрсөтүлгөн сертификат тапшырылып, тесттен алган баллы боюнча окуу жайларга контракттык жана гранттык орундарга өтүү мүмкүнчүлүгү каралган. Кыргызстанда быйыл 16-жолу жалпы республикалык тест өткөрүлүп, жыйынтыктар чыгарылды. Эң жогоркусу 236 балл, эң төмөнү 23 балл болду.

"БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КОРРУПЦИЯНЫ ООЗДУКТОО ҮЧҮН КИРГИЗИЛГЕН"

2002-жылы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана маданият министри болгон профессор Ишенгүл Болжурова бул систем кандай максатта киргизилгени тууралуу айтып берди:
– 2001-жылы Кыргызстанда коррупцияга каршы катуу күрөш башталган. Ошол убакта жогорку окуу жайларга абитуриентти өткөрүү коррупциянын өзөгүнө айланган учур эле. Ал учурда жумушсуздук, миграция маселелери да күч алган. Эл арасында "акыркы уюмду сатып, баламды окутам" деген сөздөр көп айтылып калган. Мына ошол маалда USAID фонду өкмөт менен сүйлөшүп, бизге жаңы долбоорду сунушташты. Алар сунуштаган долбоор өнүккөн өлкөлөрдө иштеп жаткан эле. Биринчи болуп өкмөт бул долбоорду кабыл алган. Мен тест өткөрүлүп, бирок жыйынтыгы чыга электе министрликке дайындалдым.
Жогорку окуу жайына өтүү үчүн 4050гө жакын бюджеттик орун мамлекеттен берилиптир. Ал жылдары 10-класстан 11-класска өтүү мезгили болуп калгандыктан, жалпы абитуриенттердин саны 30 миң эле. Тестти киргизген америкалыктардын иштөө принциби: ким жакшы балл алган болсо ошолор гана окуу жайга кабыл алынып, калгандарга мүмкүнчүлүк каралган эмес экен. Жеке өзүм билим берүү тармагында көп жыл иштеп, түшүнүп калгандыктан, карап көрсөм айылдан келген балдар үчүн бюджеттик окууга өтүүгө мүмкүнчүлүктөр таптакыр жокко эсе болчудай. Себеп дегенде ХХ кылымдын 90-жылдары 14 миң мугалим ишин таштап, айылдагы билим берүү деңгээли абдан оор абалда калган, анын үстүнө окуу китептери да өтө эле аз болгон.
Ошол республикалык тестти киргизген адамдардын оюна койсок, бюджеттик окууга өтүү чоң жана кичине шаарлардан бүткөн окуучулар үчүн гана түзүлгөн шарт болуп калмак эле. Анан көпкө ар нерсени ойлонуп, акыры ошол 30 миң тест тапшырган абитуриенттин санын айылдан, шаардан бүткөндөр деп бөлүп чыгардым. Ошондо 80 пайыз айылдык бүтүрүүчү балдар болуп чыккан. Анан аталган бюджеттик орунду 5 категорияга бөлүп, төлөмсүз окууга өтүү орундарын бөлүштүргөнбүз. Ошондо айылдан келген бүтүрүүчүлөргө 80 пайыз бюджеттик орун бердик. Алар өз категориясы менен ат салышып, эң көп балл алгандар ЖОЖдорго өттү. Калган бюджеттик орундарды шаарча, шаар мектептерин бүткөндөргө жана жетим балдарга, Баткен согушуна катышкандардын балдарына деп бөлүп кабыл алдык. Ошондо биринчи жолу чет өлкөдө жашаган кыргыздар үчүн да бюджеттик орун бөлүп бердик. Айылдык таланттуу балдар көп өткөнү мага чоң кубат берет, азыркыга чейин бул чечим туура экенине ишенем.

"ТЕСТТИН ТАТААЛДЫГЫНДА ЭМЕС, БИЛИМ ДЕҢГЭЭЛИНИН НАЧАРЛАП КЕТКЕНИНДЕ"

