
Ушул жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы протокол күчүнө кирди. Ага ылайык, Кыргыз жарандары Казакстандын аймагында 30 календардык күнгө чейин каттоосуз жүрө алат. Ушундай эле мүмкүнчүлүк казак жарандарына да берилди. Бул тууралуу маалымат Тышкы иштер министрлигинен таратылды. Мурда жарандар 5 күн ичинде каттоого турушу керек болчу.