4 жыл мурда "Кыргызстан сулуусу-2013" сынагында 18 жаштагы Жибек Нукеева жеңүүчү аталып таажы тагынып, "Дүйнө сулуусу-2013" сынагына өлкөбүздүн атынан катышып келген эле. Мода дүйнөсүнөн бир аз алыстап кеткен сулуу турмушка чыгып, бала жытын искейм деп жүргөн маалда айыккыс дартка – рактын сейрек кездешүүчү түрүнө кабылган. Дарыгерлер "балага зыяны тиет" деп Жибекти убагынан эрте төрөтүп, андан кийин химиялык терапия аркылуу дарылоону башташкан. Жарым жылдан ашык убакыттан бери айыккыс илдет менен күрөшүп келе жаткан Жибек Нукееваны, тилекке каршы, 16-июль күнү шум ажал алып кетти. Маркум Жибектин бир тууган эжеси Медина Нукеева көзүнө жаш алып окуя тууралуу буларга токтолду: "Эмне демек элек? Акырына чейин үмүтүбүздү үзбөй күрөштүк. Эң акыркы үлгүдөгү технологиянын бардык кызматтарынан колдондук. Биринчи онкологиялык дарылануу Түркияда, андан кийин Италия, Израиль мамлекеттеринде болду. АКШнын белгилүү клиникаларына онко-тест тапшырып жаттык. Биздин колубуздан ушулар келди. Бирок үзүлүп кете берди. Ал эми баласы Жибек дартка кабылгандан бери эле чоң ата, чоң энесинин колунда. Азыр кичинекей, бир жашка да чыга элек. Эч нерсени түшүнбөйт".
Биздин гезиттин жамааты маркум Жибектин ата-энесине, бир туугандарына, кайын журтуна көңүл айтып, кайгыларын тең бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу болсун!
star@super.kg
Ажал деген бул жаш,бул кары деп бөлбөйт тура.
Байбы же кедейби,сулуу же сулуу эмеспи,ага баары бирдей.
Аллахтан буйрук келген болсо,эч нерсеге карабай алып кете берет.
Айтышатко,"Өмүрдүн аз экенине өкүнбө,ошол өмүрүңдүн текке кетип калуусунан корк"-деп.
Жашап жаткан жашообузга шүгүр кылып,аткан таңды көрүп жатканыбызга каниет кылалы.Аллахым жайын жаннаттан берген болсун ылайым.Баарыбыздын жа
кимге айтасын кайгын менен арманды
бул дуйнодо торолбогон бир жыргал
бактылуу дейм торолбогон балдарды
бар бололу тугонбойлу курдаштар
узак узак узак болсун бул сапар
кылым бутуп дуйнодон жок болсок да
кайра кайтып жоолугушчу жолдор бар
жаткан жери жайлуу болсун жакындарына айтарым соссуз кайра жоолугушчу жолдор бар