Акыркы жылдары Кыргызстанда жалпы республикалык тестке даярдоо курсунан ар экинчи абитуриент окуйт. Эмне үчүн деген суроо жаралат. 11 жыл мектепте окуганы аз келгенсип, кайра дагы кошумча акча төлөп окууну эч ким каалабайт. Балким, жалпы республикалык тестте берилүүчү суроолор мектеп программасынан алынбай жатабы? Борборубуздагы атайын тестке даярдаган мекеменин бириндеги математика мугалими Бекболот Шаймерденов мындай дейт:
– Жалпы республикалык тестте окуучунун окууга болгон жөндөмүн текшерүүгө багытталган логикалык суроолор басымдуу болот. Ошондуктан мектептеги суроолордон кичине айырмаланат. Босого баллдан көпчүлүк балдардын өтпөй калып жаткандыгы тесттин татаалдыгында эмес, бул Кыргызстандагы билим берүүнүн начарлап кеткенинен кабар берет. Биздин даярдоо курсуна көпчүлүк окуучулар өтө начар деңгээлде келишет. Көбүнчө айыл жергесинен ушундай деңгээлде келгендер көп. Салыштырмалуу шаардык окуучуларда логика тууралуу түшүнүк же болбосо деңгээл жогорураак. Биздин мектептен айырмабыз болгону мектептеги 7 жылдык өтүп жаткан программаны 6 айдын ичинде кыскача, жеңилдетилген түрдө түшүндүрүп бергенибизде. Мисалы, комбинаторика, ыктымалдуулук деген темалар мектепте татаалдыгы үчүн окутулбайт. Эми азыр 7-8-класстын программасына киргизилди деп жатышат, бирок окутулуп жатабы, аны билбейм.

"ТЕСТТИН СУРООЛОРУ МЕКТЕП ПРОГРАММАСЫНЫН АЛКАГЫНДА ГАНА ТҮЗҮЛӨТ"

Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгынын сектор башчысы Абдыманап Жолдошов жалпы республикалык тестирлөөнүн канчалык маанилүү экендиги тууралуу буларга токтолот:
– 15 жылдан бери ЖРТ жакшы жыйынтыктарды көргөзүп жатат. Бир да жолу чыр-чатак орун алган жок. Катышкан абитуриенттердин орточо баллы 2011-жылы 107 баллды түзсө, 2017-жылы 117 балл болду. Бул деңгээл жогорулап бара жатат дегенди түшүндүрөт. Жыл сайын республиканын жогорку окуу жайларына гранттык (бюджеттик) негизде кабыл алынган студенттердин жалпы санынын 66-68 пайызын айыл жерлеринде жана бийик тоолуу аймактарда жайгашкан орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү түзүүдө. Ал эми Бишкек шаарында жайгашкан орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү 17-18 пайызды түзүп жатат. Тесттин суроолорун түзүүгө республиканын мугалимдери, жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана окумуштуулар катышат.
Ал эми босого баллдан төмөн балл алган бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик башталгыч жана орто окуу жайларында окуусун улантууга же кайрадан кийинки жылдары ЖРТга катышууга укуктары бар.

Өлкө боюнча акыркы 6 жылдагы бүтүрүүчүлөрдүн ЖРТ жыйынтыгынын болжолдуу көрсөткүчү.


«Супердин» сурак бурчу

ЖРТ СИЗГЕ КАНЧАЛЫК КЫЙЫН БОЛДУ?

Бекзат Токтобеков, бүтүрүүчү, Нарын облусу:
– Даярданганым үчүн анча деле татаал болгон жок. Бир гана орус тилинен "Окшоштуктар жана сүйлөмдөрдү толуктоо" деген тест башкалардан оор сезилди. Анда так жооп болбой, болгону окуучу өзүнүн логикасына таянышы керек экен.


Зарина Төлөбаева, бүтүрүүчү, Талас облусу:
– Таанып-билген бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү логикалык тапшырмалардан жетиштүү балл албай калышыптыр. Мен даярдоочу курска барганым үчүн ал жөнүндө бир аз да болсо түшүнүгүм бар болчу. Ошондо деле ошол 30 суроонун баарына түшүнбөй, болжолдоп белгилеп койдум.


Улукбек Сали уулу, бүтүрүүчү, Ош облусу:
– ЖРТга мен да эл катары эле даярдандым. Тестте мен үчүн эң татаалы алгебра сабагы болду. Анда ойлоно турган суроолорду оңой эле аткарсам, эсеп чыгарууга келгенде бир аз аксап калдым. Колдон келишинче жооп берип, өзүм каалагандай балл алдым.


Үмүт Алишер кызы, бүтүрүүчү, Жалал-Абад облусу:
– Биз 11-класс болгонубузда эле директор бүтүрүүчүлөрдү чогултуп, ЖРТга кантип даярданыш керектигин айтып, үйрөткөн. 1 жыл бою мугалимдерибиз да болжол менен кандай суроолор келерин түшүндүрүп, жалпысынан жеңил эле болду.


