
Кыргыз өлкөсүнүн жарандары Орусияда улуттук айдоочулук күбөлүк менен унаа башкарууга укуктуу. Аталган мыйзамга Орусиянын президенти
Владимир Путин 26-июлда кол койду. Ага ылайык, орус тили официалдуу тил статусуна ээ болгон бардык өлкө жарандары Орусиянын аймагында улуттук айдоочулук күбөлүгүн пайдаланса болот. Аталган мыйзам коомчулукка расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Июль айынын башында Мамлекеттик Думанын комитети Кыргыз өлкөсүнүн жарандарына аталган укукту берүүнү сунуштап
Путинге кат жөнөтүшкөн. Буга биздеги орус тилинин расмий тил статусуна ээ экендиги себеп болгон.
Эске салсак, 2017-жылдын 1-июнунан тарта чет өлкөлүк жарандарга улуттук айдоочулук күбөлүк менен унаа башкарууга тыюу салынган эле.