Жаныбек Ырысбеков, бүтүрүүчү, Нарын облусу:
– Мен үчүн тест тапшыруу оор болду. Сүйлөмдөрдү толуктоо дегенден кыйналдым. Өзүм деле тестке даярдангам, бирок мектептеги өткөн темалар келбегендей эле болду.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
11.07.2017. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага деле ОРТ оор болду. Бирок Кудайга шугур жакшы эле балл алдым. Ийгилик силерге бутууручулор.
11.07.2017. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы убагында ОРТ тапшырып жакшы бал алгам ошентсе да универге барганда шапкасы наржак бар жагы болуп жакшы эле акча кеткен. Менимче бизге кереги жок бул системанын.
11.07.2017. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aselin, эгерде, бул ОРТ болбосо, акчасы жок билимдуу окуучу ЖОЖго ото албайт болчу, сен деле ОРТ баллын жеткен сон шапкасын бербей деле койсон отмоксун. ЖОЖдордо баллы жакшы абитуриенттердин башын айлантып, мен откордум болумуш болуп акча сыныдырып шугулдангандар толтура. Менимче, ОРТ коррупциясыз жакшы система
12.07.2017. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жок ишенбейм. Тээ биздин убакта эле 2 чиновниктин биздин класста эптеп окуган балдары ошол тестти бир канча кун мурун апкелип даярданып экоо тен жогорку балл алып бюджетте окуп бутушту.бироо азыр кореяда окуп иштейт эконом факты.бироо юристпр.буткон.мына ушундай. Жакынкы убакта катуу текшерууго алынып баары иликтенет))))
12.07.2017. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ОРТдан жакшы балл алып бюджетке отком. Эч кандай акча сурашкан эмес. Балл жетпей калса шапка сурашат. Бирок суроолор мектеп программасынан коп болсо жарымы тузулот. Каалганын воздухтан алып тузуп коюшат. То есть Омуру отпогон нерселерди да, кошуп кое беришет. Особенно айыл жана тоонун мектебинде окуугандар учун татаал болот. Так как аларда даярдоо курстары жок.
Linkin. түзөттү 2017-07-12 03:47:53
12.07.2017. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ЖРТ керек. Кичине болсо да, билими барларга бирок чонтогуно жуукаларга колдоо болот. Билими бар дегенде китептегини зубрить эткендер же "жалган"бештерди кундолугуно толтуруп алгандарды эмес. Мээсинде логикалык ой жугуртуусу жакшы онугуп, оз алдынча ой жугурто билгендерди жана Тиги же буга оз алдынча анализ бере алгандарды айткым келет.
12.07.2017. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ОРТ бүгүнкү күндө коррупцияны жоюп, билимдүүлөрдүн өз күчү менен ЖОЖго өтүүсүнө мүмкүндүк түзөт. Шаар бүтүрүүчүлөрүнүн баллдарынын жогору болушу, алардын мектептен тышкары даярдоо курстарына барып, бир жыл бою негизги жана кошумча предметтер боюнча сабак алышат (болжол менен 16000-20000 сом төлөйт). Шаар бүтүрүүчүлөрү бир жыл эрте кайсы ЖОЖго тапшырарын аныктап алып,ошого жараша кошумча предметтерди курстардан терең окушат. Ал эми мектептерде (шаарда, айылда) ОРТга даярдашпайт.
Aitunuk түзөттү 2017-07-12 19:55:21
12.07.2017. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдөн сурап көрсөңөр (шаардык) негизинен 95 пайызы курстардан кошумча окуган болушат. ОРТ мектеп программасынын негизинде түзүлөт, тек гана мектеп мугалимдери жооптун бир нече вариантын берип, туура жоопту табыш үчүн анализдөөгө үйрөтүшпөйт, логикалык ой жүгүртүүнү калыптандырышпайт, жыйынтыгында бардык вариант туурадай болуп, болжоп гана белгилеп коюшат.
Aitunuk түзөттү 2017-07-12 19:53:39
12.07.2017. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен деле ЖРТ нын баллы менен бюджетке отком,кудайга шугур окуп бутком,эми оз кесибимде иштейин деп турам,тандап алган предметимдин баллын айтсам,куратор тан калган,ишенбей:"не айылында кыйын мугалимби "деп.Чындыгында,кыйын мугалим болчу,англ.берчу...
13.07.2017. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nuraiym94,Таластын кайсы айылынан болос?))
12.07.2017. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ОРТ керек, болбосо жалан акча м.н болуп калат. Эгер баллын 160-190-200 болуп турса сенден акча сурап окууга алгандан деле тартынышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: